Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/47
Сары-Өзөн айыл аймагынан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-июнундагы №01-16/1836-кайрылуу катынын негизинде, айыл аймактан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү маселеси каралып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагында ваучер кызматын ала турган балдардын бир күндүк тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 (жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик-пландоо комиссиясынын төрагасы А.Джазымкуловго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |