Редакцияот 10.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-апрели № 241

Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо,

кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө

жобону бекитүү тууралуу

 

«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги алты айлык мөөнөттө Жалпыга маалымдоо каражаттарынын реестрине мурда катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу маалыматтарды киргизүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобону жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев