Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 178 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1311, 147-статьяларына, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 14, 36-беренелерине, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-статьясына, "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-статьясына ылайык иштелип чыкты.
Облигацияларды чыгарууда, жайгаштырууда, жүгүртүүдө жана төлөөдө баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле аталган Мыйзамды ишке ашыруу максатында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомун жана аталган токтом менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алат.
2. Бул Жобо облигацияларды эмиссиялоо, жүгүртүү, чыгарууну мамлекеттик каттоо, ошондой эле облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарынын жана проспектинин тартибин белгилейт.
3. Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Квалификациялуу инвесторлор арасында сунушталышы жана жүгүртүлүшү мүмкүн болгон эл аралык облигациялардан тышкары, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтпөгөн облигациялар менен бүтүм жасоого тыюу салынат.
Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматты ачыкка чыгарууга чейин облигацияларды жарнамалоого тыюу салынат.
5. Облигациялар эмиссиясы облигацияларды ачык сунуштоо менен коштолгон ачык же жекече болушу мүмкүн, анын жүрүшүндө эмитент өзүнүн облигацияларын жекече сунуштоо менен жайгаштырат.
6. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодо бул чыгарылышка мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат.
7. Облигациялардын чыгарылышын, ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоо үчүн комиссиялык жыйым алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
8. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) облигацияларды кармоочу - эч болбогондо эмитенттин бир облигациясына ээлик кылган жеке же юридикалык жак;
2) алтын фиксинги - кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) тарабынан белгиленген бир троя унциясы үчүн ар күн сайын алтынга болгон баа. Алтын менен камсыздалган облигациялардын наркын эсептөөдө, ушул облигациялар боюнча операциялар өткөрүлгөн күндөн мурунку күнү LBMA белгилеген алтындын баасынын кечки фиксинги колдонулат;
3) корпоративдик башкаруу кодекси - акционерлердин/катышуучулардын жалпы чогулушунда бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысын камтыган жана эмитенттин органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлеринин/катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуучу эмитенттин ички документи;
4) алтын менен камсыздалган облигациялар - алтын куймаларын чыгарууда эмитент тарабынан аныкталган салмакта эмитенттен алууга анын ээсинин укугун күбөлөндүрүүчү же алтын куймалардын наркын алууга алардын менчик ээлеринин укугун күбөлөндүрүүчү алтын фиксингине байланган индекстелүүчү номиналдык наркы бар эркин жүгүртүлүүчү, энчилүү облигациялар;
5) облигация - облигация чыгарган жактан, анда каралган мөөнөттө номиналдуу наркын же башка мүлктүк эквивалент алууга аны кармоочунун укугун ырастаган баалуу кагаз. Облигация аны кармоочуга облигациянын номиналдык наркынан пайыз же башка мүлктүк укуктарды алуу укугун берет;
6) алтын менен камсыздоонун көлөмү - алтын куймаларынын ээлеринин алдында милдеттенмелерди камсыз кылуу катары алтын менен камсыздалган облигациялардын эмитенттери берүүчү алтын куймаларынын жыйындысы;
7) облигацияларды жоюу - эмитенттин сый акыларды жана облигациялардын номиналдык наркын төлөө (кийин сатуу максатысыз) же проспектте белгиленген тартипте ошол эле эмитенттин акциясына (акцияларына) алмаштыруу жолу менен жайгаштырылган облигацияларды жүгүртүүдөн алуу боюнча аракеттери;
8) транш - баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечим менен бир чыгарылыштагы бардык облигациялар үчүн белгиленген жайгаштыруунун жалпы мөөнөтүнөн кечиктирилбей, мезгилдин бир эле учурунда жайгаштырылуучу, бир чыгарылыштагы облигациялардын бөлүгү;
9) эмитент - баалуу кагаздардын ээлеринин алдында ушул баалуу кагаздар менен бекитилген укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча өз атынан милдеттенмелерди алып жүрүүчү юридикалык жак же эл аралык финансылык уюм.
2-глава. Облигациялардын негизги түрлөрү жана мүнөздөмөлөрү
9. Облигациялар эркин жүгүртүлүүчү же жүгүртүү чөйрөсү чектелген энчилүү гана, анын ичинде квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган болушу мүмкүн.
10. Облигациялар документтик эмес формада чыгарылат.
11. Облигация эсеп системасында төмөнкү маалыматтарды камтыш керек:
- баалуу кагаздын аталышы - "облигация";
- облигациянын түрү;
- эмитенттин аталышы;
- номиналдык наркы;
- пайыздык ставкасы же аны аныктоонун тартиби;
- пайыздарды жоюу жана төлөө тартиби, мөөнөттөрү;
- чыгарылган жери жана күнү, ошондой эле мамлекеттик каттоо номери.
12. Эмитенттин облигациялары бирдей номиналдык наркы жана бирдей жайгаштыруу жана төлөө шарттары бар бирдей баалуу кагаздардан турган бирдиктүү чыгарылыштын алкагында жайгаштырылат.
13. Облигациялар номиналдуу наркынан белгиленген же өзгөрүлмө пайызы менен чыгарылышы мүмкүн. Облигациялардын пайыздары аларды чыгарууда коюлат.
Облигациялар номиналдуу наркынан төмөн сатылышы мүмкүн, ал эми жоюу номиналдуу нарк боюнча (дисконттук облигациялардыкы) жүргүзүлөт.
Облигациялардын номиналдуу наркынын өлчөмдөрү чектелбейт.
14. Эмитент кайтарылып алынуучу, конвертирленүүчү, колдонуу мөөнөтү чектелген жана башка түрдөгү облигацияларды чыгарууга (жайгаштырууга) укуктуу.
Облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу учурунда облигациялардын түрү эмитент тарабынан аныкталат жана облигацияларды чыгаруунун шарттарында чагылдырылат. Облигацияларды чыгаруунун шарттары облигациялардын негизги параметрлерин камтыган документ болуп саналат.
Облигацияларды чыгаруунун шарттары облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарына (ачык сунуштоо учурунда) жана проспектке, ошондой эле эмитенттин облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын тастыктаган документке киргизилет.
Эмитент квалификациялуу инвесторлор үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу, мында эмитенттин ишинин мөөнөтүнө коюлуучу талаптар колдонулбайт.
15. Кайтарылып алынуучу облигациялар деп эмитент тарабынан жүгүртүү мөөнөтү аяктаганга чейин алардын ээлеринен мөөнөтүнөн мурда сатып алынуучу облигациялар түшүнүлөт.
16. Облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары ишке ашырылды деп таанылганга чейин аларды кайра чакыртып алууга эмитенттин укугу жок.
17. Облигация кармоочулар аларды акцияларга же башка баалуу кагаздарга алмаштырууга мүмкүн болгон облигациялар конвертирленүүчү облигациялар деп таанылат.
18. Колдонуу мөөнөтү чектелген (мөөнөтүнөн мурда жоюу укугу бар облигациялар) облигацияларды кармоочу өзүнүн облигацияларын жоюу мөөнөтү аяктаганга чейин эмитенттин сатып алуусуна коюуга укуктуу.
19. Эмитент айрым товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн облигацияларды чыгарууга укуктуу. Мындай учурда эмитент облигацияларды акча каражаттары менен эмес, аныкталган товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) менен жоет. Эгерде чыгаруунун шарттарында каралган болсо, анда облигацияларды кармоочу облигацияларды акчалай жоюуну талап кылууга укуктуу. Мындай облигацияларды чыгаруунун шарттарында алар боюнча пайыздарды төлөп берүү да каралышы мүмкүн.
20. Эмитент камсыздалган жана камсыздалбаган облигацияларды чыгарууга укуктуу.
Камсыздалган облигациялар - пайызды төлөө жана аны жоюу эмитенттин же үчүнчү жактын мүлкүн күрөөгө коюу менен камсыздалган облигациялар.
Камсыздалган облигацияга укуктун жаңы ээсине өтүшү менен аны чыгаруунун шарттарынан жана проспектинен келип чыгуучу аны камсыздоочу бардык укуктар ага өтөт.
Камсыздалбаган облигациялар - атайын камсыздоосу болбогон жана жалпы талап кылуу укугунан турган облигациялар.
21. Облигацияларды эмиссиялоодо, эгерде эмитент облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин каттабаса, облигацияларды ачык сунуштоого тыюу салынат.
3-глава. Облигациялардын ачык эмиссиясы
§ 1. Ачык эмиссиянын этаптары
22. Облигациялардын ачык эмиссиясынын жол-жобосу төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
- эмитенттин облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуусу;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда облигацияларды чыгарууну, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоо;
- облигацияларды ачык сунуштоо жөнүндө маалыматты ачуу;
- облигацияларды жайгаштыруу;
- облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары ишке ашырылды же ашырылган жок деп таануу.
§ 2. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары
23. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары болуп облигациялардын ачык эмиссиясынын бардык шарттарынын ачык жана түшүнүктүү баяндамасын камтыган документ саналат, алардын аткарылбашы облигациялардын эмиссиясынын токтотулушуна алып келет.
24. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары өзүнүн мазмуну боюнча бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык келиши керек. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарынын ар бир бети номерленет, көктөлөт, жетекчинин колу коюлат жана эмитенттин мөөрү менен бекемделет.
25. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары 3 (үч) нускада түзүлөт. Анын бир нускасы каттоого алуучу органда, экинчиси - эмитентте сакталат, ал эми үчүнчүсү көз каранды эмес реестр кармоочуга сактоо үчүн берилет. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарынын нускаларындагы тексттерде айырма келип чыккан учурда каттоочу органда сакталган документтин тексти чыныгы нуска деп эсептелинет.
26. Облигациялар боюнча кирешелердин өлчөмдөрү (өлчөмдөрдү аныктоонун тартиби), анын ичинде чыгарылган облигациялар боюнча купондук кирешелер бекитилген учурда, ар бир купондун өлчөмү (өлчөмдү аныктоонун тартиби) облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарында аныкталууга тийиш.
27. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарында облигацияларды эмитенттин мөөнөтүнөн мурда жоюу мүмкүнчүлүгү (б.а. облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде бекитилген аткаруу мөөнөтү келгенге чейин облигациялар менен күбөлөндүрүлгөн милдетти аткаруу) каралышы мүмкүн. Эмитент тарабынан мөөнөтүнөн мурда жоюлган облигациялар жүгүртүүгө кайрадан чыгарылбайт жана облигацияларга болгон укуктун эсеп-кысабы алынган реестрдеги жоюлган облигациялардын эсептик катарына киргизилет.
28. Облигациялардын чыгарылышы ишке ашырылган жок деп таанылган учурда облигациялар үчүн эмитент тарабынан төлөм катары алынган каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиби облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарында каралышы керек.
29. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарынын негизги жоболору облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган эмитенттин башкаруу органы тарабынан бекитилет.
§ 3. Проспект
30. Проспект ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык таризделет.
31. Проспекттин ар бир бети номерленет, көктөлөт, эмитенттин кызмат адамдары (жетекчиси жана башкы бухгалтери), ошондой эле баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жана жайгаштырууну уюштурууга катышкан андеррайтер (андеррайтерлер) тарабынан кол коюлат жана эмитенттин мөөрү менен бекитилет.
Проспектке облигацияларды чыгаруу максатында камсыздоо берген жак тарабынан да кол коюлушу керек.
32. Проспектке кол койгон жактар проспектте камтылган туура эмес, толук эмес жана/же инвесторду адаштыруучу маалыматтардан улам баалуу кагаздардын ээсине келтирилген зыян үчүн эмитент менен кошумча жоопкерчилик тартат.
33. Эгерде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик каттоо үчүн берилген проспектте эксперт (эксперттик уюм) тарабынан даярдалган корутундуга же отчетко шилтемелер камтылса, анда ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- эксперттин квалификациясынын сыпатталышы;
- эксперттин (эксперттик уюмдун) баалуу кагаздар эмитентинин аффилирленген же байланыштуу жагы болуп саналабы же жокпу деген маалымат.
Проспектке эксперттин (эксперттик уюмдун) корутундусу же отчету менен биргеликте проспектти жарыялоого жазуу түрүндө макулдугу тиркелиши керек же бул корутундуга же отчетко шилтеме берилиши керек же проспектте эксперттин (эксперттик уюмдун) бул боюнча макулдугун көрсөтүү керек.
34. Проспект 3 (үч) нускада түзүлөт. Проспекттин нускаларынын тексттеринде айырмачылыктар келип чыккан учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталган документтин тексти чыныгы деп эсептелинет.
35. Эмитент проспектте камтылган маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана эмитенттин расмий сайтындагы проспектте камтылган маалыматтарды ачыкка чыгаруу тартиби жөнүндө билдирүүнү жарыялоого милдеттүү.
Облигацияларды чыгаруу жөнүндө маалыматтар төмөнкүдөй маалыматтарды жана кабарларды жарыялоо аркылуу ачылып берилет:
- эмитент жөнүндө маалыматтарды (аталышы, жайгашкан жери, почталык дареги, уюштуруу-укуктук формасы);
- облигациялардын чыгарылышын каттоо жөнүндө маалыматты (каттоону жүргүзгөн орган, мамлекеттик каттоо датасы жана чыгарылышка берилген мамлекеттик каттоонун номери);
- облигациялардын чыгарылышынын негизги параметрлерин (чыгарылган облигациялардын жалпы көлөмүн, бир облигациянын номиналдык наркын, пайыздык ставкасын, жүгүртүү мөөнөтүн, кирешелерди төлөп берүү тартибин жана мезгилдүүлүгүн);
- жайгаштыруу башталган дата жана кызыкдар адамдар проспектте камтылган маалыматтар менен тааныша алган жайды.
§ 4. Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо
36. Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо эмитент тарабынан берилген документтердин негизинде бир эле учурда жүргүзүлөт.
37. Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча арыз;
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берген облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары (облигацияларды эмиссиялоодо);
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына жооп берген проспекти;
- эмитенттин юридикалык жак катары катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү, эгерде эмитент буга чейин бул документти бербеген болсо (эгер эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- эмитенттин уставынын көчүрмөсү, анын ичинде уставга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор, эгерде эмитент буга чейин бул документти бербеген болсо (эгер эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- облигацияларды ачык сунуштоо жөнүндө эмитент кабыл алган чечимди ырастаган документтин көчүрмөсү. Эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, анда көрсөтүлгөн документ расмий тилде берилет, мында анын аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Документ баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана жоюу тартиби, эмитент тарабынан аларды жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттарды пайдалануу, чыгарылыштын көлөмү, баалуу кагаздардын саны жана түрү, алардын номиналдык наркы, ошондой эле баалуу кагаздардын ээлеринин укуктары жөнүндө маалыматтарды камтышы керек;
- облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти каттоо үчүн комиссиялык жыйымдын төлөнгөнүн ырастоочу документ;
- эмитенттин акыркы 3 (үч) аяктаган финансылык жыл үчүн же эгерде эмитент өз ишин 3 (үч) жылдан аз убакыттан бери жүргүзүп жатса, акыркы 2 (эки) аяктаган финансылык жыл үчүн жылдык финансылык отчетторунун көчүрмөлөрү;
- Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген аудитордук уюмдун берилген жылдык финансылык отчетуна карата корутундусу;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого документтерди берүү күнүнө чейинки акыркы аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык финансылык отчетунун көчүрмөлөрү;
- камсыздалган облигациялар чыгарылган учурда эмитенттин милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылганын ырастаган документтер (эгер эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүү тартибинин көчүрмөсү (эгер эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарына ылайык иштелип чыккан корпоративдик башкаруу кодексинин көчүрмөсү (эгер эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- "жашыл", социалдык облигациялардын, туруктуу өнүгүү облигацияларынын жана туруктуу өнүгүү менен байланышкан облигациялардын ушул Жобонун талаптарына жана мындай облигацияларды чыгарууда туруктуу өнүгүү жаатында эл аралык таанылган стандарттардын негизги принциптерине шайкештиги жөнүндө көз карандысыз эксперттин корутундусу;
- документтердин тизмеси.
Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыз кылынган облигациянын ээлеринин пайдасына мүлккө чектөө коюлганы жөнүндө нотариуста ырасталган чечимдин көчүрмөсү берилет.
38. Үчүнчү жактар тарабынан эмитентке бул максаттарда берилген камсыздоонун чоңдугунун суммасына облигациялар чыгарылган учурда, алардын ортосунда облигацияларды чыгарууну камсыздоо жөнүндө келишим түзүлөт, мында:
- жайгаштырылуучу облигациялардын наркы облигацияларды чыгарууну камсыздоо үчүн берилген үчүнчү жактардын мүлкүнүн наркынан ашпоого тийиш;
- материалдык эмес активдер облигацияларды камсыздоо боло албайт;
- облигацияларды камсыздоо болуп саналган мүлктү аларды жоюу мөөнөтү бүткөнгө чейин менчиктен ажыратууга (сатып алууга-сатууга, алмаштырууга, белекке берүүгө ж.б.), үчүнчү жактарга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө, күрөөгө коюуга, ижарага берүүгө жол берилбейт.
Каттоодон өткөрүүчү чыгарылыштын облигациялары боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун үчүнчү жак тарабынан баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгендиги фактысын күбөлөндүрүүчү документтер берилет. Эгерде облигациялардын чыгарылышы боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн мүлк берилсе, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык анын рыноктук наркын ырастаган документ дагы берилет, ал эми калган учурларда - облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим бекитилген датага чейинки акыркы аяктаган финансылык жыл жана акыркы квартал үчүн чыгарылыштагы облигациялар боюнча камсыздоо берген үчүнчү жактын аудитордук уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету берилет.
Облигацияларды чыгарууну камсыздоо үчүн берилген мүлктүн наркы боюнча чектөөлөр квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган облигацияларга колдонулбайт.
39. Жобонун ушул параграфына ылайык баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген документтердин аныктыгы эмитенттин мөөрү жана анын ыйгарым укуктуу адамынын койгон колу менен ырасталууга тийиш.
Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
40. Эмитенттин уставы жана/же ички документтери менен берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугуна жана аныктыгына жооп берүү милдети жүктөлгөн эмитенттин кызмат адамдары жана башка адамдары ошол маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
41. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн берилген проспектте жана башка документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын кошуп алганда, тандап алып текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
42. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык документтер берилген күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирбей ушул Жобого ылайык облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоого алууга же мамлекеттик каттоого алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга милдеттүү.
Кошумча документтерди тапшыруу учурунда мөөнөттү эсептөө кайрадан башталат.
43. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтерге өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө эмитент укуктуу. Документтерди кароонун жүрүшүндө облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарына жана/же проспектке Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү талап кылууга каттоочу орган укуктуу.
44. Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке төмөнкүлөр берилет:
- облигациялардын чыгарылышы катталган дата жана мамлекеттик каттоонун номерин көрсөтүү менен гербдүү мөөр менен бекитилген облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарынын 2 (эки) нускасы;
- облигациялардын чыгарылышы катталган дата жана мамлекеттик каттоонун номерин көрсөтүү менен гербдүү мөөр менен бекитилген проспекттин 2 (эки) нускасы;
- облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоочу органдын чечими, облигацияларды ачык сунуштоонун жана проспекттин шарттары.
Облигациялардын чыгарылышына ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарынын жана проспекттин ар бир нускасынын титулдук баракчаларына коюлат.
45. Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкү негиздер боюнча баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынышы мүмкүн:
- эмитенттин облигацияларды ачык сунуштоосу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен облигацияларды чыгаруу;
- облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
- документтерде жалган маалыматтардын бар экендиги билинсе;
- берилген документтер жана алардын курамында камтылган маалыматтар толук эмес болсо;
- эмитентте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтер берилген датага карата акыркы 3 (үч) жылдын ичинде жүгүртүүдө турган баалуу кагаздарды (акциялардан тышкары) чыгаруу шарттары боюнча милдеттенмелер, анын ичинде сый акы төлөө же баалуу кагаздарды төлөө боюнча милдеттенмелер өз убагында аткарылбаган же аткарылбаган учурлардын болушу;
- эмитенттин баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн документтерди берген күнү облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы жыл ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызынын болушу.
Облигациялардын чыгарылышынын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти максатка ылайык келбегендигинен улам мамлекеттик каттоодон баш тартууга мүмкүн эмес.
46. Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынган учурда, каттоочу орган баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей бул тууралуу арыз ээсине жазуу жүзүндө билдириши керек.
Баш тарткан учурда берилген документтердин ар биринин бирден нускасын же алардын көчүрмөсүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнө алып калат, калган документтер эмитентке кайтарып берилет.
47. Облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.
§ 5. Облигацияларды ачык сунуштоодо аларды жайгаштыруу
48. Катталган облигациялар, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары жана проспект облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарында жана проспектте белгиленген мөөнөттүн ичинде ачык сунушталышы мүмкүн.
49. Ачык сунуштоо жөнүндө маалымат ачылып берилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күн өткөндөн кийин ачык сунушталган облигацияларды жайгаштырууну баштоого болот.
Баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жөнүндө маалымат эмитенттин расмий сайтында ачык сунуштоо жөнүндө билдирүү жарыялоо аркылуу ишке ашырылат, анда каалаган адам облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары жана проспекти менен тааныша ала турган жерлер көрсөтүлөт.
50. Ачык сунушталган облигациялар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына жана фондулук биржада баалуу кагаздар тоорук жүргүзүү эрежелерине ылайык фондулук биржада жайгаштырылат.
51. Облигацияларды жайгаштыруунун баасы проспектте цифралар менен көрсөтүлөт же болбосо жайгаштыруунун баасын аныктоо тартиби белгиленет.
Облигацияларды жайгаштыруунун баасын аныктоо тартиби көрсөткүчтөрдүн (факторлордун) өзгөрүү тартибине жараша жайгаштыруунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде жайгаштыруу кайсы күнгө белгиленбесин облигацияларды жайгаштыруунун баасын аныктоого мүмкүндүк бериши керек. Эмитенттин, ортомчунун жана ага кызыкдар башка адамдардын каалоолоруна жараша аталган көрсөткүчтөрдүн (факторлордун) өзгөрүшү мүмкүн эмес.
52. Облигацияларды ачык сунуштоо менен чыгарган эмитентке облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктарын каттоодон өткөргөнгө чейин ачык сунушталган облигацияларды сатуунун жүрүшүндө түшкөн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынбайт.
§ 6. Облигацияларды ачык сунуштоону токтотуп туруу жана облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу
53. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айдан ашпаган мөөнөткө баалуу кагаздарды ачык сунуштоону токтотуп тура алат жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарынын жана проспекттин мамлекеттик каттоосун төмөнкүдөй учурларда жокко чыгарышы мүмкүн:
- проспект жалган же адашууга алып келүүчү ар кандай олуттуу маалыматтарды камтыса;
- облигацияларды ачык сунуштоо процессинде облигацияларды ачык сунуштоо шарттары бузулса;
- облигацияларды ачык сунуштоо процессинде "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана жогоруда аталган Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик актыларда белгиленген талаптар бузулса.
Токтотуп туруу мөөнөтү бүткөндө, жогоруда аталган бузуулар оңдолбогон учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздардын ачык сунуштоосу ишке ашкан жок деп тааныйт жана облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспекттин мамлекеттик каттоосун жокко чыгарат.
54. Облигацияларды ачык сунуштоо токтотулган учурда, ачык сунуштоо токтотулган мөөнөттүн ичинде облигацияларды ачык сунуштоого, ошондой эле алар менен бүтүмдөрдү түзүүгө тыюу салынат.
55. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо жокко чыгарылган учурда облигацияларды ачык сунуштоону жүзөгө ашыруучу жактар облигацияларды андан ары ачык сунуштоону токтотууга милдеттүү.
§ 7. Облигацияларды эмиссиялоодо проспектке толуктоолор жана өзгөртүүлөр
56. Эмитент төмөнкүдөй учурларда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга проспектке кирген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду толук жаңы маалыматтары менен каттоо үчүн өзгөртүүлөр же толуктоолор пайда болгон же аныкталган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен берүүгө милдеттүү:
- проспектте камтылган маалыматтарда өзгөртүүлөр болсо;
- эгерде проспектте ачылып көрсөтүлүүгө тийиш болгон олуттуу жаңы маалымат пайда болсо, эгерде ал баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга проспект берилген учурга чейин болсо;
- эгерде проспектте жалган же адаштыруучу маалыматтар камтылса же проспектте маалыматты ачыкка чыгарууда олуттуу кемчиликтер болсо.
57. Проспектке шарттарда белгиленген жана проспектте көрсөтүлгөн бир облигация боюнча укуктардын көлөмү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
58. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим эмитент тарабынан кабыл алынган учурдан тартып жана алардын катталгандыгы жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылганга чейин мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттаганга чейин облигациялар менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүү токтотулуп турат.
59. Проспектке өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим эмитент тарабынан кабыл алынган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен эмитент облигация менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүү токтотуп турулгандыгы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга милдеттүү.
60. Проспекттеги өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоо өзгөртүүлөр жана толуктоолор берилген учурдан тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каттоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
61. Проспектке өзгөртүүлөр жана толуктоолор катталган учурда облигациялардын эмитенти төмөнкүлөргө тийиш:
- эмитенттин расмий сайтында жарыялоо жолу менен проспектке киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууга. Эмитент мурда таркатылган проспектке катталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду тиркөөгө милдеттүү;
- ачык сунушталуучу облигациялардын жазылуучуларына, эгерде өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун маалыматтарын проспектке киргизүү Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык облигациялардын жазылуучуларына мындай укуктарды берген учурларда, алар өздөрүнүн ачык сунуштоо акцепттерин чакыртып алуулары жана өтүнмө берүүдө төлөнгөн каражаттардын ордун толтурууну алуулары мүмкүн экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалыматты жөнөтүүгө.
§ 8. Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо
62. Эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту облигацияларды ачык сунуштоо катталган шарттарда (проспектте) көрсөтүлгөн облигацияларды жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми эгерде бардык облигациялар бул мөөнөт аяктаганга чейин жайгаштырылган учурда - бул чыгарылыштагы акыркы облигация жайгаштырылгандан кийин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен берет.
Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыгы жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
63. Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун ар барагы номерленет, көктөлөт, эмитенттин жетекчиси, башкы бухгалтери, каттоочусу (депозитарийи) тарабынан кол коюлат, эмитенттин мөөрү басылат.
64. Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодо жана бекитүүдө каттоочу органга төмөнкүлөр берилет:
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлгөн облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоого арыз;
- облигацияларга акы толук төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлгөн облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет 2 (эки) нускада;
- төмөнкү маалыматтарды камтыган облигацияларды кармоочулардын реестринен көчүрмө:
чыгарылган облигациялардын жалпы саны;
жайгаштырылган облигациялардын жалпы саны;
облигацияларды кармоочулардын жалпы саны (юридикалык жана жеке жактар);
- төлөнгөн учурга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына эквивалентти көрсөтүү менен жайгаштырылган облигацияларга акы үчүн төлөнгөн чет өлкөлүк валютанын көлөмү жөнүндө маалымат;
- сатып алган өлкөлөрдү көрсөтүү менен резидент эместердин арасында жайгаштырылган облигациялардын наркы.
65. Облигациялар үчүн акы төлөнгөнүн ырастаган документтер төмөнкүлөр болуп саналат:
- эмитенттин эсебине облигацияларды жоюуга акча каражаттары түшкөндүгү жөнүндө банктын маалымкаты;
- банк чыгарган облигациялар боюнча "Башка милдеттенмелер жана кредиттер" (өзүнчө банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу коммерциялык банктар жана башка уюмдар) эсеби боюнча көчүрмө.
66. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга, же болбосо бул облигацияларды ачык сунуштоону ишке ашкан жок деп таанууга жана облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга тийиш.
Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 (он) жумуш күн өткөндөн кийин, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ошол облигацияларды ачык сунуштоону ишке ашкан жок деп таанууга укугу жок.
Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу бул баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгарууга алып келет.
Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу облигацияларды ачык сунуштоо шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
67. Эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттаган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматты төмөнкүлөр аркылуу ачыкка чыгарууга милдеттүү:
- облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүнү эмитенттин расмий сайтында жарыялоо;
- облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоону фондулук биржага(ларга) жөнөтүү.
68. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттаган учурда эмитентке облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктарын каттоо жөнүндө чечимди жана каттоо жөнүндө белги менен отчетту берет.
69. Облигацияларды ачык жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарында каралгандан аз сандагы облигациялар жайгаштырылышы мүмкүн. Мындай учурда бул чыгарылыштагы облигациялардын саны баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттогу маалыматтардын негизинде жайгаштырылбаган облигациялардын санына азайтылат.
70. Жайгаштырбоодо алардын чыгарылышы ишке ашкан жок деп таанылуучу, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарында каралган үлүштөр жайгаштырылбаган учурда, ошондой эле чыгарылыштын бир да облигациясы жайгаштырылбаган учурда, мындай чыгарылыш ишке ашкан жок деп таанылат жана бул чыгарылышка ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери жокко чыгарылат.
71. Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй негиздер боюнча кабыл алынышы мүмкүн:
- облигацияларды ачык жайгаштыруунун жүрүшүндө эмитент Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын бузса;
- отчетто камтылган маалыматтардын курамы ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
- облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо үчүн берилген документтерге жалган маалыматтар же чындыкка ылайык келбеген маалыматтар (анык эмес маалыматтар) киргизилсе;
- проспектте камтылган маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиби жөнүндө кабарлоону жарыялоо боюнча белгиленген талаптар эмитент тарабынан аткарылбаса;
- эмитент тарабынан облигацияларды жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде облигацияларды кармоочулардын укуктарын ишке ашыруунун мөөнөттөрү жана шарттары, көлөмү жана мазмуну бир тараптуу өзгөртүлсө;
- облигациялар боюнча камсыздоону берүү боюнча бүтүм бузулса же башка негиздер боюнча токтотулса, же чыгарылыштын облигациялары боюнча берилген камсыздоонун өлчөмү жайгаштырылган облигациялардын наркын жаппаган чоңдукка чейин азайтылса.
72. Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тартылган учурда мындай чыгарылыш ишке ашкан жок деп таанылат жана анын мамлекеттик каттоо номери жокко чыгарылат.
Облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тартылганда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен эмитентке баш тартуунун негиздерин камтыган облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоону жөнөтүүгө милдеттүү.
73. Эмитент облигацияларды ачык сунуштоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетто камтылган маалыматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү.
4-глава. Облигациялардын жеке эмиссиясы
§ 1. Облигациялардын жеке эмиссиясынын этаптары
74. Облигациялардын жеке эмиссиясынын жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:
- эмитент тарабынан облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоо;
- облигацияларды жайгаштыруу;
- облигацияларды чыгаруунун жыйынтыгын ишке ашкан же ишке ашкан жок деп таануу.
§ 2. Проспект
75. Проспект ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык таризделет.
76. Проспекттин ар бир бети номерленет, көктөлөт, эмитенттин кызмат адамдары (жетекчиси жана башкы бухгалтери) тарабынан кол коюлат жана эмитенттин мөөрү басылат.
Проспектке облигацияларды чыгаруу максатында камсыздоо берген жак тарабынан да кол коюлушу керек.
Проспектке кол койгон жактар көрсөтүлгөн проспектте камтылган анык эмес, толук эмес жана/же инвесторду адаштыруучу маалыматтардан улам баалуу кагаздардын ээсине келтирилген зыян үчүн эмитент менен кошумча жоопкерчилик тартат.
77. Эгерде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик каттоо үчүн берилген проспектте эксперт (эксперттик уюм) тарабынан даярдалган корутундуга же отчетко шилтемелер камтылса, анда ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- эксперттин квалификациясынын сыпатталышын;
- эксперттин (эксперттик уюмдун) баалуу кагаздар эмитентинин аффилирленген же байланыштуу жагы болуп саналабы же жокпу жөнүндө маалыматты.
Проспектке эксперттин (эксперттик уюмдун) корутунду же отчету менен бирге проспектти жарыялоого жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелүүгө тийиш же бул корутундуга же отчетко шилтеме берилиши керек, же болбосо проспектте эксперттин (эксперттик уюмдун) бул боюнча макулдугун көрсөтүү керек.
78. Проспект 3 (үч) нускада түзүлөт. Проспекттин нускаларынын текстинде айырмачылыктар келип чыккан учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталган документтин тексти чыныгы деп эсептелет.
§ 3. Жеке эмиссияда облигацияларды мамлекеттик каттоо
79. Облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоо эмитент тарабынан берилген документтердин негизинде бир эле учурда жүзөгө ашырылат.
80. Жеке эмиссияда облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн эмитент каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлгөн каттоого арыз;
- эмитенттин (акционердик коом болуп саналбаган) юридикалык жак катары катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалымат берилбейт);
- эмитенттин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактар үчүн);
- эмитенттин ыйгарым укуктуу органынын облигацияларды чыгаруу жана жабык жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- каттоо жыйымынын төлөнгөндүгүн ырастаган документ;
- камсыздалган облигациялар чыгарылган учурда, эмитенттин милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун болушун ырастаган документтер;
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берген проспект 3 (үч) нускада.
Жеке эмиссияда облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн зарыл болгон документтер каттоочу органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
81. Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздалган облигациялардын ээлеринин пайдасына мүлккө чектөө коюлганы жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн чечимдин көчүрмөсү берилет.
82. Үчүнчү жактар тарабынан эмитентке бул максаттарда берилген камсыздоонун чоңдугунун суммасына облигациялар чыгарылган учурда, алардын ортосунда облигацияларды чыгарууну камсыздоо жөнүндө келишим түзүлөт, мында:
- жайгаштырылуучу облигациялардын наркы облигацияларды чыгарууну камсыздоо үчүн берилген үчүнчү жактардын мүлкүнүн наркынан ашпоого тийиш;
- материалдык эмес активдер облигацияларды камсыздоо боло албайт;
- облигацияларды камсыздоо болуп саналган мүлктү аларды жоюу мөөнөтү бүткөнгө чейин менчиктен ажыратууга (сатып алууга-сатууга, алмаштырууга, белекке берүүгө ж.б.), үчүнчү жактарга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө, күрөөгө коюуга, ижарага берүүгө жол берилбейт.
Каттоодон өткөрүүчү чыгарылыштын облигациялары боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун үчүнчү жак тарабынан баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгендиги фактысын күбөлөндүрүүчү документтер берилет. Эгерде облигациялардын чыгарылышы боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн мүлк берилсе, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык анын рыноктук наркын ырастаган документ дагы берилет, ал эми калган учурларда - облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим бекитилген датага чейинки акыркы аяктаган финансылык жыл жана акыркы квартал үчүн чыгарылыштагы облигациялар боюнча камсыздоо берген үчүнчү жактын аудитордук уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету берилет.
Облигацияларды чыгарууну камсыздоо үчүн берилген мүлктүн наркы боюнча чектөөлөр квалификациялуу инвесторлор үчүн гана чыгарылган облигацияларга колдонулбайт.
83. Жобонун ушул параграфына ылайык баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн аныктыгы эмитенттин мөөрү жана ал ыйгарым укук берген адамдын колу менен ырасталууга тийиш.
84. Эмитенттин уставы жана/же ички документтери менен берилген документтерде камтылган маалыматтын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн эмитенттин кызмат адамдары жана башка адамдары бул маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
85. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн берилген проспектте жана башка документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын кошуп алганда, тандалма текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
86. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтерди алган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен облигацияларды каттоого же мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга милдеттүү.
Кошумча документтерди берүүдө мөөнөттү эсептөө кайрадан башталат.
87. Облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда эмитентке төмөнкүлөр берилет:
- облигациялардын чыгарылышы катталган датаны жана мамлекеттик каттоо номерин көрсөтүү менен гербдүү мөөр менен бекитилген проспекттин 2 (эки) нускасы;
- облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоочу органдын чечими.
Облигациялардын чыгарылышына ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери проспекттин ар бир нускасынын титулдук барактарына коюлат.
88. Облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй негиздер боюнча баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынышы мүмкүн:
- облигацияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына каршы келсе;
- облигациялардын чыгарылышын каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
- документтерде анык эмес маалыматтар табылса;
- берилген документтер жана аларда камтылган маалыматтардын курамы толук эмес болсо;
- эмитентте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн документтер берилген датага карата акыркы 3 (үч) жыл ичинде жүгүртүүдө болгон баалуу кагаздардын (акциялардан тышкары) чыгарылышынын шарттарын өз убагында аткарбаган же аткарбаган учурлардын болушу (анын ичинде сый акы төлөө же баалуу кагаздарды төлөө боюнча милдеттенмелер);
- эмитентте баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо үчүн документтер берилген датага карата облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы жыл ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өткөн карызынын болушу.
89. Облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоодон баш тартылган учурда, каттоочу орган баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө бул тууралуу арыз ээсине кабарлоого тийиш.
Баш тартылган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтердин ар биринен бирден нусканы же алардын көчүрмөсүн өзүнө калтырат, калган документтерди эмитентке кайтарып берет.
§ 4. Жеке эмиссияда облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары
90. Эгерде баалуу кагаздарды жайгаштыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин 1ден (бир) кем эмес облигация жайгаштырылса, жеке эмиссияда облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары ишке ашты деп таанылат.
91. Облигацияларды жайгаштыруу аяктагандан кийин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлгөн облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
Облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн. Облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
92. Облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчеттун ар бир барагы номерленет, көктөлөт, эмитенттин жетекчиси, башкы бухгалтери, каттоочусу (депозитарийи) тарабынан кол коюлат, эмитентин мөөрү басылат.
93. Облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодо жана бекитүүдө каттоочу органга төмөнкүлөр берилет:
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлгөн облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоого арыз;
- облигациялар үчүн акы толук төлөнгөндүгүн ырастаган документтер;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлгөн облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет 2 (эки) нускада;
- төмөнкү маалыматтар камтылган облигацияларды кармоочулардын реестринен көчүрмө:
чыгарылган облигациялардын жалпы саны;
жайгаштырылган облигациялардын жалпы саны;
облигацияларды кармоочулардын жалпы саны (юридикалык жана жеке жактар).
94. Облигациялар үчүн акы толук төлөнгөндүгүн ырастаган документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
- облигацияларды жоюуга эмитенттин эсебине акча каражаттарынын келип түшкөндүгү жөнүндө банктын маалымкаты;
- банк тарабынан чыгарылган облигациялар боюнча "Башка милдеттенмелер жана кредиттер" эсеби боюнча көчүрмө (коммерциялык банктар жана айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруучу башка уюмдар үчүн).
95. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет берилген учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга, же болбосо облигациялардын бул чыгарылышын ишке ашкан жок деп таанууга жана облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгарууга милдеттүү.
Кошумча документтер берилгенде мөөнөттү эсептөө кайра башталат.
Облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу бул баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгарууга алып келет.
Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазууну киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Баалуу кагаздардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоо номерин жокко чыгаруу облигациялардын чыгарылышын жана проспектти мамлекеттик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан кийинки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.
96. Облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо учурунда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмитентке облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктарын каттоо жөнүндө чечимди жана катталгандыгы жөнүндө белги коюлган отчетту берет.
97. Облигацияларды жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде проспектте каралгандан аз сандагы облигациялар жайгаштырылышы мүмкүн. Мындай учурда бул чыгарылыштагы облигациялардын саны баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчеттун маалыматтарынын негизинде жайгаштырылбаган облигациялардын санына азайтылат.
98. Эгерде чыгарылган бир да облигациясы жайгаштырылбаса, чыгарылыш ишке ашкан жок деп таанылат жана бул чыгарылышка ыйгарылган мамлекеттик каттоо номери жокко чыгарылат.
99. Облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү негиздер боюнча кабыл алынышы мүмкүн:
- эмитент тарабынан облигацияларды эмиссиялоонун жана жайгаштыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын бузулушу;
- отчетто камтылган маалыматтардын курамы ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
- облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоо үчүн берилген документтерге жалган маалыматтарды же чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды (анык эмес маалыматтарды) киргизүү;
- эмитент тарабынан облигацияларды жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде облигацияларды кармоочулардын укуктарын ишке ашыруунун мөөнөттөрүн жана шарттарын, көлөмүн жана мазмунун бир тараптуу өзгөртүү;
- облигациялар боюнча камсыздоону берүү боюнча бүтүмдү бузуу же башка негиздер боюнча токтотуу же чыгарылыштын облигациялары боюнча берилген камсыздоонун өлчөмүн жайгаштырылган облигациялардын наркын жаппаган чоңдукка чейин азайтуу.
100. Облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тартылган учурда, мындай чыгарылыш ишке ашкан жок деп таанылат жана анын мамлекеттик каттоо номери жокко чыгарылат.
Облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тартылганда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен эмитентке баш тартуунун негиздерин камтыган облигациялардын чыгарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту каттоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоону жөнөтүүгө милдеттүү.
5-глава. Облигацияларды жүгүртүү жана жоюу
101. Облигация ээлеринин укуктарын эсепке алууну көз карандысыз реестр кармоочу же депозитарий жүргүзөт, аны менен эмитент облигация ээлеринин реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча келишим түзүүгө милдеттүү.
102. Облигацияга менчик укугу реестрди жүргүзүү системасында реестрди кармоочунун жеке эсептериндеги жазуулар же депозитарийдеги облигацияларга укуктарды эсепке алуу учурунда - депозитарийлердеги депо эсеби боюнча жазуулар менен күбөлөндүрүлөт.
103. Ачык сунушталуучу облигацияларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөр, ошондой эле ачык компаниялар тарабынан чыгарылган облигацияларды чыгаруу фондулук биржада Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына жана фондулук биржанын баалуу кагаздарын сатуу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
104. Камсыз кылынбаган облигацияларды жүгүртүүдө негизги фонддорду кайра баалоонун эсебинен кошумча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат.
105. Ачык компаниялар болуп саналбаган жана жекече сунуш кылуу жолдору менен жүгүртүүгө арналган облигацияларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөр баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык фондулук биржадан тышкары алардын ээлери тарабынан жасалышы мүмкүн.
106. Облигациялар боюнча пайыздарды төлөө тартиби, мөөнөтү жана ыкмасы облигацияларды чыгаруунун шарттары менен белгиленет.
Облигациялар боюнча пайыздар төлөнгөндөн (же пайыздарды төлөө күнү аяктаган учурга карата эмитент облигациялар боюнча пайыздарды толук төлөбөсө, пайыздарды төлөө датасынан) кийин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча түзүлгөн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берүүгө милдеттүү.
Эмитент жүгүртүүдөгү облигациялардын ар бир чыгарылышы боюнча облигациялардын кирешелерин төлөө боюнча өзүнчө отчет берет.
107. Эмитент жүгүртүү мөөнөтү аяктаганда облигациялардын номиналдык наркын же облигацияларды чыгаруу шарттары менен каралган башка мүлктүк эквивалентти төлөп, облигацияларды төлөп берүүгө милдеттүү.
108. Эмитент облигацияларды төлөгөндөн (эгерде эмитент төлөө датасынын аягында бардык облигацияларды төлөбөсө, же облигациялардын төлөө датасынан) кийин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча түзүлгөн облигацияларды төлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
109. Облигациялардын бир бөлүгү мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда, ошол облигацияларды төлөөнүн жыйынтыгы боюнча жана облигацияларды жүгүртүү мөөнөтү аяктаганда төлөө жыйынтыктары жөнүндө отчет берилет.
110. Эмитенттин акцияларына же башка баалуу кагаздарына конвертациялануучу облигациялар чыгарылган учурда, эмитент облигацияларды конвертациялагандан кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде төлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
111. Эгерде облигациялар транш менен жайгаштырылса, анда эмитент ар бир транш боюнча облигацияларды төлөө жөнүндө өзүнчө отчет берүүгө милдеттүү.
6-глава. Башка жоболор
§ 1. "Жашыл облигацияларды", социалдык облигацияларды, туруктуу өнүктүрүү облигацияларын жана туруктуу өнүктүрүү менен байланышкан облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорго ылайык келүүчү критерийлер жана шарттар
112. "Жашыл" облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар төмөнкү тармактардагы долбоорлорду каржылоого (кайра каржылоого) гана багытталууга тийиш:
1) кайра жаралуучу энергия;
2) энергетикалык натыйжалуулук (иштеп жаткан жана курулуп жаткан өнөр жай объекттеринин, имараттардын, курулмалардын, курулуштардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу);
3) айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана контролдоо;
4) сууну жана калдыктарды туруктуу пайдалануу (сууну үнөмдөө, калдыктар жана саркынды суулар, суу ресурстарын сактоо жана калыбына келтирүү);
5) айыл жана токой чарбасын, жерди пайдаланууну туруктуу жүргүзүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо;
6) экологиялык туризм;
7) экологиялык жактан таза транспорт (анын ичинде аз көмүртектүү транспорт каражаттары, экологиялык жактан таза транспорттук инфраструктура);
8) климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо (климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү жана мындай өзгөрүүлөрдү эртелеп алдын алуу системалары);
9) Капитал рынокторунун эл аралык ассоциациясынын (International Capital Market Association, ICMA) "жашыл" облигацияларынын стандартын кошуп алганда, бирок аны менен чектелбестен, туруктуу өнүктүрүү жаатында эл аралык таанылган стандарттарда каралган классификацияга ылайык келген башка долбоорлор.
113. Социалдык облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар төмөнкүдөй тармактардагы долбоорлорду каржылоого (кайра каржылоого) гана багытталууга тийиш:
1) жеткиликтүү инфраструктураны түзүү (калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды тазалоо, санитардык шарттарды жакшыртуу, транспорт, энергетика);
2) саламаттык сактоого, билим алууга, анын ичинде кесиптик окутууга, каржылоо жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
3) жеткиликтүү турак жай куруу;
4) калкка жардам берүү, жумушсуздукка каршы күрөшүү программалары;
5) азык-түлүк коопсуздугу (анын ичинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жаатында);
6) бакубат социалдык-экономикалык шарттарды түзүү жана өнүктүрүү (активдерге, кызмат көрсөтүүлөргө, ресурстарга жана аларды контролдоого тең укуктуу жеткиликтүүлүк, рынокко тең укуктуу чыгуу жана коомдун жашоосуна катышуу, анын ичинде мүлктүк теңсиздикти кыскартуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо программалары, аялдардын ишкердүүлүгү, гендердик теңдик жаатындагы долбоорлор);
7) туруктуу өнүктүрүү жаатында эл аралык таанылган стандарттар менен аныкталган, анын ичинде Эл аралык капитал рынокторунун ассоциациясынын (International Capital Market Association, ICMA) социалдык облигацияларынын стандарттары менен чектелбеген башка социалдык долбоорлор.
114. Туруктуу өнүктүрүү облигацияларын чыгаруунун жана жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар ушул главанын 112 жана 113-пункттарында белгиленген "жашыл" жана социалдык долбоорлордун айкалышын каржылоого (кайра каржылоого) гана багытталууга тийиш.
115. Туруктуу өнүктүрүү менен байланышкан облигацияларды чыгарууда эмитент келечекте алдын ала белгиленген мөөнөттөрдө туруктуу өнүктүрүү жаатындагы иштин конкреттүү натыйжаларын жакшыртууга милдеттенет.
Эмитенттин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы ишинин көрсөтүлгөн натыйжалары сандык баалоого, салыштырма талдоого жана тышкы баалоого мүмкүн болгон өлчөнгөн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү түрүндө көрсөтүлүшү керек.
Эмитенттин туруктуу өнүктүрүү жаатындагы ишинин негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү, ошондой эле туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан облигациялардын эмитент жетишкен учурда ишке кирүүчү финансылык жана (же) түзүмдүк мүнөздөмөлөрү бул облигацияларды чыгаруунун шарттарынын жана проспектинин алкагында көрсөтүлүүгө тийиш.
116. "Жашыл", социалдык, туруктуу жана туруктуу өнүктүрүү менен байланышкан облигациялардын Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жана туруктуу каржылоонун эл аралык таанылган стандарттарына шайкештигин тышкы баалоону (верификациялоону) жүзөгө ашыруучу көз карандысыз эксперт эл аралык таанылган уюмдардын бири тарабынан берилген жарактуу сертификатка (аккредитацияга) ээ болушу керек, алардын тизмеги баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
§ 2. Конвертациялануучу облигациялардын эмиссиясынын өзгөчөлүктөрү
117. Конвертациялануучу облигациялар аларды чыгаруу шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө акцияларга, башка облигацияларга жана башка баалуу кагаздарга аларды чыгарууда белгиленген шарттарда жана тартипте алмаштырылышы мүмкүн.
118. Ачык сунушталган конвертациялануучу облигациялар ачык сунушталган баалуу кагаздарга гана конвертацияланышы мүмкүн.
119. Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары (ачык эмиссия учурунда), проспект жана эмитенттин конвертациялануучу облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечими чыгарылып жаткан облигацияларды эмитенттин башка баалуу кагаздарына конвертациялоонун тартибин жана шарттарын камтууга тийиш.
120. Конвертациялануучу облигациялардын эмиссиясы ушул Жобонун 3-главасында (ачык эмиссияда) же 4-главада (жекече эмиссияда) белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
121. Конвертациялануучу облигацияларды конвертациялоо жолу менен жайгаштырылган баалуу кагаздардын эмиссиясы ушул Жобонун 3-главасында (ачык эмиссияда) жана 4-главада (жекече эмиссияда) белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Ошол эле учурда баалуу кагаздарды ачык сунуштоо (ачык чыгаруу) шарттарында, облигациялар конвертацияланышы керек болгон проспектте жана эмитенттин баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечиминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
- облигацияларды аларга конвертациялоо максатында баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө;
- облигацияларды чыгарылып жаткан баалуу кагаздарга конвертациялоонун тартиби жана шарттары;
- конвертациялоонун башка шарттары.
122. Облигацияларды конвертациялоо үчүн чыгарылган баалуу кагаздарды жайгаштыруу конвертациялоо жана конвертациялануучу облигацияларды төлөө тартибине ылайык чыгарылган баалуу кагаздарга алмаштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
§ 3. Транш менен жайгаштырылуучу облигациялардын эмиссияларынын өзгөчөлүктөрү
123. Облигацияларды чыгаруунун шарттары менен бир чыгарылыштын чегинде, бирок баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген облигацияларды жайгаштыруунун чектелген мөөнөтүнөн кечиктирбей ар кандай мөөнөттөрдө өзүнчө бөлүктөргө (транштарга) жайгаштыруу каралышы мүмкүн.
124. Бир чыгарылыштын чегинде облигациялардын транштарынын жалпы саны, ошондой эле транш менен жайгаштырылуучу чыгарылган облигациялардын жалпы саны облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарында (ачык эмиссия учурунда), проспектте жана облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде көрсөтүлүшү керек. Бир чыгарылыштын чегиндеги облигацияларды транштарынын жалпы саны, ошондой эле ар бир транштагы облигациялардын саны так сандар менен көрсөтүлүшү мүмкүн, же болбосо аларды аныктоонун тартиби белгиленет.
125. Ар бир траншты жайгаштыруу мөөнөттөрү же аларды аныктоо тартиби облигацияларды чыгаруу шарттарында жана проспектте көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир транштын облигацияларын бир облигация чыгарылышында жайгаштыруу убактысы ар кандай болушу мүмкүн. Ошондой эле мөөнөттөр облигациялардын эмитенти тарабынан ар бир транштын облигацияларын жайгаштыруунун башталышынын жана аякташынын так календардык даталары менен же болбосо эмитенттин бул даталар жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу тартибин көрсөтүү менен көрсөтүлүүгө тийиш.
126. Бир чыгарылыштын чегинде ар кандай транштагы облигацияларды бир убакта жайгаштырууга жол берилбейт.
§ 4. Алтын менен камсыздалган облигациялардын эмиссияларынын өзгөчөлүктөрү
127. Алтын менен камсыз кылынган облигациялар алардын ээлеринин алдындагы эмитенттин алтын куймаларын берүүнү караган алтын менен камсыз кылуунун көлөмү менен милдеттенмелери камсыз болгон учурда гана чыгарылышы мүмкүн.
Ээлеринин алдындагы эмитенттин милдеттенмелеринин камсыздоосу катары кызмат кылган алтын менен камсыз кылуунун көлөмүнө алтын менен камсыздалган облигациялардан башка эмитенттин милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн эмес. Эмитент кудуретсиз (банкрот) деп таанылган учурда эмитент тарабынан алтын менен камсыз кылынган облигацияларды төлөө үчүн каралган алтын менен камсыз кылуунун көлөмү конкурстук массага киргизилбейт.
128. Облигацияларды чыгаруу көлөмү эмитент тарабынан алтын куймасы түрүндө берилген камсыздоонун көлөмүнөн ашпашы керек.
129. Алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде, облигацияларды ачык сунуштоо шарттарында жана проспектте алардын ээлерине номиналдык наркынан пайыз түрүндө кошумча киреше төлөө каралган.
130. Алтын менен камсыздалган облигациялардын чыгарылышын, облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын жана проспектти мамлекеттик каттоо үчүн эмитент бул Жобонун 37-пунктунда каралган документтерден тышкары, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтерди берет:
- алтын куймасын чыгарган ишкананын сапат сертификатын;
- алтын куймасы түрүндө эмитент тарабынан берилген алтындын сапаты жөнүндө лабораторияда алынган эксперттик корутундуну;
- алтын куймаларын сактоодо кызмат көрсөткөн жана алардын сакталышына кепилдик берген коммерциялык банк менен эмитенттин келишиминин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн.
131. Жайгаштыруу баасы жана аны жайгаштыруу баасын аныктоо тартиби, төлөө тартиби жана формасы, жоюу жана кирешелерди төлөө шарттары, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда жоюу мүмкүнчүлүгү жана шарттары эмитент тарабынан алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда аныкталат.
Алтын менен камсыздалган облигациялардын баасы алтын фиксингинин негизинде бүтүм түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкөлүк валютага карата белгиленген улуттук валютанын расмий курсу боюнча алтын куймада камтылган таза алтындын салмагына эквиваленттүү улуттук валютада акчалай аныкталууга тийиш.
132. Алтын менен камсыздалган облигацияларды сатып алуу-сатуу боюнча бүтүмдөр биринчи же экинчи рынокто жасалгандыгына карабастан фондулук биржа аркылуу жүзөгө ашырылат. Алтын менен камсыздалган облигациялар менен бүтүмдөрдү жасоодо алардын баасы бүтүм түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкөлүк валютага карата белгиленген улуттук валютанын расмий курсу боюнча алтын фиксингинин негизинде алтын куймасында камтылган таза алтындын салмагына эквиваленттүү улуттук валютада акчалай аныкталат.
133. Алтын менен камсыздалган облигацияларды эмитент тарабынан сатып алуу жолу менен төлөө каралган учурда, эмитент тарабынан сатып алуу алтын менен камсыздалган облигацияларда көрсөтүлгөн салмактык туюнтууга эквиваленттүү алтын фиксингине негизденип, алтын куймасынын баасы боюнча жүзөгө ашырылат.
134. Алтын менен камсыздалган облигацияларды төлөө алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде жана проспектте белгиленген шарттарга ылайык эмитент тарабынан жүргүзүлөт:
- эмитент тарабынан сатып алуу жөнүндө облигациялардын ээсинин жазуу жүзүндөгү талабын алган учурдан тартып 14 (он төрт) календардык күндүн ичинде алтын менен камсыздалган облигацияларды чыгаруунун жана жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет катталгандан кийин мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда;
- алтын менен камсыздалган облигациялардын ээсине алтын куймаларын менчикке берүү же аларды жүгүртүүнүн белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин облигациялардын номиналдык наркын төлөө жолу менен;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алтын менен камсыздалган облигацияларды ачык сунуштоо ишке ашкан жок деп таанылган учурда.
135. Эмитент жүгүртүү мөөнөтү аяктагандан кийин облигациялардын номиналдык наркын төлөө жолу менен же камсыздоо көлөмүндө алтын куймасын сактоо кызматын көрсөткөн коммерциялык банк тарабынан берүү жолу менен алтын менен камсыздалган облигацияларды төлөөгө милдеттүү.
136. Алтын менен камсыздалган облигациялардын эмитенти эмитент тарабынан берилген алтын куймаларын сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө коммерциялык банк менен келишим түзүүгө милдеттүү.
137. Алтын менен камсыздалган облигациялар төлөнгөндөн кийин 5 (беш) календардык күндөн кечиктирбестен эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча түзүлгөн төлөөнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
138. Алтын менен камсыздалган облигациялардын бир бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөөдө төлөө жөнүндө отчет мындай облигациялар төлөнгөндөн кийин жана облигациялардын мөөнөтү аяктагандан кийин берилет.
§ 5. Камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын жана жүгүртүүсүнүн өзгөчөлүктөрү
139. Камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттары жана проспект күрөөлүк камсыздоо жөнүндө маалыматтарды, күрөөлүк камсыздоону башкаруучунун аталышын жана эмитенттин облигациялардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин төлөө үчүн күрөөлүк камсыздоого өндүрүп алуунун шарттарын камтууга тийиш.
140. Камсыздалган облигацияларды чыгарууда алардын эмитенти камсыздалган облигацияларды кармоочулардын реестринде ээси катары катталган жактардын кызыкчылыгында күрөөнү башкаруучуну дайындоого милдеттүү. Камсыздалган облигациялар боюнча күрөөнү башкаруучу катары чыгууга баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык келген жана депозитардык ишти же болбосо инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар жак гана укуктуу. Күрөөнү башкаруучу камсыздалган облигациялардын эмитентине карата жана эмитенттин алдындагы милдеттенмелеринин өлчөмү анын активдеринин баланстык наркынын 10 пайызынан ашкан эмитенттин кайсы кредиторуна болбосун карата аффилирленген жак боло албайт.
141. Эгерде камсыздалган облигациялар боюнча камсыздоо жана/же күрөө үчүнчү жак тарабынан берилсе, камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимге жана/же проспектке ушундай камсыздоону жана/же күрөөнү берген жак да кол коюуга тийиш, ал эми күрөөнү башкаруучу менен мындай камсыздоону берген жактын (жактардын) ортосунда камсыздалган облигациялардын ээлеринин пайдасына күрөө келишимдери, ошондой эле күрөөнүн предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жөнүндө макулдашуу түзүлүүгө жана катталууга тийиш.
142. Ушул Жобонун талаптарына ылайык келген баалуу кагаздар жана кыймылсыз мүлк гана камсыздалган облигациялардын күрөө предмети боло алат.
143. Камсыздалган облигациялар боюнча күрөө предметинин түзүмү жана курамы:
1) камсыздалган облигациялар төмөнкүдөй баалуу кагаздардын күрөөсү менен камсыз болушу мүмкүн:
а) мамлекеттик баалуу кагаздар - күрөө менен коштолгон ушул баалуу кагаздар менен камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын көлөмүнүн 100 пайызына чейин;
б) ачык акционердик коом формасында түзүлгөн, лицензияланган тоорук уюштуруучусунан эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча листингден өткөн Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин жөнөкөй энчилүү акциялары - камсыздалган облигациялардын эмиссиясынын көлөмүнүн 40 пайызынан ашык эмес. Мында мындай акциялардын күрөөлүк баасы көз карандысыз баалоочу экспертизага ылайык баалоо наркынын 80 пайызынан ашпоого тийиш;
2) камсыздалган облигациялар төмөнкү кыймылсыз мүлктүн күрөөсү менен камсыз болушу мүмкүн:
а) айыл чарба багытындагы жерлерден башка жерлер;
б) юридикалык жактарга таандык кыймылсыз мүлк.
Ошол эле учурда мындай мүлктүн күрөө баасы көз карандысыз баалоо экспертизасы боюнча анын бааланган наркынын 70 пайызынан ашпашы керек.
144. Камсыздалган облигациялар боюнча камсыздоонун жана/же күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк камсыздалган облигациялардын чыгарылышын каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди бергенге чейин 1 (бир) айдан эрте эмес убакытта көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланууга тийиш.
145. Ушундай облигациялар боюнча күрөөнүн предмети болуп саналган мүлккө карата камсыздалган облигациялардын ээлеринин укуктарынын өлчөмү, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн күрөөгө коюлган мүлктү алып коюу (сатып алуу) учурунда төлөөнүн өлчөмү, анын реквизициясы же улутташтыруу карыздын суммасына пропорциялуу камсыздалган облигацияларды кармоочулардын реестринин маалыматтарынын негизинде аныкталат.
146. Күрөөнүн предмети катары кыймылсыз мүлк чыккан учурда, камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттары баалуу кагаздарды чыгарууну каттоо үчүн баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди тапшырганга чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.
147. Күрөө предмети катары баалуу кагаздар чыккан учурда камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттары тиешелүү көз карандысыз реестр кармоочу же болбосо депозитарий тарабынан катталууга тийиш, анда күрөө предмети болуп саналган баалуу кагаздар баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтер берилгенге чейин депонирленүүгө тийиш.
148. Камсыздалган облигациялардын чыгарылышын алар боюнча күрөөлүк камсыздоо катталганга чейин мамлекеттик каттоого тыюу салынат.
149. Күрөөнү башкаруучуну алмаштыруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- эмитент тарабынан камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттарына жана проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга камсыздоо облигацияларын чыгаруу шарттарына жана проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду каттоого керектүү документтер берилет;
- эмитент 3 (үч) жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан күрөөнү башкаруучуну алмаштыруу жөнүндө маселени карап баштагандыгы жөнүндө маалымкат алат;
- эмитент кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда күрөөнү башкаруучуну алмаштыруу боюнча зарыл жол-жоболордон өтөт;
- эмитент баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздалган облигацияларды чыгаруунун шарттарын жана проспектти кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталгандыгы жөнүндө белги коюу менен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 3 (үч) жумуш күндүн ичинде тиешелүү реестрлерге өзгөртүүлөрдү киргизет, андан кийин эмитентке камсыздалган облигацияларды чыгаруунун катталган шарттарын жана күрөөнү башкаруучунун алмашуусуна байланыштуу киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен проспектти берет;
- камсыздалган облигациялардын эмитенти өзүнүн расмий сайтына кулактандыруу жайгаштыруу жолу менен камсыздалган облигациялардын ээлерине күрөөнү башкаруучунун алмашкандыгы жөнүндө 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен кабарлайт.
150. Камсыздалган облигациялардын эмитенти алардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда күрөө башкаруучуга кат жүзүндө кайрылууга укуктуу, ал 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен төмөнкүдөй аракеттерди көрүүгө милдеттүү:
- камсыздалган облигациялардын эмитентине эмитент тарабынан милдеттенмелерди аткаруу боюнча учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү талап менен кайрылууга жана эгерде мындай милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда эмитентке 10 (он) жумуш күндөн кечиктирбестен мындай мөөнөттү четтетүү боюнча талапты жазуу жүзүндө билдирүүгө;
- эгерде күрөөнү башкаруучу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде эмитенттен учурдагы кырдаалды түшүндүрүү жөнүндө билдирилген талапка жооп албаса же камсыздалган облигациялар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарды төлөө жөнүндө талап коюлган эмитент аларды он күндүк мөөнөттө аткарбаса, күрөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган күрөө предметин өндүрүп алуу боюнча аракеттерди баштоо.
Күрөөнү башкаруучу облигациялардын ээлеринин алдында камсыздалган облигациялардын эмитенти тарабынан аткарылышы боюнча кырдаалга көз салууга жана камсыздандырылган облигациялардын ээлери жок болгон учурда, камсыздандырылган облигациялардын ээлери алдындагы өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарбаган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мөөнөттө ушул пунктта көрсөтүлгөн аракеттерди көрүүгө милдеттүү.
151. Проспектте жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу тууралуу чечимде камсыздалган облигациялардын чыгарылышын камсыздоого жана күрөөгө коюлуучу мүлктүн наркы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле банктык кепилдик жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
152. Камсыздоо менен облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимдин жана/же проспекттин ажырагыс бөлүгү болуп акыркы аяктаган 3 (үч) финансылык жыл үчүн камсыздалган облигациялардын чыгарылышын камсыздоого банктык кепилдик берген жактын көз карандысыз аудитордук корутунду менен ырасталган финансылык отчету саналат.
153. Проспектте жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде күрөөнү башкаруучунун маалыматтары, күрөө берүүчүнүн камсыздалган облигациялардын ээлеринин пайдасына күрөөгө коюлган мүлктөн баш тартуусу жөнүндө шарттар милдеттүү түрдө камтылууга тийиш. Проспектке жана/же камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимге күрөөнү башкаруучу кол коюуга тийиш.
154. Проспектте жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечимде камсыздалган облигацияларды мөөнөтүнөн мурда жоюунун шарттары милдеттүү түрдө айтылууга тийиш. Камсыздалган облигацияларды чыгарууну мөөнөтүнөн мурда төлөө проспектте жана чыгаруу жөнүндө чечимде каралган учурларда же баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча эмитентти белгиленген тартипте мажбурлап жоюу учурунда жүзөгө ашырылат.
Камсыздалган облигациялар боюнча күрөөнү токтотуунун негизи болуп эмитенттин алар боюнча бардык милдеттенмелерди толук аткаруусу саналат.
§ 6. Өздүк капиталга жана облигациялардын эмитентинин өздүк каражаттарынын жетиштүүлүк коэффициентине карата талаптар
155. Эмитент ушул параграфта белгиленген өздүк капиталга карата талаптарга жана ушул Жобонун 156-пунктунда аныкталган датага карата өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициентине (ӨКЖК) ылайык келген шартта облигацияларды чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу.
156. Облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датага жана эмиссиянын проспектисин түзүү датасына эмитенттин өздүк капиталы оң болууга, ал эми ӨКЖК ушул параграфка ылайык эсептелүүгө тийиш.
157. Ушул Жобонун 158-пунктунда каралган түзөтүүлөрдү эске алуу менен жана ушул Жобонун 159-пунктунда аныкталган милдеттенмелердин курамын эске алуу менен ушул Жобонун максаттары үчүн эмитенттин менчик капиталы активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы айырма катары аныкталат, ал финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык даярдалган актуалдуу финансылык отчет менен ырасталат.
158. Активдердин курамынан өздүк капиталды аныктоодо эмитенттин тескөөсү үчүн белгисиз, өтүмсүз же чектелген наркка ээ болгон төмөнкүдөй түрдөгү активдер алып салынат:
1) материалдык эмес активдер, анын ичинде гудвилл, товардык белгилер, программалык продуктулар жана ушул сыяктуу активдер;
2) нарксыздануу коркунучу жогору болгон активдер, анын ичинде күмөндүү дебитордук карыз, ошондой эле сактоо мөөнөтү өтүп кеткен же сатуу мөөнөтү чектелген запастар;
3) эгерде мындай оорлотуу эмитенттин тиешелүү мүлктү башкаруу укугун чектесе, күрөө менен оорлотулган активдер.
159. Милдеттенмелердин көлөмүн аныктоодо эмитенттин бардык милдеттенмелери эске алынат, анын ичинде:
1) кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү милдеттенмелер;
2) кредиттер, зайымдар жана башка тартылган каражаттар боюнча милдеттенмелер;
3) финансылык ижара (лизинг) келишимдери боюнча милдеттенмелер;
4) финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келип чыгуу ыктымалдыгы 50 пайыздан ашкан шарттуу милдеттенмелер.
160. Эмитенттин ӨКЖК бул параграфка ылайык эсептелген эмитенттин менчик капиталынын суммасынын ушул Жобонун 158-пунктуна ылайык каралган түзөтүүлөрдү эске алуу менен, финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык даярдалган финансылык отчеттун негизинде аныкталган эмитенттин жалпы активдеринин суммасына катышы катары аныкталат:
ӨКЖК = өздүк капитал/жалпы активдер.
161. Облигацияларды чыгаруу бул Жобонун 156-пункту менен аныкталган күндөргө карата эмитенттин ӨКЖК ченемдик мааниси 0,3төн кем эмес болуу шарты менен катталат.
|
| Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| 20___-ж. "___" _____________ катталды |
Мамлекеттик каттоо номери КG __________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________ (каттоочу органдын аталышы)
_____________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын колу)
(каттоочу органдын мөөрү)
Титулдук баракчанын формасы
Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттары
Эмитенттин толук аталышы: _____________________________________________________________
Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарын бекиткен эмитенттин органы
_____________________________________________________________________________________
Бекитүү датасы _____________________________________________ (күн, ай, жыл)
Эмитенттин жайгашкан жери: ____________________________________________________________
Байланыш телефондору: ________________________________________________________________
Эмитенттин жетекчисинин кызмат орундарынын аталышы:
_____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________ (аты-жөнү, колу)
(мөөр)
Дата 20___-ж. "___" ___________
Облигацияларды ачык сунуштоонун шарттарына киргизилүүчү маалыматтар
1. Баалуу кагаздардын түрү (облигациялар), облигациялардын чыгарылышынын идентификациялык белгилери (пайыздык, дисконттук ж.б.).
Эгерде облигациялардын чыгарылышы транш менен жайгаштыруу шартталса, анда бул жагдай көрсөтүлөт.
2. Облигациянын номиналдуу наркы.
3. Чыгарылуучу облигациялардын саны.
Эгерде облигациялардын чыгарылышын транш менен жайгаштыруу шартталса, анда траншка чыгарылгандардын саны (санды аныктоонун тартиби), ар бир транштагы облигациялардын саны (санды аныктоонун тартиби) көрсөтүлөт.
4. Чыгарылуучу облигациялардын ар биринин ээлеринин укуктары.
Облигация ээлеринин көрсөтүлгөн мөөнөттө эмитенттен облигациянын номиналдык наркын алуу же башка мүлктүк эквивалентти алуу укугу, ошондой эле облигациянын номиналдык наркынын белгиленген пайызын алуу укугу же болбосо же башка мүлктүк укуктар көрсөтүлөт. Облигация ээлеринин Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуулугу көрсөтүлөт.
5. Облигацияларды жайгаштыруунун мөөнөтү жана тартиби:
Чыгарылуучу облигацияларды жайгаштыруунун тартиби көрсөтүлөт.
Облигацияларды жайгаштыруу башталган дата жана бүткөн дата көрсөтүлөт.
Эгерде облигациялардын чыгарылышы транш менен жайгаштыруу шартталса, анда ар бир траншка облигацияларды жайгаштыруунун мөөнөттөрү кошумча көрсөтүлөт.
Эгерде облигацияларды андеррайтер аркылуу жайгаштыруу шартталса, анда анын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, жайгашкан жери жана почталык дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын берген орган жана лицензия берилген дата, анын колдонуу мөөнөтү көрсөтүлөт.
6. Бир облигацияны жайгаштыруунун баасы же ал бааны аныктоонун тартиби.
Эгерде облигациялардын чыгарылышы транш менен жайгаштыруу шартталган болсо, анда ар бир транштын облигацияларын жайгаштыруунун баасы, бааларды аныктоонун тартиптери кошумча көрсөтүлөт.
7. Облигацияларды төлөөнүн шарттары жана тартиби.
Облигацияларды төлөөнүн шарттары жана тартиби, анын ичинде төлөмдөрдүн мезгили, эсептөө формасы көрсөтүлөт.
8. Облигациялардын чыгарылышы ишке ашкан жок деп таанылган учурда облигацияларга төлөнгөн каражаттарды кайтарып берүүнүн тартиби.
9. Облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жана жоюу шарттары:
1) облигацияларды жоюу формасы;
2) облигацияларды жоюу тартиби жана шарттары, анын ичинде жоюу мөөнөтү;
3) ар бир облигация боюнча төлөнүүчү кирешелерди аныктоонун тартиби. Кирешелердин өлчөмү же аны аныктоонун тартиби, анын ичинде ар бир купон боюнча төлөнүүчү кирешелердин өлчөмү же аны аныктоонун тартиби көрсөтүлөт;
4) облигациялар боюнча кирешелерди төлөө тартиби жана мөөнөттөрү, анын ичинде ар бир купон боюнча кирешелерди төлөө тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жери;
5) облигацияларды мөөнөтүнөн мурда жоюу мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары, мөөнөтүнөн мурда жоюунун баасы (наркы), мөөнөтүнөн мурда жоюуга мүмкүн болбогон облигациянын жоюу мөөнөтү, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө маалыматтарды эмитент тарабынан ачыкка чыгаруу тартиби.
10. Облигацияларды сатып алуу жөнүндө маалыматтар.
Облигацияларды эмитент тарабынан сатып алуу мүмкүнчүлүгү, шарттары жана тартиби, сатып алынган облигацияларды жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле облигацияларды сатып алуу жөнүндө маалыматтарды эмитент тарабынан ачыкка чыгаруу тартиптери көрсөтүлөт.
11. Облигацияларды чыгаруу жөнүндө маалыматтарды эмитент тарабынан ачыкка чыгаруу тартиби.
12. Чыгарылуучу облигациялар боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар.
Камсыздоолорду берүүнүн ыкмалары, камсыздоону берген жактын толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, жайгашкан жери, почталык дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, камсыздоо шарттары көрсөтүлөт.
13. Эмитенттин милдеттенмелери - Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мындай укуктарды жүзөгө ашыруунун тартиби сакталган учурда облигациялардын ээлеринин укуктарын камсыз кылуу.
14. Облигациялардын жүгүртүлүшүн чектөө.
Жайгаштырылуучу облигацияларды жүгүртүүдө коюлган ар кандай чектөөлөр көрсөтүлөт.
Облигацияларды чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары.
Облигациялар сатылуучу негизги орун (орундар).
15. Облигацияларды ачык сунуштоонун башка шарттары.
|
| Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобого 2-тиркеме |
(проспекттин титулдук баракчасынын формасы)
|
| 20___-ж. "___" ___________ катталды |
Мамлекеттик каттоо номери:
_____________________________________________________________________________________ (каттоочу орган)
_____________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын колу)
МО
Проспект
_____________________________________________________________________________________ (эмитенттин фирмалык толук аталышы)
_____________________________________________________________________________________ (эмитенттин жайгашкан жери, байланыш телефондору)
20___-ж. "___" ____________
Ушул проспектте камтылган маалыматтар баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылууга тийиш.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы ушул проспектте камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жооп бербейт жана аны каттоо фактысы менен жайгаштырылуучу облигацияларга карата мамилесин билдирбейт.
Берилген бардык маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте эмитент тартат. Баалуу кагаздарды ачык сунуштоо учурунда жоопкерчиликти баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мындай баалуу кагаздарды уюштурууга жана жайгаштырууга катышкан андеррайтер(лер) да тартат.
Эмитенттин облигацияларына каражат салуу жөнүндө чечимди кабыл алууда бул баалуу кагаздарга ээлик кылуу менен байланышкан жагымдуулук жана тобокелдик жөнүндө өзүңүздүн көз карашыңызга таянышыңыз керек.
Проспектте төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) проспекттин түзүлгөн датасы;
2) эмитент жөнүндө төмөнкүдөй жалпы маалыматтар:
- эмитенттин толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
- эмитенттин фирмалык аталышынын жана уюштуруу-укуктук формасынын өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитент иштеген мезгилдин ичинде анын фирмалык аталышы же уюштуруу-укуктук формасы өзгөрсө, мурдагы бардык аталыштар жана формалар, ошондой эле тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү датасы көрсөтүлөт);
- эмитенттин мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндө маалыматтар, анын ичинде каттоо номери жана мамлекеттик каттоонун датасы (же каттоо фактысын ырастаган башка документтин реквизиттери), ошондой эле каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органдын аталышы (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болуп саналса, маалыматтар берилбейт);
- эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору;
- эмитенттин эсептешүү жана башка эсептери ачылган кредиттик уюмдардын аталыштары;
- өздүк капитал жөнүндө маалыматтар, анын ичинде өздүк капиталдын өлчөмүнүн жана өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн коэффициентинин ушул Жобонун 6-бөлүмүнүн 6-пунктунда белгиленген талаптарга шайкештиги, ошондой эле эмитенттин катышуучулары (негиздөөчүлөрү) жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы (эмитенттин түзүлүшүнүн жана ишинин тарыхынын кыскача баяндамасы, түзүү максаттары);
- эмитенттин чарбалык ишинин негизги түрү (иш тармагынын кыскача баяндамасы, жалпы тенденциялар, салыштырмалуу маалыматтар (эмитенттин тармактагы ишин чагылдырган) жана тармакты өнүктүрүү болжолу);
- эмитенттин өнөр жай, банктык, финансылык топторго, башка бирикмелерге катышуусу, ошондой эле эмитенттин туунду жана көз каранды чарбалык коомдору жөнүндө маалыматтар (эгерде булар бар болсо);
3) эмитенттин кызмат адамдары жана башкаруу органдары жөнүндө маалыматтар:
- уставга (уюштуруу документтерине) ылайык башкаруу органдарынын түзүмүнүн жана компетенциясынын толук сүрөттөлүшү;
- эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруучу уюм жөнүндө маалыматтар (бар болсо), ошондой эле эмитенттин башкаруу органдарына кирген жактардын, акциялардын (үлүштөрдүн) ири пакеттеринин ээлери менен акционерлердин (катышуучулардын), контролдук пакеттин ээлери ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалымат берилбейт);
- эмитенттин жана анын туунду (көз каранды) коомдорунун кызмат адамдарына таандык акцияларынын (үлүштөрүнүн) саны;
4) эмитенттин акционерлери (катышуучулары) жөнүндө маалымат:
- акциялардын ири пакеттеринин (үлүштөрүнүн) ээлери жана акциялардын контролдук пакетине ээ болгон акционерлер жөнүндө;
- эмитент тарабынан анын кызмат адамдарынын, акциялардын (үлүштөрдүн) ири пакеттеринин ээлеринин же аффилирленген жактардын акыркы аяктаган 3 (үч) финансылык жыл үчүн (же эгерде эмитент 3 (үч) жылдан аз иш жүргүзсө, ар бир аяктаган финансылык жыл үчүн), ошондой эле проспект түзүлгөн күнгө чейинки мезгил үчүн жасалган бүтүмдөр жөнүндө (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болуп саналса, маалыматтар берилбейт);
5) эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалымат:
- эмитенттин бүгүнкү күнгө чейин чыгарылган бардык баалуу кагаздары (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалымат берилбейт);
- баалуу кагаздардын түрү;
- эгерде Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган болсо, баалуу кагаздардын номиналдык наркы;
- сунушталууга (жайгаштырылууга) тийиш болгон баалуу кагаздардын саны;
- ушул сунуштун (жайгаштыруунун) алкагында сатылууга тийиш болгон жана сунушту (жайгаштырууну) ишке ашты деп таануу үчүн зарыл болгон баалуу кагаздардын минималдуу саны (ачык сунуштоодо);
- баалуу кагаздын баасы (бааны аныктоо тартиби);
- баалуу кагаздарды сунуштоонун (жайгаштыруунун) шарттары жана мөөнөттөрү;
- сунушталган баалуу кагаздар мурда чыгарылгандыгын же биринчи жолу жайгаштырууга сунушталып жаткандыгын көрсөтүү;
- баалуу кагаздар үчүн төлөө ыкмасы, баалуу кагаздар боюнча киреше алуу, жүгүртүү мөөнөтү жана төлөө тартиби;
- баалуу кагаздарды конвертациялоо тартиби (конвертациялануучу баалуу кагаздарды чыгарууда);
- баалуу кагаздарды сунуштоо (жайгаштыруу) жөнүндө маалыматты ачыктоо тартиби (ачык сунуштоодо);
- сунушталган (жайгаштырылган) баалуу кагаздарды сатып алууга артыкчылыктуу укуктун болушу, сатып алууга жана жүгүртүүгө кандайдыр бир чектөөлөр;
- баалуу кагаздарды сунуштоону (жайгаштырууну) уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар жөнүндө маалыматтар;
- баалуу кагаздарды сатуу болжолдонуп жаткан фондулук биржа(лар) жөнүндө маалыматтар;
- эмитентти фондулук биржанын листингине киргизүү жөнүндө көрсөтмө;
- эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алуу менен байланышкан тобокелдиктер (эмитенттин облигацияларынын ээлери дуушар боло турган, атап айтканда, экономикалык, социалдык, экологиялык, техникалык тобокелдик факторлорун деталдуу талдоо келтирилген);
- эксперттин (эксперттик уюмдун) корутундусу, ал проспектте камтылууга тийиш жана/же аудитордук уюмду кошпогондо, эмитент тарабынан кошумча эксперт (эксперттик уюм) тартылган учурда ага карата проспектте шилтеме жасалат;
- баалуу кагаздарды сунуштоо (жайгаштыруу) ийгиликсиз деп таанылган учурда баалуу кагаздарды төлөө үчүн алынган каражаттарды кайтаруу тартиби;
- облигацияларды чыгарууну камсыздоо жөнүндө маалыматтар (камсыздоонун берилген ыкмасы, толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары, жайгашкан жери, почта дареги, камсыздоону берген адамдын жеке салык төлөөчүсүнүн номери, камсыздоонун шарттары көрсөтүлөт);
6) финансылык отчеттор жана башка маалыматтар:
- эгерде эмитент өз ишин 3 (үч) жылдан аз жүргүзсө, эмитенттин акыркы аяктаган 3 (үч) финансылык жыл үчүн же аяктаган 2 (эки) финансылык жыл үчүн жылдык финансылык отчету, ошондой эле аталган жылдык финансылык отчет боюнча аудитордук уюмдун корутундусу;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого документтерди берген күндөн мурунку аяктаган отчеттук квартал үчүн эмитенттин кварталдык финансылык отчету;
- акыркы аяктаган 3 (үч) финансылык жыл ичинде болгон маанилүү фактылар жөнүндө маалыматтар (же эмитент өз ишин 3 (үч) жылдан аз жүргүзсө, ар бир аяктаган финансылык жыл үчүн);
- баалуу кагаздарды сунуштоонун (жайгаштыруунун) натыйжасында алынган каражаттарды пайдалануунун тартиби жана багыты;
- көз карандысыз аудитордук уюм жөнүндө маалымат;
- эмитенттин чыгарган же керектеген товарларынын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы наркынын 5 (беш) жана андан ашык пайызын түзгөн көлөмдөгү товарлардын керектөөчүлөрү жана берүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- эмитенттин активдеринин сүрөттөлүшү жана көлөмү, анын ичинде ишенимдүү башкарууга берилген активдер, ошондой эле активди баалоонун суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир активге баа берүү күнүн жана тиешелүү келишимдердин аракетин аяктоо күнүн көрсөтүү менен эмитенттин милдеттенмелеринин камсыздоочусу болуп саналат; эмитенттин активдеринин баланстык наркынын 5 (беш) жана андан ашык пайызын түзгөн дебитордук карыздар, дебиторлордун тизмесин көрсөтүү менен аларды төлөө мөөнөттөрү жана мөөнөтү өтүп кеткен жана күмөндүү дебитордук карыздарды өзүнчө ачуу жөнүндө; активдерди баалоо суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир активди баалоо датасын жана тиешелүү келишимдерди колдонуу аяктаган датасын, ошондой эле эмитенттин активдеринин жалпы көлөмүнөн пайыздык туюнтуудагы бул активдердин көлөмүн көрсөтүү менен эмитенттин күрөөгө коюлган активдери жөнүндө (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болуп саналса, эмитенттин активдери жөнүндө маалымат берилбейт);
- эмитенттин милдеттенмелеринин баланстык наркынын 5 (беш) жана андан ашык пайызын түзгөн эмитенттин кредиттери жана зайымдары жөнүндө, анын ичинде бардык колдонуудагы кредиттик келишимдердин жана зайым келишимдеринин тизмеси (анын ичинде банктык, корпоративдик, топ ичиндеги); негизги карыздын суммасы, чегерилген жана төлөнүүгө тийиш болгон пайыздар; милдеттенмелердин валютасы; төлөө мөөнөттөрү жана графиктери; камсыздоолордун жана башка олуттуу шарттардын бар экендиги жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болуп саналса, маалыматтар берилбейт);
- облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө карата кредиттер жана зайымдар боюнча төлөнбөгөн жана/же мөөнөтү өтүп кеткен карыздын жоктугун ырастоону кошо алганда, кредиттер жана зайымдар боюнча карыздын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат; карыз болгон учурда - анын өлчөмү, келип чыгуу негиздери, төлөө мөөнөтү жана тиешелүү милдеттенмелер толук аткарылганга чейин облигацияларды чыгаруунун мүмкүн эместигине көрсөтмө (мыйзамдардын талаптарына ылайык) (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болуп саналса, маалыматтар берилбейт);
- эмитенттин кредитордук карызынын түзүмү: милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү боюнча (12 айга чейин жана 12 айдан ашык); кредиттер жана зайымдар боюнча карыздарды, берүүчүлөрдүн жана подрядчылардын алдындагы милдеттенмелерди, аффилирленген жактардын алдындагы милдеттенмелерди жана башка кредитордук карыздарды бөлүп көрсөтүү менен; мөөнөтү өтүп кеткен кредитордук карыздарды (бар болсо) көрсөтүү менен (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- карыздын эмитенттин финансылык абалына тийгизген таасирин баалоо: милдеттенмелерди аткаруу үчүн акча агымынын жетиштүүлүгүн талдоо; облигациялар жайгаштырылгандан кийин эмитенттин милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон факторлорду баяндоо (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалымат берилбейт);
- кызмат адамдарын жана акционерлерди/катышуучуларды кошпогондо, эмитенттин аффилирленген жактары жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- облигациялык зайымдын максаттуу багыты жөнүндө маалымат. Мында облигациялардын проспектисинде жүгүртүү каражаттарын толуктоону, кредиттерди жана займдарды төлөөнү максаттуу багыт катары көрсөтүүгө жол берилбейт (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болуп саналса, маалымат берилбейт);
- камсыздалган облигациялар чыгарылган учурда ошол чыгарылыштагы облигациялардын камсыздалышы жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүү тартиби (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, лицензия жөнүндө маалыматтар (номер, берилген датасы, лицензия берген орган, колдонуу мөөнөтү);
- акыркы аудитордук текшерүүнүн датасы;
- облигацияларды чыгаруунун жана (же) жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары;
- облигацияларды сатуунун негизги жерлери (жери);
7) Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жүргүзгөн чет өлкөлүк эмитенттин проспектине кошумча киргизилген маалыматтар:
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун максаттары (себептери);
- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин укуктарын ишке ашыруу тартиби;
- баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарын ишке ашырууга байланышкан талаш-тартыштарды кароонун жана алар баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерин аткарбаган учурда эмитентке доо коюунун тартиби;
- эмитенттин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн аталышы, анын ыйгарым укуктары жана баалуу кагаздардын ээлеринин алдындагы жоопкерчилиги;
- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алуу менен байланышкан, анын ичинде чет өлкөлүк эмитенттин ишин контролдоо боюнча мамлекеттик органдын чектелген мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө тобокелдиктер;
- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарына ээлик кылуу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуучу чаралар;
- эмитенттин кредиттик рейтинги жөнүндө маалымат;
- эмитент резиденти болуп саналган өлкөнүн чегинен тышкары баалуу кагаздарды жүгүртүү жөнүндө маалымат;
- эмитенттин баалуу кагаздары менен тоорук жүргүзүлгөн (жүргүзүлүүчү) бардык чет өлкөлүк фондулук биржалар жөнүндө маалымат;
- эмитент жөнүндө кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон мезгилдүү басма жана электрондук басылмалар.
Жетекчиси: | _____________________________________ | ___________________ |
| (кызмат орду, Ф.А.А.) | (колу) |
Датасы: 20___-жылдын "___" ___________ |
|
|
|
|
|
МО |
|
|
|
|
|
Башкы бухгалтер: | _____________________________________ | ___________________ |
| (Ф.А.А.) | (колу) |
Андеррайтер (ал ишке тартылган учурда):
________________________________________________________________________________________________ (андеррайтердин аталышы, жетекчисинин Ф.А.А., кызмат орду, колу)
МО
Күрөөнү башкаруучу (камсыздалган облигацияларды чыгаруу учурунда):
________________________________________________________________________________________________ (күрөөнү башкаруучунун аталышы, жетекчисинин Ф.А.А., кызмат орду, колу)
МО
|
| Кыргыз Республикасында облигацияларды чыгаруу жана жүгүртүү жөнүндө жобого 3-тиркеме |
(проспекттин титулдук барагынын формасы)
|
| 20___-ж. "___" ___________ катталды |
Мамлекеттик каттоо номери
______________________________________________________________________________________ (каттоочу орган)
______________________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын колу)
М.О.
Проспект (жеке эмиссияда)
______________________________________________________________________________________ (эмитенттин толук фирмалык аталышы)
______________________________________________________________________________________ (эмитенттин жайгашкан жери, байланыш телефондору)
20___-ж. "____" ___________
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик органы бул проспектте камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жооп бербейт жана каттоо фактысы менен жайгаштырылуучу облигацияларга карата мамилесин билдирбейт.
Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте берилүүчү бардык маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти эмитент тартат.
Эмитенттин облигацияларына каражат салуу жөнүндө чечимди кабыл алууда Сиз бул баалуу кагаздарга ээлик кылуу менен байланышкан жагымдуулук жана тобокелдик жөнүндө өзүңүздүн көз карашыңызга таянууңуз керек.
Проспект төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) проспект түзүлгөн датаны;
2) эмитент жөнүндө жалпы маалыматтарды:
- эмитенттин толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
- эмитенттин фирмалык аталышынын жана уюштуруу-укуктук формасынын өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитенттин ишинин мезгилинин ичинде анын фирмалык аталышы же уюштуруу-укуктук формасы өзгөргөн болсо, бардык мурунку аталыштары жана формалары, ошондой эле тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген даталар көрсөтүлөт);
- эмитентти мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалыматтар, анын ичинде каттоо номери жана мамлекеттик каттоо датасы (же каттоо фактысын тастыктаган башка документтин реквизиттери), ошондой эле каттоону жүргүзгөн мамлекеттик органдын аталышы (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- эмитенттин жайгашкан жери, почта дареги жана байланыш телефондору;
- эмитенттин алыш-бериш жана башка эсептери ачылган кредиттик уюмдардын аталыштары;
- өздүк капитал жөнүндө маалыматтар, анын ичинде өздүк капиталдын өлчөмүнүн жана өздүк каражаттардын жетиштүүлүк коэффициентинин ушул Жобонун 6-главасынын 6-параграфында белгиленген талаптарга ылайык келиши жөнүндө, ошондой эле эмитенттин катышуучулары (уюштуруучулары) жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин түзүлүшүнүн жана өнүгүшүнүн тарыхы (эмитенттин түзүлүшүнүн жана ишинин тарыхы, аны түзүүнүн максаты кыскача сыпатталат);
- эмитенттин чарбалык ишинин негизги түрү (ишинин тармагынын, жалпы тенденцияларынын, салыштырмалуу маалыматтарынын (эмитенттин тармактагы ишин чагылдырган) жана тармактын өнүгүү божомолунун кыскача сыпатталышы);
- эмитенттин өнөр жай, банк, финансы топторуна, башка бирикмелерге катышуусу, ошондой эле эмитенттин туунду жана көз каранды чарбалык коомдору (эгерде болсо) жөнүндө маалыматтар;
3) эмитенттин кызмат адамдары жана башкаруу органдары жөнүндө маалыматтар:
- уставга (уюштуруу документтерине) ылайык башкаруу органдарынын түзүмүнүн жана компетенцияларынын толук сыпатталышы;
- эмитенттин башкаруу органдарынын курамына кирген адамдардын тизмеси, башкаруу уюму жөнүндө маалыматтар (болсо), ошондой эле эмитенттин башкаруу органдарына кирген адамдардын, акциялардын ири пакеттеринин (үлүштөрүнүн) ээлеринин жана акционерлердин (катышуучулардын), контролдук пакеттин ээлеринин ортосундагы аффилирленген байланыштардын мүнөзү (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- эмитенттин жана анын туунду (көз каранды) коомдорунун кызмат адамдарына таандык болгон акцияларынын (үлүштөрүнүн) саны;
4) эмитенттин акционерлери (катышуучулары) жөнүндө маалыматтар:
- акциялардын (үлүштөрдүн) ири пакеттеринин ээлери жана акциялардын контролдук пакетине ээ болгон акционерлер жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин кызмат адамдары, акциялардын (үлүштөрдүн) ири пакеттеринин ээлери же алардын аффилирленген жактары алардын жасалышына кызыкдар болгон, акыркы 3 (үч) аяктаган финансылык жыл үчүн (же эгерде эмитент өз ишин 3 (үч) жылдан аз убакыттан бери жүргүзүп жатса, ар бир аяктаган финансылык жыл үчүн), ошондой эле проспект түзүлгөн датага чейинки мезгил үчүн эмитент тарабынан жасалган бүтүмдөр жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
5) эмитенттин баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар:
- эмитенттин бүгүнкү күнгө карата чыгарылган бардык баалуу кагаздары (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- баалуу кагаздардын түрү;
- эгерде Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралса, баалуу кагаздын номиналдык наркы;
- сунушталууга (жайгаштырылууга) тийиш болгон баалуу кагаздардын саны;
- баалуу кагаздын баасы (бааны аныктоо тартиби);
- баалуу кагаздарды сунуштоонун (жайгаштыруунун) шарттары жана мөөнөттөрү;
- сунушталган баалуу кагаздар мурда чыгарылганбы же биринчи жолу жайгаштырууга сунушталып жатабы же жокпу, көрсөтүү;
- баалуу кагаздарды төлөө ыкмасы, баалуу кагаздар боюнча киреше алуу, баалуу кагаздарды жүгүртүү мөөнөтү жана төлөө тартиби;
- баалуу кагаздарды конвертациялоо тартиби (конвертациялануучу баалуу кагаздарды чыгарууда);
- сатып алууга артыкчылыктуу укуктун болушу, сунушталуучу (жайгаштырылуучу) баалуу кагаздарды сатып алууга жана жүгүртүүгө кандай болбосун чектөөлөр;
- баалуу кагаздарды сунуштоону (жайгаштырууну) уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөткөн адамдар жөнүндө маалыматтар;
- эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алууга байланышкан тобокелдиктер (эмитенттин облигацияларынын ээлери дуушар боло турган тобокелдик факторлорунун, атап айтканда экономикалык, социалдык, экологиялык жана техникалык факторлорунун толук талдоосу келтирилет);
- эмитент аудитордук уюмдан тышкары, кошумча экспертти (эксперттик уюмду) тарткан учурда проспектте камтылууга тийиш жана/же проспектте шилтеме жасалуучу эксперттин (эксперттик уюмдун) корутундусу;
- баалуу кагаздарды сунуштоо (жайгаштыруу) ишке ашкан жок деп таанылган учурда баалуу кагаздарды төлөөгө алынган каражаттарды кайтаруу тартиби;
- облигациялардын чыгарылышын камсыздоо жөнүндө маалыматтар (берилүүчү камсыздоо ыкмасы, камсыздоо берген жактын салык төлөөчүсүнүн толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары, жайгашкан жери, почта дареги, жеке номери, камсыздоо шарттары көрсөтүлөт);
6) финансылык отчеттор жана башка маалыматтар:
- эмитенттин акыркы 3 (үч) аяктаган финансылык жыл үчүн же эгерде эмитент өз ишин 3 (үч) жылдан аз убакыттан бери жүргүзүп жатса, ар бир аяктаган финансылык жыл үчүн жылдык финансылык отчеттуулук, ошондой эле көрсөтүлгөн жылдык финансылык отчеттуулукка карата аудитордук уюмдун корутундусу;
- эмитенттин кредиттери жана зайымдары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде бардык колдонуудагы кредиттик келишимдердин жана зайым келишимдеринин тизмеси (анын ичинде банктык, корпоративдик, ички топтук); негизги карыздын суммасы, эсептелген жана төлөнүүгө тийиш болгон пайыздар; милдеттенмелердин валютасы; төлөө мөөнөттөрү жана графиктери; камсыздоонун, ковенанттардын жана башка олуттуу шарттардын болушу (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- кредиттер жана зайымдар боюнча карыздын бар же жок экендиги жөнүндө маалымат, анын ичинде облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган датага карата кредиттер жана зайымдар боюнча төлөнбөгөн жана/же мөөнөтү өткөн карыздын жоктугун ырастоо; карыз болгон учурда - анын өлчөмү, келип чыгуу негиздери, төлөө мөөнөттөрү жана тиешелүү милдеттенмелер толук аткарылганга чейин облигацияларды чыгаруу мүмкүн эместигине көрсөтмө (мыйзамдардын талаптарына ылайык) (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- эмитенттин кредитордук карызынын түзүмү: милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү боюнча (12 айга чейин жана 12 айдан ашык); кредиттер жана зайымдар боюнча карызды, берүүчүлөр жана подрядчылар алдындагы милдеттенмелерди, аффилирленген жактар алдындагы милдеттенмелерди жана башка кредитордук карызды бөлүп көрсөтүү менен; мөөнөтү өткөн кредитордук карызды көрсөтүү менен (болсо) (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- акыркы 3 (үч) аяктаган финансылык жыл ичинде болгон олуттуу фактылар жөнүндө маалыматтар (же эгерде эмитент өз ишин 3 (үч) жылдан аз убакыттан бери жүргүзүп жатса, ар бир аяктаган финансылык жыл үчүн);
- баалуу кагаздарды сунуштоонун (жайгаштыруунун) натыйжасында тартылган каражаттарды пайдалануу тартиби жана багыты;
- көз карандысыз аудитордук уюм жөнүндө маалымат;
- эмитент тарабынан өндүрүлгөн же керектелген товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы наркынын 5 (беш) же андан ашык пайызын түзгөн көлөмдө эмитенттин товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) керектөөчүлөр жана берүүчүлөр жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- эмитенттин активдеринин сыпатталышы жана көлөмү, анын ичинде активдерди баалоо суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир активди баалоо датасын жана тиешелүү келишимдердин колдонулушу аяктоочу датаны көрсөтүү менен эмитенттин ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген, ошондой эле эмитенттин милдеттенмелерин камсыздоо болуп саналган активдери жөнүндө; дебиторлордун тизмегин көрсөтүү жана мөөнөтү өткөн жана күмөндүү дебитордук карызды өзүнчө ачып көрсөтүү менен эмитенттин активдеринин баланстык наркынын 5 (беш) жана андан ашык пайызын түзгөн дебитордук карыз, аларды төлөө мөөнөттөрү жөнүндө; активдерди баалоо суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир активди баалоо датасын жана тиешелүү келишимдердин колдонулушу аяктоочу датаны көрсөтүү менен эмитенттин күрөөгө коюлган активдери, ошондой эле эмитенттин активдеринин жалпы көлөмүнөн пайыздык түрдө бул активдердин көлөмү жөнүндө (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, эмитенттин активдери жөнүндө маалыматтар берилбейт);
- кызмат адамдарынан жана акционерлерден/катышуучулардан тышкары, эмитенттин аффилирленген жактары жөнүндө маалыматтар, (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- облигациялык зайымдын максаттуу багыты жөнүндө маалымат. Мында облигациялардын проспектинде жүгүртүлүүчү каражаттарды толуктоону, кредиттерди жана зайымдарды төлөөнү максаттуу багыт катары көрсөтүүгө жол берилбейт (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- камсыздалган облигацияларды чыгаруу учурунда бул чыгарылыштын облигацияларын камсыздоо жөнүндө маалыматтар (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүү тартиби (эгерде эмитент эл аралык финансылык уюм болсо, маалыматтар берилбейт);
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, лицензия жөнүндө маалыматтар (номери, чыгарылган датасы, лицензияны берген орган, колдонуу мөөнөтү);
- акыркы аудитордук текшерүү жүргүзүлгөн дата;
- облигацияларды чыгаруунун жана/же жүгүртүүнүн башка өзгөчөлүктөрү жана шарттары;
- облигацияларды сатуунун негизги жерлери (жери);
7) Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жүргүзгөн чет өлкөлүк эмитенттин проспектине кошумча киргизилүүчү маалыматтар:
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздарды ачык сунуштоону жүргүзүүнүн максаттары (себептери);
- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлеринин укуктарын жүзөгө ашыруу тартиби;
- баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарды жүзөгө ашыруусуна байланышкан талаш-тартыштарды чечүү жана эмитент баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди аткарбаган учурда ага карата доолорду коюу тартиби;
- эмитенттин Кыргыз Республикасындагы өкүлүнүн аталышы, анын ыйгарым укуктары жана баалуу кагаздардын ээлеринин алдындагы жоопкерчилиги;
- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарын сатып алууга байланышкан тобокелдиктер, анын ичинде чет өлкөлүк эмитенттин ишин контролдоо боюнча мамлекеттик органдын чектелген мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө;
- чет өлкөлүк эмитенттин баалуу кагаздарынын ээлерине байланышкан тобокелдиктерди азайтуу чаралары;
- эмитенттин кредиттик рейтинги жөнүндө маалымат;
- эмитент резиденти болуп саналган өлкөдөн тышкары баалуу кагаздардын жүгүртүлүшү жөнүндө маалымат;
- эмитенттин баалуу кагаздары менен тоорук жүзөгө ашырылган (жүзөгө ашырылып жаткан) бардык чет өлкөлүк фондулук биржалар жөнүндө маалымат;
- эмитент жөнүндө кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон мезгилдүү басма жана электрондук басылмалар.
Жетекчи: | ________________________________ | ____________________ |
| (кызматы, аты-жөнү) | (колу) |
Дата 20___-жылдын "___" ____________ |
|
|
|
|
|
МО |
|
|
|
|
|
Башкы бухгалтер: | ________________________________ | ____________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
Андеррайтер (ал тартылган учурда):
__________________________________________________________________________________________ (андеррайтердин аталышы, жетекчисинин аты-жөнү жана кызмат орду, колу)
МО
Күрөөнү башкаруучу (камсыздалган облигацияларды чыгаруу учурунда):
__________________________________________________________________________________________ (күрөөнү башкаруучунун аталышы, жетекчисинин аты-жөнү жана кызмат орду, колу)
МО