ТоктомКүчүндө

Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 01-7/58 «Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын Сары-Өзөн айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө» токтому

Редакция08.09.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 8-сентябры № 01-7/58

 

Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын Сары-Өзөн айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-октябрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-февралындагы №54 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларда жана аймактарда саат 22:00дөн 07:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин.

2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Н.Бербаев ушул токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-октябрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү жана зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

Төрага

 

М.Р. Кадыркулов