Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо аялуу чөйрөлөрдү жана иш багыттарын идентификациялоо, коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзүүчү шарттарды жана жагдайларды аныктоо, аларды минималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды киргизүү, ошондой эле бийлик органдарынын ишинин ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасында башкаруучулук жана административдик жол-жоболорду өркүндөтүү аркылуу коррупциянын алдын алуунун туруктуу системасын түзүүгө багытталган коррупциялык тобокелдиктерди табуунун, баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү методологиялык жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
Ушул Жобону колдонуу киргизилип жаткан чаралар негиздүү, максатка ылайыктуу жана аткарылууга тийиш болгон өлчөмдүүлүк жана практикалуулук принциптерин эске алуу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ресурстарын коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө жөндөмдүү кыйла ыктымалдуу жана олуттуу коррупциялык тобокелдиктерге топтоону караган тобокелдикке багытталган мамилеге негизделет. Бул Жобонун ченемдери кызмат адамдары тарабынан дискрециялык ыйгарым укуктарды ишке ашырууга мүмкүндүк берген механизмдерге басым жасоо менен административдик жол-жоболордун жана башкаруучулук чечимдердин функционалдык жана процессуалдык талдоосуна негизделет.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана административдик ведомстволоруна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, ошондой эле алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө жайылтылат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) дискрециялык ыйгарым укуктар - кызмат адамына толук жана объективдүү критерийлер жок болгон учурда башкаруучулук чечимдин түрүн, мазмунун жана кабыл алуу жол-жобосун өз каалоосу боюнча аныктоого, ченемдик укуктук же ведомстволук актыларда каралган чечимдин бир нече варианттарынын бирин тандоого мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген укуктардын жана милдеттердин жыйындысы;
2) коррупциялык тобокелдиктерди табуу - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциялык укук бузууларды жасоо ыктымалдыгы жогору болгон иш чөйрөлөрүн, кызматтык функцияларын жана башкаруучулук жол-жоболорун аныктоо процесси;
3) коррупциялык тобокелдик - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамынын өзүнө же үчүнчү жактарга мыйзамсыз пайда алуу үчүн кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланууга, ошондой эле жеке жана/же юридикалык жактарга мындай пайданы мыйзамсыз берүүгө байланышкан аракеттерди жасоого же аракетсиздикке жол берүү мүмкүнчүлүгүндө көрүнгөн, коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү жагдайлардын (себептердин жана шарттардын) пайда болуу ыктымалдыгы;
4) коррупциогендик кызмат орун - коррупциялык тобокелдиктердин жогорку деңгээли менен объективдүү түрдө байланышкан, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмүндөгү кызмат орун, уюштуруу-тескөөчүлүк, административдик-чарбалык, контролдук-текшерүүчүлүк (көзөмөлдүк), каттоо же уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу, башкаруучулук же укуктук маанилүү чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле материалдык, финансылык жана/же башка ресурстарга жетүү менен байланышкан милдеттерди аткаруу;
5) коррупциогендик фактор - ченемдик укуктук актынын мазмунунан келип чыккан, укук колдонуучу үчүн кароонун негизсиз кеңири чектерин белгилеген, жалпы эрежелерден алып салууларды негизсиз колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жол берген же өз алдынча же болбосо башка жагдайлардын жыйындысында коррупциялык укук бузууларды жасоо үчүн өбөлгөлөрдү түзгөн белгисиз, баалоочу же карама-каршы талаптарды камтыган шарт же жагдай;
6) коррупциялык тобокелдиктерди баалоо - башкаруу процессин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон шарттарды жана жагдайларды, анын ичинде коррупциялык аялуу административдик жол-жоболорду, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык жана башка жыргалчылыктар жана артыкчылыктар түрүндө өзү же үчүнчү жактар үчүн мыйзамсыз пайда алуу, мындай жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке же юридикалык жактарга берүү максатында кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзгөн функцияларын жана ыйгарым укуктарын комплекстүү талдоо жана системалаштыруу, ошондой эле табылган коррупциялык тобокелдиктерди алардын ишке ашуу ыктымалдуулугун жана потенциалдуу зыяндарын эске алуу менен алардын маанилүүлүк (оордук) даражасы боюнча рейтингдөө;
7) коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга же жоюуга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча системалуу жана үзгүлтүксүз иши.
Ушул Жободо аныкталбаган түшүнүктөр коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
3. Ушул Жобонун практикалык колдонулушу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) коррупциялык тобокелдиктерди жаратуучу же пайда кылууга жөндөмдүү дискрециялык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу менен байланышкан укуктук, уюштуруучулук жана институттук факторлорду табууну;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын системасында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин (мындан ары - Коррупциялык тобокелдиктердин тизмеги) түзүү жана актуалдаштыруу, ошондой эле аны учурдагы коррупцияга каршы иште, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо, ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүдө пайдаланууну;
3) аныкталган коррупциялык тобокелдиктердин терс таасирин минималдаштырууга же жоюуга багытталган практикалык сунуштарды жана чараларды иштеп чыгууну жана киргизүүнү;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин киргизүүнү, өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү.
4. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу процесси төмөнкү алгоритм боюнча жүргүзүлөт:
1) функцияларды (жол-жоболорду) инвентаризациялоо жана коррупциогендик зоналарды аныктоо;
2) коррупциялык көрүнүштөр болушу мүмкүн болгон учурларды жана жагдайларды табуу;
3) коррупциялык тобокелдиктерди алардын пайда болуу ыктымалдыгын жана мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алуу менен баалоо;
4) коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин түзүү жана бекитүү;
5) коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) чараларды ишке ашыруу жана алардын аткарылышын контролдоо (мониторинг жүргүзүү);
7) коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин, ошондой эле аларды минималдаштырууга (жоюуга) багытталган коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу.
2-глава. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу жана баалоо, коррупциогендик зоналарды аныктоо
5. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу жана баалоо, ошондой эле коррупциогендик зоналарды аныктоо коррупциянын алдын алуу, кызмат адамдарын (кызматчыларды) мыйзамсыз аракеттерге түрткөн шарттарды, коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзгөн факторлорду (коррупциогендик кырдаалды) азайтуу же жоюу, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси жумушчу топту (комиссияны) түзөт же маалыматтарды чогултуу, коррупциялык тобокелдиктерди идентификациялоону жана баалоону жүргүзүү, Коррупциялык тобокелдиктердин тизмесинин долбоорун, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планынын долбоорун даярдоо, ошондой эле кабыл алынган чаралардын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча функциялар жүктөлгөн жооптуу түзүмдүк бөлүмдү (кызмат адамын) аныктайт.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупциялык тобокелдиктерди талдоого жана баалоого коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү адистерди/эксперттерди тартууга укуктуу.
Коррупциянын алдын алуу механизмдерин комплекстүү ишке ашырууну камсыз кылуу максатында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо борбордук аппаратта, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүндө алардын уюштуруу түзүмүн, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.
7. Башкаруу системасында коррупциялык тобокелдиктерди табуу процесси мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда аткарылуучу иш-аракеттердин жана жол-жоболордун ырааттуулугун деталдуу изилдөөнү караган административдик жол-жоболорду талдоодон башталат жана ал кызмат адамдары (кызматчылар) тиешелүү жол-жоболордун натыйжаларына же экономикалык баалуулугу бар материалдык, финансылык жана башка ресурстарды бөлүштүрүүгө олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон административдик процесстин этаптарын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Коррупциялык тобокелдиктерди баалоо дискрециялык ыйгарым укуктардын жогорку даражасы менен мүнөздөлгөн иш чөйрөсүн жана аларды ишке ашыруу шарттарын, анын ичинде жол-жоболордун ченемдик аныктыгын, чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындуулук жана объективдүүлүк критерийлеринин болушун, ошондой эле алар жок болгон учурда процесстерди жасалма түрдө созуу жана маселелерди чечүүнүн формалдуу эмес ыкмаларын колдонуу ыктымалдыгы жогору болгон белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын талдоого негизделет.
Мында коррупциялык тобокелдиктерди табуу кызмат адамдарынын (кызматчылардын) жеке мүнөздөмөлөрүн эмес, коррупциялык аялуу функцияларды жана административдик жол-жоболорду талдоо жолу менен ишке ашырылат жана коррупциялык укук бузууларды жасоо мүмкүнчүлүгүн түзүүчү же түзүүгө жөндөмдүү факторлорду жана жагдайларды аныктоого багытталат.
Жол-жоболорду талдоонун өзүнчө элементи болуп кызыкчылыктардын потенциалдуу кагылышууларын табуу жана баалоо саналат, анын алкагында кызмат адамынын (кызматчынын) жеке кызыкчылыгын, анын ичинде жакын туугандарынын кызыкчылыктары менен байланышкан кызыкчылыгын коомдун жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талданат, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусун декларациялоонун жана жөнгө салуунун колдонуудагы механизмдеринин жетиштүүлүгү жана натыйжалуулугу бааланат.
8. Жогорку коррупциялык тобокелдиктер менен мүнөздөлгөн функциялардын тизмегин аныктоо, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушуна жана ишке ашуусуна шарт түзгөн факторлорго комплекстүү жана системалуу талдоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгиленген компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу функциялардын жана административдик жол-жоболордун төмөнкүдөй түрлөрү бааланууга тийиш:
1) ченем жаратуу иши - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү актыларына ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча иши;
2) контролдук-көзөмөлдүк жана жөнгө салуу функциялары - мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу, анын ичинде текшерүүлөрдү, инспекцияларды, ревизияларды, мониторингди жүргүзүү, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу үчүн милдеттүү болгон жазма буйруктарды жана башка административдик актыларды чыгаруу;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр - жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле жарандык-укуктук мамилелерден келип чыгуучу милдеттерин ишке ашыруу максатында алардын компетенциясынын чегинде жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аларга баш ийген мекемелердин иши;
4) уруксат берүү жана каттоо функциялары - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын юридикалык жактарга жана жарандарга иштин жана/же иш-аракеттердин белгилүү түрүн жүзөгө ашырууга лицензияларды жана уруксаттарды берүү (күбөлөндүрүү, макулдашуу, аккредитациялоо жана башка уруксат берүүчү документтер), ошондой эле жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу максатында актыларды, укуктарды жана объекттерди мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан иши;
5) юрисдикциялык функциялар - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын иштерди кароо жана мамлекеттик таасир этүү чараларын, анын ичинде айыптарды жана башка жаза чараларын колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча иши;
6) мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө, анын ичинде жер ресурстарына, баалуу кагаздарга жана башка активдерге карата менчик ээсинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруусу;
7) финансылык ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу - бюджеттик каражаттарды башкаруу, субсидияларды, гранттарды, кредиттерди, жеңилдиктерди жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүн берүү, аларды максаттуу пайдаланууну контролдоо;
8) мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алуулар - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну пландаштыруу жана жүргүзүү процесси, ошондой эле берүүчүлөрдү (подрядчыларды) жана консультанттарды тандоо, анын ичинде ачык жарыялабастан бир булактан методун колдонуу менен тандоо, мамлекеттик каражаттардан каржылоо жана контракттарды башкаруу;
9) аудиттер жана текшерүүлөр - тышкы мамлекеттик аудиттерди (финансылык аудиттерди, шайкештик аудиттерин жана натыйжалуулук аудиттерин), ички аудиттерди (финансылык-чарбалык процесстердин натыйжалуулугун жана үзүрлүүлүгүн, активдердин сакталышын, отчеттуулуктун аныктыгын, иштин ички аудит объекттеринин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоочу мыйзамдардын ченемдерине жана ички уюштуруучулук-тескөөчү документтерге ылайык келишин баалоо), салыктык жана башка контролдук текшерүүлөрдү жүргүзүү;
10) персоналды башкаруу - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды дайындоо, которуу же бошотуу, конкурстарды өткөрүү жана алардын ишин баалоо процесстери, мында кабыл алынган чечимдер мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кесиптик сапаттарын, компетенцияларын жана ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун объективдүү баалоого негизделүүгө тийиш.
9. Коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин түзүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жогорку коррупциялык аялуулук менен мүнөздөлгөн төмөнкү функцияларына жана багыттарына өзгөчө көңүл бурулат:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу;
2) тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерди түзүү, бөлүштүрүү жана аткаруу;
3) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө, анын ичинде кыймылсыз мүлк объекттерин ижарага берүү, акысыз жана убактылуу пайдалануу, ошондой эле менчиктештирүү;
4) мамлекеттик кепилдиктерди, субсидияларды, бюджеттик кредиттерди жана башка мамлекеттик колдоонун түрлөрүн берүү;
5) лицензиялоо жана уруксат берүү иши;
6) жерди пайдалануу, анын ичинде жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга берүү (анын ичинде ижара шартында), жерлерди бир категориядан башкасына же жердин бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо), максаттуу багытын өзгөртүү, төлөмдөрдү белгилөө жана алуу, айыл чарба жана/же токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу;
7) шаар куруу иши, кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттик экспертизалоо;
8) тергөөгө чейинки текшерүүнү жүзөгө ашыруу, кылмыш ишин козгоо, тергөө өндүрүшү;
9) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын, авариялардын, өндүрүштөгү бөөдө кырсыктардын, адамдардын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ооруларынын пайда болуу себептерин, айлана-чөйрөгө, жарандардын жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү фактыларын териштирүүнү жүргүзүү;
10) мүлктү каттоо жана мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн маалымат базасын жүргүзүү;
11) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
12) материалдык-техникалык ресурстарды сактоо жана бөлүштүрүү;
13) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасындагы кадрдык чечимдер, кызмат орундарына дайындоо, бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды өткөрүү, кадрлар резервин түзүү, кызматкерлердин ишин баалоо, аларды которуу жана кызмат өтөөгө байланыштуу башка чечимдер.
Көрсөтүлгөн тизмек толук деп саналбайт, тиешелүү органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен такталууга жана толукталууга тийиш.
10. Коррупциялык тобокелдиктердин жогорку деңгээли айрым экономикалык жана социалдык чөйрөлөргө мүнөздүү: транспорт жана жол чарбасы; курулуш жана капиталдык оңдоо; финансылык башкаруу; саламаттык сактоо; билим берүү; жаратылыш-ресурстук жөнгө салуу; жер казынасын пайдалануу; энергетика; агроөнөр жай комплекси.
11. Коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө маалымат булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) коррупциялык укук бузуулар жана алардын динамикасы жөнүндө укуктук статистиканын маалыматтары;
2) коррупциялык фактылар жөнүндө жарандардын кайрылуулары жана уюмдардын билдирүүлөрү;
3) коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү жөнүндө билдирүүлөр;
4) этика боюнча комиссиялардын жана кызматтык териштирүүлөрдүн материалдары;
5) кеңешүүчү (коллегиалдуу) органдардын материалдары;
6) эксперттик жана аналитикалык корутундулар, коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдардын серептери;
7) социологиялык, аналитикалык жана башка изилдөөлөрдүн натыйжалары;
8) жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыялоо;
9) аудитордук жана контролдук текшерүүлөрдүн материалдары;
10) соттук, көзөмөлдөөчү, укук коргоо, контролдоочу жана башка мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын материалдары (билдирүүлөрү).
Маалымат булактарынын тизмеги толук деп саналбайт. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупциялык тобокелдиктердин бар экендигин көрсөткөн башка ишенимдүү маалымат булактарын пайдаланууга укуктуу.
12. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (кызмат адамдарынын) коррупциялык мамилелердин объектиси болуп саналган же потенциалдуу түрдө болуп калышы мүмкүн болгон төмөнкү коррупциялык жактан аялуу функциялары, ыйгарым укуктары жана административдик жол-жоболору аныкталууга жана талданууга тийиш:
1) кызмат адамдарынын (кызматчылардын) дискрециялык ыйгарым укуктары;
2) ачык-айкындуулугу жана ички контролу төмөн болгон ашыкча административдик жол-жоболор;
4) кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында чечимдерди кабыл алуу;
5) коррупциялык тобокелдиктердин башка мамлекеттик органдарга, иш чөйрөлөрүнө, ыйгарым укуктарга жана кызмат орундарына жайылуу мүмкүнчүлүгү;
6) тобокелдиктердин коррупциялык схемалар менен өз ара байланышы жана алардын пайда болушунун жана ишке ашырылышынын мүмкүн болуучу механизмдерин моделдөө;
7) коррупциялык тобокелдиктердин деңгээли (төмөн, орточо жана жогорку).
13. Коррупциялык тобокелдиктерди өлчөө аларды идентификациялоодон кийинки аналитикалык этапты билдирет жана мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында табылган ар бир коррупциялык тобокелдиктин маанилүүлүгүн аныктоого багытталган. Коррупциялык тобокелдиктерге объективдүү баалоону камсыз кылуу максатында тиешелүү ишти, административдик процессти же башкаруучулук чечимди коррупциялык тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлине киргизүүгө мүмкүндүк берген индикаторлор колдонулат, мында жогорку ыктымалдуулуктун (кырдаалдын пайда болуу жыштыгы, дискрециялык ыйгарым укуктардын болушу) жана оор кесепеттердин (зыян келтирүү мүмкүндүгү) айкалышы менен мүнөздөлгөн кризистик зоналарга биринчи кезекте чара көрүлүүгө тийиш.
Коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдуулугун баалоо ушундай учурлардын жыштыгын, мүмкүн болгон коррупциялык схемалардын татаалдыгын жана аларды ишке ашырууга тартылган адамдардын санын талдоонун негизинде, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ички процесстерин билүүгө негизделген эксперттик баалоолорду эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Коррупциялык тобокелдиктин кесепеттерин баалоо мүмкүн болгон финансылык, институттук зыянды, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына таасир этүүгө жөндөмдүү ишкердик абройго жана коомдук ишенимге келтирилген зыянды аныктоону камтыйт. Коррупциялык тобокелдиктерди өлчөө белгиленген механизмдер колдонулгандан кийин сакталуучу жана коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгууда жана түзөтүүдө эсепке алынууга тийиш болгон калдык тобокелдиктин деңгээлин аныктоо максатында колдонуудагы ички контролдук чараларынын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүүнү да карайт.
14. Коррупциялык тобокелдиктин деңгээлин баалоо төмөнкүдөй индикаторлордун жыйындысынын негизинде жүргүзүлөт:
1) ыйгарым укуктардын мүнөзү - дискрециялык ыйгарым укуктардын болушу, чечимдерди жеке кабыл алуу мүмкүнчүлүгү, финансылык, материалдык жана башка ресурстарды бөлүштүрүүгө, лицензияларды жана уруксаттарды берүүгө, документтерди макулдашууга, келишимдерди түзүүгө катышуу;
2) административдик жол-жоболорду ченемдик регламенттөөнүн даражасы - жол-жоболордун жетишсиз деталдаштырылышы, баалоочу же кош маанилүү туюнтмалардын болушу, чечимдерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөттөрүнүн, критерийлеринин жана/же негиздеринин жоктугу;
3) иштин жана контролдун ачык-айкындуулук деңгээли - маалыматка жеткиликтүүлүктүн чектелиши, чечимдерди документтештирүүнүн жоктугу же жетишсиздиги, ички жана/же тышкы контролдоо механизмдеринин натыйжасыздыгы;
4) кызыкдар жактар менен өз ара аракеттенүү мүнөзү - жарандар жана уюмдардын өкүлдөрү менен түз байланыштардын болушу, чечимдерди кабыл алууга бейрасмий таасир этүү мүмкүнчүлүгү, чечимдердин кызыкдар жактар тарабынан берилген жана аларды текшерүү мүмкүнчүлүгүсүз маалыматтардан көз карандылыгы;
5) мурда аныкталган бузуулар - коррупциялык же тартиптик укук бузуулар, текшерүүлөрдүн жана кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыктары, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин бар экендигин көрсөткөн негиздүү кайрылуулардын жана даттануулардын келип түшүшү.
15. Коррупциялык индикаторлордун байкалышына жараша коррупциялык тобокелдиктер төмөнкүдөй деңгээлдер боюнча классификацияланат:
1) төмөнкү деңгээл - коррупциялык тобокелдиктин индикаторлорунун минималдуу көрүнүшү, административдик жол-жоболорду ченемдик регламенттөөнүн жогорку даражасы, иштин ачык-айкындуулугу жана ички контролдун натыйжалуу механизмдеринин болушу;
2) орточо деңгээл - коррупциялык тобокелдиктин айрым индикаторлорунун болушу, дискрециялык ыйгарым укуктардын чектелген көлөмү, административдик жол-жоболордун жарым-жартылай ченемдик аныксыздыгы, кошумча алдын алуу жана контролдук чараларды колдонуу зарылдыгы;
3) жогорку деңгээл - коррупциялык тобокелдиктин маанилүү индикаторлорунун жыйындысы, кеңири дискрециялык ыйгарым укуктар, административдик жол-жоболорду ченемдик регламенттөөнүн жетишсиздиги жана ачык-айкындыгынын толук эместиги, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун жогорку ыктымалдыгы.
Коррупциялык тобокелдиктерди иреттөө аларды баалоонун жыйынтыктарынын башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана маанилүү коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга жана азайтууга багытталган чараларды пландоо менен өз ара байланышын камсыз кылуу үчүн колдонулат.
Коррупциялык тобокелдиктин деңгээлин баалоо анын пайда болуу ыктымалдыгын жана мүмкүн болуучу кесепеттеринин (зыяндын) оордугун салыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат, мында тобокелдиктин жыйынтыктоочу деңгээли ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча Коррупциялык тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык жалпыланган баллдын негизинде аныкталат.
16. Коррупциялык тобокелдиги жогору кызмат орундарына коррупциялык аялуу процесстерге кызмат адамдарынын катышуусун караган кызмат орундары, анын ичинде төмөнкүдөй функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруу кирет:
1) дискрециялык ыйгарым укуктардын шарттарында, анын ичинде милдеттүү коллегиялык кароосуз башкаруучулук жана/же административдик чечимдерди кабыл алуу;
2) финансылык, материалдык жана башка ресурстарды бөлүштүрүү, субсидияларды, гранттарды, жеңилдиктерди, төлөмдөрдү жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрүн берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу жана өткөрүү, сатып алуу документтерин даярдоо, берүүчүлөрдү (подрядчыларды, консультанттарды) аныктоо, келишимдерди түзүү, аткаруу, өзгөртүү жана бузуу;
4) контролдук-көзөмөлдөө, уруксат берүү жана каттоо функцияларын жүзөгө ашыруу, анын ичинде лицензияларды, уруксаттарды, макулдашууларды, аккредитацияларды берүү, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чечимдерди кабыл алуу;
5) мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү башкаруу, анын ичинде аны берүү, ээликтен ажыратуу, ижарага өткөрүп берүү, эсептен чыгаруу же башкача тескөө жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
6) кызматчыларды дайындоо, которуу, сыйлоо жана тартиптик жоопкерчиликке тартуу менен байланышкан кадрдык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
7) жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо, арыз ээлери үчүн укуктук кесепеттерге алып келүүчү чечимдерди кабыл алуу;
8) башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелерде органдын (уюмдун) кызыкчылыгында анын кызыкчылыгын билдирүү.
Көрсөтүлгөн категорияга кирген конкреттүү кызмат орундарынын тизмеги тиешелүү органдын түзүмүн, функцияларын жана ишинин өзгөчөлүгүн, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен түзүлөт жана бекитилет.
17. Дифференцияланган мамилени камсыз кылуу максатында коррупциялык тобокелдиктер келип чыгуусу жана ишке ашуу даражасы боюнча төмөнкүдөй классификацияланат:
1) системалуу (реалдуу) тобокелдиктер - уюштуруучулук, башкаруучулук же ченемдик процесстердин туруктуу өзгөчөлүктөрү менен шартталган тышкы жагдайларга карабастан пайда болуу ыктымалдуулугунун жогорку даражасына ээ же көрүнөт;
2) потенциалдуу тобокелдиктер - уюштуруу процесстеринин, ченемдик жөнгө салуунун, тышкы факторлордун же кызмат адамдарынын жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө байланыштуу белгилүү бир шарттар жана жагдайлар келип чыкканда пайда болот;
3) кырдаалдык тобокелдиктер - конкреттүү жагдайлардын, окуялардын же кыска мөөнөттүү же бир жолку мүнөздөгү факторлордун таасири астында убактылуу пайда болот жана тиешелүү кырдаалдын өзгөрүшүнө же белгилүү бир башкаруу иш-аракетинин аякташына жараша жоголот.
18. Коррупциогендик зоналар коррупциялык көрүнүштөрдү ишке ашыруунун туруктуу же жогорку ыктымалдуулугу менен мүнөздөлгөн функциялардын, ыйгарым укуктардын, процесстердин жана/же уюштуруу элементтеринин жыйындысы катары түзүлөт жана мыйзамдардагы, органдын уюштуруу түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү, кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын көлөмүн жана мүнөзүн эске алуу менен туруктуу кайра каралууга жана актуалдаштырылууга тийиш.
Коррупциогендик зоналарды аныктоодо коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары, кызмат адамдарынын функционалдык милдеттери, ыйгарым укуктардын жана контролдоо механизмдеринин катышы, ошондой эле уюштуруу-укуктук мүнөздөгү факторлор эске алынат.
Коррупциогендик зоналарга төмөнкүлөр кирет: башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу менен байланышкан иштин участоктору; мыйзамдардын укуктук ченемдерин бир түрдүү чечмелөөгө жол берген процесстер; ички контролдун механизмдери жок же жетишсиз болуп саналган чөйрөлөр; материалдык жана/же финансылык ресурстарды, жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды бөлүштүрүүгө жетүүнү караган кызмат орундары.
3-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
19. Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин түзүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү (ыйгарым укуктуу адамдары) тарабынан кызматтык милдеттердин өзгөчөлүгүн, анын ичинде кызмат адамдарынын (кызматчылардын) жарандар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин, интенсивдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн эске алуу менен кадрдык, юридикалык жана башка түзүмдүк бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүүдө, ошондой эле тиешелүү органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашырууга мүнөздүү болгон коррупциогендик иш чөйрөлөрүн жана коррупциялык тобокелдиктерди аныктоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
20. Кызматтык милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда кызмат адамынын мүмкүн болгон коррупциялык жүрүм-турумун көрсөткөн белгилер болуп төмөнкүдөй аракеттер (аракетсиздик) эсептелиши мүмкүн:
1) кайрылууларды кароону жана чечимдерди кабыл алууну белгиленген мөөнөттөрдөн ашыкча негизсиз создуктуруу, ошого тете кайрылуулардын олуттуу саны болгон учурда айрым жеке же юридикалык жактарга карата кезексиз тартипте чечимдерди кабыл алуу;
2) кызмат адамынын (кызматчынын) жана анын жакын туугандарынын материалдык муктаждыктарын же башка кызыкчылыктарын канааттандыруу менен байланышкан жеке маселелерди чечүү үчүн кызматтык ыйгарым укуктарды пайдалануу;
3) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө мыйзамсыз артыкчылыктарды берүү, туугандык байланыштардын, жеке кызыкчылыктын жүйөлөрү же башка мыйзамсыз негиздер боюнча кызмат боюнча негизсиз илгерилөө;
4) мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүүдө айрым жеке жактарга, жеке ишкерлерге же юридикалык жактарга артыкчылык берүү, белгиленген компетенциянын чегинен тышкары ишкердикти же башка ишти жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
5) кызматтык милдеттерди же ыйгарым укуктарды аткарууда алынган маалыматты жеке кызыкчылыктарында же белгилүү бир чөйрөнүн кызыкчылыктарында пайдалануу, эгерде мындай маалымат расмий жайылтылууга жатпаса;
6) жеке жана юридикалык жактардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берүү каралбаган маалыматтарды жана документтерди талап кылуу;
7) кызматтык ишти уюштуруунун, пландоонун жана жүзөгө ашыруунун, ошондой эле кызматтык милдеттерди жана ыйгарым укуктарды аткаруунун тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук жана ведомстволук актылардын талаптарын бузуу;
8) башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн мааниси бар кызматтык, эсепке алуу же отчеттук документтерде бурмалоо, жашыруу же атайылап жалган маалыматтарды берүү;
9) маалыматтык системаларга, маалыматтар базаларына жана башка маалыматтык ресурстарга санкциясыз жетүү аракеттери;
10) кызматтык милдеттерге кирбеген же берилген ыйгарым укуктардын чегинен чыккан тескөөчү чечимдерди кабыл алуу;
11) кызматтык милдеттерине жана ыйгарым укуктарына ылайык чечимдерди кабыл алууну талап кылган учурларда аракетсиздик;
12) кызмат адамы (кызматчылары), анын үй-бүлө мүчөлөрү же жакын туугандары илимий, окутуучулук, адабий жана башка чыгармачылык иши үчүн негизсиз жогорку же болбосо жашыруун сый акы алса, эгерде мындай сый акы кызмат абалын пайдалануу, кызыкчылыктардын кагылышы менен байланыштуу болсо же жалган мүнөздө болсо;
13) кызмат адамы, анын үй-бүлө мүчөлөрү же үчүнчү жактар тарабынан атайылап жеңилдетилген шарттарда, анын ичинде рынок шарттарына ылайык келбеген негизсиз узак мөөнөттөрдө же пайыздык ставкаларда кредиттерди же зайымдарды алуу, ага тете эле банктык аманаттар (депозиттер) боюнча негизсиз жогорулатылган пайыздарды берүү;
14) туугандары, үй-бүлө мүчөлөрү же башка аффилирленген жактар жетекчи кызмат орундарын ээлеген же болбосо менчик ээлери (катышуучулары) болуп саналган ишкердик иштин субъекттери менен туруктуу же көлөмү боюнча олуттуу бүтүмдөрдү жасоо;
15) финансыны башкаруу жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу белгилери бар финансылык-чарбалык операцияларды жүргүзүү.
21. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу жана баалоо жол-жоболорун жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин түзөт.
22. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкарууга бирдиктүү мамилени камсыз кылуу, ошондой эле антикоррупциялык мыйзамдардын талаптарын сактоо максатында, Коррупциялык тобокелдиктердин тизмеги коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын, республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган макулдашууга берилген Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин карап чыгып, ал келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө макулдашуу же макулдашуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечимди жөнөтөт.
23. Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин макулдашуудан баш тартуу төмөнкүдөй учурларда болушу мүмкүн:
1) берилген Коррупциялык тобокелдиктердин тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келбесе, анын ичинде белгиленген формасы жана түзүмү сакталбаса;
2) ченемдик укуктук актыларда жана тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле алардын аймактык жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жободо каралган функциялар, ыйгарым укуктар жана административдик жол-жоболор толук камтылбаса;
3) коррупциялык тобокелдиктерди идентификациялоо жана баалоо тартибин бузуу, анын ичинде коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын жүйөлөнгөн аныктамасынын жоктугу, баалоонун натыйжаларына таасир эткен толук эмес же ишенимсиз маалыматтарды берүү, Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегинде анын колдонулушуна тоскоолдук кылган ички карама-каршылыктардын болушу.
Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин макулдашуудан баш тарткан учурда мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы табылган бузууларды (кемчиликтерди) четтетет жана аны 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө кайрадан макулдашууга берет.
24. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларын кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары өз ишин жүзөгө ашырууда коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгуучу Коррупциялык тобокелдиктердин типтүү тизмегин жетекчиликке алат.
25. Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук түзүмүнүн өзгөрүшү, анын ичинде кайра уюштуруу же кайра түзүү же түзүмдүк бөлүмдөрдүн ортосунда функцияларды кайра бөлүштүрүү;
2) мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына башкаруучулук, уруксат берүүчү, контролдоочу, көзөмөлдөөчү, финансылык-тескөөчү жана коррупциялык тобокелдиктердин деңгээлине таасир этүүгө жөндөмдүү башка функцияларды жүзөгө ашырууга байланышкан жаңы функцияларды, милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүктөө;
3) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишине талдоо жүргүзүү учурунда белгиленген Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин актуалдаштыруу зарылдыгын негиздөөчү башка жагдайлар.
26. Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин кайра карап чыгуу эки жылда бир жолудан кем эмес, ошондой эле ушул Жобонун 25-пунктунда каралган негиздер болгондо, тиешелүү негиздер пайда болгон күндөн тартып үч айдан ашпаган мөөнөттө пландан тышкары тартипте жүзөгө ашырылат.
27. Белгиленген тартипте бекитилген Коррупциялык тобокелдиктердин тизмеги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга (жарыяланууга) тийиш.
4-глава. Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу
28. Табылган коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга же четтетүүгө, коррупциялык укук бузууларды жасоо үчүн шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө тоскоол болгон административдик жана жол-жоболук чектөөлөрдү түзүүгө багытталган өз ара байланышкан уюштуруучулук, укуктук жана технологиялык чараларды комплекстүү колдонуу жолу менен туруктуу жана системалуу негизде жүзөгө ашырылат.
29. Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруунун негизги инструменти болуп төмөнкү механизмдер аркылуу коррупциялык коркунучтарды азайтууну камсыз кылуучу административдик жол-жоболорду регламенттөө саналат:
1) кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун белгиленген укуктук тартибинен четтөө мүмкүнчүлүгүн чектеген, ошондой эле коррупциялык укуктук мамилелердин пайда болушун болтурбоочу ченемдик жол-жоболорду жана иш-аракеттердин алгоритмдерин бекемдөө;
2) жол-жоболорду өзүм билемдик менен кароо, негизсиз создуктуруу, формалдуу эмес таасир берүү жана укукка жат артыкчылыктарды берүү шарттарын жокко чыгарган башкаруу чечимдерин кабыл алуунун регламенттелген мөөнөттөрүн, стадияларын жана ырааттуулугун белгилөө;
3) жол-жоболордун ачык-айкындуулугун, алардын ички жана тышкы контролдоо үчүн жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышын жана бузулушун өз убагында аныктоо жана четтетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу административдик процесстерди формалдаштыруу;
4) укук колдонуу практикасынын бир түрдүүлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында административдик жол-жоболорду жана башкаруу ыкмаларын бирдейлештирүү;
5) коррупциялык тобокелдиктер менен байланышкан функцияларды ишке ашыруунун ачык-айкын моделин түзүүгө көмөктөшүүчү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иши жөнүндө маалыматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
6) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча чаралардын системасын киргизүү;
7) коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары боюнча кийин кайра кароо жана оңдоо киргизүү менен административдик жол-жоболордун натыйжалуулугуна үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүү.
30. Коррупциялык тобокелдиктерди ишке ашырууну кыйындатуучу административдик жана жол-жоболук чектөөлөрдү түзүү максатында төмөнкүдөй чаралар колдонулат:
1) чечимдерди кабыл алуу, аларды аткаруу жана контролдоо функцияларын айкалыштырууну жокко чыгаруучу, ошондой эле башкаруу ыйгарым укуктарын бир кызмат адамына топтоону болтурбоочу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары менен түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосунда ыйгарым укуктарды чектөө жана бөлүштүрүү;
2) административдик-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларды кошпогондо, административдик жол-жоболорду жүзөгө ашырууда кызмат адамдарынын жарандар жана уюмдар менен жеке өз ара аракеттенүүсүн (байланышын) азайтуу же жокко чыгаруу;
3) административдик жол-жоболорду, анын ичинде электрондук документ жүгүртүүнү, автоматташтырылган системаларды жана электрондук сервистерди жүзөгө ашырууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү жана пайдалануу, ошондой эле адам факторунун таасирин төмөндөтүү максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү;
4) жогорку коррупциялык тобокелдиктер чөйрөсүндө аларды кабыл алуунун объективдүүлүгүн жана негиздүүлүгүн камсыз кылуучу башкаруучулук чечимдерди коллегиалдуу кароо жана макулдашуу жол-жоболорун колдонуу;
5) башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу комиссиялардын жана жумушчу топтордун курамына киргизүү үчүн кызмат адамдарын тандоо механизмдерин өркүндөтүү;
6) жарандардын жана уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алуу процессине катышуучулардын чөйрөсүн оптималдаштыруу;
7) жарандардын жана уюмдардын укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтердин толук тизмесин белгилөө, аларды берүүгө талаптарды оптималдаштыруу;
8) башкаруучулук чечимдерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөттөрүн сактоо;
9) административдик жол-жоболордун бузулушуна жана коррупциялык жүрүм-турум фактыларынын бузулушуна оперативдүү жооп кайтарууну камсыз кылуучу кайтарым байланыш механизмдерин киргизүү жана кайрылууларды кароо;
10) окутуу жана түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү жолу менен кызмат адамдарынын укуктук жана антикоррупциялык компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу;
11) административдик жол-жоболорду сактоо жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин камсыз кылуу;
12) башкаруучулук чечимдерди кабыл алуунун натыйжалары жөнүндө отчеттуулуктун кошумча формаларын белгилөө.
31. Жобонун ушул главасында каралган иш-чараларды ишке ашыруу туруктуу негизде төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн ички контролдоо системасын уюштуруу;
2) кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында кызматчыларды ротациялоо жүргүзүү;
3) жарандарды жана уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алган жерлерде видеобайкоо жана аудиофиксациялоо каражаттарын колдонуунун белгиленген тартибине ылайык колдонуу жана маалыматтын сакталышын камсыз кылуу;
4) антикоррупциялык жүрүм-турумду калыптандырууга жана коррупциялык укук бузууларды жасоо мүмкүнчүлүгүн азайтууга багытталган алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Аталган чараларды системалуу колдонуу коррупциялык тобокелдиктердин деңгээлин төмөндөтүүнү же тиешелүү башкаруу процесстеринин алкагында аларды четтетүүнү камсыз кылат.
32. Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу (жоюу) боюнча чараларды ишке ашыруу аларды баалоонун натыйжалары боюнча иштелип чыгуучу жана ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планынын негизинде жүзөгө ашырылат.
33. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери өз компетенциясынын чегинде коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу системасынын иштешин уюштурат, анын ичинде:
1) жеке үлгүсү менен коррупцияга карата нөлдүк сабырдуулукту чагылдырган антикоррупциялык маданиятты калыптандырат жана колдойт жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу процесстерине катышат;
2) коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо, ошондой эле антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык шарттарды түзөт;
3) коррупциялык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү процессине анын толуктугун жана сапатын камсыз кылуу менен жетекчиликти жүзөгө ашырат, Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин бекитүү жөнүндө жана ушул Жободо белгиленген тартипте ага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
4) коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу же четтетүү боюнча чараларды көрөт;
5) Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын түзүүдө жана түзөтүүдө коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштарын жана талдоо материалдарын эске алат;
6) коррупциялык тобокелдиктерди башкарууга системалуу жана бир түрдүү мамилени киргизүү максатында борбордук, аймактык жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү координациялайт.
34. Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги мүмкүн болуучу коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө маалыматтарды жыйноо, системалаштыруу жана талдоо;
2) мамлекеттик органдарда, алардын ведомстволук уюмдарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерге комплекстүү талдоо жүргүзүүнү уюштуруу жана өткөрүү;
3) мамлекеттик органдардагы жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарындагы Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин макулдашуу;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан колдонулуучу коррупциялык тобокелдиктердин типтүү тизмегин иштеп чыгуу;
5) коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга же четтетүүгө багытталган чара көрүү, Коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин түзөтүүнү демилгелөө;
6) коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу пландарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу боюнча бирдиктүү методологиялык мамилелерди жана стандарттарды камсыз кылуу;
7) коррупциогендик факторлорду аныктоодо административдик регламенттерди жана жол-жоболорду кайра карап чыгууну демилгелөө, аларды оптималдаштыруу, жөнөкөйлөштүрүү жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү;
8) коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу чөйрөсүндө окутуучу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
9) коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу маселелери боюнча жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракеттенүү;
10) коррупцияны алдын алуу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбаны талдоо, антикоррупциялык жана ачык-укуктук жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аны адаптациялоо жана колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо;
11) коррупциялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аналитикалык материалдарды даярдоо жана коррупцияны алдын алуу жана анын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
5-глава. Корутунду жоболор
35. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун контролдоонун натыйжалары жөнүндө маалымат коррупциялык тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу жана аларды өз убагында артыкчылык берүү, коррупциялык тобокелдиктердин тизмектерин түзөтүү, ошондой эле тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды актуалдаштыруу максатында мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан жыл сайын (жылдын жыйынтыгы боюнча) каралууга тийиш.
36. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызмат адамдары коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу системасынын жоктугу, кызматтык функцияларды жана башкаруу жол-жоболорун иш жүзүндө талдоонун жоктугунан көрүнгөн коррупциялык тобокелдиктерге баалоонун талаптагыдай жүргүзүлбөгөндүгү, табылган коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө маалыматты жашыргандыгы, аларды азайтуу жана четтетүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздерде ушул Жобонун талаптарын башка бузуулар үчүн жоопкерчилик тартат.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Коррупциялык тобокелдиктерди баалоо МАТРИЦАСЫ
Коррупциялык тобокелдиктин деңгээлин баалоо анын пайда болуу ыктымалдыгын жана мүмкүн болуучу кесепеттеринин (зыяндын) оордугун салыштыруу жолу менен жүргүзүлөт. Тобокелдиктин жыйынтыктоочу деңгээли ушул Матрицага ылайык баллдын суммасы менен аныкталат | |||
1. Тобокелдиктин ыктымалдуулук шкаласы | |||
Деңгээл | Сыпаттама | Балл | |
Төмөнкү | Коррупциялык тобокелдиктин индикаторлорунун минималдуу көрүнүшү (сейрек учурлар), тартылган адамдардын чектелген саны, коррупциялык тобокелдиктерди мүмкүн болуучу ишке ашыруунун жөнөкөй механизмдери | 1 | |
Орточо | Коррупциялык тобокелдиктин айрым индикаторлорунун болушу, дискрециялык ыйгарым укуктардын чектелген көлөмү, административдик жол-жоболордун жарым-жартылай ченемдик анык эместиги кошумча алдын алуу жана контролдук чараларды колдонуунун зарылдыгы | 2 | |
Жогорку | Коррупциялык тобокелдиктин маанилүү индикаторлорунун жыйындысы, кеңири дискрециялык ыйгарым укуктар, административдик жол-жоболорду ченемдик жөнгө салуунун жетишсиздиги жана ачык-айкындыгынын толук эместиги, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун жогорку ыктымалдыгы | 3 | |
Коррупциялык тобокелдиктин ыктымалдыгын баалоо индикаторлорунун тизмеги ушул Жобонун 14-пунктунда белгиленген | |||
2. Кесепеттердин (зыяндын) шкаласы | |||
Деңгээл | Мүмкүн болуучу кесепеттердин (зыяндын) мүнөзү | Балл | |
Төмөнкү | Айрым административдик жол-жоболорду аткарууга олуттуу таасир этпеген олуттуу эмес финансылык, институттук зыян же ишкердик беделге келтирилген зыян | 1 | |
Орточо | Органдын айрым ыйгарым укуктарын, функцияларын же административдик жол-жоболорун ишке ашырууга таасир этүүчү сезилээрлик финансылык, институттук зыян же ишкердик беделине зыян | 2 | |
Жогорку | Органдын милдеттерин аткарууга, ошондой эле коомдук ишенимдин деңгээлине таасир этүүчү олуттуу финансылык, институттук зыян жана ишкердик беделине зыян | 3 | |
3. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо матрицасы | |||
Ыктымалдуулук ⇩ /зыян ⇨ | 1 (Төмөнкү) | 2 (Орточо) | 3 (Жогорку) |
1 (Төмөнкү) | 2 | 3 | 4 |
2 (Орточо) | 3 | 4 | 5 |
3 (Жогорку) | 4 | 5 | 6 |
4. Жыйынтыктоочу балл боюнча тобокелдиктин категориясын аныктоо | |||
Баллдардын суммасы | Тобокелдиктин категориясы | ||
2-3 | Төмөнкү | ||
4 | Орточо | ||
5-6 | Жогорку | ||
5. Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли аныкталгандан кийин ички контролдун иштеп жаткан чараларынын натыйжалуулугун баалоо жүргүзүлөт. Контролдун натыйжалуулугу жогору болгондо, калдык тобокелдиктин деңгээли бир категорияга төмөндөтүлүшү мүмкүн | |||
6. Тобокелдиктин деңгээлине жараша төмөнкүдөй башкаруу чаралары колдонулат: | |||
Төмөнкү | Коррупциялык тобокелдиктин абалына жана белгиленген жол-жоболордун сакталышына мониторинг жүргүзүү | ||
Орточо | Коррупциялык тобокелдиктин ишке ашуу ыктымалдыгын төмөндөтүүгө жана анын пайда болушуна шарт түзгөн жагдайларды жоюуга багытталган алдын алуу, уюштуруу жана контролдук чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | ||
Жогорку | Тиешелүү тобокелдикти коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планына биринчи кезекте киргизүү, аны азайтуу же жоюу боюнча чараларды көрүү, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан контролду жүзөгө ашыруу | ||
7. Жумушчу топ (жооптуу түзүмдүк бөлүм, кызмат адамы) тарабынан ар бир ыктымалдык жана кесепеттер критерийи боюнча ыйгарылган баллга кыскача негиздеме келтирилет. Баалоонун жыйынтыктары баалоо баракчасында таризделет, анда аныкталган тобокелдиктин сыпаттамасы, тобокелдиктин ыктымалдыгын жана кесепеттерин (зыянды) баалоо, ыйгарылган баллдар, тобокелдиктин жыйынтык деңгээли, калдык тобокелдик жөнүндө маалыматтар жана тобокелдикти азайтуу боюнча сунушталган чаралар камтылат | |||
8. Коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун материалдары мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында белгиленген тартипте сакталууга тийиш жана тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүдө, аларды минималдаштыруу же четтетүү боюнча чараларды түзөтүүдө, отчет даярдоодо, ички жана тышкы контролду жүзөгө ашырууда пайдаланылат | |||
Эскертүү: Матрица ушул Жобонун 12-15-пункттарына ылайык коррупциялык тобокелдиктерди баалоодо колдонулат.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
_________________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы) коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын ТИЗМЕГИ
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу)(*) | Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер)(**) | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы(***) | Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары(****) | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү) |
Функциясынын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө/жөнгө салуу/кызмат көрсөтүү/уруксат берүү жол-жоболору/башка функциялар | |||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
Функциясынын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө/жөнгө салуу/кызмат көрсөтүү/уруксат берүү жол-жоболору/башка функциялар | |||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
(*) - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын укуктук статусун, ишти уюштуруу тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктоочу ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле алардын ишин жөнгө салуучу ички укуктук актылардын жоболоруна ылайык;
(**) - кызматтык ыйгарым укуктарды аткарууда коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүн болгон мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын иш чөйрөсү;
(***) - түзүмдүк бөлүм жөнүндө жобого ылайык;
(****) - штаттык расписаниеге ылайык.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
_______________________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы) системасында коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу ПЛАНЫ
№ | Аныкталган коррупциялык тобокелдиктин сүрөттөлүшү | Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу (минималдаштыруу же жоюу) боюнча чаралар | Күтүлүүчү натыйжалар жана/же чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (индикаторлору) | Жооптуу аткаруучулар (түзүмдүк бөлүм, кызмат адамы) | Аткаруу мөөнөтү |
Функциясынын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө/жөнгө салуу/кызмат көрсөтүү/уруксат берүү жол-жоболору/башка функциялар | |||||
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
Функциясынын түрү: контролдоо жана көзөмөлдөө/жөнгө салуу/кызмат көрсөтүү/уруксат берүү жол-жоболору/башка функциялар | |||||
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|