Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 9-марты № 149-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө", 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 "Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коому Бишкек шаары, Октябрь району, Байтик-Баатыр көчөсү (Орто-Сай айылы) дарегинде жайгашкан, аянты 0,815 га, идентификациялык коду 1-04-28-1005-1074 болгон № 1/2 жер тилкесинде жана Бишкек шаары, Октябрь району, Жусуп Абдрахманов көчөсү дарегинде жайгашкан, аянты 0,4008 га, идентификациялык коду 1-04-28-1005-0958 болгон № 189 жер тилкесинде көп функциялуу турак жай комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн "Аманат Строй Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому менен Инвестициялык макулдашуу түзүү мүмкүндүгүн белгиленген тартипте карасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |