Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын
31-мартындагы № 2-д буйругу менен бекитилди
Административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүү боюнча
колдонмо
1. Жалпы жоболор
1. Административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүү боюнча ушул Колдонмо (мындан ары - Колдонмо) административдик жол-жоболорду өркүндөтүүгө, мамлекеттик органдарда чечим кабыл алууда натыйжалуулукту жана ыкчамдуулукту жогорулатууга, административдик жол-жоболорду санариптик форматка өткөрүүгө, жеке жана юридикалык жактардын административдик жүктөмүн азайтууга, натыйжалуулук жана санариптештирүү принциптерин киргизүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууга багытталган.
2. Колдонмо административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүүнүн бирдиктүү методологиялык негиздерин, тартипти, этаптарын жана критерийлерин, ошондой эле иштелип чыккан сунуштамалардын аткарылышынын мониторинг механизмин белгилейт.
3. Административдик жол-жобо деп мамлекеттик органдын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) ченемдик укуктук актылар менен белгиленген, административдик актыны кабыл алууга, административдик аракетти аткарууга же мамлекеттик (муниципалдык) кызмат (жумуш) көрсөтүүгө багытталган иш-аракеттеринин ырааттуулугу түшүнүлөт.
4. Колдонмо аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - административдик органдар) административдик жол-жоболорго талдоодо жүргүзүүдө колдонулат.
5. “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана санариптештирүү жана санариптик башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Колдонмонун укуктук негизи болуп саналат.
2. Талдоонун максаттары, милдеттери жана принциптери
6. Талдоонун максаттары:
Административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүүнүн негизги максаттары административдик жол-жоболорду ишке ашырууну жакшыртуу жана оптималдаштыруу, ошондой эле административдик жол-жоболорду ишке ашыруунун сапатын жакшыртуу максатында каржылык, убакыт жана физикалык (эмгектик) чыгымдарды азайтуу менен аларды ишке ашыруунун эң жакшы жолун аныктоо болуп саналат.
7. Талдоонун милдеттери:
1) ашыкча, эскирген жана кайталанган жол-жоболорду аныктоо жана алып салуу;
2) аларды ишке ашыруунун мөөнөтүн жана чыгымдарын кыскартуу;
3) административдик жүктөмдү азайтуу;
4) кабыл алынган административдик актылардын сапатын жогорулатуу;
5) өз ара аракеттенүүнүн санариптик түрлөрүн өнүктүрүү;
6) мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу.
8.Талдоонун принциптери
Анализ жүргүзүүдө административдик органдар төмөнкүлөрдү принциптерди жетекчиликке алууга милдеттүү:
1) мыйзамдуулук жана укуктук аныктыкпринциби: административдик жол-жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына шайкештигин, так укуктук негиздин болушун, сөздөрдүн тактыгын, укуктук кесепеттердин алдын ала айтылышын жана ченемдерди өзү билип чечмелөөгө жол берилбестигин болжолдойт;
2)тең салмактуулук принциби: бул жол-жобо тарабынан коюлган талаптар жана чектөөлөр зарыл жана көздөгөн коомдук максатта тең салмактууболушу керек дегенди билдирет жана арыз ээсине ашыкча жүктөм келтирбеши керек.Башкача айтканда, административдик иш Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен белгиленген максаттарга багытталууга тийиш, ал эми аларга жетүүнүн чаралары тең салмактуу, башкача айтканда колдонууга мумкүн, зарыл жана максатка ылайыктуу (акылга сыярлык) болууга тийиш.
3) жөнгө салуунун жетиштүүлүгүнүн минималдуу принциби: мыйзамдуу максатка жетүү үчүн объективдүү зарыл болгон гана жол-жобонунталаптарын жана аракеттерди, ашыкча деталдаштыруусу жана татаалдыгы жок белгилөөнү карайт;
4) арыз ээсине (жаранга жана бизнеске) багыт алуу принциби: арыз ээси үчүн ыңгайлуулукту, жеткиликтүүлүктү жана түшүнүктүүлүктү эске алган жол-жобону түзүүгө, анын убактысын, каржылык жана уюштуруу чыгымдарын минималдаштырууга, ошондой эле кызмат көрсөтүүнү татаалдаштырган“административдик катмарды”- ашыкча талаптарды, формалдуулукту жана психологиялык тоскоолдуктарды алып салууга негизделген.
5)ашыкча жана кайталоолорго жол берилбестик принциби: бир эле документтерди кайталапталап кылуудан, ар кайсы органдар тарабынан окшош жол-жоболорду параллелдүү ишке ашырууданжана кароонун ашыкча баскычтарын белгилөөнү жокко чыгарат;
6) санариптештирүүнүн кадимкипринциби: административдик жол-жоболорду ишке ашыруунун негизги ыкмасы катары өз ара аракеттенүүнүн санариптик форматына, процесстерди автоматташтырууга жана санариптик технологияларды колдонууга артыкчылык берүүнү болжолойт;
7)“бир гана жолу” принциби: Административдик органдардын карамагында турган же санариптик реестрлерде камтылган документтерди жана маалыматтарды арыз ээсинен кайталап суроого тыюу салынат;
8) арыз ээсинин катышуусуз ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү принциби: мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуу арыз ээсине мамлекеттик карамагында турган документтерди берүү милдетин жүктөбөстөн, өз алдынча жүзөгө ашырылаарын билдирет;
9) ачык-айкындуулук жана ачыктоопринциби: кароонун жол-жобосу, мөөнөтү, баасы, баш тартуунун негиздери жана жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын ачыктыгын, ошондой эле ченемдик жана методикаматериалдардын жеткиликтүүлүгүн белгилейт;
10)коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу принциптери: так критерийлери жок дискрециялык ыйгарым укуктарды минималдаштырууну, баш тартуунун белгисизнегиздерин жок кылууну, арыз ээси менен кызмат адамдарынын жеке байланышын азайтууну жана чечим кабыл алуунун ачык-айкындуулукту камсыз кылууну болжолдойт.
3. Талдоонун багыттары жана критерийлери
9. Талдоонун негизги багыттары
Административдик жол-жоболорду талдоо төмөнкү багыттарды камтыйт:
1)жол-жоболорду инвентаризациялоо жана административдик жол-жоболордун Реестрин түзүү: органдын компетенциясынын чегиндеги бардык учурдагы административдик жол-жоболорду аныктоону жана системалаштырууну, алардын негизги параметрлерин (укуктук негиз, мөөнөттөр, документтер, чыгымдар, натыйжалар ж.б.) каттоону, ушул Колдонмонун 1 тиркемесинде көрсөтүлгөн Реестрдинформасына ылайык эсепке алуунун толуктугун жана жөнгө салуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылууну камтыйт;
2)укуктук негиздерди баалоо: жол-жобонун Конституцияга жана мыйзамдарга шайкештигин, тиешелүү ченемдик укуктук бекемдөөнүн бар экендигин, карама-каршылыктардын жана ашыкча жөнгө салуунун жоктугун текшерүүдөн турат;
3)жол-жобонун иш жүзүндө ишке ашырылышын баалоо: колдонуу практикасын талдоого багытталган: белгиленген жөнгө салуучу талаптарды ишке ашыруунун иш жүзүндөгү жол-жобосу менен салыштыруу, четтөөлөрдү, кечигүүлөрдү жана расмий эмес тоскоолдуктарды аныктоого багытталган;
4)натыйжалуулукту жана жыйынтыктарды баалоо: жетишилген коомдук натыйжага чыгымдардын (убакыт, каржылык, уюштуруучулук) тең-салмактуулугун аныктоону, ошондой эле жол-жобону азыркы формасында сактоонун максатуулугун талдоону карайт;
5)тобокелдиктерди баалоо: жол-жобону колдонуу же аны өзгөртүү же жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан укуктук, коррупциялык, башкаруучулук жана башка тобокелдиктерди аныктоону камтыйт;
6)санариптештирүү деңгээлин баалоо: жол-жобону санариптик форматка өткөрүү даражасын, ведомстволор аралык маалымат алмашуунун бар экендигин, автоматташтыруу деңгээлин жана андан ары санариптик трансформациялоо мүмкүнчүлүгүн аныктайт;
7)сунуштарды даярдоо: ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар менен бирге, жол-жобону сактоо, өзгөртүү, жөнөкөйлөштүрүү, санариптештирүү же жок кылуу боюнча негизделген сунуштарды иштеп чыгуудан турат.
10. Талдоо критерийлери
Талдоо учурунда төмөнкү көрсөткүчтөр милдеттүү баалоого тийиш:
1)жол-жобону ишке ашыруу үчүн ченемдик жана иш жүзүндөгү орточо убакыт: мыйзам менен белгиленген мөөнөттү кароонун иш жүзүндөгү узактыгы менен салыштырууну камтыйт, бул четтетүүлөрдү, кечиктирүүлөрдү жана оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн аныктоону божомолдойт;
2) талап кылынган документтердин жана маалыматтардын саны: арыз ээсинен суралган маалыматтын көлөмүн, ашыкча талаптарды жана арыз ээсинин катышуусуз ведомстволор аралык каналдар аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында бааланат;
3) катышкан органдардын саны: координациялоонун татаалдыгын жана өз ара аракеттенүүнү борборлоштуруу же жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн жол-жобого катышкан мамлекеттик органдардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн саны талданат;
4) ведомстволор аралык санариптик өз ара аракеттенүү деңгээли: мамлекеттик органдардын ортосундагы санариптик маалымат алмашууну колдонуу даражасы аныкталат, бул мөөнөттөрдү кыскартууга, арыз ээсинин жүктөмүн азайтууга жана кагаз иштерин минималдаштырууга таасир этет;
5)жол-жобонун баасы жана ага байланыштуу чыгымдар: милдеттүү төлөмдөр (мамлекеттик алымдар, жыйымдар) жана арыз ээсинин кошумча чыгымдары (нотариалдык кызматтар, көчүрмө, транспорт чыгымдары), ошондой эле алардын суммасынын негиздүүлүгү бааланат;
6) административдик жүкөм (убакыт жана эмгек чыгымдары): арыз ээси жана кызмат адамдары тарабынан жол-жобону өтүүдө талап кылынган жалпы убакытты жана күч-аракетти, анын ичинде суроо-талаптардын, күтүүлөрдүн жана бекитүү этаптарынын санын мүнөздөйт;
7) автоматташтыруу жана санариптик жетилүү деңгээли: жол-жобону санариптик форматка өткөрүү даражасын, адамдык факторду алып салуучу автоматташтырылган чечимдердин болушун жана андан ары санариптик трансформацияга даярдыгын аныктайт.
8) даттануулардын жана соттук териштирүүлөрдүн саны: жол-жобого байланыштуу кайрылуулардын, даттануулардын жана сот иштеринин саны, укуктук жөнгө салуунун сапатынын жана административдик практиканын тууралыгынын көрсөткүчү катары талданат.
4. Тобокелдиктерди талдоо жана санариптик методология
11.Тобокелдиктерди талдоо
Төмөнкүлөр баалоодон өткөрүлөт:
1) укуктук жана жөнгө салуучу тобокелдиктер – жол-жобонун Конституцияга жана мыйзамдарга шайкештиги, так укуктук негиздин болушу, карама-каршылыктардын жана аныкталбаган чечмелөөлөрдүн жок экендиги бааланат. Түз мыйзамдык негизсиз ашыкча жөнгө салуу учурлары аныкталат. Мындай тобокелдиктердин болушу мындай актыларды мыйзамсыз деп таанууга жана аларды жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн;
2) коррупциялык факторлор жана ашыкча дискреция - жол-жобо кызмат адамына так критерийлерсиз ашыкча эркиндиктин берилбегендигин текшерет. Тобокелдиктер баш тартуунун негиздеринин белгисиз, баалоонун ачык-айкын критерийлеринин эжоктугунан жана арыз ээси менен ашыкча жеке байланыштан келип чыгат. Максат - объективдүүлүктү камсыз кылуу жана кыянаттыкты минималдаштыруу;
3) арыз ээлеринин укуктарын бузуу коркунучу - жол-жобо негизсиз баш тартууларга, мөөнөтүнөн кечиктирүүгө, ашыкча талаптарга, басмырлоого же даттануу укугунчектөөгө алып келбегендигин талдоого алынат. Жол-жобо арыз ээлеринин укуктарына бирдей жеткиликтүүлүктү жана коргоону кепилдеши керек;
4) санариптик трансформациянын тобокелдиктери - жеке маалыматтарды коргоо, маалымат системаларынын туруктуулугу, мүмкүн болуучутехникалык бузулуулар жана санариптик кызматтардын жеткиликтүүлүгү бааланат. Санариптештирүү жаңы тоскоолдуктарды жаратпашы же укуктук коргоонун деңгээлин төмөндөтпөшү керек;
5) мамлекеттик контролдун сапатынын төмөндөшүнүн тобокелдиктери - жол-жобону жөнөкөйлөштүрүүдө же жокко чыгарууда, бул контролдун начарлашы, коопсуздуктун төмөндөшүү же маанилүү контролдоо функциясын жоготууга алып келбестигине баа берилет. Реформа бюрократиядан арылуу менен коомдук кызыкчылыктарды коргоонун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылышы керек.
12. Санариптик методология
Административдик жол-жоболорду санариптештирүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат:
1) санариптик форматтын артыкчылыгы;
2) бир жолу берилген маалыматтар экинчи жолу суралбаган ыкма;
3) автоматташтырылган ведомстволор аралык алмашуу;
4) формалардын жана маалыматтардын машинкада окулушу;
5) дискреция жок болгон учурда тез чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;
6) маалыматтык коопсуздукту жана жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу.
13.Санариптик жетилүүнүн деңгээлдери
Административдик жол-жоболор төмөнкү деңгээлдерге бөлүнөт:
1) толугу менен кагаз;
2) аралаш (кагаз-санариптик);
3) толугу менен санариптик;
4) автоматташтырылган (кызмат адамынын катышуусуз).
5. Жол-жобону жөнөкөйлөтүү жана алып салуу
Эгерде төмөнкү негиздер болсо, административдик жол-жобо жөнөкөйлөтүлүшү же алып салынышы мүмкүн:
14. Коомдук максатка жетүү зарылдыгынын жоктугу: эгерде жол-жобо чыныгы коомдук маанилүү максатка жетүүгө багытталбагандыгы же максатка башка, жөнөкөй каражаттар менен жетүүгө болору аныкталса, алып салынышы мүмкүн.
15. Башка укуктук механизмдер менен кайталоо: эгерде ушул сыяктуу талаптар башка жол-жободо каралган болсо же башка орган тарабынан контролго алынса, анда параллелдүү жол-жобону сактоо ашыкча болуп саналат; мындай учурларда жол-жоболорду бириктирүүгө же алардын бирин алып салууга болот.
16. Жетишилгенжыйынтыкка карата административдик жүктөмүн тең салмактуу эместиги: эгерде жол-жобо олуттуу убакытты, каржылык же уюштуруучулук чыгымдарды талап кылса жана коомчулукка минималдуу таасир этсе, аны кайра карап чыгуу же жөнөкөйлөтүү керек. Тең салмактуулукту баалоо чыгымдарды салыштырууну жана иш жүргүзүлдөгү пайданы болжолдойт.
17. Мыйзамдардын өзгөрүшүнөн же санариптештирүүдөн улам актуалдуулугун жоготуу: мыйзамдардын өзгөрүшүнө, жаңы маалымат системаларынын киргизилишине, тиешелүү уруксат берүү режимдеринин жокко чыгарылышына же кабарлоо жол-жобосуна өтүүгө байланыштуу жол-жобо зарыл болбой калышы мүмкүн. Мындай учурда, жол-жобону сактоо жөнгө салуунун минималдуу жетиштүүлүк принцибине карама-каршы келет.
18. Арыз ээси үчүн кошумча чыгымдарсыз натыйжаларга жетүү мүмкүнчүлүгү: эгерде жол-жобонун максатына автоматтык түрдө (мисалы, ведомстволор аралык маалымат алмашуу аркылуу) же арыз ээсинин катышуусуз жетүүгө мүмкүн болсо, анда жол-жобону мүмкүн болушунча жокко чыгаруу же жөнөкөйлөтүү сунушталат. Мамлекет арыз ээсине мамлекеттик органдарда мурдатан сакталып турган маалыматты чогултуу милдетин жүктөбөшү керек.
6. Талдоо жүргүзүү этаптары
Административдик жол-жоболорду талдоо 4 ырааттуу этапта жүргүзүлөт:
19. 1-этап. Административдик жол-жоболордун реестрин инвентаризациялоо жана түзүү (30 күн):
1) административдик орган тиешелүү бөлүмдөрдүн адистерин курамында милдеттүү түрдө юристтерди жана IT адистерин камтыган жумушчу топ түзөт.
2) Жумушчу топ ченемдик укуктук актыларда каралган же ишке ашыруучу орган тарабынан иш жүзүндө жүргүзүлгөн бардык административдик жол-жоболорду аныктайт. Бул учурда административдик жол-жоболорду аныктоо «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
3) административдик органдын жетекчиси тарабынан бекитилген «Административдик жол-жоболордун реестри» түзүлөт, анда административдик жол-жоболордун бардык параметрлери ушул Колдонмонун 1 тиркемесиндеги Реестрдин формасына ылайык көрсөтүлөт.
20. 2-этап. Учурдагы абалды «кандай болсо, ошондой» аныктоо жана өлчөө (60 күн):
1) административдик жол-жоболорду жана аларды иш жүзүндө ишке ашыруу жол-жобосун сактоого байланыштуу аракеттерди талдоо үчүн реестрдеги ар бир жол-жобо ушул Колдонмонун 2 тиркемесинде көрсөтүлгөн Административдик жол-жоболорду талдоо формасына ылайык жүргүзүлөт. Талдоо ушул Колдонмонун 3жана 4 бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн багыттарга, критерийлерге, тобокелдиктерди талдоо жана санариптик жетилгендикке ылайык жүргүзүлөт.
2) иш жүзүндөгү мөөнөттөргө мониторинг кылуу (кеминде 50 аяктаган иш) жана административдик жумуш жүгүн эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт: AC = P x Q x T (мында AC - административдик жумуш жүгү, P - административдик органдын бир сааттык ишинин баасы, Q - суроо-талаптардын жылдык (арыздардын, даттануулардын, иштердин ж.б.) саны, T - бир жол-жобого кеткен убакыт саат менен).
3) мамлекеттик маалымат тутумдарындамурда камтылган маалыматтар боюнча кагаз түрүндө суралган документтер аныкталат.
21. 3-этап. Сунуштарды жана “кандай болушу керек” деген долбоорду иштеп чыгуу (30 күн):
1) талдоонун негизинде жумушчу топ ушул Колдонмонун 3 тиркемесинде көрсөтүлгөн Сунуштама формасына ылайык, варианттардын бири боюнча жыйынтыктоочу сунуштаманы даярдайт:
- өзгөрүүсүз калтыруу: бул вариант, эгерде жол-жобо тийиштүү укуктук негизге ээ болсо, мыйзамдуулук жана тең салмактуулукпринциптерине ылайык келсе, ашыкча административдик жүктөмдүжаратпаса, акылга сыярлык мөөнөттө жана негизделген баа боюнча ишке ашырылса,олуттуу коррупциялык тобокелдиктер камтылбаганда колдонулат;
- жол-жобосун өзгөртүү: бул вариант жол-жобону толугу менен жокко чыгарууну талап кылбаган айрым кемчиликтер аныкталган учурда колдонулат, өзгөртүүлөр кароо мөөнөтүн кыскартууга, документтердин тизмесин кыскартууга, баш тартуунун негиздерин тактоого, укуктук карама-каршылыктарды жоюуга, төлөмдөрдүн суммасын азайтууга жана айрым этаптарды жөнөкөйлөштүрүүгө тийиштүү болушу мүмкүн;
- жол-жобону жокко чыгаруу: бул вариант эгкрдк жол-жобоактуалдуулугун жоготса, башка жөнгө салуучу механизмдерди кайталаган, мыйзамдуулук жана тең салмактуулук принциптерине жооп бербесеже административдик жүктү нең- салмаксыздыгынтүзгөн учурда колдонулат. Бул учурда, тиешелүү ченемдик укуктук актыны же анын айрым жоболорун укуктук негиздеме менен жокко чыгаруу сунушталат.
- жол-жобону аутсорсингге берүү: бул вариант, эгерде жол-жободогу айрым техникалык же тейлөө функциялары мамлекеттик контролду сактоо менен тышкы уюмдар тарабынан натыйжалуу аткарыласа, сунушталат. Бул, мисалы, документтерди кабыл алуудажана алгачкы иштеп чыгууда, маалыматтык кызматтарды көрсөтүүдө жана процесстерди техникалык жактан колдоодо берилиши мүмкүн. Өткөрүп берүүгө мыйзамдарды сактоо, маалыматтарды коргоо жана кызыкчылыктардын кагылышуу жок болгон шарттта уруксат берилет.
-толук санариптик трансформация: бул вариант эгерде жол-жобо толугу менен санариптиктүрдө, жеке кадамдарды автоматташтыруу же кызмат адамынын катышуусуз чечим кабыл алуу менен (эгерде эркиндик жок болсо) ишке ашырыла алса, сунушталат. Санариптик трансформация санариптик арыз берүү, ведомстволор аралык системалар аркылуу маалыматты автоматташтырылган түрдө текшерүү, онлайн төлөө жана санариптик административдик акт чыгарууну камтышы мүмкүн.
2) Акыркы сунуштар административдик органдар тарабынан административдик жол-жоболор чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп саналган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берилет. Сунуштардын негизинде түзүлгөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлору бардык тиркелген документтер менен бирге ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилет.
22. 4-этап. Натыйжаларга мониторинг кылуу жана баалоо
1) Жүргүзүлгөн оптималдаштыруунун иш жүзүндөгү таасирин баалоо жана коюлган максаттарга жетишүүнү ырастоо үчүн мониторинг административдик жол-жободогу өзгөрүүлөр киргизилгенден кийин 6-12 айдан кийин жүргүзүлөт:
- максаттуу индикаторлорго жетишүү: талдоонун жыйынтыгы боюнча белгиленген көрсөткүчтөргө (документтердин санынын азайышы, этаптардын азайышы, жумуш жүгүнүн азайышы ж.б.) жетишилгендигин аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлөт. Баштапкы маалыматтар (реформага чейинки) жана учурдагы көрсөткүчтөр (өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин) салыштырылат. Эгерде максаттуу көрсөткүчтөргө жетишилбесе, себептери аныкталат жана оңдоо чаралары иштелип чыгат.
- убакытты жана чыгымдарды кыскартуу: жол-жобону карап чыгуунун орточо убактысынын, милдеттүү төлөмдөрдүн жана ага байланыштуу чыгымдардын көлөмүнүн жана арыз ээлеринин органга кайрылууларынын санынын иш жүзүндө кыскаргандыгы бааланат;
- арыз ээсинин канааттануу деңгээли: жарандардын жана бизнестин жол-жобосунун жеткиликтүүлүгү, тактыгы жана ыңгайлуулугу жөнүндө пикирлери изилденет. Бул суроо-талаптарды жана даттанууларды, сурамжылоонун жана анкеталардын жыйынтыктарын, ошондой эле тейлөө борборлорунан жана онлайн порталдардан алынган маалыматтарды талдоо аркылуу жасалышы мүмкүн. Канааттануу көрсөткүчү бизге формалдуу параметрлерди гана эмес, реформанын практикалык кабылдоосун да баалоого мүмкүндүк берет.
- санариптештирүү деңгээли: санариптик куралдардын иш жүзүндө колдонулушу бааланат: онлайн берилген арыздардын үлүшү; ведомстволор аралык санариптик алмашуу деңгээли; чечим кабыл алууну автоматташтыруу; кагаз иштеринин азайышы. Ошондой эле маалымат системаларынын туруктуулугу жана техникалык тоскоолдуктардын жоктугу талданат.
2) мониторингдин жыйынтыктары аналитикалык отчетто көрсөтүлөт, алар төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- реформага «чейинки» жана «кийинки» көрсөткүчтөрдү салыштырмалуу талдоо;
- максаттарга жетүү боюнча тыянактар;
- аныкталган көйгөйлөр;
- жол-жобону андан ары жөнгө салуу боюнча сунуштар.
Отчет андан ченем жаратуу салуу жана башкаруу иш-аракеттеринде кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
7. Административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүүнү уюштуруу
23. Административдик жол-жоболорго талдоо жүргүзүүнү уюштурууну административдик органдардын жетекчилери жүргүзөт, алар:
1) талдоо жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү жана зарыл болгон учурда ишке аймактык бөлүмдөрдүн жана ведомствого караштуу мекемелердин өкүлдөрүн тартуу; макулдашуу боюнча кызыкдар коомдук бирикмелердин, уюмдардын жана башка уюмдардын башка өкүлдөрү да тартылышы мүмкүн;
2) административдик жол-жоболорду талдоо боюнча иш-аракеттер планын жана графигин бекитет;
3) жумушчу топ тарабынан административдик жол-жоболорду талдоо жүргүзүү жана талдоо жыйынтыктары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн тиешелүү иш-чаралардын аткарылышын контролдойт;
4) бекитилген графикке ылайык, мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймактык бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан административдик жол-жоболорду талдоонун өз убагында жүргүзүлүшүн контролдойт.
24. Жумушчу топтун мүчөлөрү ишти ушул Колдонмонүн 6 бөлүмүнө ылайык этап-этабы менен аткарышат жана ушул Колдонмого тиркелген формаларды жетекчиликке алышат. Бардык тыянактар жана сунуштар, алардын негиздемелери менен бирге, жумушчу топтун кароосуна берилген формаларга ылайык гана киргизилет.
1 тиркеме Административдик жол-жоболордун реестринин формасы
2 тиркеме Административдик жол-жоболорду талдоо формасы
3 тиркеме Административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу боюнча сунуштардын формасы
1тиркеме
Административдик жол-жоболордун реестри
№ | Административдик жол-жобонун аталышы (түрү жана баяндалышы) | Ыйгарым укуктуу орган / Жооптуу түзүмдүк бөлүм / кызмат адамы | Укуктук негиз (ченемдик укуктук акт, берене/бөлүк/пункт) | Арыз ээси (жеке/юридикалык жак) | Арызды тапшыруу ыкмасы (электрондук почта аркылуу/жеке кайрылуу/почта аркылуу) | Арызга тиркелген документтердин тизмеси | Жол-жобону аяктоо мөөнөтү (стандарттык мөөнөт/чыныгы мөөнөт) | Жол-жобонун натыйжасы (административдик акт, аракет, башка документ) | Жыйынтык формасы (кагаз/санариптик/аралаш) | Мамлекеттик алымдын/төлөмдүн өлчөмү жана төлөө тартиби | Байланыштуу жол-жоболор (мурун/кийин) | Даттануу арыз берүү мүмкүнчүлүгү (кайда, кайсы мөөнөттө) | Санариптештирүү деңгээли (санариптик/кагаз/аралаш/веб-сайттын, порталдын болушу) | Комментарийлер жана эскертүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 тиркеме
Административдик жол-жобону талдоо формасы
№ | Административдик жол-жобо профили | |
1. | Административдик жол-жобонун аталышы |
|
2. | Административдик жол-жобонун түрү |
|
3. | Укуктук негиз |
|
4. | Административдик органдардын аталышы |
|
5. | Административдик жол-жоболорду камсыз кылууга катышкан административдик органдар |
|
6. | Административдик жол-жобо үчүн талап кылынган документтердин тизмеги |
|
7. | Административдик жол-жобонун узактыгы: а) мөөнөттөрдү узартуунун негиздери б) мөөнөттү кыскартуу мүмкүнчүлүгү |
|
8. | Административдик органдардын веб-сайтында маалыматтын жеткиликтүүлүгү |
|
9. | Мамлекеттик алым жана башка милдеттүү төлөмдөр: а) чыгымдарды негиздөө б) чыгымдарды азайтуу мүмкүнчүлүгү |
|
10. | Шашылыш камсыздоонун баасы |
|
11. | Башка чыгымдар (төлөмдөр) |
|
12. | Бекитилген формалардын болушу |
|
13. | Жол-жобонун натыйжасы (административдик акт, аракет, башка документ) |
|
14. | Алынган документтин жарактуулук мөөнөтү |
|
15. | Жеткирүү ыкмасы (толугу менен санариптик / аралаш / кагаз түрүндө гана) |
|
16. | Ддаттануу мүмкүнчүлүгү |
|
17. | Административдик жүктөм |
|
18. | Тыянактар жана сунуштар |
|
*Түшүндүрмө комментарийлер
1. Административдик жол-жобонун аталышы көрсөтүлөт. Мисалы, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо же салык карызы жөнүндө маалымкат берүү ж.б.).
3. Административдик жол-жобону караган мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын аталышы жана реквизиттери көрсөтүлөт. Ички актынын (жоболордун, көрсөтмөлөрдүн ж.б.) бар экендиги да көрсөтүлөт.
4. Мамлекеттик орган белгиленет - аткаруу бийлиги же башка уюм, анын ведомстволук органы, түзүмдүк бөлүмү же тармагы, компетенциясына административдик жол-жобону жүзөгө ашыруу кирген кызмат адамы.
5. Административдик жол-жобого катышкан аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тизмеленет. Ведомстволор аралык алмашуу каналдары (санариптик, кагаз түрүндө) көрсөтүлгөн.
6. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан суралган административдик жол-жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтердин жана/же маалыматтардын тизмеленет. Ведомстволор аралык алмашуу аркылуу маалыматты автоматтык түрдө алуу мүмкүнчүлүгү (ооба/жок). Административдик жол-жобону ишке ашыруу үчүн арыз ээси тарабынан берилген документтердин жана/же маалыматтардын толук тизмеси, аларга карата талаптар, аларды тапшыруунун тартиби жана формалары, ошондой эле чет өлкөлүк компетенттүү орган тарабынан берилген же күбөлөндүрүлгөн документтерге карата аларды легалдаштыруу (апостиль) зарылдыгы.
7. Административдик жол-жобону жүргүзүүнүн мөөнөтү, ошондой эле объективдүү жана субъективдүү себептерден улам мүмкүн болгон бузуулардын жана мөөнөттөрдү узартуунун негиздери көрсөтүлөт. Мыйзам боюнча мөөнөтү/чыныгы орточо мөөнөт (мониторингдинмаалыматтары боюнча).
8. Алынган документ кандай формада берилгени көрсөтүлөт.
9. Мамлекеттик маалымат ресурсунда (веб-сайтта) административдик жол-жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтар камтылганы белгиленет. URL даректери жана QR коддору көрсөтүлөт.
10. Административдик жол-жобо үчүн алынуучу төлөмдүн суммасы (мамлекеттик алым жана башка милдеттүү төлөмдөр). Онлайн төлөмдүн жеткиликтүүлүгү (ооба/жок, төлөм шлюзуна шилтеме). Чыгымдардын негиздемеси (эсептөөлөр, сметалар ж.б.) жана төлөмдүн көлөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлөт.
11. Кошумча акы алууда административдик жол-жобо тез арада жүргүзүлөбү? Базалыкадминистративдик жол-жобого салыштырмалуу пайыздык өсүшү.
12. Аны ишке ашырууга байланыштуу чыгымдардын тизмеги (документтерди көчүрмөсү, нотариалдык күбөлөндүрүү, апостиль коюу ж.б.). Чыгымдар каржылык, убакыттык же документтик болушу мүмкүн.
13. Бекитилген формалардын (веб-сайттагы санариптик формаларды кошо алганда) бар экендиги белгиленет. Форманын машинкада окула тургандыгы (XML, JSON, PDF-A ж.б.)
14. Алынып жаткан документтин (күбөлүк, лицензия, уруксат, сертификат ж.б.) жана/же административдик актынын (буйрук, жобо, токтом, чечим, корутунду ж.б.) аталышы жана анын формасы (оозеки, жазуу жүзүндө, санариптик, жазуу жүзүндөгү-санариптик, визуалдык ж.б.) көрсөтүлөт. Административдик жол-жобону жүргүзүүдөн баш тартылган жана оор административдик акт чыгарылган учурда, бул актынын формасы боюнча “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкеш келиши жана бул актыда укуктук негиз бар же жок экендиги көрсөтүлөт.
15. Эгерде документ (күбөлүк, лицензия, уруксат, сертификат ж.б.) ыйгарым укуктуу орган тарабынан административдик жол-жобо боюнча берилсе, анын жарактуулук мөөнөтү, формасы (кагаз/санариптик) көрсөтүлөт. Маалымат системасында жарактуулу мөөнөтү автоматтык түрдө текшерүү (ооба/жок).
16. Кабыл алынган актыга даттанууга болобу, кайда, кандай мөөнөттө, кандай тартипте жана кайсы ченемдик укуктук акт менен жөнгө салынаары көрсөтүлөт.
17. Административдик жүктөмдүн мааниси иш жүзүндөгү мөөнөттөргө мониторинг кылуу(кеминде 50 аяктаган иш) жана төмөнкү формуланы колдонуу менен административдикжүктөмдү эсептөөнүн негизинде көрсөтүлөт: AC = P x Q x T (мында AC - административдик жүктөм, P - административдик органдын бир сааттык ишинин баасы, Q - жылына суроо-талаптардын (арыздардын, даттануулардын, иштердин ж.б.) саны, T - бир жол-жобо боюнча сааттар менен сарпталган убакыт).
18. Талдоонун жыйынтыктары боюнча жол-жобону өзгөртүүсүз калтыруу; өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; жол-жобону жөнөкөйлөтүү; аны санариптик форматка өткөрүү; аутсорсингге берүү; же аны жараксыз деп табуу сунушталат.
3 тиркеме
Административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу боюнча сунуштама формасы
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Сунуштоо параметрлери | ||||
Өзгөртүүсүз калтыруу | Жол-жобону өзгөртүү | Жол-жобону жокко чыгаруу | Аутсорсингке өткөрүп берүү | Толук санариптик трансформация | ||
1. |
|
|
|
|
|
|
2. | Негиздеме
| Ушул Колдонмонун 6.3-пунктуна негизделген тандалган сунуштоо варианты үчүн негиздеме бериңиз. | ||||