Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/53
1-Май айылында жайгашкан мал базардын прейскурант баасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чомоковдун 2025-жылдын 14-июлундагы №01-04/40 кайрылуусунун негизинде, 1-Май айылында жайгашкан мал базардын прейскурант бааларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы №01-7/45 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Сары-Өзөн айыл аймагынын 1-Май айылындагы муниципалдык мал базарында муниципалдык «Таза-Айыл» ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баалар прейскурантына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор салыктарды эске алуу менен №1-Тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жана “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору Ж.С. Чомоковго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |