Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-апрели № 217-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-жылдын 26-ноябрында түзүлгөн, 2024-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РЦА Ливинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы «Бишкек шаарында бизнес-борборлору, турак жай, социалдык жана инфраструктуралык объекттери, сейил бак зоналары менен имараттардын комплексин куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |