Курама айылдык кеңештин 2025-жылдын 10-октябры № 40 «Панфилов районунун Эфиронос айылынын Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери» боюнча токтому
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 11-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 40
“Панфилов районунун Эфиронос айылынын Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери” боюнча
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаеванын Панфилов районундагы Эфиронос айылында жайгашкан Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча дем берүүчү гранттын долбоорунун жалпы баасы 6 288 105 (алты миллион эки жүз сексен сегиз миң жүз беш сом) түзөрүн, анын ичинен Курама айыл өкмөтүнүн каржылык салымы 1 288 105 сомду (бир миллион эки жүз сексен сегиз миң жүз беш сом) түзөрүн маалымдаган. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эфиронос айылындагы Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча долбоорду бекитип, жергиликтүү бюджеттен 1 288 105 сом (бир миллион эки жүз сексен сегиз миң жүз беш сом) каражат бөлүнсүн.
2. Долбоор боюнча материалдарды Панфилов районунун финансылык бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |