Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы ПЖ № 191 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" МАМЛЕКЕТТИК ТУРАК ЖАЙ ПРОГРАММАСЫ
(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1-глава. Киришүү
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун "Менин үйүм" программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына жана 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык иштелип чыкты.
2. Өлкөнүн жарандарын турак жай менен камсыз кылуу республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү аспекттеринин бири болуп саналат. Бул милдетти чечүү калктын бакубаттуулугунун деңгээлине оң таасирин тийгизет, тышкы жана ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөт, жер-жерлерде жогорку квалификациялуу кадрларды бекемдөө үчүн шарттарды түзөт, коомдогу социалдык чыңалуунун деңгээлин төмөндөтөт, ошондой эле жалпысынан жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу калктын турак жайга болгон суроо-талабын канааттандырууга мүмкүндүк берүүчү турак жай менен камсыз кылуу механизмдерин колдонуу бөлүгүндө мамлекеттин бирдиктүү стратегиясын түзүү зарыл.
3. Эл аралык тажрыйбага ылайык турак жай тармагын өнүктүрүүнү мамлекеттик жана жеке институттар биргелешип ишке ашырат, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр саналат: аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ипотекалык компаниялар, коммерциялык банктар, курулуш жана девелопер компаниялары, эл аралык донордук уюмдар.
4. Программаны ишке ашыруунун алкагында турак жай менен камсыз кылууга комплекстүү мамилени колдонуу пландалууда. Аталган мамиле турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүүгө, анын наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоо, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртууга жана жеке турак жай шарттарын өз алдынча жакшыртууга жөндөмдүү жарандардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
5. Программа мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен тармактык саясаттын багыттарын аныктоочу мамлекеттик турак жай саясатын андан ары өнүктүрүүнүн жаңы көз карашы болуп саналат. Программанын жоболору жана принциптери Кыргыз Республикасында өнүктүрүүнүн аймактык документтеринин негизине салынат.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 75 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын (мындан ары - "Менин үйүм 2021-2026" программасы) ишке ашыруу практикасы мамлекеттик турак жай каржылоо механизмдерине суроо-талаптын жогорулашын көрсөттү. Үч жылга жетпеген убакытта турак жайды каржылоого кезектүүлүк 21 миңден ашык жаранды түздү, ушул эле учурда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун (мындан ары - МИК) электрондук порталында 100 миңден ашуун жаран электрондук өтүнмөнү каттоо процессинде турат.
7. 2016-жылдан тартып азыркы убакытка чейинки мезгилде МИК коммерциялык банктар аркылуу 16 млрд. сомдон ашык суммага 9,5 миңге жакын мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүнү каржылаган, анын ичинен 9,4 млрд. сомго 4 миң кредит "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында берилди (203,5 миң квадрат метр турак жай сатып алынды). МИКтин ишинин башында 2016-2020-жылдар мезгилинде мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүү республикадагы турак жай рыногуна олуттуу таасирин тийгизген эмес. Анткени көрсөтүлгөн мезгилде мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө республикалык бюджеттен жыл сайын орточо 760 млн. сом бөлүнгөн же 690 ипотекалык кредит (МИК ипотекалык кредитинин орточо суммасы 1,1 млн. сом).
8. 2021-жылдан тартып мамлекеттик турак жай программасын республикалык бюджеттен каржылоо бөлүгүндө мамлекеттик колдоо кыйла көбөйдү. Бир жарым жылда (2021-жылдын августунан 2022-жылдын аягына чейин) республикалык бюджеттен 4,5 млрд. сом бөлүндү, алар коммерциялык банктар аркылуу толугу менен мамлекеттик ипотекалык кредиттөөгө багытталган. Ошол эле учурда мамлекеттик ипотеканын шарттары максималдуу жеңилдетилди, пайыздык ставка жылдык 4% деңгээлге чейин төмөндөдү, кредиттин мөөнөтү 25 жылга чейин узартылды. Кредит берүүнүн бул шарттары мамлекеттик ипотекалык кредиттерге суроо-талаптын жогорулашынан жана алардын жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүнөн улам өлкөнүн рыногунда турак жайдын наркын көбөйтүүгө өбөлгө болуп калды.
Салыштыруу үчүн 2016-2020-жылдар мезгилинде кредиттин орточо суммасы 1,1 млн. сомду түзсө, 2021-2023-жылдары кредиттин орточо суммасы 3,2 млн. сомду түзгөн. Бирок кредиттин орточо суммасынын көбөйгөнүнө карабастан мамлекеттик ипотекалык кредит аркылуу сатып алынган турак жайдын аянты бир деңгээлде калган.
9. Турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу республиканын турак жай фондунун көбөйүшү менен ажырагыс байланышта, жылына орточо эсеп менен 1 млн квадрат метр турак жай колдонууга берилет, ошол эле учурда мамлекет тарабынан курулган турак жайдын үлүшү бир нече ондогон миң чарчы метрди түзөт. Ушундан улам мамлекеттин ири шаарлардагы биринчилик турак жайдын наркын контролдоо рычагдары жок, анткени турак жайлар пайда табууну көздөгөн жеке компаниялар тарабынан курулат. Ошол эле учурда курулуштун сапатына эч кандайдыр бир зыян келтирбестен, заманбап материалдарды жана курулуш ченемдерин колдонуунун шарттарында ири шаарларда да, айыл жерлеринде да курулуп жаткан турак жайдын өздүк наркын олуттуу төмөндөтүүгө болот.
Ушуга байланыштуу 2023-жылдын башынан тартып мамлекеттик турак жай саясатынын негизги багыты мамлекеттик ипотекалык кредиттерди берүүдөн турак жай фондун көбөйтүү максатында мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында турак жай курулушун каржылоого түп-тамырынан алмаштырылды. Бишкек, Жалал-Абад, Нарын жана Каракол шаарларында аянты 700 миң квадрат метр, наркы 36 млрд. сом 11,3 миң батир курула баштады. Курулган турак жай ушул Программанын катышуучуларына турак жайды каржылоо механизмдери аркылуу берилет.
3-глава. Негизги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору
10. Мамлекеттик ипотекалык кредиттөө механизмдери аркылуу сатып алынуучу турак жайга болгон жогорку суроо-талапты жабууга жөндөмдүү республиканын турак жай фондунун жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири болуп калды. Бул жарандар үчүн турак жайды масштабдуу куруунун, анын ичинде турак жай курууну каржылоодо үлүштүк катышуунун мамлекеттик механизмдеринин жоктугу менен шартталган.
Турак жай фондун көбөйтүү боюнча чараларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтому кабыл алынган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 147 "Мамлекеттик турак жай саясаты маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому менен үлүштүк курулуштун механизми киргизилген.
11. Жарандар үчүн масштабдуу турак жай куруунун мамлекеттик механизмдерин киргизүү шартында, өзгөчө республикалык маанидеги шаарларда жана облустук борборлордо ири турак жай комплекстерин куруу үчүн жер зарыл болгон участокторунун жоктугу тоскоолдуктардын бири болуп аныкталган. Башка калктуу конуштарда жер участоктору бир категориядан башкасына трансформациялоону талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 126-т "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторун МИКке өткөрүп берүү жөнүндө" тескемесине ылайык Бишкек шаарында МИКке жалпы аянты 20 га 23 жер участогу берилүүдө, салыштыруу үчүн Бишкек шаары, Маликов көчөсү, 91 дарегинде курулуп жаткан 5 миң батир "Мурас" турак жай комплексинде 8,9 га аянтта курулуп жатат.
Ушуга байланыштуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик турак жай программаларынын муктаждыктары үчүн жер участокторун табуу боюнча ишин күчөтүү зарыл.
12. МИКтин иши башталгандан тартып мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууга республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан 18,7 млрд. сом бөлүнгөн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы - 5 млрд. сом, "Менин үйүм 2021-2026" программасы - 13,7 млрд. сом). Мындан тышкары Германия Федеративдүү Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашуулардын алкагында МИКке жалпы суммасы 34,9 млн. евро гранттык каражаттар берилген, анын акыркы траншын өздөштүрүү 2024-жылдын экинчи кварталында пландалууда. 2023-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосунда "Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай куруу программасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн 100 млн. АКШ доллары суммасында кредиттик макулдашууга кол коюлган, аны өздөштүрүүнү баштоо 2024-жылдын экинчи кварталында пландалууда.
2021-жылдан бери "Менин үйүм 2021-2026" программасын ишке ашырууга багытталган инвестициялардын жана республикалык бюджеттин каражаттарынын жалпы көлөмү 23 млрд. сомду түздү. Ошол эле учурда турак жай курулушун облустук борборлордо гана толук камтуу үчүн 100 млрд. сомго жакын талап кылынат. Мындан улам мамлекеттик турак жай саясатынын кыйла маанилүү көйгөйү финансылык ресурстардын жетишсиздиги болуп саналат.
13. Программаны каржылоо үчүн, мамлекеттик бюджетке жүктү азайтуу максатында ички инвесторлордон (банк системасынын, фондулук биржанын, курулуш бизнес секторунун, жеке бизнестин катышуучуларынан), эл аралык донорлордон инвестицияларды тартууну күчөтүү жана каржылоо көлөмүн көбөйтүү максатында өлкөнүн бюджеттик саясатын кайра карап чыгуу зарыл.
4-глава. Максаты жана артыкчылыктуу милдеттери
14. Бул Программанын негизги максаты өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу болуп саналат.
15. Негизги стратегиялык максатка жетишүү төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди аткаруу жолу менен камсыз кылынат:
1) турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү;
2) турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү;
3) каржылоо булактарын тартуунун көлөмүн көбөйтүү;
4) Программанын процесстерин санариптештирүү.
5-глава. Артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашыруу
16. Турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү:
1) калкты толук камтууну камсыз кылуу максатында, социалдык абалды эске алуу менен турак жай каржылоонун үч багыты киргизилет: "Социалдык ипотека", "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека".
2) "Социалдык ипотека" жана "Жеңилдетилген ипотека" багыттары боюнча Программанын турак жай каржылоо механизмдери боюнча жылдык 4% пайыздык ставка коюлат;
3) "Арзан ипотека" багыты боюнча Программанын турак жай каржылоо механизмдери аркылуу жылдык 8% пайыздык ставка белгиленет;
4) турак жайдын наркынан 50%дан кем эмес баштапкы төгүмдү берүүнү болжолдогон "Үлүштүк турак жай курулуш" механизми бардык жарандар, анын ичинде өлкөнүн чегинен тышкары иштеген жарандар үчүн жылдык 8% пайыздык ставка менен жеткиликтүү болот;
5) МИКтин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн "жашыл" ипотека, республиканын банк системасы аркылуу ипотекалык кредиттөө, ошондой эле ислам каржылоо принциптери боюнча турак жай менен камсыздоо жана финансылык лизинг механизмдери киргизилет. Инвесторлордун каражаттарынын эсебинен (эл аралык донорлор, кредиторлор жана башкалар), ошондой эле инвесторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү ипотекалык кредиттердин шарттары жана параметрлери өзүнчө макулдашуулар менен жөнгө салынат;
6) турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн баштапкы төгүмдү төлөө жана учурдагы ипотеканы жабуу үчүн жеке камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүн пайдалануу механизми кеңири колдонулат;
7) республиканын региондорунда квалификациялуу кадрларды чыңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнчө чечимдери менен оор, бийик тоолуу жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттарда, алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жана республиканын чек арага жакын райондорунда жана айыл жергесинде жашаган жана иштеген саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлерине мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында кошумча жеңилдиктер берилет;
8) мурда банк системасы аркылуу берилген мамлекеттик ипотекалык кредиттер "Кийин сатып алуу менен ижаралык турак жай" механизмине трансформацияланат;
9) мамлекеттик органдардын карамагында турган кызматтык турак жай ушул Программанын шарттары боюнча МИК аркылуу берилет;
91) мамлекеттик органдарга МИКтин Башкармасынын чечимдерине ылайык ушул Программанын шарттарында турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет;
10) "Турак жайды капиталдык оңдоо" жана "Жашап жаткан турак жайды кеңейтүү" механизмдери ишке киргизилет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык).
17. Турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инженердик жана социалдык инфраструктураны камсыз кылуу менен комплекстүү турак жай куруу үчүн селитебдик зоналарды МИКке өткөрүп берет;
11) профилдик мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары МИКтин объекттеринин иштеши үчүн курулган инженердик курулмаларды (анын ичинде отканаларды, трансформатордук подстанцияларды, жергиликтүү тазалоо курулмаларын/септиктерди жана башка тышкы инженердик тармактарды) андан ары эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө максатында баланска токтоосуз жана акысыз кабыл алууну камсыз кылсын;
2) курулуштун негизги бөлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Социалдык-маданий багыттагы объекттерди, стратегиялык объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" токтомунун ченемдерине ылайык жүргүзүлөт;
3) турак жай курулушун камтууну оперативдүү көбөйтүү максатында конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн (түз сүйлөшүүлөр методу менен) МИКтин Директорлор кеңешинин чечими боюнча биргелешкен иш жөнүндө макулдашууларды түзүү жолу аркылуу жеке өнөктөштөр тартылат;
4) (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
5) ушул Программанын катышуучуларын турак жай менен ыкчам камсыз кылуу максатында МИК өлкөнүн рыногунда, анын ичинде курулуш этабында турак жайды сатып алууну жүргүзөт. "Жашап жаткан турак жайды кеңейтүү" механизминин алкагында МИК ушул Программанын катышуучуларына андан ары сатуу үчүн жарандардын турак жайларын алмашууну жүргүзөт;
6) каражаттарды үзгүлтүксүз кайтарып берүү үчүн шарттарды түзүү жана жарандардын кыйла кеңири катмарын камтууну камсыз кылуу максатында курулушту каржылоонун ар түрдүү этаптарында фондулук рыноктун ар түрдүү финансы инструменттерин колдонуу болжолдонууда;
7) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган заманбап талаптарга жана "жашыл" курулуш стандарттарына жооп берген жеткиликтүү турак жайлардын долбоорлорун даярдайт, ошондой эле ушул Программанын алкагында турак жайларды куруу жана эксплуатациялоо маселелеринде толук көмөк көрсөтөт;
8) турак жайды курууда, анын ичинде мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмдери колдонулат;
9) ири шаарларда шаардын сырткы көрүнүшүн модернизациялоону болжолдогон эски турак жайды реконструкциялоо жана алмаштыруу программасы ишке киргизилет;
10) турак жайды куруу этап-этабы менен жүргүзүлөт:
- биринчи этап - республикалык маанидеги шаарлар жана облустук борборлор;
- экинчи этап - облустук маанидеги шаарлар;
- үчүнчү этап - райондук маанидеги шаарлар жана райондук борборлор;
11) турак жай куруунун масштабын көбөйтүү үчүн республиканын турак жай фондун көбөйтүүнүн өндүрүштүк механизмдерин киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик үй куруу комплекстери түзүлөт;
12) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы № 10 "Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын алкагында каражаттарды топтоо жана турак жай фондун көбөйтүү максатында үлүштүк турак жай куруунун механизми кеңири жайылтылат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык).
18. Каржылоо булактарын тартуунун көлөмүн көбөйтүү:
1) ушул Программаны ишке ашыруу 100 млрд. сомдон кем эмес өлчөмдө жыйынды каржылоону болжолдойт;
2) ушул Программанын милдеттерин каржылоо үчүн республикалык бюджеттин, эл аралык донорлордун, жеке инвесторлордун (ички жана чет өлкөлүк) каражаттары, финансылык инструменттердин ар кандай түрлөрү (акциялар, облигациялар, ислам жана "жашыл" баалуу кагаздар жана башкалар) аркылуу фондулук рыноктун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар тартылат;
3) инвестициялар жана экспорт, мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле тышкы иштер жана тышкы саясий чөйрөдө мамлекеттик саясатты жана башкарууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар МИК менен биргеликте үзгүлтүксүз негизде Программаны ишке ашырууга бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу боюнча иш-чараларды өткөрөт;
4) Программаны каржылоонун кошумча булактарын тартуу үчүн МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен МИКтин турак жай фондунун бир бөлүгү түз сатуу методу менен жана үлүштүк турак жай курулуш механизми аркылуу сатылат. МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен белгиленүүчү түз сатууда жана үлүштүк турак жай курулуш механизминин алкагында турак жайдын наркы МИКтин сайтына жайгаштырылат;
5) МИКтин турак жай эмес фондунун объекттеринин наркы МИКтин Директорлор кеңешинин чечими менен белгиленет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
19. Программанын процесстерин санариптештирүү:
1) Кыргыз Республикасында өткөрүлүп жаткан санариптештирүүнүн негизи жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандырууга багыттоо болуп саналат;
2) ушул Программаны ишке ашыруунун алкагында Программага катышууга жеткиликтүүлүктүн жогорку деңгээлин камсыз кылуу, жарандардын кыйыр чыгымдарын кыскартуу жана турак жайды каржылоо процесстеринде "адам факторунун" таасирин минималдаштыруу максатында МИКтин электрондук порталы санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү заманбап тенденцияларды эске алуу менен өркүндөтүлөт;
3) жарандардын чыгымдарын кыскартуу максатында, Программаны ишке ашыруунун алкагында жарандар тарабынан сатып алынган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун электрондук формасы киргизилет;
4) бул Программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон турак жай фондун системалаштыруу максатында ушул Программанын катышуучуларынын турак жай куруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, МИК, банктар жана турак жай чөйрөсүнүн башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу электрондук сервис иштелип чыгат жана ишке киргизилет.
6-глава. Мыйзамдык аспекттер
20. Ушул Программанын жоболорунан алганда турак жай менен камсыз кылуу секторун өнүктүрүүнү регламенттеген ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу максатка ылайыктуу. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын төмөнкү чөйрөлөрүндө оптималдаштыруу талап кылынат: баалуу кагаздар рыногу, мамлекеттик ипотекалык кредиттөө, инвестицияларды тартуу, курулуш сектору (эски турак жайды реконструкциялоо же алмаштыруу), учурдагы Программанын алкагында турак жайды каржылоону өнүктүрүү жана турак жайды куруу үчүн салыктык жана башка жеңилдиктерди берүү.
21. Турак жай курулуштарына жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн куруучулардын жана үлүштүк катышуучулардын өз ара мамилесин, анын ичинде финансылык инструменттерин колдонууну белгилеген үлүштүк курулуш чөйрөсүндөгү профилдик мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл.
7-глава. Ишке ашыруунун натыйжалуулугу
22. Калктын турак жай менен камсыздалуусун аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ар жылдык негизде өлкөнүн турак жай фондуна талдоо жүргүзөт.
23. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт.
24. (КР Президентинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 157 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
8-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
25. 2030-жылдын аягында төмөнкү максаттуу көрсөткүчтөргө жетүү камсыздалат:
1) жалпы суммасы 100 млрд. сомдон кем эмес каржылоо тартылган, анын ичинде эл аралык донорлордун эсебинен;
2) 2 млн. квадрат метрден кем эмес көлөмдөгү турак жайды сатып алуу жана курулуш каржыланды;
3) 40 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз кылынды.
9-бөлүм. Программаны ишке ашыруудагы мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана аларды минималдаштыруу жолдору
26. Программаны ишке ашырууга ар кандай тобокелдиктер коркунуч жаратышы мүмкүн, алардын негизгилери төмөндө берилди.
Ал жеткис күчтүн жагдайлары, тактап айтканда өзгөчө жана алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайлардын (форс-мажор) келип чыгышы. Ал жеткис күч болуп жер титирөө, суу ташкыны, өрт, бороон сыяктуу табигый кырсыктардын натыйжасында өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон жагдайлардын пайда болушу, башка табигый кырсыктар, өзгөчө абалды киргизүү, аскердик аракеттер, террористтик актылар, эмбарго, жалпы республикалык иш таштоолор, массалык баш аламандыктар, мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары же алдын ала болжолдоого же болтурбай коюуга мүмкүн болбогон же алдын ала көрүүгө мүмкүн болгон, бирок алдын алууга мүмкүн болбогон башка жагдайлар саналат.
27. Өлкөдөгү саясий жана экономикалык кырдаалдын начарлашы турак жайды каржылоо системасына эл аралык инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
28. Программанын алкагында турак жай курулушунун тобокелдиктеринин бири болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында турак жай куруу үчүн бош жер участокторунун жоктугу саналат. Тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында турак жай куруу үчүн жер участокторуна инвентаризация жүргүзүү зарыл.