Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат жана Ишкананын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору" мамлекеттик ишканасы;
2) расмий тилде: государственное предприятие "Центр приема иностранных студентов" при Министерстве науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики;
3) англис тилинде: State enterprise "Foreign Student Admission Office" under the Ministry of Science, Higher Education, and Innovations of the Kyrgyz Republic.
Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору" МИ;
2) расмий тилде: ГП "Центр приема иностранных студентов";
3) англис тилинде: SE "Foreign Student Admission Office".
6. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкананын толук фирмалык аталышын камтыган мөөрлөрү, штамптары, эмблемасы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана зарыл атрибуттары бар.
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын жана коммерциялык уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттенмелерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана финансы-кредиттик мекемелерде белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Ишкананын кирешесинин бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын ишинин негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окууга тапшыруучу чет өлкөлүк жарандарды тартуу, кабыл алуу жана коштоп жүрүү саналат.
13. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чет өлкөлөрдөгү расмий дипломатиялык өкүлчүлүктөр, агенттиктер жана өнөктөштүк түзүмдөр аркылуу чет өлкөлүк абитуриенттердин эл аралык рекрутингин уюштуруу;
2) Кыргыз Республикасында билим берүү тууралуу жарнамалык-маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүү;
3) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары - ИЖБИМ) автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - АМС) аркылуу чет өлкөлүк студенттерди борборлоштуруп кабыл алуу;
4) чет өлкөлүк абитуриенттердин орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына тапшыруусу үчүн зарыл болгон документтерин текшерүү;
5) Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюму) ортосунда бекитилген квоталарды бөлүштүрүү;
6) чет өлкөлүк студенттерди визалык жана академиялык коштоп жүрүү, ошондой эле медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) менен ишти координациялоо;
7) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууда жана окутууда ачык-айкындык, сапат жана академиялык этика принциптеринин сакталышын камсыз кылуу.
14. Ишкана милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) маркетинг жана илгерилетүү: чет өлкөлөрдө маалыматтык-жарнамалык өнөктүктөрдү жүргүзүү;
2) билим берүү көргөзмөлөрүнө жана форумдарына катышуу;
3) эл аралык рыноктордо билим берүү программаларын илгерилетүү;
4) өлкөнүн билим берүү уюмдары жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана АМС порталына жарыялоо;
5) консультациялык жана маалыматтык колдоо: абитуриенттерге тапшыруу, окуу, жашоо, каттоо шарттарын түшүндүрүү; сайт жана башка каналдар аркылуу Кыргызстандын билим берүү уюмдары, билим берүү программалары, окутуунун наркы жана жашоо шарттары жөнүндө толук маалымат берүү; чет өлкөлүк абитуриенттер үчүн ички колл-борбордун/кызматтын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
6) рекрутинг жана документтерди кабыл алуу: билим берүү уюмдарынын талаптарына жооп берген талапкерлерди тандоо. Кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтерди топтоо жана билим берүү уюмдарына берүү. Талапкерлердин медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүсүн уюштуруу жана коштоо;
7) АМС системасында арыздарды берүүнү жана каттоону контролдоо жана текшерүү; "Түндүк" ачык акционердик коому менен кызматташуу;
8) чет өлкөлүк абитуриенттердин келүү логистикасы: авиабилеттерге заказ берүү, мейманкананы/хостелди/жатакананы брондоо; аэропортто тосуп алуу; сим-карталарды сатып алууну уюштуруу; жайгашкан жерине ташууну уюштуруу; жайгаштыруу; келгенде коопсуздук чаралары боюнча инструктаж өткөрүү;
9) адаптация жана интеграция: студенттерге жаңы өлкөгө жана окуу чөйрөсүнө ыңгайлашууга жардам берүү; пайда болгон кыйынчылыктарды чечүүдө колдоо жана консультация берүү; багыттоочу жумаларды өткөрүү;
10) менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууга квоталарды макулдашуу жана бекитүү лицензиялык жана аккредитациялык талаптардын аткарылышын, билим берүү уюмдарынын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн талдоого негизделет;
11) өлкөлөр, тапшыргандардын саны, бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапаты, андан ары ишке орноштуруу боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн аналитикалык отчетторду даярдоо;
12) абитуриенттер менен өз ара мамилелерди башкаруу системасын алардын прогрессине, байланыш тарыхына байкоо жүргүзүү жана компетенттүү консультацияларды берүү үчүн колдонуу;
13) https://diplom.edu.gov.kg/ системасында чет өлкөлүк ЖОЖдор тарабынан берилген дипломдорду валидациялоодо ЖОЖдорго жардам берүү;
14) дипломду алуу процессинин логистикасы: бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин түзүү жана типографияга жөнөтүү, дипломдорду билим берүү уюмдарына берүү, билим берүү уюмдары тарабынан таризделген дипломдорду легалдаштырууга берүү, легалдаштырылган дипломдорду билим берүү уюмдарына берүү;
15) чет өлкөлүк студенттерди Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөндө коштоп жүрүү: юридикалык жардам көрсөтүү, чет өлкөлүк студенттер үчүн өлкө боюнча туристтик сапарларды уюштуруу;
16) аккредитацияланган өнөктөштөрдү чыккан өлкөсүнөн издөө жана тандоо, келишимдерди түзүү;
17) абитуриенттерге документтерди тариздөөгө жардам берүү: Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынан толук орто билимдин эквиваленттүүлүгү жөнүндө маалымкатты, камсыздандыруу полисин алуу.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
15. Ишкана ушул Уставда аныкталган, жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкү укуктарга ээ:
1) менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) мамлекеттик, кызматтык же коммерциялык сырга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарга жеткиликтүү болууга;
3) Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандарды тартуу жана кабыл алуу маселелери боюнча маалымат алмашууну жүргүзүүгө катышууга;
4) Ишкананын ишин жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк студенттерди тартуу жана кабыл алуу процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) Ишкананын ишин камсыз кылууга тиешелүү документтерге кол коюуга;
6) Ишкананын ишине тиешелүү маалыматты ачык басылмаларда жарыялоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
8) бекитилген бюджеттин чегинде өз алдынча финансы-чарбалык ишти жүргүзүүгө;
9) ар кандай жеке жана юридикалык жактар менен мамилелерде өз кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого;
10) колдо болгон каражаттарынын чегинде юридикалык жана жеке жактардан белгиленген тартипте өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууга;
11) ички колдонуу үчүн Ишкананын ишинин маселелери боюнча локалдуу ченемдик актыларды иштеп чыгууга.
16. Ишкана өзүнүн максаттарына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иш аткарган жана кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга;
2) Ишкананы өнүктүрүүнүн комплекстүү, келечектүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууга;
3) негизги фонддордун, эмгек, материалдык жана финансылык ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин чечүүнү камсыз кылууга;
4) кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
6) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
7) кызматкерлердин ден соолугуна зыян келтирбестен алардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн жагымдуу эмгек шарттарын, жашоо шарттарын жана башка зарыл шарттарды түзүүгө;
8) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
9) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик, статистикалык жана оперативдик эсепти жүргүзүүгө жана алардын тактыгы үчүн жоопкерчилик тартууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууга жана жүргүзүүгө;
12) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
4. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
17. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө же Уставды жаңы редакцияда бекитүү тууралуу сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу маселелери боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын кызмат орундарына талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
9) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорунун орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
10) фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
18. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) директордун отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата сыйлоо чараларын жана дисциплинардык жоопкерчиликти колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
19. Мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана жүзөгө ашырууну камсыз кылууга;
3) ага белгилүү болгон Ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына билдирүүгө;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп эсептелген маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөгө;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарууга.
5. Ишкананын түзүмү жана аны башкаруу
20. Мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган, Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор Ишкананы башкарат.
21. Директор эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
22. Директор төмөнкүдөй учурда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) иште канааттандырарлык эмес баа алганда жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерди аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
23. Директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыктарын коргоо;
12) Ишкананын директорунун орун басарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жана адистеринин ыйгарым укуктарын белгилөө;
13) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алуу жана бошотуу;
14) Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү;
15) Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу, алардын аткарылышын контролдоо;
16) мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескөө;
18) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
24. Директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун, ошондой эле аларды коргоо тартибин аныктоого;
6) Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүргүзүүгө.
25. Директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин ар кандай чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл болгон маалымат жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) ага белгилүү болгон Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырдуу маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткарууга.
26. Директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
27. Директор Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат.
28. Директор жүктөлгөн функционалдык милдеттерди талаптагыдай аткаруу, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
29. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Директордун орун басары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишин жетектейт.
30. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына жүктөлөт.
31. Ишкананын башкы бухгалтери директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, ага түздөн-түз баш ийет. Башкы бухгалтер эсептин тууралыгы жана Ишкананын финансылык каражаттарынын жана мүлкүн максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.
32. Чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө Ишкананын башка уюмдар, жалданган кызматкерлер, жарандар менен болгон мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
6. Ишкананын финансы-чарбалык иши, эсепке алуу, пландоо, отчеттуулугу
33. Ишкана финансы-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт. Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
34. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка шарттарын аныктоодо эркин.
35. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
36. Квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30уна чейин мамлекеттик ишкананын жетекчиси бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) мамлекеттик башкаруу органына;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
37. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы, анын ичинде өткөн жыл үчүн Ишкананын бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
38. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты топтоонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
39. Кыргыз Республикасынын маалыматты алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
40. Ишкананын ишин текшерүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
7. Ишкананын мүлкү жана финансы
41. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделет жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугу берилбейт. Мүлктү пайдалануунун негизи мамлекеттик менчик болуп саналган жана экономикалык ишти жүргүзүү үчүн Ишкананын балансына өткөрүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарбалык жүргүзүү укугу болуп саналат.
42. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
43. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлк;
2) кирешелерди, жетишкендиктерди, продукцияны кошкондо, ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) банктардын жана башка кредиторлордун гранттары, кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
44. Өзүнүн финансы-чарбалык ишинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан түшкөн кирешелердин эсебинен Ишкана жаңыдан түзгөн, алган же сатып алган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык жүргүзөт.
45. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
46. Ишкана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген мөөнөттө жана тартипте өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын берүүгө милдеттүү.
47. Ишкана жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча:
- отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө кийин республикалык бюджетке жиберүү менен таза пайданын бөлүгүнүн бекитилген өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине которот.
48. Ишкананын чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары салууга же уюштуруучунун макулдугусуз бул мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
49. Ишкана өндүрүштүк иштин натыйжаларын, өндүрүлгөн продукцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин Ишкананын карамагында калган алынган таза пайданы өз алдынча тескейт.
50. Ишкананын карамагында калган таза киреше Ишкана тарабынан төмөнкүлөргө колдонулат:
1) жаңы техниканы жана технологияларды ишке киргизүүгө, өздөштүрүүгө;
2) Ишкананын финансы-чарбалык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, жүгүртүүдөгү каражаттарды толуктоого;
3) негизги фонддорду курууга, реконструкциялоого, жаңыртууга;
4) Ишкананын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга.
8. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
51. Ишкананы кайра уюштуруу биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
52. Ишкананы биригүү, кошулуу, бөлүнүү же бөлүп чыгаруу түрүндө кайра уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
53. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
54. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же акцияларынын (үлүштөрүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде турган (акционерлештирүү) жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүлөт.
55. Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттер боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында анын укук улантуучусу болуп саналат.
56. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
57. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын директор жетектейт.
58. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
59. Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
60. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.