Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме
|
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин тарифтик
ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Айына тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти |
|
Административдик-башкаруучу персонал
| |
1 | Ректор | 6,00 |
2 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү боюнча биринчи проректор, академиялык жана илимий иштер боюнча проректор | 5,40 |
3 | Финансы жана инфраструктуралык иштер боюнча проректор | 5,10 |
4 | Финансы бөлүмүнүн башчысы (башкы бухгалтер) | 5,20 |
5 | Бөлүм башчы, башкы адис | 4,80 |
6 | Бухгалтер, экономист, жетектөөчү адис, юрист | 4,55 |
7 | Адис, инженер | 4,35 |
|
Техникалык тейлөөчү персонал
| |
8 | Комендант | 2,70 |
9 | Айдоочу, кампа башчысы, диспетчер, оператор | 2,65 |
10 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, электрик | 2,10 |
|
Кенже тейлөөчү персонал
| |
11 | Гардеробчу, кароолчу (вахтер, күзөтчү), көмөкчү жумушчу, кызматтык жайларды (аймакты) тазалоочу | 1,80 |
Эскертүү:
1. Академиянын кызматкерлерине аткарган ишинин сапатына жараша Академиянын ректорунун чечими менен төмөнкүдөй өлчөмдөрдө саатына дифференцияланган үстөк төлөнөт (бир ставкадан ашпаган):
1) ректорго – 23 000 сом;
2) биринчи проректорго жана академиялык жана илимий иштер боюнча проректорго – 13 000 сом;
3) финансылык жана инфраструктуралык иштер боюнча проректорго – 9 000 сом;
4) финансы бөлүмүнүн башчысына (башкы бухгалтерге) – 30 000 сом;
5) бөлүм башчыга – 27 000 сом;
6) башкы адиске – 26 500 сом;
7) бухгалтерге, экономистке, жетектөөчү адиске, юристке – 25 000 сом;
8) адиске, инженерге – 23 000 сом;
9) комендантка – 25 000 сом;
10) айдоочуга, кампа башчысына – 20 000 сом;
11) диспетчерге, операторго, жыгач устага (столярга), сантехникке, слесарга, электрикке – 15 000 сом;
12) гардеробчуга, кароолчуга (вахтерго, күзөтчүгө), көмөкчү жумушчуга, кызматтык жайларды жыйноочуга – 13 500 сом.
2. Техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен кесиптик билимдерди, билгичтиктерти жана көндүмдөрдү талап кылган аткарылган иштин татаалдыгына жараша белгиленет.
3. Техникалык тейлөөчү персоналдын кесиптик чеберчилиги үчүн дифференцияланган үстөктөр төмөнкүдөй белгиленет: 2-разряддагы жумушчулар үчүн – тиешелүү кызматтык маянадан 5 пайыз, 3-разряд үчүн – 10 пайыз, 4-разряд үчүн – 15 пайыз, 5-разряд үчүн – 20 пайыз, 6-разряд үчүн –25 пайыз өлчөмүндө.
4. Кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылган иштин татаалдыгына жараша белгиленет.