Редакцияот 11.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 11-марты № 154-т

 

 

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда эмерек кластерин түзүү жана өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "MASTER KG" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда эмерек кластерин түзүү жана өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жогоруда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев