ТоктомКүчүндө

Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 31-июлу № 19 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана 2025-жылга карата Курама айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция31.07.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 9 сессиясы

 

2025-жылдын 31-июлу № 19

 

 

2025-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана 2025-жылга карата Курама айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө

Курама айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.М.Шаршекеева 2025-жылдын I-жарымындагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана 2025-2028-жылдарга Курама айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесине ылайык, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Курама айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын Ж.М.Шаршекеева 2025-жылдын бюджетинин I-жарымындагы аткарылгандыгы боюнча: бекитилген план 14071,1 миң сом аткарылган план 15071,2 касса боюнча 12445,2 миң сом отчету эске алынсын.

 

 

Төрага

Джумагулов А.К.