КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 9 сессиясы
2025-жылдын 31-июлу № 19
2025-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана 2025-жылга карата Курама айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.М.Шаршекеева 2025-жылдын I-жарымындагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана 2025-2028-жылдарга Курама айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын Ж.М.Шаршекеева 2025-жылдын бюджетинин I-жарымындагы аткарылгандыгы боюнча: бекитилген план 14071,1 миң сом аткарылган план 15071,2 касса боюнча 12445,2 миң сом отчету эске алынсын.
Төрага | Джумагулов А.К. |