Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 9-апрели № 239-т
Бишкек шаарынын инженердик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, саркынды сууларды чыгаруу системасынын натыйжалуу жана экологиялык коопсуз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 454 тескемесин аткаруу үчүн, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-статьясынын 1-1-пунктуна, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясы Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларынын аймагында ассенизатордук машиналар үчүн куюучу станцияны (мындан ары - куюучу станция) долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштардын заказчысы болуп аныкталсын.
2. "Бишкек экологиялык инновациялык компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому атынан чыгуучу АО SFC Investment Development for Environment Corporation компаниясы куюучу станцияны долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштардын долбоорлоочусу жана берүүчүсү (подрядчиги) болуп аныкталсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу менен параллель долбоорлоо методу боюнча куюучу станцияны долбоорлоо жана куруу боюнча жумуштарды жүзөгө ашырууга;
- бул тескемеден келип чыгуучу чараларды белгиленген тартипте көрүүгө.
4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
- куюучу станцияны долбоорлоого жана курууга уруксат документтерин берүүгө;
- курулушу аяктаган объектти экспертизадан өткөрүүгө жана эксплуатациялоого кабыл алууга.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкек шаарынын мэриясына куюучу станцияны куруу долбооруна экологиялык экспертиза жүргүзүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул тескеме эки жылдын ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |