|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 197 токтомуна) |
Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча
минималдуу талаптар жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча минималдуу талаптарды (мындан ары – Талаптар) белгилейт.
2. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча типтүү келишимдер Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен камсыздандыруунун бир же бир нече түрлөрүнүн чегинде иштелип чыгат.
3. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишим жүктөлгөн камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруу уюму (мындан ары – камсыздандыруучу) менен гана түзүлөт.
4. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча камсыздандырылуучулар болуп камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке жана юридикалык жактар саналат.
5. Жүктөлгөн камсыздандырууга төмөнкүлөр кирет:
1) ломбард күрөөгө же сактап берүүгө кабыл алган күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу;
2) туристтерге карата (медициналык же кырсыктан) туроператорлордун жоопкерчилигин камсыздандыруу;
3) жеке нотариустун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
4) баалоочунун же баалоо уюмунун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
5) риэлторлордун кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу;
6) депозитарийдин жана башкаруу компаниясынын жоопкерчилигин камсыздандыруу;
7) лизинг келишиминин бүткүл мөөнөтүнө лизинг предметин камсыздандыруу;
8) аба кемесинин менчик ээсинин же эксплуатантынын жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө же ден соолугуна, багажына жана жүргүнчүлөрдүн колундагы буюмдарга, жүккө же почтага, аба кемесинин экипажынын мүчөлөрүнө, авиациялык персоналына, ошондой эле аба кемесин эксплуатациялоого байланыштуу ишти жүзөгө ашыруу процессинде үчүнчү тараптарга келтирилген зыян үчүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу;
9) аудитордук уюмдун жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу.
2-глава. Камсыздандыруу объекти
6. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишим камсыздандыруу объекти жөнүндө маалыматты камтыйт, ал камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбеген төмөнкүлөргө байланыштуу мүлктүк кызыкчылыктары болушу мүмкүн:
1) кырсыктардын жана башка окуялардын, оорулардын натыйжасында жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү;
2) мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;
3) үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдеттенмеси, анын ичинде милдеттенменин аткарылбагандыгынын же талаптагыдай эмес аткарылгандыгынын натыйжасында;
4) камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында каралган башка мүлктүк кызыкчылыктары.
7. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишим камсыздандырылуучунун камсыздандыруу кызыкчылыгынын болушун карайт жана милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун шартсыз кепилдиги катары чыкпайт.
3-глава. Камсыздандыруу окуясы
8. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишим камсыздандыруу окуясы жөнүндө маалыматтарды камтыйт, окуя болгондон кийин камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу төлөмүн төлөө каралган.
Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишим боюнча камсыздандыруу окуялары болуп төмөнкүдөй бир же бир нече окуя саналат:
– камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууда камсыздандырылуучу (жооптуу жак) үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө (мүлктүк укуктарына) зыян келтирүү;
– кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруунун натыйжасында үчүнчү жактардын мүлктүк кызыкчылыктарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча камсыздандырылуучунун жарандык-укуктук жоопкерчилигинин келип чыгышы;
– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка окуялар.
9. Жарандык-укуктук жоопкерчиликти, анын ичинде кесиптик жоопкерчиликти жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишиминде камсыздандыруу окуясынын болгондугу фактысы соттун чечими же тараптардын макулдашуусу менен белгиленүүчү шарт катары каралат.
4-глава. Камсыздандыруу суммалары, лимиттер жана сый акылар
10. Камсыздандыруу суммасы же камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин лимити камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча камсыздандырууга кабыл алынган тобокелдиктерден мүмкүн болуучу зыяндын өлчөмүн эске алуу менен жүктөлгөн камсыздандыруу келишиминде белгиленет.
Эгерде Кыргыз Республикасынын кесиптик иштин айрым түрлөрү боюнча мыйзамдарында зыян келтиргендиги үчүн жарандык-укуктук жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтин лимитинин минималдуу өлчөмү белгиленсе, анда камсыздандыруу келишими боюнча жоопкерчиликтин лимити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген суммадан кем болбоого тийиш.
11. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишимде камсыздандыруу келишими боюнча жалпы камсыздандыруу суммасынын чегинде камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин чектери (камсыздандыруу суммалары), атап айтканда камсыздандыруу суммасы жана жоопкерчиликтин лимити төмөнкүдөй белгиленет:
1) үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилгенде бирден камсыздандыруу окуясы боюнча;
2) ар бир жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилгенде ар бир жабырлануучуга;
3) үчүнчү жактын мүлкүнө зыян келтирилгенде ар бир жабырлануучуга.
12. Камсыздандыруу сый акысынын суммасы, аны төлөө тартиби жана мөөнөттөр камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлөт. Камсыздандыруу сый акысы келишимде белгиленген жоопкерчилик лимитине жана камсыздандыруу тарифине жараша эсептелет.
5-глава. Төлөмдөр жана камсыздандыруу төлөмдөрүнөн баш тартуу
13. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө тартиби жана шарттары, камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн документтердин толук тизмеги камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлөт. Камсыздандыруу окуясынын болгондугу фактысын ырастаган документтердин тизмеги мүмкүн болгон камсыздандыруу учурларынын мүнөзү боюнча жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишим менен аныкталат.
14. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишимде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүнөн баш тартуу учурлары каралат.
15. Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча келишимде камсыздандырылуучуга же келтирилген зыян үчүн жооптуу адамга карата кайра талап коюу укугунун төлөнгөн суммасынын чегинде камсыздандыруу төлөмүн төлөгөн камсыздандыруучуга өтүү жөнүндө шарт каралат.