Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-марты № 169
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 424 тескемесине, "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлеринин кызматтык маяналарын эсептөө үчүн минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) негизги персоналынын тарифтик торчосу 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
5 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 6281 | 770 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 135 | 40 |
| аймактык бөлүмдөр | 3963 | 216 |
| ведомстволук бөлүмдөр | 2183 | 514 |
".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды жүргүзүү борбору жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо Борбору жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 471 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүнү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) негизги персоналынын тарифтик торчосу
№ | Разряддар | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 |
Коэффициенттер | 1,2 | 2 | 2,2 | 2,3 | 2,5 | 2,7 | 2,9 | 3,1 | 3,3 | 3,5 | 3,7 | 3,8 | 3,9 | 4 | 4,2 | 4,25 | 4,3 | 4,4 | 4,48 | |
Тарифтик ставка | 8448 | 14080 | 15488 | 16192 | 17600 | 19008 | 20416 | 21824 | 23232 | 24640 | 26048 | 26752 | 27456 | 28160 | 29568 | 29920 | 30272 | 30976 | 31539 | |
| Жетекчилер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1 | Борбордун башчысы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| X | X | X | X |
2 | Борбордун башчысынын орун басары |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| X |
|
|
|
|
3 | Башкы бухгалтер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| X |
|
|
|
|
|
4 | Тереңдиктеги суучулдар станциясынын башчысы (суучул адиси) |
|
|
|
|
|
|
| X | X | X | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Суучулдар мектебинин башчысы (улук суучул адиси) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Окуу-методикалык борборунун башчысы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Издөө-маневрдук тобунун башчысы |
|
|
|
|
|
| X | X | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
8 | Жээктеги куткаруу станциясынын башчысы |
|
|
|
|
|
|
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
9 | Куткаруу постунун башчысы |
| X | X |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Адистер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
10 | Юрист |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
11 | Суу астындагы техникалык иштер боюнча эксперт (суучул-нускоочу) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
12 | Суучул дарыгер - дарыгер-адис |
|
|
|
|
| X | X | X | X | X | X |
|
|
|
|
|
|
|
|
13 | Суучул адиси - улук окутуучу |
|
|
|
|
|
| X | X | X | X |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
14 | Куткаруу станциясынын (куткаруу постунун) суучул-куткаруучусу | X | X | X | X | X | X | X | X |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
15 | I, II, III адистешүү тобунун 1, 2, 3-класстагы суучулу (суучулдар станциясынын старшинасы, кеменин капитан-механиги, матрос, барокомплекстин инженери, штурман, сууда сүзүү боюнча нускоочу) | X | X | X | Х | X | X | X | X |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
16 | Нускоочу-суучул |
| X | Х | X | Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
17 | Адис |
|
|
|
|
|
| Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
18 | Методист |
|
|
| X | X | Х | Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
19 | Окутуучу |
|
| Х | X | Х | Х | Х | Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
20 | Куткаруучу (суудагы) |
| X | X | Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
21 | 3, 2, 1 жана эл аралык класстагы куткаруучу |
|
|
|
|
| Х | Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
22 | Өндүрүштүк окутуунун мастери |
|
|
| Х | Х | Х | Х | Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
23 | Барокомплекстин технологиялык жабдууларын техник-жөндөөчүсү (суучул фельдшер) |
|
|
|
| Х | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
24 | Суучул (негизги кесиби) | X | X | X | X | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
25 | Компрессордук орнотмолордун машинисти | Х |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Калган бардык типтүү эмес кызмат орундарынын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан бекитилет.
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдар кызматы) техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы | 2,56 |
2 | Айдоочу | 2,18 |
3 | Сууда сүзүү каражаттарын оңдоочу слесарь | 1,4 |
4 | Автомобилдерди оңдоочу слесарь | 1,4 |
5 | Сантехник-слесарь | 1,4 |
6 | Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер | 1,4 |
7 | Короо тазалоочу | 1,2 |
8 | Кароолчу (вахтер) | 1,2 |
9 | Өндүрүштүк жана кызматтык жайларды тазалоочу | 1,2 |
Эскертүү:
1. Айдоочуларга ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
2. Түнкү убакытта иштегендиги үчүн кароолчуга сааттык тарифтик ставканын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
3. Сууда сүзүү каражаттарын оңдоочу слесарга, автомобилдерди оңдоочу слесарга, сантехник-слесарга, электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтерго кесиптик чеберчилиги үчүн төмөнкүдөй дифференцияланган үстөктөр белгиленет:
4-разрядга - кызматтык маянанын 15 пайызы;
5-разрядга - кызматтык маянанын 20 пайызы;
6-разрядга - кызматтык маянанын 25 пайызы.
4. Тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянанын 25 пайызына чейинки өлчөмдөгү үстөк белгиленет.