Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 2-апрели № 214-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 251, 372-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 18-беренесинин 11-бөлүгүнө, 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 115-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 14 «Бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 129, 146-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Мамлекеттик финансылык холдинг» ачык акционердик коомуна «Оштогу № 1-Жүргүнчүлөрдү Ташуучу Автоунаа Мекемеси» ачык типтеги акционердик коомунун (мындан ары – «Оштогу №1-ЖТАУМ» АТАК) кредитордук карызын төлөө эсебине кабыл алынган, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ош шаары, Монуев көчөсү, 57/4 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 5-11-08-0187-0130, аянты 13 817,0 кв. м болгон жер тилкесин белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү сунушталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте:
1) 2026-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө «Оштогу №1-ЖТАУМ» АТАКтын кредитордук талаптарын канааттандыруу учурунда келип чыккан айырма катары 390 714 020 (үч жүз токсон миллион жети жүз он төрт миң жыйырма) сом суммасында финансылык эмес активдердин наркын эске алсын;
2) 2026-жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин сметасы боюнча ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык финансылык эмес активдердин наркын эске алсын;
3) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине менчик укугун белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |