Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме
|
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө
жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын (мындан ары – Академия) кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө тартибин аныктайт.
2. Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысы кызматтык маянадан, кошумча төлөмдөрдөн, дем берүүчү жана компенсациялык мүнөздөгү үстөктөрдөн турат.
3. Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысынын тарифтик ставкасын (маянасын) эсептөө үчүн минималдуу базалык ставканын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.
2-глава. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
4. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр жана терминдер:
кызматтык маяна – компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эсепке албаганда, календардык ай үчүн бир ставкага кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн Академиянын кызматкеринин эмгегине акы төлөө;
эмгек акы – иштин татаалдыгына, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына жараша Академиянын кызматкерлеринин эмгеги үчүн берилүүчү сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр;
Компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр үстөктөр жана кошумча төлөмдөр түрүндө кепилденген эмгек акыга чегерилүүчү райондук коэффициентти кошпогондо, Академиянын кызматкеринин кызматтык маянасына карата абсолюттук өлчөмдөр же пайыздар менен белгиленет;
дем берүүчү жана компенсациялык үстөктөр – Академиянын кызматкеринин кыйла жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишүүгө, кесиптик чеберчилигин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга дем берүүчү белгиленген кызматтык маянасынын үстүнө төлөнүүчү үстөктөр.
Компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү үстөктөр Академиянын кызматкеринин кызматтык маянасынан конкреттүү акчалай суммада же аныкталган пайызда төлөнүшү мүмкүн.
3-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
5. Академия жыл сайын 1-сентябрга карата Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик тизмесин ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзөт.
Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын билими, педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардактуу наамдары жөнүндө тарифтик тизмеде берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн Академиянын ректору жеке жоопкерчилик тартат.
6. Профессордук-окутуучулук курамга окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор кирет.
7. Окуу жылынын ичинде Академиянын кызматкерлеринин педагогикалык иш стажы, билими жөнүндө маалыматтар өзгөрүлгөн же аларга окумуштуулук даража, «Элдик» жана «Эмгек сиңирген» ардактуу наамдары ыйгарылган учурларда аларга тиешелүү кошумча төлөмдөр белгиленет, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган учурларда, эмгек акынын өлчөмү жогорулайт.
Бул учурларда эмгек акынын өлчөмдөрүн өзгөртүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) педагогикалык иш стажы көбөйгөндө – эгерде документтер Академияда болсо, тиешелүү стажга жеткен күндөн тартып же педагогикалык иш стажы үчүн кошумча төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууга укук берген стаж жөнүндө документ берилген күндөн тартып;
2) билим алганда же билими жөнүндө документтерди калыбына келтиргенде – тиешелүү документти берген күндөн тартып;
3) «Элдик» жана «Эмгек сиңирген» ардактуу наамдары жана «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылганда – ыйгарылган күндөн тартып;
4) окумуштуулук даража ыйгарылганда – Улуттук аттестациялык комиссия окумуштуулук даражаны ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарган күндөн тартып.
Кызматкердин эмгек акысынын өлчөмүн өзгөртүүгө укук анын кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн мезгилинде, ошондой эле анын убактылуу эмгекке жарамсыздыгы мезгилинде пайда болсо, эмгек акыны төлөө эмгек акынын өлчөмүнүн өзгөрүшүнө жараша өргүү же убактылуу эмгекке жарамсыздык аяктаган күндөн тартып жүргүзүлөт.
8. Академиянын «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку артыкчылык даражасына, «Элдик» жана «Эмгек сиңирген» ардактуу наамдарына, илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк белгиленет.
9. Академиянын кызматкерлери үчүн эки же андан көп негиздер боюнча ардактуу наамдар үчүн үстөктөрдү белгилөө жана эмгек акынын өлчөмүн жогорулатуу каралган учурларда үстөк кызматкердин каалоосу боюнча алардын бири боюнча жүргүзүлөт.
10. Бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги үчүн, ошондой эле эмгек акы төлөөнүн өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Академиянын кызматкерлерине бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн ай сайын берилүүчү үстөктөр кызматтык маянага жана ставкага эсептелет.
11. Академиянын педагогикалык кызматкерлерине эмгек акынын ставкасы жылына окуу ишинин 750 саатына белгиленет.
Академиянын педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акыны саатына төлөөнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
12. Тазалоочуларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянасынан 25 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк белгиленет.
13. Убактылуу жок кызматкердин милдеттерин аткаргандыгы үчүн төлөмдөр:
– кызматкерлерге өзүнүн жумуш убактысында (негизги жумушу менен катар) убактылуу жок кызматкердин милдеттерин (айкалыштыруу) жана башка адистик, квалификация же кызмат орду боюнча кошумча жумуш аткаргандыгы үчүн алмаштырылган кызматкердин кызматтык маянасынан 30 пайыздан кем эмес жана айкалыштыруучу кызмат орду боюнча 50 пайызга чейинки өлчөмдө кошумча төлөм жүргүзүлөт;
– жумуш убактысынан тышкары айкалыштырып иштеген кызматкерлерге кызмат орду боюнча иш жүзүндө иштеген сааттары үчүн төлөм белгиленет. Жумуш убактысынын нормалдуу узактыгынан ашыкча иштөө күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш.
4-глава. Билимин жана педагогикалык иш стажын
аныктоо тартиби
14. Академиянын педагогикалык кызматкерлеринин билими окуу жайды аяктагандыгы тууралуу документтердин (дипломдордун, аттестаттардын) негизинде аныкталат.
Билими жөнүндө документтерин жоготуп алган профессордук-окутуучулук курамдын кызматкерлери аларды мыйзамдарда каралган тартипте калыбына келтире алат.
15. Профессордук-окутуучулук курамдын педагогикалык стажы Академияга ишке кабыл алынган күндөн тартып иштен бошотулган күнгө чейин календардык күндөрдө, айларда жана жылдарда суммалык эсептелет.
Педагогикалык иш стажына иштен мыйзамсыз бошотууга байланыштуу жана кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтиргенге чейин иштебей жүргөнгө мажбур болгон мезгил кошулат.
Эмгек ишиндеги тыныгуу убактысы бир иштен бошотулган учурдан (окуунун аякташы) башка ишке орношконго чейин, кандай себептер менен болбосун (иштен мыйзамсыз бошотуу учурларын кошпогондо) иш стажына киргизилбейт.
16. Педагогикалык иш стажын аныктоо үчүн негизги документ болуп эмгек китепчеси эсептелет.
Эмгек китепчесиндеги жазуулар менен ырасталбаган адистиктер боюнча иш стажы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтому менен бекитилген Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленет.
17. Педагогикалык стаж үчүн ай сайын берилүүчү үстөктү төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Эмгек стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамын Академиянын ректору бекитет.
18. Педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү төлөө үчүн негиз болуп педагогикалык стажды белгилөө боюнча комиссиянын чечиминен көчүрмө саналат. Педагогикалык иш стажы үчүн ай сайын берилүүчү пайыздык үстөк бул үстөктү дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып төлөнөт.
Календардык айдын ичинде үстөктүн өлчөмүнө таасир этүүчү педагогикалык иш стажы өзгөрсө, үстөктүн жаңы өлчөмү өзгөрүү болгон учурдан тартып белгиленет.
Педагогикалык иш стажы үчүн ай сайын берилүүчү пайыздык үстөк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкердин орточо сакталган эмгек акысын эсептөөнүн бардык учурларында, анын ичинде өргүү же убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде эске алынат.
Эгерде кызматкердин кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн мезгилинде, ошондой эле анын убактылуу эмгекке жарамсыздыгы мезгилинде педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укугу пайда болсо, үстөктү дайындоо аны дайындоого же өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып жүргүзүлөт.
Эгерде кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде, орточо эмгек акысы сакталган учурда педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укугу пайда болсо, үстөк бул укук пайда болгон учурдан тартып белгиленет, орточо эмгек акы тиешелүү түрдө кайра эсептелет.
Кызматкер иштен бошотулганда педагогикалык иш стажы үчүн үстөк иштеген убакытка пропорционалдуу түрдө чегерилет.
Академияда педагогикалык ишке тартылган Академиянын кызматкерлерине (айкалыштырып иштегендер) педагогикалык иш стажы үчүн үстөк эмгек акыны саатына төлөөгө карата белгиленген пайыздарда төлөнөт.
Педагогикалык иш стажы үчүн үстөктүн өлчөмүн өз убагында кайра карап чыгуу үчүн жоопкерчилик Академиянын ректоруна жүктөлөт.
19. Педагогикалык иш стажына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Академиядагы педагогикалык, жетекчилик жана методикалык иш;
2) өндүрүштөн четтөө менен педагогикалык окуу жайларында окуган мезгил;
3) Академиянын педагогикалык кызматкерлеринин иш мезгилдери, анын ичинде кыргыз, орус тилдеринин окутуучулары – мамлекеттик жана расмий тилдерди окутууда квалификацияны жогорулатуу курстарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген мезгили.
Мында алардын педагогикалык стажга педагогикалык иш аткарылган учурдагы айлар гана кошулат.
Академияда сабак берген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине педагогикалык стаж алардын окуу ишинин көлөмү жылына кеминде 240 саатты түзгөн учурда кошулат.
Мында алардын педагогикалык иш стажына алар педагогикалык иш жүргүзгөн учурдагы айлар кошулат.
Финансы жана инфраструктуралык иштер боюнча проректордон тышкары, Академиянын ректоруна жана проректорлоруна, ошондой эле Академиянын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк негизги кызмат орду боюнча төлөнөт.
Айкалыштырып иштөө боюнча педагогикалык иш жүргүзгөн педагогикалык кызматкерлерге педагогикалык иш стажы үчүн үстөк айкалыштырып иштеген кызмат орду боюнча да төлөнөт.
20. Академиянын педагогикалык кызматкерлерине кызматтык акысына (маянасына) жана ставкасына 3 жылдык педагогикалык иш стажы үчүн 10 (он) пайыз, 8 жыл үчүн – 20 (жыйырма) пайыз, 13 жана андан ашык жыл үчүн – 30 (отуз) пайыз өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
21. Иши педагогикалык иш стажына кошулуучу Академиядагы кызмат орундар:
– профессордук-окутуучулук курам (окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор);
– ректор;
– проректор, финансылык жана инфраструктуралык иштер боюнча проректордон тышкары;
– окуу (окуу-тарбиялык) бөлүмдүн башчысы;
– практика жетекчиси;
– методист;
– педагогикалык ишти жүргүзүүчү башка кызмат орундар.
5-глава. Академиянын кызматкерлеринин эмгек
акысын эсептөө тартиби
22. Академиянын эмгек акы төлөө фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
– республикалык бюджеттин каражаттары;
– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген башка каражаттар.
Эмгек акы төлөө фондунан эмгек акы, дем берүүчү жана компенсациялык үстөктөр төлөнөт.
23. Академиянын кызматкерлеринин эмгек акысы төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кызматтык маяна;
2) педагогикалык иш стажы үчүн үстөк;
3) президенттик компенсациялык төлөм;
4) окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
5) наамдары үчүн үстөк;
6) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөм.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жөнүндө жобого
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы
Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессордук-окутуучулук курамынын
20__ / 20__ окуу жылы үчүн тарификациялык тизмеси
Аты-жөнү | Окуту- луучу предмет | Били-ми | Педагоги-калык иш стажы, жыл | Эселөө коэффи-циенти | Ставка-нын, кызмат-тык маянанын олчөмү | Жумадагы, окуу жылын-дагы педагоги-калык сааттардын саны | Педагоги-калык иш үчүн эмгек акы, сом | Айыл жеринде иштеген-диги үчүн кошумча төлөм, сом | Бийик тоолуу жана алыскы зоналар-дагы иш стажы үчүн үстөк, сом | Педагоги-калык стаж үчүн кошумча төлөм, сом | Бардык бир айдагы эмгек акы, сом | Район-дук коэф-фициент, сом | Президент-тик компенса-циялык төлөм, сом | Жалпы бир айдагы эмгек акы, сом |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жөнүндө жобого
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин иш убактысы педагогикалык иш стажына
кошула турган билим берүү жана башка уюмдардын, мекемелердин жана кызмат орундарынын
тизмеси
Билим берүү уюмдары | Кызмат орундары |
Бардык типтеги жана аталыштагы жалпы билим берүүчү мектептер жана мектеп-интернаттар, мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинаттар | Мугалим, педагог, мугалим-дефектолог, мугалим-логопед, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, окуу өнөрканаларынын устаты, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу, окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, улук тарбиячы, сурдопедагог, сурдокотормочу, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор, социалдык педагог |
Музыкалык жана көркөм сүрөт мектептери, искусство мектептери жана мектеп-интернаттар | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, улук тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор |
Логопеддик пункттар | Логопеддик пункттун башчысы, мугалим-логопед |
Балдар үйлөрү, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрү, тарбиялоо-эмгек колониялары, балдарды кабыл алуу пункттары, жашы жете электер үчүн кабыл алуучу-бөлүштүрүүчүлөр, мектеп-колониялар (аталышына карабастан), илимий медициналык-педагогикалык консультациялар | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы (атасы, энеси), улук тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор, окуу өнөрканаларынын устаты, режим боюнча улук нөөмөтчү, режим боюнча нөөмөтчү, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбиялоо) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, мугалим-логопед, сурдопедагог, социалдык педагог |
Бардык типтеги жана аталыштагы балдардын билим берүү уюмдары | Директор, тарбиячы, окутуучу, музыкалык жетекчи, музыкалык кызматкер, мугалим-логопед, сурдопедагог, психолог, директор, сурдокотормочу |
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары | Ийримдин же секциянын жетекчиси, аккомпаниатор, концертмейстер, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), методист, маданий уюштуруучу, бөлүм башчы |
Кесиптик баштапкы билим берүүнүн билим берүү уюмдары | Окутуучу, педагог, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, методист, өндүрүштүк окутуунун, окуу өнөрканаларынын устаты, сурдопедагог, сурдокотормочу, улук устат, баштапкы аскердик даярдык жана дене тарбия боюнча жетекчи, спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы |
Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары | Окутуучу, тарбиячы, концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор, бөлүм башчы, дене тарбия жетекчиси, психолог, методист, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, өндүрүштүк окутуу устаты |
Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары | Профессордук-окутуучулук курам (ассистент, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор), концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор, ректор, проректор (финансы-чарбалык иштер жана маркетинг боюнча проректордон тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн башчысы, практиканын жетекчиси, методист |
Кадрларды өркүндөтүү, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу институттары, Кыргыз билим берүү академиясы, окуу-методикалык кабинеттер | Профессордук-окутуучулук курам, директор (президент) жана анын орун басары (вице-президент) (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан (вице-президенттен) тышкары). Педагогдук иш жүргүзгөн методист, окуу-методикалык кабинетинин башчысы, илимий кызматкер, окуу бөлүмүнүн, кабинеттин, лабораториянын башчысы |
Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелери: балдар үйлөрү, балдар санаторийлери | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, улук тарбиячы, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор |