Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-апрели № 268-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 341-т тескемеси менен жактырылган, 2023-жылдын 15-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен чет өлкөлүк «BIOPHARMAX BV» компаниясынын ортосундагы «Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2023-жылдын 15-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен чет өлкөлүк «BIOPHARMAX BV» компаниясынын ортосундагы «Өмүр жөнүндө илимдердин индустриялык паркы» долбоорун ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 341-т тескемесинин 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |