ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрели № 217 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17»Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция02.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

 2026-жылдын 2-апрели  № 217

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын

15-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө»

токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ветеринария жаатындагы мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө жободо:

3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«– сыноо протоколун берүү;

– азык-түлүк базарларындагы ветеринардык-санитардык экспертиза;

– жаныбарларды жасалма уруктандыруу.».

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев