Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна ) |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартиби (мындан ары - Тартип) кесиптик орто билим берүү программалары боюнча менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына (мындан ары - билим берүү уюмдары) абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жол-жобосун аныктайт.
Ушул Тартипте регламенттелбеген маселелер Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча чечилет.
2. Билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган, негизги жалпы билими, жалпы орто билими же болбосо кесиптик башталгыч билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кабыл алынат.
Билим берүү уюмдарында тиешелүү адистиктердин тездетилген программалары боюнча окууга тиешелүү профилдеги кесиптик башталгыч билими жөнүндө диплому бар жарандар кабыл алынат. Кесиптик башталгыч билимдин профилинин кесиптик орто билимдин профилине шайкештиги билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде кесиптик орто билим алуу үчүн конкурстук негизде, эгерде алар бул деңгээлдеги билимди биринчи жолу алып жатса, мамлекеттик билим берүү грантына талапкер болууга укуктуу.
Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттик билим берүү грантын алууга талапкер боло алат.
4. Билим берүү уюмдарына кабыл алуу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат. Билим берүү уюмдарына окуунун бардык формаларына тапшырууда башкы критерийлер болуп абитуриенттин билим деңгээли жана кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүгү саналат.
5. Адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарынын эсебинен билим берүү уюмдарына кабыл алуу планы жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Окуунун наркын төлөө менен келишимдер боюнча орундарга адистиктер боюнча кабыл алуу планы кабыл алуу жарыяланганга чейин билим берүү уюмдары тарабынан өз алдынча бекитилет.
Билим берүү уюмдары кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жарандарды окууга кабыл алууну тиешелүү билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы болгондо гана жарыялайт.
6. Билим берүү уюмдарына башка мамлекеттердин жарандарын кабыл алуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосунда же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
2-глава. Кабыл алууну уюштуруу
7. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жыл сайын абитуриенттерди билим берүү уюмдарына тандоо турларын өткөрүү жана кабыл алуу графигин жана тартибин бекитет.
8. Билим берүү уюмунда кабыл алууну уюштуруу үчүн кабыл алуу комиссиясы түзүлөт, төрагасы болуп анын жетекчиси (директору, начальниги) саналат.
9. Кабыл алуу комиссиясынын курамы, ыйгарым укуктары жана иш тартиби билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат. Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылды түзөт.
10. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы:
- жарандардын билим берүү чөйрөсүндөгү укуктарын сактоону камсыз кылат;
- билим берүү уюмуна кабыл алуу эрежелерин бекитет;
- кабыл алуу, экзамендик жана апелляциялык комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдеттерин аныктайт;
- кабыл алуу, экзамендик жана апелляциялык комиссиялар жөнүндө жоболорду, ошондой эле жарандарды кабыл алуу графигин бекитет;
- кабыл алуу, экзамендик жана апелляциялык комиссиялардын ишинин айкындыгын жана ачыктыгын камсыз кылат;
- абитуриенттердин билим деңгээлин жана жөндөмдүүлүгүн баалоонун объективдүүлүгүн камсыз кылат;
- кабыл алуу планын аткаруу, лицензиялык талаптарды сактоо, ошондой эле билим берүү уюмдарына кабыл алууну жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат.
11. Кабыл алуу комиссиясынын ишин жана иш кагаздарын жүргүзүүнү, ошондой эле абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жеке кабыл алууну жооптуу катчы уюштурат, ал билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан дайындалат.
12. Билим берүү уюмдары ушул Тартипке каршы келбеген бөлүктө жыл сайын кабыл алуу эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет.
Билим берүү уюмдарынын кабыл алуу эрежелеринде төмөнкүлөр аныкталат:
- кирүү сыноолору өткөрүлүүчү предметтердин тизмеги;
- профилдик предметтердин жана адистиктер боюнча кошумча кирүү сыноолорунун тизмеги;
- кирүү сыноолорун өткөрүү формасы жана мөөнөттөрү;
- апелляцияларды кароо тартиби.
13. Абитуриент жана анын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) билим берүү уюмунун уставы, билим берүү ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы, аккредитациялоо сертификаттары, билим берүү уюмуна кабыл алуу эрежелери, ошондой эле кирүү сыноолорунун программалары жана кабыл алууга байланышкан башка зарыл болгон маалымат менен таанышууга укуктуу.
Окуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алууда кабыл алуу комиссиясы абитуриентти жана анын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) тараптардын эрежелери жана милдеттери, окуу үчүн акынын өлчөмү жана төлөө тартиби, төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү менен тааныштырууга милдеттүү.
14. Абитуриентти жана анын ата-энесин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) жогоруда көрсөтүлгөн маалымат менен тааныштыруу үчүн билим берүү уюму ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди өзүнүн расмий сайтына жайгаштырууга жана (же) маалыматтык стенддерди даярдоого милдеттүү.
15. Кабыл алуу тартиби, кабыл алуу комиссиясынын чечими, кирүү сыноолорун өткөрүү графиги жана кабыл алуунун жыйынтыктары абитуриенттерге өз убагында билдирилүүгө тийиш.
3-глава. Документтерди кабыл алуу
16. Окуунун бардык формаларына билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө арыз берүү автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн каттоо жана кабыл алуу үчүн портал аркылуу электрондук түрдө абитуриент тарабынан жүргүзүлөт.
17. Билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө арыз берүүдө абитуриент электрондук түрдө төмөнкүдөй документтерди көрсөтөт:
- паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- негизги жалпы билими тууралуу күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндө аттестат же болбосо башталгыч орто билими жөнүндө диплом же болбосо билими жөнүндө документтин дубликаты;
- жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты (жалпы орто билими бар абитуриенттер үчүн);
- аскердик билети же каттоо күбөлүгү;
- 3х4 см өлчөмүндөгү фотосүрөт (6 даана);
- кабыл алууда ушул Тартиптин 44, 45, 46-пункттарында көрсөтүлгөн жеңилдиктерге укукту ырастаган документтер.
18. Чет өлкөлүк окуу жайларда окуган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын негизги жалпы же жалпы орто билими жөнүндө мамлекеттик документине эквиваленттүү билими жөнүндө документти берүүгө тийиш.
Чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтерге экспертиза (нострификация) ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
19. Билим берүү уюмуна окууга кабыл алынган абитуриенттер кабыл алуу комиссиясына 30-августтан кечиктирбестен ушул Тартиптин 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын берет.
20. Окуунун түрдүү формаларына, мамлекеттик билим берүү гранттарынын (мындан ары - гранттык орундар) эсебинен орундарга жана окуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга абитуриенттерден келип түшкөн арыздар өзүнчө катталат жана эсепке алынат.
21. Ар бир турда абитуриент АМС аркылуу гранттык орунга конкурска катышуу үчүн бир өтүнмөнү жана окуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орунга бир өтүнмө берүүгө укуктуу. Тандоо жана кабыл алуу конкурсуна катышуу үчүн абитуриент аралыктан режиминде өз алдынча же болбосо АМС аркылуу билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясы аркылуу өтүнмө бере алат.
22. АМС аркылуу электрондук түрдө документтерди кабыл алуу жана каттоо учурдагы жылдын 1-июлунан тартып 27-августуна чейин ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт.
4-глава. Билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуу
23. Мамлекеттик билим берүү гранттык орундарына жана окутуу акысын төлөө келишими боюнча орундарга билим берүү уюмдарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баасынын же жалпы орто билими жөнүндө аттестаттын (мындан ары - орточо баа) жана (же) кирүү сынактарынын жыйынтыктарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
24. Адистиктер (медициналык адистиктерди, ошондой эле маданият, искусство жана архитектура, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктерди кошпогондо) боюнча конкурс конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдик предметтер боюнча бааларды эске алуу менен орточо баанын негизинде жүзөгө ашырылат.
Конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдик предметтер боюнча орточо бааны жана бааларды аныктоонун тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
25. Эгерде бир орунга конкреттүү адистик боюнча окутуу үчүн зарыл болгон профилдик предметтер боюнча бирдей орточо баасы жана бирдей баалары бар абитуриенттер талапкер болсо, билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясы алар үчүн кирүү сынактарын өткөрөт.
26. Медициналык адистиктер жана маданият, искусство жана архитектура, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча конкурс билим берүү уюму өз алдынча өткөрүүчү кирүү сынактарын тапшырууда абитуриент алган баллдардын суммасы жана профилдөөчү предметтер боюнча бааларды эске алуу менен орточо баа боюнча өткөрүлөт.
27. Билим берүү уюмдары ишке ашырылып жаткан адистиктер боюнча абитуриенттерди конкурстук кабыл алуу үчүн кошумча кирүү сынактарын белгилөөгө укуктуу. Бул учурда конкурс орточо баанын суммасы жана кошумча кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча алынган балл боюнча өткөрүлөт.
28. Абитуриенттерди кабыл алууга конкурс ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу этаптарын өткөрүү графигине жана тартибине ылайык АМС аркылуу гана өткөрүлөт.
29. Жалпы орто билими бар абитуриенттерди мамлекеттик билим берүү гранттык орундарына жана окутуу наркын төлөө келишими боюнча орундарга тандоо жана билим берүү уюмдарына кабыл алуу учурдагы жылдын жалпы республикалык тестирлөөсүнүн (мындан ары - ЖРТ) натыйжаларынын негизинде (маданият, искусство жана архитектура, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктерди кошпогондо) жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Босого балл топтогон жана эң көп балл топтогон абитуриенттер кабыл алынууга тийиш. Абитуриент мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган ЖРТнын жыйынтыктары үч жылдын ичинде жарактуу. ЖРТнын босого баллына ээ болгон жана конкурстан өткөн адамдар менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында окуу үчүн мамлекеттик билим берүү грантын алууга укуктуу.
ЖРТнын жыйынтыктары боюнча абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
5-глава. Кирүү сыноолорун өткөрүүнүн жалпы эрежелери
30. Кирүү сыноолорун өткөрүү мөөнөттөрү билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
Кирүү сыноолору бланктык же компьютердик тестирлөө, оозеки же жазуу жүзүндөгү экзамен, угуу, көрүү, аңгемелешүү формасында өткөрүлөт. Кирүү сыноолорун өткөрүү формасы (онлайн, офлайн) билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
31. Өзгөчө абал киргизилгенде же өзгөчө кырдаал келип чыкканда ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча кирүү сыноолорун онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет (маданият, искусство, архитектура, дене тарбия чөйрөсүндөгү адистиктер боюнча кирүү сыноолорун кошпогондо).
32. Билим берүү уюму кирүү сыноолорун өткөрүүдө тестирлөөнүн заманбап методдорун колдонуп, алар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде баалоо жаатында адистешкен уюмдардын тесттик тапшырмаларын пайдаланууга укуктуу. Тесттик тапшырмалар, оозеки экзамендер үчүн билеттер жана жазуу жүзүндөгү экзамендер үчүн тапшырмалар негизги жалпы же жалпы орто билим берүү программаларына шайкеш келиши керек.
33. Абитуриенттер кирүү сыноолорун мамлекеттик же расмий тилде тапшырууну тандоого укуктуу.
34. Маданият, искусство жана архитектура, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү адистиктерди кошпогондо, адистиктер боюнча кирүү сыноолору негизги жалпы же орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программаларына ылайык өткөрүлөт.
35. Кирүү сыноолоруна жүйөлүү себепсиз келбеген же канааттандырарлык эмес баа алган адамдар билим берүү уюмуна кирүү үчүн конкурстан чыгып калышат.
36. Билим берүү уюмуна киргизилген абитуриенттердин жазуу иштери алардын өздүк делолоруна көктөлөт же болбосо электрондук форматта студенттердин маалымат базасына киргизилет. Билим берүү уюмуна киргизилбеген абитуриенттердин жазуу иштери алты ай бою сакталат, андан кийин белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш.
37. Абитуриенттердин билим деңгээлин баалоодо бирдиктүү талаптардын сакталышын камсыз кылуу, алардын укуктарын коргоо, талаш маселелерди чечүү максатында билим берүү уюмунда апелляциялык комиссия түзүлөт.
38. Абитуриенттердин апелляция жөнүндө арыздары кирүү сыноолорунун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып бир сутканын ичинде берилет жана апелляциялык комиссия тарабынан арыз ээсинин катышуусу менен бир жумуш күндүн ичинде каралат.
39. Апелляцияны кароо кайра экзамен эмес. Апелляцияны кароонун жүрүшүндө кирүү сынагын тапшыруунун натыйжасына баа берүүнүн тууралыгы гана текшерилет.
40. Кирүү сыноолорун кайра тапшырууга жол берилбейт.
6-глава. Кабыл алуу
41. Абитуриенттерди билим берүү уюмунун студенттеринин катарына окуунун бардык формаларына кабыл алуу билими тууралуу документи же болбосо анын дубликаты болгон учурда жүргүзүлөт. Документтин милдеттүү реквизиттерин (билим берүү уюмунун толук аталышы жана жайгашкан жери, абитуриенттин фамилиясы, аты, атасынын аты, идентификациялык жеке номери, QR-коддун дареги, жетишүүсү тууралуу маалыматтар) камтыган билими жөнүндө электрондук персонификацияланган документти берүүгө жол берилет.
42. Абитуриенттерди студенттердин катарына кабыл алууга төмөнкү документтерди электрондук түрдө АМСке тапшыргандан кийин жол берилет:
- паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ЖРТ сертификаты (жалпы орто билими бар абитуриенттер үчүн);
- жалпы орто билими жөнүндө аттестат, негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүк, кесиптик башталгыч билими жөнүндө диплом же болбосо анын дубликаты;
- аскердик билети же каттоо күбөлүгү.
Абитуриент документтердин түп нускаларын жана тиешелүү санда фотосүрөттөрдү билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясына учурдагы жылдын 30-августуна чейин берүүгө милдеттүү.
Чет өлкөлүк жарандар ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерден тышкары кабыл алууда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү.
43. Кабыл алуу учурдагы жылдын 30-августуна чейин жүргүзүлөт.
44. Абитуриенттердин төмөнкү категориялары ырастоочу документтери бар болсо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын бекитилүүчү мамлекеттик билим берүү гранттык орундарынын квотасынын чегинде конкурстун негизинде билим берүү уюмдарына окууга кабыл алынат:
- I, II топтогу майыптыгы бар адамдар;
- жеңилдиктер жана кепилдиктер боюнча согуштун катышуучуларына жана майыптарына теңештирилген адамдар;
- бала кезинен майыптыгы бар адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар (майыптыгы бар балдар);
- айылдык жаштар;
- жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген кыргыз улутундагы адамдар;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартында, Талас облусунда 2010-жылдын 6-апрелинде, Бишкек жана Нарын шаарларында 2010-жылдын 7-апрелинде, Жалал-Абад облусунда 2010-жылдын 13, 14, 19-майында болгон окуялардын кесепетинен жана Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары;
- 2021-жылдын апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын кесепетинен каза болгон адамдардын балдары;
- кайрылман статусуна ээ болгон адамдар;
- окуу формасын тандап алууга укуктуу "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү.
Билим берүү уюмунун кабыл алуу комиссиясы конкурстук негизде абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде адистиктер боюнча квоталарды бөлүштүрөт. Арыз билим берүү уюмуна мамлекеттик билим берүү гранттык орундары бөлүнгөн адистик боюнча конкурска катышуу үчүн берилиши мүмкүн. Ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын категориялары үчүн арналган квоталар толук талап кылынбаган учурда пайдаланылбаган орундар кабыл алуу комиссиясынын чечими боюнча конкурска катышкан башка абитуриенттердин арасында жалпы негизде бөлүштүрүлөт.
45. Кирүү сыноолорунун жыйынтыктары боюнча оң баа алганда же ЖРТ баллы белгиленген босоголук баллга барабар же андан жогору болгондо эл аралык жана республикалык олимпиадалардын байге ээлери (учурдагы жылы 1-3-орундарды ээлегендер) тандаган билим берүү уюмундагы олимпиада предмети профилдик болуп саналган адистиктерге конкурстан тышкары мамлекеттик билим берүү гранттык орундарына кабыл алынат.
46. Кирүү сыноолорунун жыйынтыктары боюнча оң баа алганда же ЖРТ баллы белгиленген босоголук баллга барабар же андан жогору болгондо конкурстан тышкары келишим боюнча орундарга окуунун наркын төлөө менен төмөнкүлөр кабыл алынат:
- тоголок жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар (учурдагы жылдын 1-октябрына карата 18 жашка толгонго чейин);
- медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча кесиптик окуу жайында тандап алган даярдоо багыты жана адистиги боюнча окууга каршы көрсөткүчү жок болгон I, II топтогу майыптыгы бар адамдар, майыптыгы бар балдар;
- тандап алган билим берүү уюмундагы олимпиада предмети профилдик болуп саналган адистиктерде эл аралык жана республикалык олимпиадалардын байге ээлери (учурдагы жылы 1-3-орундарды ээлегендер).
47. "Спорт чеберине талапкер" спорттук разряды бар, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар спортчулар, ошондой эле мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн адамдар мамлекеттик билим берүү уюмдарына мамлекеттик билим берүү гранттык орундарына жана окуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга тапшырууда артыкчылыктуу укукка ээ болот.
48. Олимпиада оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттардын жана Азия оюндарынын чемпиондору жана байге ээлери дене тарбия жана спорт жаатындагы адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттык орундарына жана окуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кирүү сыноолорусуз (экзамендерсиз, тестирлөөсүз жана аңгемелешүүсүз) мамлекеттик билим берүү уюмдарына кабыл алынат.
49. ЖРТнын жана (же) кирүү сыноолорунда алган баллдын санын көрсөтүү менен конкурстун жыйынтыгы боюнча кабыл алынгандыгы жөнүндө буйрук (буйруктар) билим берүү уюмунун сайтында жарыяланат же башка ыкма менен абитуриентке маалымдалат.
50. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан көзөмөл тартибинде жүргүзүлгөн текшерүүдө конкурсту өткөрүү тартибин бузуу жана абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу фактылары аныкталган учурда, анын ичинде ЖРТ жыйынтыктары жөнүндө өзү берген анык эмес маалыматтардын негизинде студент белгиленген тартипте окуудан чыгарылууга тийиш.
7-глава. Маалымат берүү жана контролдоо
51. Билим берүү уюмдары ыйгарым укуктуу органга кабыл алуу жөнүндө жыйынтыктоочу маалыматтарды төмөнкү мөөнөттөрдө берет:
- гранттык негизде окууга - учурдагы жылдын 1-сентябрына чейин;
- окуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга окууга - учурдагы жылдын 15-октябрына чейин.
52. Билим берүү уюмдарынын кабыл алуу комиссияларынын ишин контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
|
| Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине тиркеме |
Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө НУСКАМА
1. Гранттык орундарды алууга талапкер болгон абитуриенттер төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү - абитуриенттер;
- облустук борборлордун: Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Каракол, Талас шаарларынын; кичи шаарлардын: Балыкчы, Чолпон-Ата, Кара-Балта, Токмок, Кант, Кара-Көл, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Сүлүктү, Өзгөн, Раззаков, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Шопоков, Токтогул; Миң-Куш айылынын жалпы билим берүү уюмдарынын жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү - абитуриенттер;
- айыл жергесинде жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү - абитуриенттер;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу райондорунда жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү - абитуриенттер.
2. Абитуриенттердин категорияларынын пайыздык катышы жеңилдик берилген абитуриенттердин категориясын кошпогондо, билим берүү уюмунун гранттык комиссиясы тарабынан каттоо аяктагандан кийин ар бир адистик үчүн ар бир турда төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
мында
Nk - тиешелүү категориядагы абитуриенттердин саны;
N жалпы - конкурска катышкан абитуриенттердин жалпы саны.