ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 252 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99»Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция14.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 14-апрели № 252

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын

17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын

Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү

жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Коомду туруктуу өнүктүрүү үчүн социалдык-экономикалык мааниси бар Кыргыз Республикасынын өз алдынча объектисинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 «Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

– «А» категориясы (өтө маанилүү объектилер)» бөлүмүнүн «Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер» графасы төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

«5. «Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы» ЖЧКсы».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев