Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 01-7/58
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын Сары-Өзөн айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-октябрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-февралындагы №54 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларда жана аймактарда саат 22:00дөн 07:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Н.Бербаев ушул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-октябрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү жана зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
| М.Р. Кадыркулов |