Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна) |
Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу жөнүндө
жобо
1-глава. Ислам камсыздандыруусунун (такафул) объекттери, максаттары жана принциптери
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында ислам камсыздандыруу принциптерине (такафул) ылайык такафул-камсыздандыруунун тартибин аныктайт.
Ислам принциптери (такафул) боюнча такафул-камсыздандыруунун объекти болуп такафул-операторунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген такафул келишиминде каралган камсыздандыруу учуру келип чыкканда камсыздандырылуучулардын өмүрүнө, ден соолугуна, материалдык баалуулуктарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетине байланышкан камсыздандырылуучулардын (катышуучулардын) мүлктүк кызыкчылыгы саналат.
2. Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруунун негизги максаты болуп белгилүү бир тобокелдиктерге дуушар болгон адамдардын (такафул-фондунун катышуучуларынын) камсыздандыруу фонду (такафул-фонду) түзүлүүчү каражаттардан ыктыярдуу төгүмдөрдү (табарру) төлөө аркылуу камсыздандыруу учурлары келип чыккан учурда бири бирине зыяндын (чыгымдын) ордун толтуруу жөнүндө макулдашуусу саналат. Такафул-фондунун ресурстары камсыздандыруу учурунун келип чыгышынын натыйжасында катышуучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн колдонулат.
3. Кыргыз Республикасында салттуу камсыздандыруу менен катар ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу колдонулат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандырууну Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүүгө лицензиясы бар такафул-операторлору (камсыздандыруучулар) жүзөгө ашырат.
2-глава. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр
5. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) төгүм – такафул-оператору менен катышуучунун (камсыздандырылуучунун) ортосунда түзүлгөн такафул келишиминин негизинде, ислам принциптерине ылайык келишимде каралган тартипте жана мөөнөттө такафул-фондуна катышуучу (камсыздандырылуучу) тарабынан төлөнүүчү акча каражаттары;
2) пайда табуучу – такафул келишими анын пайдасына түзүлгөн адам;
3) такафул келишими – ислам камсыздандыруу принциптери боюнча камсыздандырууну жүзөгө ашыруу үчүн жеке же юридикалык жак (камсыздандырылуучу) менен такафул-операторунун (камсыздандыруучунун) ортосунда түзүлгөн келишим;
4) инвестициялык иштен түшкөн киреше – ислам каржылоо принциптерине ылайык Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш тарабынан жактырылган активдерге камсыздандырылуучунун төгүмдөрүн инвестициялоонун натыйжасында камсыздандыруучу алган акча каражаттары;
5) инвестициялык декларация – такафул-операторунун каражаттарын инвестициялоо максаттарын көрсөтүүнү, инвестициялык саясатынын сыпатталышын, каражаттар инвестицияланышы мүмкүн болгон активдердин тизмегин, мындай инвестициялоо менен байланышкан тобокелдердин сыпатталышын камтыган документ;
6) ислам камсыздандыруу принциптери – башкарууну катышуучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен такафул-оператору акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу фондунун ресурстарын түзгөн кайрымдуулук төгүмдөрүн (табарру) катышуучулардын төлөө милдеттенмелерине негизделген шарыят стандарттарынын талаптарына ылайык камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу эрежелери;
7) ислам терезеси – ислам камсыздандыруу принциптерине ылайык камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу уюмунун обочолонгон бөлүмү;
8) Кард аль-хасан – такафул-операторуна камсыздандыруу фондунун дефицитин жабуу үчүн акционерлер тарабынан берилүүчү, келечектеги төгүмдөрдүн жана фонддун ашыкча каражатынын эсебинен кайтарылууга тийиш болгон пайызсыз зайым;
9) мудараба модели – такафул-оператору катышуучулардын каражаттарын башкаруучу болуп саналган модель, ал эми инвестициялардан түшкөн пайда катышуучулар менен оператордун ортосунда алдын ала макулдашылган үлүштөрдө бөлүштүрүлөт;
10) вакала модели – такафул-оператору камсыздандыруу фондун жана инвестицияларды башкаруу үчүн сый акы (вакала-фии) алган агент (вакиль) катары иш алып барган модель;
11) жалпы такафул – камсыздандыруу учуру келип чыкканда ордун толтурууну төлөөгө багытталган жана камсыздандырылуучунун мүлктүк тобокелдиктерин камтыган такафул-камсыздандыруу;
12) такафул эрежелери – такафул-оператору тарабынан бекитилген ислам камсыздандыруу принциптери боюнча камсыздандыруу эрежелери;
13) үй-бүлөлүк такафул – белгилүү окуялар келип чыкканда ордун толтурууну төлөөгө багытталган жана өмүргө жана ден соолукка карата тобокелдиктерди камтыган такафул-камсыздандыруу;
14) камсыздандыруучу (катышуучу) – такафул-оператору менен келишим түзгөн, төгүм (табарру/кайрымдуулук) төлөгөн жана келишимдин алкагында укуктарга жана милдеттерге ээ болгон жеке же юридикалык жак;
15) камсыздандыруу тарифтери – камсыздандыруучу тарабынан иштелип чыккан жана Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш тарабынан жактырылган, такафул келишими боюнча төлөнүүгө тийиш болгон төгүмдүн өлчөмүн аныктоодо ал колдонгон тарифтер;
16) такафул – өз ара коргоого багытталган жана башкарууну ыйгарым укуктуу органдын лицензиясына ээ болгон такафул-оператору акы төлөнүүчү (комиссиялык) негизде жүзөгө ашыруучу камсыздандыруу фондунун ресурстарын түзгөн кайрымдуулук төгүмдөрүн (табарру) катышуучулардын төлөө милдеттенмелерине негизделген ислам камсыздандыруусу;
17) такафул иши – такафул-операторунун ислам принциптерине (Шарыятка) ылайык катышуучулардын төгүмдөрүнөн түзүлгөн такафул-фондунун каражаттарын камсыздандыруу жана инвестициялоо боюнча иши;
18) такафул-оператору – белгиленген тартипте лицензиясы бар жана ислам такафул принциптери боюнча камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу ислам камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму (юридикалык жак, камсыздандыруучу);
19) такафул-фонду – такафул-оператору тарабынан катышуучулардын (камсыздандырылуучулардын) төгүмдөрүнүн жана фонддун каражаттарын инвестициялоодон алынган кирешелердин эсебинен такафулдун ар бир түрү боюнча түзүлүүчү обочолонгон акча фонду. Фонд ислам камсыздандыруу (такафул) принциптерине ылайык катышуучуларга төлөмдөрдү төлөө, ошондой эле фондду башкарууга жана анын ишин камсыз кылууга байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн багытталган;
20) ре-такафул – такафул-оператору тарабынан башка ре-такафул оператору менен түзүлгөн кайра камсыздандыруу келишими, ал Шарыятка ылайык келген принциптерде жүзөгө ашырылат;
21) акционерлердин фонду (акционердик фонд) – такафул-операторунун акционерлеринин капиталынын эсебинен түзүлүүчү жана Шарыяттын ченемдерине ылайык иш жүргүзүүгө жана инвестициялоого кеткен чыгымдарды жабууга багытталган каражаттардын жыйындысы;
22) үй-бүлөлүк камтуусу бар катышуучу – өзү жана/же үй-бүлө мүчөлөрү үчүн өмүр жана ден соолук такафул келишимин түзгөн катышуучу;
23) жалпы камтуусу бар катышуучу – мүлк, жоопкерчилик же өмүрдү такафул-камсыздандырууга тиешеси жок башка тобокелдиктер боюнча такафул келишимин түзгөн катышуучу;
24) Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш – такафул-операторунун саясаттарынын жана типтүү келишимдеринин Шарыят стандарттарынын талаптарына ылайык келишин камсыз кылууга жооптуу такафул-операторунун алдындагы көз карандысыз орган. Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин курамына жөнгө салуучунун талаптарына жооп берген жана ислам финансысы жаатында, анын ичинде шарыят, ислам камсыздандыруусу, каржылоо жана ислам укугу маселелери боюнча зарыл болгон квалификацияга, иш тажрыйбасына жана билимге ээ адамдар киргизилет;
25) адал инвестициялар – такафул-оператору тарабынан мушарака, мудараба, мурабаха, иджара, салам, истисна, исламдык сукук жана ислам принциптерине ылайык келген башка формалар сыяктуу (риба, кумар оюндары, алкоголь, тамеки, массалык кыргын салуучу курал жана бизнестин тыюу салынган башка түрлөрү менен байланышкан иштерди кошпогондо) Шарыят ченемдерине каршы келбеген активдерге жана долбоорлорго гана жүзөгө ашырылуучу инвестициялар.
3-глава. Такафул-операторунун ишин жүзөгө ашыруу тартиби
6. Такафул-операторунда уставга ылайык Шарыят стандарттарына шайкеш келишине карата бүтүмдөрдү (келишимдерди) жактыруу үчүн Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш түзүлүүгө тийиш. Ислам камсыздандыруу принциптерине ылайык иш жүргүзүүдө бардык бүтүмдөр (келишимдер) Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин жеке курамын дайындоо Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырган мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) менен макулдашууну талап кылат.
7. Такафул-оператору ушул Жобого ылайык такафулдун ар бир түрү боюнча ал тарабынан түзүлгөн бир нече такафул-фонддорун башкарууга укуктуу. Башка такафул-операторлору тарабынан түзүлгөн такафул-фонддорун башкарууга жол берилбейт.
8. Такафул-оператору өзүнүн атынан иштейт. Ошол эле учурда такафул-оператору такафул-фондунун эсебине жайгаштырылган каражаттарды башкарган камсыздандыруу уюму катары чыгарын көрсөтүүгө жана такафул-фондунун аталышына таянууга милдеттүү.
9. Такафул-оператору такафул-фондунун катышуучуларынын (камсыздандырылуучулардын) кызыкчылыгында такафул-фондун башкарууга милдеттүү.
10. Такафул-оператору такафул-фондунун активдеринин менчик ээси эмес, ал такафул-фондун башкаруучу болуп саналат. Такафул-оператору такафул-фондунун каражаттарын Шарыят стандарттарына ылайык келген инструменттерге жана активдерге инвестициялайт, бул Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш тарабынан ырасталат.
4-глава. Такафул-фондунун такафул-операторунун функциялары жана милдеттери
11. Такафул-оператору Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан жактырылган такафул-фондунун инвестициялык декларациясына ылайык өз функцияларын аткарат.
12. Такафул-фондунун такафул-оператору Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш тарабынан жактырылган активдерге такафул-фондунун акча каражаттарын инвестициялоо жөнүндө чечим кабыл алат жана бул активдер менен ар кандай жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
13. Такафул-фондунун такафул-операторунун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) инвестициялык декларациясынын негизинде такафул-фондунун инвестициялык саясатын ишке ашыруу, анын ичинде такафул-фондунун активдери менен ар кандай бүтүмдөрдү түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду берүү;
3) үчүнчү жактар менен мамилелерде такафул-фондунун кызыкчылыктарын коргоо;
4) такафул эрежелеринде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка милдеттер.
14. Такафул-оператору жана анын кызмат адамдары укукка каршы иш-аракеттерди жасаган учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава. Такафул-операторунун кызмат адамдарына, көз карандысыз консультациялык адамдарына, ошондой эле коллегиялык органынын мүчөлөрүнө коюлуучу квалификациялык талаптар
15. Такафул-операторунун кызмат адамдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке аткаруу органынын жетекчиси жана жетекчисинин орун басары же коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси жана мүчөлөрү;
2) башкы бухгалтер;
3) ички аудитор.
16. Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин төрагасы;
2) Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин мүчөлөрү.
Такафул-операторунун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык шайланат, дайындалат жана өз ишин жүргүзөт.
17. Кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасында таанылган жогорку экономикалык же юридикалык билими, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган ислам камсыздандыруу принциптери боюнча квалификациялык сертификаты/күбөлүгү болууга тийиш.
18. Такафул-операторунун кызмат адамдарынын стажына жана ишинин тажрыйбасына квалификациялык талаптар:
1) такафул-операторунун жеке же коллегиялык аткаруу органынын жетекчисинин камсыздандыруу уюмдарында же финансы-кредиттик мекемелерде беш жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында үч жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
2) такафул-операторунун жеке аткаруу органынын жетекчисинин орун басарынын камсыздандыруу уюмдарында же финансы-кредиттик мекемелерде үч жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында эки жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
3) такафул-операторунун башкы бухгалтеринин финансы-кредиттик мекемелерде бухгалтер кызмат ордунда беш жылдан кем эмес же камсыздандыруу уюмдарында бухгалтер кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш;
4) такафул-операторунун ички аудиторунун финансы-кредиттик жана башка мекемелерде беш жылдан кем эмес же камсыздандыруу уюмунда же камсыздандыруу брокери уюмунда башкы бухгалтер, ички аудитор кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш стажы болууга тийиш.
19. Такафул-операторунун Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңешинин мүчөлөрүнүн стажына жана иш тажрыйбасына квалификациялык талаптар:
1) Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин төрагасы ислам укугу, ислам экономикасы же финансы, юриспруденция, финансы жана экономика жаатындагы жогорку билимге, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган ислам камсыздандыруу принциптери боюнча курстардан өткөндүгүн ырастаган квалификациялык сертификатка ээ болушу керек.
Ислам камсыздандыруу же каржылоо принциптери боюнча финансылык мекемелер жаатында 3 жылдан кем эмес иш стажы;
2) Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин мүчөлөрү ислам укугу, ислам экономикасы же финансы, юриспруденция, финансы жана экономика жаатындагы жогорку билимге, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган ислам камсыздандыруу принциптери боюнча курстардан өткөндүгүн ырастаган квалификациялык сертификатка ээ болушу керек.
Ислам камсыздандыруу же каржылоо принциптери боюнча финансылык мекемелер жаатында 1 жылдан кем эмес иш стажы.
20. Такафул-операторунун коллегиялдуу органынын мүчөлөрүнө квалификациялык талаптар:
1) коллегиалдуу органдын мүчөлөрү Кыргыз Республикасында таанылган жогорку кесиптик билимге, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган ислам камсыздандыруу принциптери боюнча квалификациялык сертификатка/күбөлүккө ээ болушу керек;
2) камсыздандыруу уюмдарында же финансы-кредиттик мекемелерде, анын ичинде жетекчи кызматтарда эки жылдан кем эмес иш стажы.
21. Башкы бухгалтер жана ички аудитор ушул Жобонун 18-пунктунда баяндалган талаптарга кошумча төмөнкүдөй билимдерге ээ болууга тийиш:
1) башкы бухгалтер – тиешелүү сертификаттар менен ырасталган бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары;
2) ички аудит кызматы же ички аудитор – тиешелүү сертификаттар менен ырасталган аудит жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, аудиттин эл аралык стандарттары жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары.
22. Башкы бухгалтердин жана ички аудитордун квалификациясын ырастоочу маалымат ыйгарым укуктуу органга фамилиясын, атын, атасынын атын, дарегин жана мурда иштеген иши жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен берилет.
23. Такафул-операторунун кызмат адамы болуп төмөнкүдөй адам шайлана (дайындала) албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун чечими менен ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды ээлөөгө же камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө тыюу салынган;
2) экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттуулугу жоюлбаган;
3) буга чейин камсыздандыруу уюмун башкаруу боюнча убактылуу башкарууну дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган камсыздандыруу уюмунда жетекчи кызматты ээлеген;
4) мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган, аракеттери (аракетсиздиги) камсыздандыруу уюмунун, камсыздандыруу брокеринин лицензиясын жокко чыгарууга алып келгендигин күбөлөндүргөн ырастоолор бар, мурда жетекчи кызматты, башкы бухгалтердин жана камсыздандыруу уюмунун ички аудиторунун, камсыздандыруу брокеринин кызмат орундарын ээлеген;
5) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санкциялык тизмеде көрсөтүлгөн;
6) ушул Жобонун 17 жана 18-пункттарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келбегендер.
24. Жетекчи кызматкерлерди макулдашуу жана алардын убактылуу ордун алмаштыруусу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) жетекчи кызмат орундарын, башкы бухгалтердин жана такафул-операторунун ички аудиторунун кызмат орундарын ээлеген адамдардын шайкештигин ырастоочу документтер лицензия берүү жөнүндө арызга тиркемеде берилет;
2) берилген документтер алар берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде каралат;
3) келип түшкөн документтер каралгандан кийин ыйгарым укуктуу орган такафул-операторуна сунушталган талапкерлердин жетекчи кызмат орундарына, башкы бухгалтердин жана ички аудитордун кызмат орундарына ушул Жобонун талаптарына ылайык келери же туура келбегендиги жөнүндө кабарлайт;
4) жетекчи кызматты ээлеген адам убактылуу жок болгон учурда же ал кызматтан убактылуу четтетилгенде ушул Жобонун 17 жана 18-пункттарында каралган квалификациялык талаптарга ылайык келген кызматкерлерге жетектөөчү милдеттерди аткарууга жол берилет;
5) жетекчи кызмат орундарын, башкы бухгалтердин жана ички аудитордун такафул-операторунун кызмат орундарын ээлеген адамдар алмашкан учурда, такафул-оператору 7 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жаңы дайындалган адамдар жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга көрсөтүлгөн адамдардын ушул Жобонун талаптарына ылайыктуулугун ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен жиберет.
6-глава. Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин кызмат адамдарын жана мүчөлөрүн макулдашуу
25. Ушул Жобонун 5-главасында каралган учурларда такафул-оператору ыйгарым укуктуу органга ар бир талапкер боюнча макулдашуу жөнүндө катты төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен берүүгө тийиш:
1) талапкерди тандоо жөнүндө чечим кабыл алган такафул-операторунун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чогулушунун (жыйналышынын) протоколу;
2) адамды дайындоо жөнүндө буйрук;
3) жогорку билими тууралуу диплом;
4) талапкердин инсандыгын ырастоочу документ;
5) эмгек китепчеси;
6) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган, ислам камсыздандыруу принциптери боюнча курстардан өткөндүгүн ырастаган сертификаттын көчүрмөсү.
26. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат ыйгарым укуктуу органга шайланган (дайындалган) учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде жогоруда саналып өткөн документтерди тиркөө менен берилет.
27. Документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
7-глава. Документтерди кароо
28. Ыйгарым укуктуу органга келип түшкөн документтер 3 жумуш күндүн ичинде толуктугу жана талапкерлердин белгиленген талаптарга ылайык келиши жагынан каралат.
29. Документтердин пакети кароого толук берилбеген же алар ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, алар кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен расмий түрдө жеткире иштеп чыгууга кайтарылат.
30. Ушул Жобонун бардык талаптары сакталган учурда ыйгарым укуктуу орган 10 жумуш күндүн ичинде талапкердин жетекчи кызмат ордуна, жетекчинин орун басарынын, башкы бухгалтердин, ички аудитордун, Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жана коллегиалдуу органдын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алат.
31. Ыйгарым укуктуу органдын чечими такафул-операторуна чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө жеткирилет.
32. Такафул-операторунун аткаруу органынын жетекчиси жумушта 2 айдан ашык жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө дайындалган күндөн тартып акыркы жылдын ичинде ыйгарым укуктуу органда макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызматкерлерге гана жүктөлүшү мүмкүн.
33. Такафул-операторунун кызмат адамдары, Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңештин мүчөлөрү жана коллегиалдуу органынын мүчөлөрү тарабынан туура эмес, толук эмес маалыматтар аныкталганда, ошондой эле маалыматты атайылап бурмалаган жана өз убагында бербеген учурда Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
8-глава. Ислам камсыздандыруу
(такафул) принциптери
34. Такафул-оператору, анын жетекчилери, кызмат адамдары, кызматкерлери, агенттери жана башка ыйгарым укуктуу өкүлдөр төмөнкүлөргө укугу жок:
1) камсыздандыруу фондунун же акционерлер фондунун активдерин жеке максаттарда же үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында пайдаланууга;
2) такафул-операторунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө коркунуч келтирген же катышуучулардын кызыкчылыктарына коркунуч туудурган бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) риба, гарар, майсир менен, ошондой эле Шарыят ченемдерине каршы келген иштин түрлөрү менен байланышкан операцияларга катышууга;
4) атаандаштык шарттарын бурмалоого багытталган макулдашууларга, анын ичинде тарифтерди белгилөө же манипуляциялоо боюнча макулдашууларга кирүүгө;
5) анык эмес же адаштыруучу маалыматтарды камтыган жарнакты же башка маалыматты таратууга.
35. Такафул-операторунун бардык операциялары катышуучулардын кызыкчылыктарында гана, транспаренттүүлүк, ак ниеттүүлүк принциптеринде жана Шарыяттын ченемдерин жана стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо менен ишке ашырылууга тийиш.
9-глава. Такафул камсыздандыруу түрлөрү
36. Ушул Жобо ислам камсыздандыруу принциптери боюнча такафул-камсыздандыруунун үч түрүн белгилейт: жалпы, үй-бүлөлүк такафул жана ретакафул.
37. Жалпы такафул боюнча камсыздандыруучулар төлөгөн төгүмдөр такафул-оператору тарабынан такафул-фондунун атайын эсебине андан ары жайгаштыруу үчүн такафул-фондуна жиберилет.
Жалпы такафул боюнча такафул-фондунун каражаттары фонддун камсыздандыруу учуру келип чыккан катышуучуларына келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн пайдаланылат. Эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча такафул оператору пайда алса жана такафул-фондунун активдери милдеттенмелерден ашып кетсе, такафул-фондунун ашыкчасынын бир бөлүгү камсыздандыруучулардын арасында бөлүштүрүлүшү мүмкүн.
Жалпы такафул боюнча такафул-фонду эки бөлүктөн турат:
– камсыздандыруучунун эсеби – камсыздандыруучулардын төгүмдөрүнүн бир бөлүгү түшүүчү эсеп. Такафул-операторунун отчеттук финансылык жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча бул эсептин каражаттарынын бир бөлүгү такафул эрежесинде каралган тартипте камсыздандырылуучулардын арасында бөлүштүрүлөт;
– атайын эсеп – камсыздандыруучулардын төгүмдөрүнүн бир бөлүгү түшүүчү жана камсыздандыруу учуру болгондо камсыздандыруучуларга камсыздандырып ордун толтуруулар төлөнүүчү эсеп.
Камсыздандыруучунун эсебиндеги пайданы бөлүштүрүү тартиби такафул-оператору тарабынан аныкталат.
Эгерде камсыздандыруучу келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин такафул келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууга аргасыз болсо, ал калган пайданы алууга укуктуу. Камсыздандыруу учурунун келип чыгышынын натыйжасында компенсация төлөнүп берилиши мүмкүн болгон атайын эсепке төлөнгөн төгүмдөрдүн бөлүгү такафул-операторунун фонддорунда калат.
Эгерде келишим күчүнө киргенден кийин камсыздандыруу учурунун болушу мүмкүн болбой калса жана камсыздандыруу тобокелдигинин болушу камсыздандыруу учурунан башка жагдайлар боюнча токтоп калса, келишим түзүлгөн мөөнөт келгенге чейин токтотулат.
Мындай жагдайларга төмөнкүлөр кирет:
– камсыздандыруу учуру пайда болгондон башка себептер боюнча камсыздандырылган мүлктүн жок болушу;
– жарандык жоопкерчилик тобокелдиги камсыздандырылган жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу.
38. Үй-бүлөлүк такафул боюнча камсыздандыруучулар төлөгөн төгүмдөр такафул-оператору тарабынан такафул-фондуна жиберилет.
Үй-бүлөлүк такафул боюнча такафул-фонду эки бөлүккө бөлүнөт:
– камсыздандыруучунун эсеби – камсыздандыруучулардын төгүмдөрүнүн бир бөлүгү түшүүчү эсеп. Такафул-операторунун отчеттук финансылык жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча бул эсептин каражаттарынын бир бөлүгү такафул эрежесинде каралган тартипте камсыздандыруучулардын арасында бөлүштүрүлөт;
– атайын эсеп – камсыздандыруучулардын төгүмдөрүнүн бир бөлүгү түшүүчү жана анын каражаттарынан камсыздандыруучуга камсыздандыруу учуру пайда болгондо камсыздандырып ордун толтуруулар төлөнүүчү эсеп.
Камсыздандыруучунун эсептериндеги пайданы бөлүштүрүү тартиби такафул-оператору тарабынан аныкталат.
Такафул боюнча келишимдин (камсыздандыруу полисинин) колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин камсыздандыруучу каза болгон учурда камсыздандыруучу келишим түзгөн учурдан тартып ал каза болгонго чейин төлөгөн бардык төгүмдөрдү, анын ичинде пайда табуучулар камсыздандыруучунун эсебинен түшкөн пайданы алат.
Камсыздандырууну жабуу мезгили аяктагандан кийин камсыздандыруучу такафул-оператору тарабынан белгиленген такафул-камсыздандыруу эрежелерине ылайык өзү төлөгөн төгүмдөрдүн бардык суммасын, анын ичинде камсыздандыруучунун эсебинен инвестициялык иштерден түшкөн кирешени жана атайын эсептен таза пайданы алат.
Камсыздандыруучу такафул келишимин мөөнөтүнөн мурда бузган учурда, ал калган пайданы алууга укуктуу. Камсыздандыруу учурунун келип чыгышынын натыйжасында компенсация төлөнүп берилиши мүмкүн болгон атайын эсепке чегерилген төгүмдөрдүн бөлүгү такафул-операторунда калат.
Такафул келишими, эгерде ал күчүнө киргенден кийин камсыздандыруу учурунун болушу мүмкүн болбой калса жана камсыздандыруу тобокелдигинин болушу камсыздандыруу учурунан башка жагдайлар боюнча токтотулса, такафул келишими түзүлгөн мөөнөт келгенге чейин токтотулат. Мындай жагдайларга жарандык жоопкерчилик тобокелдиги камсыздандырылган жаранды аракетке жөндөмсүз деп таануу же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу кирет.
10-глава. Такафул эрежелери
39. Такафул-операторунун иши Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш жактыргандан кийин такафул-оператору тарабынан кабыл алынган же бекитилген жалпы жана үй-бүлөлүк такафулду такафул-камсыздандыруу эрежелери менен жөнгө салынат.
40. Такафул келишими түзүлүүчү шарттар келишимдин өзүндө (камсыздандыруу полисинде), ошондой эле такафул-оператору тарабынан кабыл алынган, жактырылган же бекитилген тиешелүү түрдөгү такафул-камсыздандыруу эрежелеринде аныкталышы мүмкүн.
41. Такафул эрежелеринде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) такафул-фондунун толук жана кыскартылган аталышы;
2) такафул-операторунун фирмалык аталышы, жайгашкан жери, уюштуруучулук-укуктук формасы, лицензияны алуу датасы жана номери;
3) эрежелердин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген инвестициялык декларацияда баяндалган, жүзөгө ашырылуучу инвестициялардын багыттары;
4) такафул-операторунун укуктары жана милдеттери;
5) такафул-операторунун акчалай сыйлыгынын өлчөмү;
6) такафул-фондун башкарууга байланыштуу такафул-операторунун орду толтурулууга тийиш болгон чыгашаларынын түрлөрү;
7) камсыздандыруу окуясын таануу шарттары жана тартиби;
8) камсыздандыруу төлөмүн (камсыздандырып ордун толтуруу) жүзөгө ашыруудан баш тартуунун негиздери жана тартиби;
9) камсыздандыруу төлөмдөрүн (камсыздандырып ордун толтуруу) жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү, ошондой эле камсыздандыруу окуясы болгондугу жөнүндө билдирүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби.
11-глава. Такафулга катышуу
42. Такафул-камсыздандыруусу камсыздандырылуучу менен такафул-операторунун ортосунда түзүлгөн жалпы же үй-бүлөлүк такафул келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
43. Такафул-оператору менен камсыздандырылуучулардын ортосунда такафул келишими түзүлөт. Такафул келишими жазуу жүзүндө, электрондук жана/же кагаз жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Тиешелүү такафул-оператору Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеш тарабынан бекитилген мудараба моделин же вакала моделин тандай алат.
Жазуу жүзүндөгү электрондук/кагаз жүзүндө форманын сакталбаганы такафул келишиминин жараксыздыгына алып келет. Мындай келишим жараксыз деп эсептелет жана камсыздандырылуучу такафул-операторуна төлөгөн бардык акча каражаттарын такафул-оператору камсыздандырылуучуга кайтарып берет.
44. Такафул-оператору келишим түзүүдө такафулдун айрым түрлөрү боюнча өзү иштеп чыккан такафул келишиминин (камсыздандыруу полиси) стандарттык формаларын колдонууга укуктуу.
12-глава. Такафул-фонддорун түзүү жана жайгаштыруу
45. Такафулга лицензия алган ар бир камсыздандыруучу, такафул-оператору ишке ашыруучу такафулдун түрүнө же такафулдун ар бир түрүнө карата такафул-фондун түзөт жана аны колдойт.
46. Такафул-операторунун такафул-фондунун ишине тиешелүү болгон бардык кирешелери такафул-фондуна багытталат. Такафул-фондун түзгөн активдер такафул келишими боюнча камсыздандыруучунун милдеттенмелерин жана чыгымдарын аткаруу үчүн гана колдонулат.
47. Такафул-оператору тарабынан иштин кайсы болбосун түрү үчүн түзүлгөн такафул-фонду, такафул-оператору иштин ошол түрүн жүзөгө ашырууну каалаган убакта токтото ала тургандыгына карабастан, такафул-оператору такафул келишими боюнча милдеттенмелерин аткарганга чейин колдоого алынат.
48. Такафул-фондунун активдерин жайгаштырууга карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт. Такафул-фондунун активдерин Шарыят талаптарына шайкеш жайгаштырууга карата талаптарды Ислам камсыздандыруу принциптери боюнча кеңеши белгилейт жана алар Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына каршы келбеши керек.
49. Такафул-операторунун мүлкү камсыздандырылуучулар тарабынан ишенимдүү башкарууга берилген мүлктөн, ошондой эле такафул-оператору тарабынан камсыздандырылуучулардын каражаттарын башкаруу процессинде алынган мүлктөн турат.
50. Такафул-фондунун мүлкү камсыздандыруу компаниясынын мүлкүнөн жана ошол компания тарабынан башкарылган башка такафул-фонддорун түзгөн мүлктөн өзүнчө эсепке алынышы керек.
51. Такафул-фондун түзгөн мүлктүн рыноктук наркынын өзгөрүшүнө байланышкан зыяндын тобокелдигин камсыздандырылуучулар тартат.
13-глава. Такафул-фондунун чыгымдары
52. Такафул-фондунун чыгымдарына төмөнкүлөр кирет:
1) такафул-фондунун такафул-операторуна төлөнүүчү акчалай сыйлык;
2) жарнамалык чыгымдар;
3) тышкы аудиторлордун жана көз карандысыз баалоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдар;
4) депозитарийдин жана такафул-фондунун ишине байланыштуу баалуу кагаздар боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашырган башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдар.
53. Ушул беренеде көрсөтүлгөн чыгымдарды кошпогондо, такафул-фондун башкарууга байланыштуу башка чыгымдар аткаруу органына арналган акчалай сыйлыктын эсебинен жүргүзүлөт.
14-глава. Такафул-фондунун мүлкүн эсепке алуу жана сактоо тартиби
54. Такафул-фонду өзүнүн ишинин натыйжасы боюнча бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукту жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
55. Такафул-фондунун жазууларын жүргүзүү, мүлкүн сактоо жана укуктарын эсепке алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонд жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет.
56. Такафул-фондунун такафул-оператору Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.
57. Кыргыз Республикасынын аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүнө жана аныктыгына аудиттик текшерүү бухгалтердик эсепке, эсебин жүргүзүүгө жана отчеттуулукту түзүүгө, анын ичинде такафул-фондун түзгөн мүлккө жана бул мүлк менен болгон операцияларга карата жүргүзүлөт.
58. Такафул-оператору такафулдун тиешелүү түрүнө кирген такафул келишимдерин (камсыздандыруу полистерин) эсепке алуу журналын жүргүзөт.
59. Такафул-оператору төлөө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган нормативдерди сактоого милдеттүү.
15-глава. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөө тартиби жана мөөнөтү
60. Камсыздандырып ордун толтуруу такафул-оператору тарабынан камсыздандырылуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, арыз бардык керектүү документтер менен келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде төлөнөт.
61. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүү жөнүндө арызга такафул келишиминин (камсыздандыруу полисинин) жана камсыздандыруу окуясы жөнүндө актынын көчүрмөлөрү тиркелиши керек, арызда ушул документтердин түзүлгөн даталары жана номерлери көрсөтүлүүгө тийиш.
62. Камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт жок болгондо, камсыздандыруу окуясы болгондугунун далилдери берилүүгө тийиш, ал эми мүлктү такафул-камсыздандырууда – такафул-оператору ордун толтурууга тийиш болгон зыяндын өлчөмү көрсөтүлүшү керек.
63. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн мурун такафул-оператору камсыздандыруу окуясынын себептерин, жагдайларын жана кесепеттерин текшерүүгө, ошондой эле текшерүү үчүн зарыл маалымат алуу үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.
64. Эгерде такафул келишиминде башка мөөнөт каралбаса, жеке такафул-камсыздандыруу келишимдери боюнча төлөнүүчү суммалар аларды төлөп берүү жөнүндө арыз алынган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен төлөнүүгө тийиш.
16-глава. Такафул ишин токтотуу
65. Такафул-операторунун иши төмөнкү учурларда токтотулат:
1) лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;
2) такафул-оператору ыктыярдуу жоюлганда же кайра уюштурулганда;
3) такафул-операторун мажбурлап жоюуда.
66. Такафул-оператору жоюлганда же кайра уюштурулганда камсыздандыруу портфелин Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүүгө милдеттүү.