ТоктомКүчүндө

Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 01-7/47 «Сары-Өзөн айыл аймагынан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө» токтому

Редакция15.07.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-июлу № 01-7/47

 

Сары-Өзөн айыл аймагынан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-июнундагы №01-16/1836-кайрылуу катынын негизинде, айыл аймактан ваучер кызматын алуучу балдардын тамак-ашына акча каражатын бөлүү маселеси каралып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 токтомунун негизинде, ошондой эле 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагында ваучер кызматын ала турган балдардын бир күндүк тамак-ашы үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 (жүз) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик-пландоо комиссиясынын төрагасы А.Джазымкуловго жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

С.Б. Бекмырзаев