Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-апрели № 245
Күйүүчү-майлоочу материалдар жана мунай заттардын
башка түрлөрү менен камсыз кылуу маселелерин жөнгө
салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикасынын стратегиялык мааниге ээ тармактарынын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
– 57-пункттун 19-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19) авто май куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу учурларын кошпогондо, жол куруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ишканалардын муктаждыктары үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган берүүчүдөн сатып алуу;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасы күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 «Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 630 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 384 «Айрым мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды жана мунай заттардын башка түрлөрүн берүү маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |