Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 31-мартындагы № 2-д
Административдик жол-жоболорго талдоо жүрүзүү боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укуктук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 11-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 7-пунктунун 18-пунктасын жана 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Административдик жол-жоболорго талдоо жүрүзүү боюнча колдонмо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Экономикалык мыйзамдар башкармалыгы:
1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырсын;
2) ушул буйрукту ченемдик укуктук актыларды талдоодо жана иштеп чыгууда бюрократиялык тоскоолдуктарды, бири-бирин кайталаган функцияларды жана административдик жол-жоболордогу ашыкча талаптарды системалуу түрдө жоюуга багытталган методикалык жардам катары колдонуу үчүн министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтсүн.
3. Укуктук маалымат башкармалыгы ушул буйрукту Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына жайгаштырсын.
4. Регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын, аймактык башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Ушул буйрук кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Министрдин биринчи орун басары |
| С.Т. Ызакова |