Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
15-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жободо:
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– сыноо протоколун берүү;
– азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза;
– жаныбарларды жасалма уруктандыруу.».
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |