Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-апрели № 252
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын
Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү
жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Коомду туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар Кыргыз Республикасынын өз алдынча объектисинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
– «А» категориясы (өтө маанилүү объектилер)» бөлүмүнүн «Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер» графасы төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5. «Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы» ЖЧКсы».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |