Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-мартындагы № 175 токтомуна)
|
Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө
баалуу металлдарды сатуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартиби «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо үчүн баалуу металлдарды пайдалануучу зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө баалуу металлдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сатуу тартибин регламенттейт.
2. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
– аффинаждалган стандарттык куймалар – Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы тарабынан кабыл алынган эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келген, алтындан же күмүштөн жасалган жана сертификацияланган куймалар;
– аффинаждалган чендик куймалар – алтын үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес, күмүш үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес жана платина үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,95 пайызынан кем эмес химиялык таза негизги металлдын камтылышы менен баалуу металлдан (алтындан, күмүштөн, платинадан) жасалган жана сертификацияланган, массасы 1000 грамм жана андан кем болгон куймалар;
– стандарттуу эмес формадагы аффинаждалган баалуу металлдар – аффинаждалган баалуу металлдардын стандарттык жана өлчөнгөн куймаларынын формасынан жана өлчөмүнөн айырмаланып турган кандай болбосун формадагы (стержендер, гранулдар, пластиналар, зымдар жана башкалар) жана өлчөмдөгү баалуу металлдар;
– салык органы – ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрү;
– зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр – баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
– чийки зат – зергердик буюмдары өндүрүүчүлөргө берилген аффинаждалган баалуу металлдар, алардан жасалган зергердик буюмдар жана алардын сыныктары;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияны жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.
2-глава. Чийки затты сатуу тартиби
3. Ченөө жана стандарттык куймалар түрүндөгү аффинаждалган баалуу металлдар, ошондой эле алтындан, күмүштөн жасалган стандарттуу эмес формадагы аффинаждалган баалуу металлдар, зергердик буюмдар жана алардын сыныктары (мындан ары – чийки зат) сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн объекти болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондундагы (мындан ары – Мамлекеттик фонд) чийки заттарды зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө сатуу бүтүм түзүлгөн күндөн мурунку күнү Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада жүзөгө ашырылат.
5. Чийки затты зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө сатуу Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксингинен 2 (эки) пайыз өлчөмүндө арзандатылган баада жүргүзүлөт.
6. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдү чийки зат менен камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салык органы тарабынан берилген атайын эсепте турган зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн тизмегинин негизинде чийки затты сатууну жүзөгө ашырат.
7. Мамлекеттик фонддон чийки затты алууга укуктуу болгон зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн тизмеги салык органы тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жыл сайын 1-августка чейин берилет.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн тизмегинин негизинде кийинки жылга чийки затка болжолдуу керектөөлөрдү түзөт жана учурдагы жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен жыйынды өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтөт.
9. Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр тарабынан чийки заттын максаттуу пайдаланылышын контролдоо үчүн салык органы өз компетенциясынын чегинде жоопкерчилик тартат.
10. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формага ылайык автоматташтырылган маалыматтык система боюнча электрондук (же) кагаз өтүнмө беришет, анда төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар камтылат:
1) төлөмдү кийинкиге калтыруусуз чийки затты сатып алууга өтүнмө;
2) 180 календардык күнгө чейин төлөө мөөнөтүн жылдыруу менен чийки затты сатып алууга өтүнмө.
11. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө чийки затты берүү төмөнкүдөй ишке ашырылат:
1) төлөмдү кийинкиге калтырбастан – чийки заттын наркы толук (100 пайыз) төлөнгөндөн кийин, сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен;
2) төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу менен – сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөндөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген банк кепилдиги берилгенден кийин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыйынды өтүнмөнүн негизинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү финансылык жылга чийки затты сатып алуу үчүн зарыл болгон каражаттарды республикалык бюджетте карайт.
3-глава. Чийки затты берүү шарттары
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин 50 килограммдан ашык эмес көлөмдөгү чийки затты алууга зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн тизмегин түзөт жана өтүнмөнүн негизинде зергердик буюмдарды өндүрүүчүгө ай сайын 5 килограммдан ашык эмес көлөмдө чийки затты берет.
14. Чийки затты берүү бир эле учурда төмөнкү милдеттүү шарттарды сактоо менен ишке ашырылат:
1) зергердик буюмдарды өндүрүүчүнү салык органында атайын эсепке коюу;
2) коопсуздук талаптарына жана баалуу металлдар менен асыл таштардын эсебине ылайык жабдылган өндүрүштүк жайлардын болушу;
3) чийки затты максаттуу пайдаланууну камсыз кылуучу өндүрүш ишин жүргүзүү үчүн шарттардын болушу;
4) акыркы жыл үчүн финансылык отчетторду (бухгалтердик баланс) берүү;
5) баалуу металлдардын билдирилген көлөмүн кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк пландын болушу;
6) баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин сактоо;
7) төлөө мөөнөтүн 180 календардык күнгө чейин кийинкиге жылдыруу менен чийки затты сатып алууда банк кепилдигинин болушу;
8) салыктар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздардын жоктугу.
15. Төлөө мөөнөтүн 180 календардык күнгө чейин кийинкиге жылдыруу менен чийки затты сатып алган учурда бул өндүрүүчүгө чийки затты кийинки сатуу буга чейин алынган чийки зат толук төлөнгөндөн кийин гана ишке ашырылат.
16. Чийки затты сатуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен зергердик буюмдарды өндүрүүчүнүн ортосунда түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде пролонгациялоо маселесин карабастан жүзөгө ашырылат.
17. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр чийки затты алган күндөн тартып 35 күндүн ичинде зергердик буюмдарды тиешелүү көлөмдө даярдоого, ошондой эле пробалоо жана эн тамгасын басуу жол-жобосунан өтүүгө милдеттүү.
Чийки зат толук көлөмдө пайдаланылбаган учурда чийки заттын калдыгы сатып алуу-сатуу келишимине ылайык Мамлекеттик фондго кайтарылууга тийиш.
18. 180 календардык күнгө чейин төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдө зергердик буюмдарды өндүрүүчү банк кепилдигин берүүгө милдеттүү.
19. Ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн чийки затты пайдалануу мөөнөтү бузулган учурда, зергердик буюмдарды өндүрүүчү мөөнөтү өткөн ар бир календардык күн үчүн пайдаланылбаган чийки заттын калдыгынын наркынын 0,1 пайызы өлчөмүндө үстөк айып (туум) төлөйт, алынган көлөмдүн 5 (беш) пайызынан ашпаган өлчөмдө чийки заттын калдыгын кошпогондо.
20. Чийки зат төмөнкү учурларда берилбейт:
1) ушул Тартипте каралган документтер берилбесе (же толук эмес көлөмдө берилсе);
2) берилген чийки затты пайдалануу боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса;
3) өтүнмөнү кароо учурунда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда зарыл болгон чийки заттын көлөмү жок болсо.
21. Чийки заттын наркы өз убагында төлөнбөгөн учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуу-сатуу келишиминде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда банктык кепилдиктердин суммасына карызды өндүрүп алат.
22. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук форматта чийки затты пайдалануу жана анын калдыктары жөнүндө отчетту берет.
23. Зергердик жана башка буюмдарды өндүрүү боюнча иш токтотулган учурда зергердик буюмдарды өндүрүүчү ушул Тартипке ылайык сатып алынган чийки зат үчүн бардык сумманы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга 10 (он) календардык күндүн ичинде төлөөгө тийиш.
24. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөрдү чийки зат менен камсыз кылуу максатында баалуу металлдарды сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биржалык тооруктарда жүргүзүлүшү мүмкүн.
4-глава. Чийки затты максаттуу пайдаланууну
контролдоо жана жоопкерчилик
25. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр тарабынан чийки затты максаттуу пайдаланууну салыктык контролдоодо төмөнкүдөй бузуулар:
– Мамлекеттик фонддон алынган чийки затты максатсыз пайдалануу;
– баалуу металлдардын иш жүзүндөгү калдыгынын отчеттук маалыматтардан айырмасы;
– зергердик буюмдарды пробалоого жана эн тамга басууга берүү мөөнөттөрүнүн бузулушу;
– алынган баалуу металлдарды пайдалануу боюнча тиешелүү отчеттуулукту берүү мөөнөттөрүнүн бузулушу же бербөө аныкталган учурда ушул Тартиптин 26-пунктуна ылайык жоопкерчилик чаралары каралат.
26. Ушул Тартиптин 25-пунктунда көрсөтүлгөн бузуулар аныкталган учурда зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө карата төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:
– Мамлекеттик фонддон чийки затты андан ары берүүгө тыюу салуу;
– аны кийин Мамлекеттик фондго өткөрүп берүү менен мурда берилген чийки затты алып коюу;
– атайын эсепке алуу жөнүндө күбөлүктү жокко чыгаруу;
– чийки заттын рыноктук наркын эске алуу менен нарктагы айырманы өндүрүп алуу.
5-глава. Милдеттенмелерди аткаруу
27. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарын аткарууга милдеттүү жана алынган чийки затты максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
28. Милдеттенмелер келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай жана белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
29. Эгерде келишимдин шарттарында башкача каралбаса, зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
30. Аткаруу мөөнөтү келген күнү төлөнбөгөн төлөмдөр ал белгиленген мөөнөттөн кийинки күндөн тартып кечиктирилди деп эсептелет.
31. Пайыздардын жана бышманалардын эсептелген суммалары сатып алуу-сатуу келишиминде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөргө жиберилүүчү документтерде чагылдырылууга тийиш.
32. Төлөмдөрдү акча каражаттары менен төлөө төлөм документтеринин негизинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте казыналык системасы аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат.
6-глава. Милдеттенмелерди аткарууну
камсыз кылуу ыкмалары
33. Зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр тарабынан милдеттенмелерди аткаруу бышмана, банктык кепилдик жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынат.
34. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) колдонуу жана эсептөө шарттары сатып алуу-сатуу келишиминде аныкталат.
35. Зергердик буюмдарды өндүрүүчү сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуу-сатуу келишиминде жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда банктык кепилдик боюнча талап коюуга укуктуу.
7-глава. Корутунду жоболор
36. Салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Тартипке ылайык өз компетенциясынын чегинде зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр сатып алган баалуу металлдардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт.
37. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу сатып алынган баалуу металлдар максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр ушул Тартиптин 26-пунктуна ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибине 1-тиркеме |
Баалуу металлдарды сатып алууга укугу бар зергердик буюмдардын өндүрүүчүлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№ | Баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдардын өндүрүүчүлөрүнүн аталышы | Атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүктүн номери, берилген датасы | Баалуу металлдын аталышы | Баалуу металлдын көлөмү (грамм менен) |
|
|
| алтын |
|
|
|
| күмүш |
|
|
|
| алтын |
|
|
|
| күмүш |
|
|
|
| алтын |
|
|
|
| күмүш |
|
|
|
| алтын |
|
|
|
| күмүш |
|
|
|
| алтын |
|
|
|
| күмүш |
|
Бардыгы: | алтын |
| ||
күмүш |
| |||
___________________________________ (кызмат орду жана аты-жөнү) | М.О. | _______________________________ (датасы жана кол тамгасы) |
|
| Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибине 2-тиркеме |
Зергердик жана башка буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн баалуу металлдарды сатып алуусуна ӨТҮНМӨ
№ _____________ (өтүнмөнүн номери) |
| _____________________________ (өтүнмөнүн датасы) |
_______________________________________________________________________ (зергердик жана башка буюмдарды өндүрүүчүнүн аталышы)
| ______________________________ (атайын эсепке алуу номери жана датасы) |
|
_______________________________________________________________________ (юридикалык дареги) | ______________________________ (иш жүзүндөгү дареги) |
|
_______________________________________________________________________ (ИЖН) | ______________________________ (банктык реквизиттер) |
|
Металлдын түрү | Саны/салмагы | Өлчөө бирдиги (кг, г) | Пробасы |
Алтын |
|
|
|
Күмүш |
|
|
|
Зергердик буюмдар жана алардын сыныктары |
|
|
|
Төлөмдү кийинкиге жылдырбастан |
|
|
|
180 календардык күнгө чейин төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен |
|
|
|
c Зергердик буюмдарды өндүрүүчүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында атайын эсепке алуу.
c Баалуу металлдардын жана асыл таштардын коопсуздугу жана эсепке алуу талаптарына ылайык жабдылган өндүрүштүк жайлардын болушу.
c Чийки затты максаттуу пайдаланууну камсыз кылган өндүрүштүк ишти жүргүзүү үчүн шарттардын болушу.
c Акыркы жыл үчүн финансылык отчетту (бухгалтердик баланс) берүү.
c Баалуу металлдардын билдирилген көлөмүн кайра иштетүү боюнча өндүрүш планынын болушу.
c Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу эрежелерин сактоо.
c Чийки затты сатып алууда 180 календардык күнгө чейинки төлөмдү кийинкиге жылдыруу менен банктык кепилдиктин болушу.
c Салыктар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу.
c Башка документтер.
Жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү: _________________________________
_________________________________________________________________________________
Кызмат орду: ______________________________________________________________________
Колу: ____________________________________________________________________________
Тел: _____________________________________________________________________________
Электрондук почтасынын дареги: _____________________________________________________
|
| Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибине 3-тиркеме |
Сатып алынган чийки заттын колдонулушу жана калдыктары жөнүндө ОТЧЕТ
КР ФМ караштуу Баалуу металлдар департаменти ____________________________________________ (алуучунун аталышы)
_________________________________________________________________________________ ишкананын аталышы _________________________________________________________________________________ аймак (облус, шаар, район) _________________________________________________________________________________ дареги (почта индекси, көчөсү, үй №) _________________________________________________________________________________ уюштуруу-укуктук формасы
_________________20___-жыл үчүн
(гр)
Баалуу металлдын түрү | Отчеттук мезгилдин башындагы калдык | Сатып алынган чийки заттын көлөмү | Даяр продукциянын көлөмү | Отчеттук мезгилдин аягындагы калдык |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Алтын |
|
|
|
|
Күмүш |
|
|
|
|
Зергердик буюмдар жана алардын сыныктары |
|
|
|
|
Жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү: __________________________________________
_________________________________________________________________________________________
Кызмат орду: _____________________________________________________________________________
Колу: ____________________________________________________________________________________
Тел.: _____________________________________________________________________________________
Электрондук почтасынын дареги: ___________________________________________________________