Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме
|
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 144 Жарлыгына) |
Оптималдаштырууга, жөнөкөйлөтүүгө тийиштүү болгон уруксат берүү мүнөзүндөгү документтердин тизмеги
№ | Доку-мент-тин тиби | Документтин аталышы | Сунуш |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | |||
1 | Л | Курал-жарактарды жана ок-дарыларды өндүрүүгө, оңдоого, сатууга лицензия | 1. Документтерди кароо жана алуу мөөнөтүн кыскартуу. 2. Алымдын өлчөмүн көбөйтүү жагына көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу. 3. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
2 | Л | Пиротехникалык заттарды жана буюмдарды сатууга лицензия | |
3 | У | Жарандык жана кызматтык куралды жана анын ок-дарыларын сатып алууга, сактоого, ташууга, алып жүрүүгө, коллекциялоого, көргөзмөгө коюуга уруксат | |
4 | У | Пиротехникалык буюмдарды сактоо укугуна уруксат | |
5 | У | Кыргыз Республикасынын аймагына пиротехникалык буюмдарды алып кирүүгө уруксат | |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы | |||
6 | У | Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат | 1. Документтерди кароо жана алуу мөөнөтүн кыскартуу. 2. Алымдын өлчөмүн көбөйтүү жагына көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу. 3. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
7 | УМ | Транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн коопсуздук талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө күбөлүк
| 1. Чакан жана орто бизнес үчүн рынокко жөнөкөйлөтүлгөн кирүүнү, укуктук жана техникалык тартипти жогорулатууну, жарандардын ишенимин бекемдөөнү, эгерде алар мамлекеттик маалыматтык системаларда болсо, маалымкаттарды жана ырастоочу документтерди берүү зарылдыгын жокко чыгарууну камсыз кылуучу тиешелүү интеграция менен транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн коопсуздук талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө күбөлүктү берүүнүн маалыматтык системасын ишке киргизүү. 2. Мамлекеттик алымды же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү белгилөө маселесин кароо |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | |||
8 | Л | Телерадиоканалды аналогдук жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде жайгаштырууга уруксат | 1. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү. 2. Алымдын өлчөмүн көбөйтүү жагына көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу |
9 | УМ | Кыргыз Республикасынын аймагына маданий баалуулуктардын объекттерин алып кирүүгө жана анын чегинен тышкары алып чыгууга уруксат | Кыргыз Республикасынан алып чыгууга болбогон маданий баалуулуктардын маалыматтар базасын иштеп чыгуу |
10 | У | Тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймагынын чегинде жер казуу, курулуш, жол, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүгө, курулуш, жол иштерин жүргүзүүгө же дың жерлерди өздөштүрүүгө, карьерлерди иштетүүгө же инженердик-изилдөө иштеринин стадиясында жана жерди которууда (трансформациялоодо) суу каптоого же ландшафттын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү плотиналарды курууга уруксат | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
11 | У | Тарыхый-маданий мурас объекттерин реставрациялоого, консервациялоого, регенерациялоого жана оңдоого уруксат | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | |||
12 | УМ | Кесиптик педагогикалык жана окуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдардын каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк | 1. Берүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин кыскартуу. 2. Нотариалдык күбөлөндүрүүнү жокко чыгаруу. 3. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги | |||
13 | УМ | Жер бетинде тейлөө боюнча уюмдардын шайкештик сертификаты | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
14 | У | Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аба кемелерин жер бетинде тейлөө боюнча иш жүргүзүүгө уруксат
| 1 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери – 21 толуктоо: – арызды электрондук түрдө тапшыруу; – документтердин типтүү формасы; – кароо мөөнөтү (30 жумуш күнгө чейин); – жөнөкөйлөштүрүлгөн узартуу. 2. Жаңы жол-жоболорду киргизүү: арызды онлайн кабыл алуу. 3. ИТ-системаны жеткире иштеп чыгуу: уруксат берүү жана эсепке алуу модулун түзүү. |
15 | УМ | Аэродромдун жарактуулук сертификаты | Белгиленген талаптарды сактоодо мөөнөтсүз сертификат берүү механизмин киргизүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери – 14 өзгөртүүлөрдү киргизүү |
16 | УМ | Алгачкы сертификаттоодо аэродромду мамлекеттик каттоо | Белгиленген талаптарды сактоодо мөөнөтсүз сертификат берүү механизмин киргизүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери – 14 өзгөртүүлөрдү киргизүү |
17 | УМ | Жарандык авиациянын метеорологиялык персоналынын күбөлүгү | Метеорологиялык персоналдын классын узартуу жана жогорулатуу боюнча функцияларды «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы берүүчүгө өткөрүп берүү |
18 | УМ | Аэронавигациялык тейлөөнү берүүчүнүн сертификаты | Белгиленген талаптарды сактоодо мөөнөтсүз сертификат берүү механизмин киргизүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери – 11 өзгөртүүлөрдү киргизүү |
19 | УМ | Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатантынын сертификаты
| Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү, ошондой эле өтүнмөнүн статусуна реалдуу убакытта мониторинг жүргүзүү |
20 | У | Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде учкучсуз учуучу аппаратты эксплуатациялоого уруксат | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
21 | УМ | Аба кемесин каттоодон чыгаруу жөнүндө күбөлүк | |
22 | У | Учууга атайын уруксат | |
23 | УМ | Аба кемесин каттоо жөнүндө күбөлүк | |
24 | УМ | Аба кемесинин үнү боюнча сертификаты | |
25 | УМ | Аба кемесин (жеңил жана өтө жеңил авиация) эсептен чыгаруу жөнүндө күбөлүк | |
26 | УМ | Учууга жарактуулук экспорттук сертификаты | |
27 | УМ | Техникалык тейлөө боюнча бекитилген уюмду таануу сертификаты | |
28 | УМ | Учууга жарактуулук сертификаты | |
29 | У | Борттук радиостанцияларга уруксат | |
30 | УМ | Коммерциялык учкучтун күбөлүгү | 1. Квалификациялык белгилерди узартуунун ыңгайлуулугу үчүн негизги документти кайра тариздебестен күбөлүктөрдү жана алардын кошумча барактарын бөлүү. 2. Квалификациялык белгилердин жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн мөөрлөрдү даярдоо. 3. Күбөлүктөргө кошумча барактарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. 4. Күбөлүктөрдү мөөнөтсүз кылуу |
31 | УМ | Линиялык учкучтун күбөлүгү | |
32 | УМ | Штурмандын күбөлүгү | |
33 | УМ | Бортинженердин күбөлүгү | |
34 | УМ | Бортмеханиктин күбөлүгү | |
35 | УМ | Бортрадистинин күбөлүгү | |
36 | УМ | Бортоператордун күбөлүгү | |
37 | УМ | Учууларды камсыздоо боюнча кызматкердин күбөлүгү | |
38 | УМ | Инженердин/техниктин күбөлүгү
| |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | |||
39 | УМ | Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамга басуу | Документтерди тапшыруу жана алуу жол-жоболорун санариптештирүү |
40 | УМ | Атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк | Документтерди тапшыруу жана алуу жол-жоболорун санариптештирүү |
41 | У | Шлих алтынын жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат | Шлих алтынын сатып алууга уруксат алуу үчүн документтердин пакетин Баалуу металлдар департаментинин автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу берүү сунушталат |
42 | Л | Этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү | 1. Лицензиялык талаптардан төмөнкүлөрдүн милдеттүү түрдө болушун алып салуу: – арак заводдорунун көмүр-фильтрациялык колонналарындагы чыгым өлчөгүчтөр; – алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашыруучу, мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү менен өндүрүштүк жана кампа жайларынын бардык кире бериштеринде (чыгууларында) видео байкоо. 2. Бюджетке оорчулукту азайтуу үчүн этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдын ставкасы жогорулашы мүмкүн
|
43 | Л | Алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) | |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти | |||
44 | Л | Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү боюнча ишке лицензия | Банги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү боюнча ишти лицензиялоо процессин санариптештирүү |
45 | Л | Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасына алып кирүүгө (импорттоого) лицензия/уруксат | «Өтүнмө-өтүнүч», «Импорт жөнүндө маалымдама маалымкат» жана «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду иш жүзүндө алып кирүү жөнүндө отчет берүү тууралуу милдеттенме каттар» бланктарын толтуруу бөлүгүндө документтерди тапшыруу жана алуу жол-жоболорун санариптештирүү
|
46 | Л | Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынан алып чыгууга (экспорттоого) лицензия/уруксат | |
47 | У | Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө уруксат | |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти | |||
48 | УМ | Фитосанитардык сертификат | 1. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү. 2. Электрондук фитосанитардык сертификат түшүнүгүн киргизүү. 3. ИT-системаларды жеткире иштеп чыгуу
|
49 | УМ | Реэкспорттук фитосанитардык сертификат | |
50 | УМ | Карантиндик сертификат | |
51 | УМ | Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысы | |
52 | УМ | Фитосанитардык изилдөө актысы | |
53 | У | Карантиндик фитосанитардык контролдоо (көзөмөлдөө) актысы | |
54 | УМ | Пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо | |
55 | УМ | Пестициддерди жана агрохимикаттарды кайра каттоо | |
56 | УМ | Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоодогу сыноолор | |
57 | УМ | Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.2-позициясына ылайык өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын экспорттоого же импорттоого эксперттик корутунду | |
58 | УМ | Катталбаган пестициддерди жана агрохимикаттарды алып кирүүгө уруксат | |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызмат | |||
59 | У | Кошууга наряд түрүндө таризделүүчү электр жылуулук орнотмолорун эксплуатациялоого киргизүүгө уруксат | 1000 Вольтко чейинки кошулууга наряд берүү функциясын түздөн-түз энергия менен камсыздоочу уюмдарга өткөрүп берүү |
60 | У | Электротехникалык лабораториялардын иштөөсү үчүн уруксат | Электротехникалык лабораториялардын иши боюнча документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
61 | УМ | Электр коопсуздугу боюнча аттестациядан өткөндүгү жөнүндө квалификациялык күбөлүк
| Компьютердик тестирлөө жүргүзүү үчүн программалык камсыздоону киргизүү |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы | |||
62 | УМ | Сыноо протоколу – (ветеринардык-санитардык экспертиза)
| «ЖИКС» маалыматтык системасын кызыкдар мамлекеттик органдардын башка маалыматтык системалары менен интеграциялоо |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы | |||
63 | УМ | Кыргыз Республикасынын жана Евразия экомикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн ишканаларынын реестри | Жарандар үчүн жеткиликтүү Кыргыз Республикасынын ишканаларынын реестрин жүргүзүү системасын киргизүү |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору | |||
64 | УМ | Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоо | «Симбейс» маалыматтык системасын жеткире иштеп чыгуу жана аны дайыма жаңылоону камсыз кылуу |
65 | УМ | Продукцияны милдеттүү сертификациялоо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 260 токтому менен бекитилген шайкештиги милдеттүү ырасталууга тийиш болгон продукциялардын тизмегин кайра карап чыгуу |
66 | УМ | Продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларацияны каттоо | |
Бишкек шаарынын мэриясы | |||
67 | У | Жеңилдетилген типтеги курулуш жана курулма объекттери үчүн жер тилкесин берүү | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүүнү жүргүзүү |
68 | У | Бишкек шаарынын аймагында жер казуу иштерин жүргүзүүгө ордер | 1. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүүнү жүргүзүү. 2. Уюмдардын маалыматтык системасына Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Патрулдук кызмат башкармалыгын, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасын, «Сыноо жол лабораториясы» муниципалдык ишканасын, «Муниципалдык инспекция» муниципалдык ишканасын, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык райондук администрациясы, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасын кошуу |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | |||
69 | УМ | Чачынды алтынды казып алууну жүзөгө ашыруучу жеке издөөчүлөрдү каттоо жөнүндө күбөлүк | 1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы аркылуу арызды электрондук берүүнү киргизүү. 2. Толук өтүнмө шартында берүү мөөнөтүн 5тен 3 жумуш күнүнө чейин кыскартуу. 3. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкатка талаптарды, мисалы, «Түндүк» системасы аркылуу ведомстволор аралык автоматтык суроо-талап кылуу жолу менен жөнөкөйлөтүү. 4. Потенциалдуу казып алуунун регионуна же көлөмүнө жараша ставкалардын дифференциациясын жүргүзүү. 5. Арызды электрондук түрдө берүүнүн жана портал аркылуу скан-документтерди тиркөөнүн механизмин оптималдаштыруу. 6. Ведомстволор ортосунда электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө ченемдерди киргизүү (мисалы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги соттолбогондугу жөнүндө маалымдама үчүн). 7. Электрондук уруксат формасынын статусун юридикалык жактан кагаз түрүнө барабар деп аныктоо |
70 | УМ | Ысык-Көл районунун рекреациялык объекттеринин иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспорт | 1. Ысык-Көл районунун рекреация объекттеринин иштөөгө даярдыгы жөнүндө паспортторду берүүнү оптималдаштыруу. 2. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы | |||
71 | УМ | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрү үчүн «СТ-1» формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаты | 1. Документтин аныктыгын ырастоо үчүн QR-коду менен санарип форматында берүү. 2. Мамлекеттик органдар менен электрондук документ жүгүртүү системасын өркүндөтүү
|
72 | УМ | Башкы преференциялар системасынын (GSP) алкагында преференцияларды берүүчү өлкөлөр үчүн, мисалы, Европа бирлигинин, АКШ, Канада, Түркия жана башка өлкөлөрдө «А» формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаты | |
73 | УМ | Башка өлкөлөр үчүн «Түп нуска» формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаты (преференцияларды бербеген өлкөлөр) | |
74 | УМ | «EAV», СТ-2, СТ-3 формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаттары (Вьетнам, Сербия, Иран) | |
75 | УМ | Өзбекстан Республикасы үчүн «СТ-1» формасы боюнча товардын келип чыгуу сертификаты (1993-жылдагы үлгүсү) | |
76 | УМ | Товарлардын келип чыгуу экспертиза акты | Мамлекеттик органдар менен электрондук документ жүгүртүү системасын өркүндөтүү
|
77 | УМ | Келип чыгууну тариздөө үчүн экспертиза акты (СТ-1 формасы) | |
78 | УМ | Экспертиза акты (форма 3) бажы органдарынын суроо-талаптары болгон учурда контракттык экспертизаларды жүргүзүүдө колдонулат | |
79 | УМ | Сот органдарынын токтому/аныктамасы боюнча экспертиза акты (форма 8) | |
80 | УМ | Сынамдардын (үлгүлөрдү) тандоо акты (форма 2) | |
81 | УМ | Товарлардын санын жана сапатын текшерүүдө консультация акты (форма 4) | |
82 | УМ | Товарларды кабыл алууда экспертиза акты | |
83 | УМ | Экспертиза акты (форма 1) (жүк жөнөтүүчүнүн коштоочу документтерине, келишимдик шарттарга саны жана сапаты толук дал келген учурларда берилет) | |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы | |||
84 | УМ | Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо | 1. Күтүү убактысын кыскартуу үчүн өтүнмө статусу жөнүндө кабарлоолордун автоматтык системасын киргизүү. 2. Документтерди тапшырууну жана аккредитацияны толугу менен онлайн режиминде алууну камсыз кылуу. 3. Документтерди тариздөөнү жана тастыктоону тездетүү үчүн электрондук кол тамганы колдонуу. 4. Кайталоолорду болтурбоо үчүн аккредиттелген ЖМКлардын бирдиктүү борбордоштурулган реестрин киргизүү |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору | |||
85 | УМ | Лабораторияны аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуу | 1. Аккредитациянын наркын жогорулатуу. 2. «е-Аккредитация» маалыматтык системаны жеткире иштеп чыгуу |
86 | Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестрине жазуу | ||
87 | Менеджмент системаларын сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуу | ||
88 | Персоналды сертификациялоо боюнча органдын аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестрине жазуу | ||
89 | Контролдоо органынын аккредитациялоо аттестаты/шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуу | ||
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | |||
90 | У | Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия | 1. Лицензия берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу. 2. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти | |||
91 | Л | Автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууларды жүргүзүүгө лицензия | Автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташууларга лицензия берүү жол-жобосун кайра карап чыгуу |
92 | Л | Автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууларды жүргүзүүгө лицензия
| |
93 | Л | Суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларга лицензия
| |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||
94 | Л | Медициналык иш | 1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин шаардык жана облустук башкармалыктарын кийин лицензияга чейинки жана лицензиядан кийинки контролду аларга өткөрүп берүү менен түзүү. 2. Мамлекеттик органдарды интеграциялоо менен документтерди онлайн-кабыл алуу бөлүгүндө санариптештирүү. 3. Иштин түрүнө жараша 10 000 сомдон 500 000 сомго чейин жыйымдын дифференцияланган ставкасын киргизүү. 4. Документтерди онлайн-кабыл алуу, баш тартуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын интеграциясы менен берүү бөлүгүндө санариптештирүү |
95 | Л | Фармацевтикалык иш | |
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент | |||
96 | Л | Электр энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
97 | Л | Жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу | |
98 | Л | Жаратылыш газын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу
| |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | |||
99 | УМ | Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу жана кошумча алынуучу металлдарды камтыган рудаларды жана концентраттарды кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү/мүмкүн эместиги жөнүндө техникалык корутунду | Милдеттүү документтердин тизмегин арыздардын формаларынын жана шаблондорунун үлгүлөрү менен иштеп чыгуу |
100 | Л | Радиоактивдүү жана уулуу материалдарды, заттарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын, ошондой эле радиоактивдүү жана уулуу калдыктарды ташууга (анын ичинде трансчек аралык), сактоого, пайдаланууга, көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө лицензия | 1. Лицензияларды берүү жол-жоболорунун ачыктыгын оптималдаштырууну жүргүзүү. 2. Лицензия алууга өтүнмө берүү үчүн документтердин топтомуна коюлган талаптарды жөнөкөйлөтүү жана стандартташтыруу. 3. Өтүнмөлөрдү кароонун жана лицензия берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун мөөнөттөрүн кыскартуу. 4. Электрондук документ жүгүртүүнү жана лицензиялоо процессин автоматташтырууну киргизүү. 5. Коопсуздук стандарттарын төмөндөтпөстөн, ашыкча жана кайталанган шарттарды жоюу максатында лицензиялык талаптарды тактоо жана конкреттештирүү |
101 | УМ | Радиоактивдүү заттарды коопсуз ташуу шарттарын макулдашуу | Кооптуу жүктөрдү (анын ичинде радиоактивдүү заттарды) ташууну макулдашуунун электрондук платформасын түзүү |
102 | УМ | Мамлекеттик экологиялык экспертиза | Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо ири долбоорлор үчүн гана жүргүзүлөт, ал эми анча чоң эмес долбоорлор үчүн кыйла жөнөкөй жол-жобо иштелип чыгат |
103 | УМ | Мамлекеттик аңчылык күбөлүк (аңчы статусу) | «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык юридикалык жактын жетекчиси аңчылык минимумун билгендигин ырастаган «А» жана «Б» категорияларындагы мамлекеттик мергенчилик билети болгондо аңчылык ишин жүргүзүү укугуна конкурска катыша албайт. Юридикалык жактын жетекчисинин кызмат ордуна талапкер, аңчылык ишин жүргүзүү укугуна талапкер жеке жак үчүн аңчылык минимуму боюнча экзамен тапшыруу жөнүндө талапты жокко чыгаруу максатка ылайыктуу, анткени мындай юридикалык жактын жетекчиси штатта аңчылык жаатында атайын билими бар адистердин болушуна милдеттүү (10-берене) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | |||
104 | Л | Жогорку кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарынын ишин лицензиялоо | Бюджетке түшкөн жүктү болтурбоо үчүн лицензияны карап чыгууга мамлекеттик алымды жогорулатуу |
105 | УМ | Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануу укугуна лицензиялык келишим | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүүнү жүргүзүү |
106 | УМ | Импресарио үчүн элге жарыяланган чыгармаларды эл алдында аткаруу укугуна лицензиялык келишим | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
107 | УМ | Жалпыга белгилүү товардык белгиге күбөлүк | 1. Электрондук арыздарды берүү функциясын кеңейтүү, анын ичинде автоматтык түрдө кеңештерди берүү жана форманын туура толтурулушун текшерүү. 2. Алымдарды онлайн-төлөө үчүн төлөм системалары менен интеграцияны камсыз кылуу. 3. Ведомствонун порталы аркылуу маалыматтык-маалымдама материалдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу |
108 | УМ | Пайдалуу моделге патент (ПМ) | 1. Патент берүү жол-жобосун оптималдаштыруу. 2. Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү. 3. Смартфон аркылуу арыз берүү жана аларды көзөмөлдөө үчүн платформанын мобилдик версиясын иштеп чыгуу |
109 | УМ | Пайдалуу ойлоп табууга патент (ПО) | |
110 | УМ | Өнөр жай үлгүсүнө патент (ӨҮ) | |
111 | УМ | Рационализатордук сунушка күбөлүк | Авторлордун жана ойлоп табуулардын базасы менен интеграциялоо |
112 | УМ | Селекциялык жетишкендикке патент | Селекциялык жетишкендиктерге патент берүү жол-жобосун оптималдаштыруу үчүн төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: – патентке онлайн режиминде арыз берүү үчүн электрондук сервисти иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, анда кадамдык толтуруу, тууралыгын автоматтык түрдө текшерүү жана арыз берүүчүлөргө алдын ала консультация берүү функциялары болот (анын ичинде өсүмдүктөрдүн жана тектеринин маалымдамаларын автоматтык интеграциялоо менен); – экспертизага катышкан мамлекеттик органдардын маалыматтык базалары менен интеграциялоо (мисалы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу департаменттер менен), арыздарды ыкчам жөнөтүү жана корутундуларды алуу үчүн |
113 | УМ | Товардык белгиге жана тейлөө белгисине күбөлүк | 1. Электрондук арыздарды берүү функциясын кеңейтүү, анын ичинде автоматтык түрдө кеңеш берүү жана форманын туура толтурулушун текшерүү. 2. Алымдарды онлайн-төлөө үчүн төлөм системалары менен интеграцияны камсыз кылуу. 3. Ведомствонун порталы аркылуу маалыматтык-маалымдама материалдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу |
114 | УМ | Салттуу билимдерге күбөлүк | 1. Жергиликтүү жамааттар – салттуу билимдердин ээлери менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, анын ичинде мамлекеттик жана эне тилдеринде түшүндүрүү жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу аркылуу. 2. Тажрыйба алмашуу жана улуттук практиканы эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын салттуу билимдерди коргоо жаатындагы пилоттук эл аралык демилгелерге катышуусун камсыз кылуу |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | |||
115 | Л | Билим берүү иши | Лицензиялоо жол-жобосун автоматташтыруу
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик | |||
116 | УМ | Курсту ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат | 1. Сертификаттын электрондук форматына жол берүү жана QR-код боюнча верификациялоо мүмкүнчүлүгүн алуу бөлүгүндө окутуу жана сертификациялоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу. 2. Окуу борборунун сертификаттарды автоматтык түрдө генерациялоону жана эсепке алууну камсыз кылуу үчүн IT-системасын жеткире иштеп чыгуу. 3. Мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграциялоо (зарыл болгон учурда). 4. Маалыматтарды текшерүүгө жооптуу окуу борборунун кызматкерлеринин функцияларында өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти | |||
117 | УМ | Адамдын ден соолугуна таасир этүүчү электромагниттик нурлануунун деңгээлин жана башка ызы-чуунун, титирөөнүн, жарыктандыруунун деңгээлинин физикалык факторлорун (табигый, жасалма), микроклиматтын параметрлери, ультрафиолет инфракызыл, лазердик нурлануу, электростатикалык заряддар жана талаа) санитардык-эпидемиологиялык корутунду менен өлчөө протоколу | Санитардык-эпидемиологиялык корутунду менен өлчөө протоколдорун берүү боюнча маалыматтык автоматташтырылган системаны түзүү бөлүгүндө санариптештирүүнү киргизүү
|
118 | УМ | Объекттердин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык ченемдерге шайкеш келүүсү жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык изилдөө актысы | Документтерди тапшыруу жана берүү жол-жоболорун санариптештирүү |
119 | УМ | Биологиялык жана микробиологиялык организмдер жана алардын токсиндери менен иштөө шарттарынын санитардык эрежелерге шайкештиги жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду (патогендүүлүгү I–IV топтогу микроорганизмдер менен иштөөгө режимдик комиссиянын уруксаты) | Биологиялык жана микробиологиялык организмдер, алардын токсиндери менен иштөөгө уруксат берүү мөөнөтүн (I-IV патогендүүлүк тобундагы микроорганизмдер менен иштөөгө режимдик комиссиянын уруксаты) 30 жумуш күндөн 30 календардык күнгө чейин кыскартуу |
120 | УМ | Радиоактивдүү материалдардын бажы контролунун техникалык каражаттары менен жабдылбаган өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүлүүчү продукцияларга, жүктөргө (багажга) карата ишке ашырылуучу ташып келинүүчү жана ташып чыгарылуучу продукцияларга, жүктөргө (багажга) карата Кыргыз Республикасынын аймагында радиациялык контроль | Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча айрым ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды киргизүү |
121 | УМ | Санитардык-гигиеналык, токсикологиялык, санитардык-бактериологиялык, паразитологиялык, радиометрикалык изилдөөлөргө, ГМОго изилдөөгө, физикалык факторлордун дозиметриялык ченөөлөрүнө жана ченөөлөрүнө, жумушчу зонанын абасын контролдоого сыноо протоколу | Экономикалык шарттардын өзгөрүшүн, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен сыноо протоколун тариздөөгө баалардын колдонуудагы прейскурантын кайра карап чыгуу |
122 | УМ | Уулуу химиялык заттарды экспорттоо же импорттоо үчүн эксперттик корутунду (кат түрүндө) | Бюрократиялык каттардан алыс болуу үчүн бланк документин киргизүү |
123 | УМ | Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (МКК) | Кыргыз Республикасында МКК берүүнүн акы төлөнүүчү системасын киргизүү |
124 | УМ | Адамдын ден соолугуна таасир этүүчү электромагниттик нурлануунун жана башка физикалык факторлордун (ызы-чуунун, титирөөнүн, жарыктандыруунун деңгээли (табигый, жасалма), микроклиматтын параметрлери, ультрафиолет инфракызыл, лазердик нурлануу, электростатикалык заряддар жана талаа) деңгээлин санитардык-эпидемиологиялык корутунду менен өлчөө протоколу | Санитардык-эпидемиологиялык корутунду менен өлчөө протоколдорун берүү боюнча маалыматтык автоматташтырылган системаны түзүү бөлүгүндө санариптештирүүнү киргизүү |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор | |||
125 | Л | Транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү иши (автомектептер) | 1. Толук онлайн-арыз берүү жана кароо системасын киргизүү. 2. Жаңы «АВТОМЕКТЕП» автоматташтырылган маалыматтык системасын – автомектептерди контролдоо жана курсанттардын сабактарга катышуусун көзөмөлдөө механизми боюнча электрондук журналды жана Face ID иштеп чыгуу. 3. Документтерди тапшыруунун жана лицензияларды алуунун электрондук форматын киргизүү |
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги | |||
126 | УМ | Курулуш тармагынын адисинин мамлекеттик квалификациялык сертификаты | 1. Сертификат берүү үчүн төлөмдүн наркын жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө маселени карап чыгуу. 2. Маалыматтык системаларды автоматташтырууну жеткире иштеп чыгуу |
127 | Л | Турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттар менен курулмаларды (I, II, III категориядагы объекттер) долбоорлоо жана изилдөө иштерине, жеке турак үйлөрдү куруудан тышкары, шаар куруу, курулуш-монтаждоо иштерине лицензия (I, II, III категориядагы объекттер). | 1. Сертификат берүү үчүн төлөмдүн наркын жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө маселени карап чыгуу. 2. Маалыматтык системаларды автоматташтырууну жеткире иштеп чыгуу |
128 | УМ | Шайкештик сертификаты, шайкештик декларациясы | Маалыматтык системаларды автоматташтырууну жеткире иштеп чыгуу |
129 | УМ | Атайын техникалык шарттар | Документтерди тапшыруу процессин арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук платформаны киргизүү аркылуу автоматташтыруу |
130 | УМ | Имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча адистин сертификаты | Заманбап санариптик чечимдерди эске алуу менен тестирлөө программасын жаңыртуу |
131 | УМ | Имараттардын от казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча адистин сертификаты | |
132 | УМ | Жер тилкесин берүүгө, кошумча жер тилкесин берүүгө, чек араларын жана функциялык багытын өзгөртүүгө, жер тилкелерин алмаштырууга, жер тилкесин бириктирүүгө жана бөлүүгө шаар куруу корутундусу (ШКК) | 1. Архитектура органдары менен тиешелүү кызматтардын ортосунда портал аркылуу электрондук байланышты камсыз кылуу, анын ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү жана келишимдерге электрондук форматта кол коюу мүмкүнчүлүгү. 2. Жер тилкелерине укук берүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жана мэриялардын жобосуна тиешелүү кызматтар тарабынан корутундуларды берүү мөөнөттөрүн белгилөөнү киргизүү |
133 | УМ | Инженердик-техникалык шарттар (ИТШ) | Бишкек жана Ош шаарлары үчүн инженердик коммуникациялардын интерактивдүү картасын түзүү |
134 | УМ | Архитектуралык-шаар куруу корутундусу | Топографиялык съемканы берүү процессин тездетүүнү камсыз кылуу |
135 | УМ | Коргоо документтерин даярдоо | Арыздарды электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кабыл алууну уюштуруу, бирдиктүү ыкманы киргизүү жана борборлоштурулган архивдик маалыматтык базаны түзүү |
136 | УМ | Объекттердин долбоордук документтерин кароо жана макулдашуу (Курулуп жаткан объекттердин реестрине жеңил конструкция байланыш курулмасынын (капиталдык эмес) объекттерин киргизүү, эксплуатациялоого берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо актысын алуу) | Байланыш курулмаларын долбоорлоого, курууга уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнгө салуучу өзүнчө ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу, анда байланыш курулмаларын долбоорлоонун жана куруунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бардык колдонулуучу ченемдер камтылууга тийиш |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы | |||
137 | УМ | Үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин пайда болушун жана (же) атаандаштыкты чектөөнү болтурбоо максатында чарбалык субъекттерди (алардын бирикмелерин) бириктирүү, кошуу, кайра түзүү жолу менен кайра уюштурууну алдын ала макулдашуу | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын экономикалык концентрация процесстеринин алкагында чарбалык субъекттерди каттоо жана кайра каттоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнүн автоматташтырылган механизмин иштеп чыгуу |
138 | УМ | Үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъект тарабынан ошол эле товардын рыногунда иштеген башка чарбалык субъекттин акцияларын (уставдык капиталдагы үлүшүн) сатып алууга, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталдагы үлүшүн) каалаган юридикалык жак же жаран тарабынан сатып алуусун алдын ала макулдашуу | |
139 | УМ | Акциялардын беш пайыздан ашыгы (уставдык капиталдагы катышуу үлүшү) мамлекетке таандык болгон чарбалык субъекттерди түзүү жана үстөмдүк абалды ээлеген жана/же атаандаштыкты чектеген чарбалык субъекттин пайда болушун болтурбоо максатында «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык катышуучулары аффилирленген жактар жана/же адамдардын тобу болуп саналган чарбалык субъекттерди түзүүнү алдын ала макулдашуу | |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент | |||
140 | Л | Банкроттук процесстин жол-жоболорун жүргүзүүчү администраторлордун ишине лицензия | Процессти автоматташтыруу
|
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы | |||
141 | Л | Баалуу кагаздар рыногунда инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу ишине лицензия | Тиешелүү процесстерди автоматташтыруу боюнча маалыматтык системасын иштеп чыгуу |
142 | Л | Баалуу кагаздар рыногунда дилердик ишке лицензия | |
143 | Л | Баалуу кагаздар рыногунда инвестициялык фонддун ишине лицензия | |
144 | Л | Баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүүгө лицензия | 1. Тиешелүү процесстерди автоматташтыруу боюнча маалыматтык системасын иштеп чыгуу. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтындагы юридикалык жактардын реестри аркылуу документти электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен, юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн документтердин тизмесинен алып салуу |
145 | Л | Баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишке лицензия | |
146 | УМ | Баалуу кагаздарды элге сунуш кылуунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту каттоо | |
147 | Л | Баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишке лицензия | |
148 | Л | Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу ишине лицензия | |
149 | УМ | Майнингге сертификат
| |
150 | Л | Виртуалдык активдердин операторунун (криптобиржанын) ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия | 1. «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү. 2. Юридикалык жактын күбөлүгүнүн документтерди нотариалдык жактан күбөлөндүрүү талабын алып салуу |
151 | УМ | Виртуалдык активдерди чыгарууну мамлекеттик каттоо жана ак кагаздарды каттоо | Юридикалык жактар үчүн берилген документтердин тизмесинен эмитенттин юридикалык жак катары катталгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсүн алып салуу |
152 | Л | Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия | 1. Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү процесстерди автоматташтыруу үчүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу. 2. «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө жана «Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторунун иши жөнүндө» жобонун 30-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтому менен бекитилген Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорунун реестрин жүргүзүү бөлүгүндө). 3. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлорун каттоодо юридикалык жактын күбөлүгүн берүү жана документтерди нотариалдык жактан күбөлөндүрүү жөнүндө талапты алып салуу |
153 | Л | Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтолмо камсыздандыруу | 1. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому) 45-главасын кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу өмүрдү ыктыярдуу топтолмо камсыздандыруу боюнча лицензияга тиркеме алуу үчүн колдонуудагы лицензия болгондо арызды жана камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берүүнүн зарылдыгын белгилеген пункт/абзац менен толуктоо |
154 | Л | Ломбард иши | 1. Тиешелүү процесстерди автоматташтыруу боюнча маалыматтык системасын иштеп чыгуу. 2. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүү талабын алып салуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү |
155 | Л | Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жеке камсыздандыруу | 1. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому) 46-главасын ыктыярдуу жеке камсыздандыруу боюнча лицензияга тиркемени алуу үчүн колдонуудагы лицензия болгон учурда арыз жана камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берүүнүн зарылдыгын белгилеген пункт/абзац менен толуктоо. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтындагы юридикалык жактардын реестри аркылуу документти электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен документтердин тизмесинен юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүү талабын алып салуу |
156 | Л | Лизингдик иш | Тиешелүү процесстерди автоматташтыруу боюнча маалыматтык системасын иштеп чыгуу
|
157 | Л | Виртуалдык казинону (онлайн казинону) башкарууга лицензия | 1. Оюн-зоок ишин лицензиялоо процесстерин автоматташтыруу үчүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу. 2. Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишин лицензиялоо жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440 токтому) юридикалык жактын күбөлүгүн жана документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүү талаптарын алып салуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү |
158 | Л | Виртуалдык казинонун операторлугуна лицензия (онлайн казино) | |
159 | Л | Букмекердик контора
| |
160 | Л | Тотализаторго лицензия
| |
161 | Л | Виртуалдык казинону (электрондук казинону) башкарууга лицензия | |
162 | Л | Виртуалдык казинонун (электрондук казинонун) операторлугуна лицензия | |
163 | Л | Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу лицензиясы | 1. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 47-главасын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому) ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу боюнча лицензияга тиркемени алуу үчүн колдонуудагы лицензия болгон учурда арыз жана камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берүү керектигин белгилеген пункт/абзац менен толуктоо. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтындагы юридикалык жактардын реестри аркылуу документти электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүү талабын документтердин тизмесинен алып салуу |
164 | Л | Кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга лицензия | |
165 | Л | Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу | 1. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 48-главасын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому) кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу ыктыярдуу жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча лицензияга тиркемени алуу үчүн колдонуудагы лицензия болгон учурда арыз жана камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берүү керектигин белгилеген пункт/абзац менен толуктоо. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтындагы юридикалык жактардын реестри аркылуу документти электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүү талабын документтердин тизмесинен алып салуу |
166 | У | Мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө уруксат | 1. Лотерея өткөрүүгө арыздарды кароонун так мөөнөттөрүн белгилөө жана арыз ээлерине процесстин жүрүшү жөнүндө кабарлоону камсыз кылуу. 2. Жол-жобонун айрым этаптарын жарым-жартылай санариптештирүү, анын ичинде арыздарды берүү жана электрондук почта же мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркөө. 3. Документтерди тапшырууда техникалык каталарды азайтуу үчүн арыздардын типтүү формаларын жана шаблондорду иштеп чыгуу жана киргизүү. 4. Формалдуу негиздер боюнча баш тартуулардын санын азайтуу үчүн документтерди тапшыруунун алдында субъекттерге алдын ала консультацияларды берүүнү уюштуруу |
167 | Л | Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрүнө лицензия | 1. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 49-главасын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому) кайра камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча лицензияга тиркемени алуу үчүн колдонуудагы лицензия болгон учурда арыз жана камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берүүнүн зарылдыгын белгилеген пункт/абзац менен толуктоо. 2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтындагы юридикалык жактардын реестри аркылуу документти электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүү талабын документтердин тизмесинен алып салуу |
168 | Л | Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун ишине лицензия | 1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (МЭПФ) ишин лицензиялоо үчүн документтерди берүүнүн учурдагы тартибин сактап калуу, ачык-айкындуулукту, ишенимдүүлүктү жана салымчылардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу. 2. Юридикалык статусун, баштапкы капиталын, жетекчиликтин кесиптик жарамдуулугун, ички регламенттердин болушун, бизнес-моделдин негиздүүлүгүн жана иш үчүн материалдык базаны тастыктоону кошо алганда, МЭПФнын документтерине карата милдеттүү талаптарды колдоо. 3. МЭПФ персоналынын квалификациясына, анын ичинде билимине, тажрыйбасына, кесиптик сертификаттарына жана соттуулугунун жоктугуна карата талаптардын сакталышын камсыз кылуу. 4. МЭПФ лицензиялоо процесстерин автоматташтыруу жана документ жүгүртүүнү коштоо үчүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу. 5. Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому) контролдоо жана эсепке алуу процесстерин автоматташтырууну жана жакшыртууну эске алуу менен өзгөртүүлөрдү киргизүү |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти | |||
169 | УМ | Сорттук себүүлөргө, кылкандуу дан эгиндерине, чанактуу дан эгиндерине жана май алынуучу өсүмдүктөргө талаа инспекциясынын акты | Процесстерди оптималдаштыруу жана документ жүгүртүүнү автоматташтыруу үчүн маалыматтык системаларын жеткире иштеп чыгуу |
170 | УМ | Көп жылдык чөптөрдүн үрөнүн себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты (беде, эспарцет ж. б.) | |
171 | УМ | Кант кызылчасынын көчөтсүз себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты | |
172 | УМ | Мөмө-жемиш, жаңгак бактарына, декоративдүү гүл өсүмдүктөрүнө жана жүзүмдүн көчөттөрүнө жана көчөт материалдарына талаа инспекциясынын акты | |
173 | УМ | Пахта үрөнүнө талаа инспекциясынын акты | |
174 | УМ | Үрөндүк картошкага талаа инспекциясынын акты | |
175 | УМ | Шайкештик сертификаты
| |
176 | УМ | Экспорттоло турган үрөн продукциясына берилүүчү Эл аралык кызгылт сары сертификаты (OISLC) | |
177 | УМ | Табыштамалар боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноодон өткөрүү | |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти | |||
178 | УМ | Балык чарбалык суу көлмөлөрүн балык өстүрүү, балык көбөйтүү максаттары үчүн берүү | 1. Балык чарбасы үчүн суу көлмөлөрүн берүү боюнча конкурстарды өткөрүү процессин санариптештирүү. 2. «Балык чарбалык суу көлмөлөрүн балык өстүрүү, балык көбөйтүү максаттары үчүн берүү» жана «Суу көлмөлөрдү жана балык уулоочу участокторду балык уулоо максаттары үчүн берүү» уруксаттарын «Балык чарбалык суу көлмөлөрүн балык өстүрүү, балык уулоо жана балык көбөйтүү максаттары үчүн берүү» деген аталыштагы бирдиктүү уруксатка бириктирүү |
179 | УМ | Суу көлмөлөрдү жана балык уулоочу участокторду балык уулоо максаттары үчүн берүү | 1. «Балык чарбалык суу көлмөлөрүн балык өстүрүү, балык көбөйтүү максаттары үчүн берүү» жана «Суу көлмөлөрдү жана балык уулоочу участокторду балык уулоо максаттары үчүн берүү» уруксаттарын «Балык чарбалык суу көлмөлөрүн балык өстүрүү, балык уулоо жана балык көбөйтүү максаттары үчүн берүү» деген аталыштагы бирдиктүү уруксатка бириктирүү. 2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында балык чарбасы үчүн суу көлмөлөрүн берүү боюнча конкурстарды өткөрүүнү санариптештирүү |
180 | УМ | Балык өстүрүү-биологиялык негиздемеси (ББН) жана балык чарбасын уюштуруу үчүн суу көлмөнүн паспорту | |
181 | УМ | Дарыянын жана башка суу объекттеринин паспортунун балык өстүрүү-биологиялык негиздемеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында уруксаттын аталышын «Балык өстүрүү чарбасынын паспортуна» өзгөртүү (иштеп жаткан балык өстүрүү чарбасына берилет) |
182 | УМ | Суу менен камсыздоо булагы скважина болуп саналган көлмө, бассейндик, аквакультураны уюштуруу жана өнүктүрүү үчүн балык өстүрүү-биологиялык негиздемеси (ББН) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында уруксаттын аталышын «Скважина жана жер үстүндөгү суунун нугу суу менен камсыздоонун булагы болуп саналган көлмө, бассейндик, садоктук аквакультураны уюштуруу жана жүргүзүү үчүн балык өстүрүү-биологиялык негиздеме (ББН)» (долбоорлонгон балык чарбасына берилет) деген аталышка өзгөртүү |
183 | УМ | Балык уулоочулук билети | Билеттерди берүү процессин жөнөкөйлөтүү үчүн башка мобилдик капчыктарды интеграциялоо |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору» мамлекеттик мекемеси | |||
184 | УМ | Ветеринардык дары каражатынын сапаты жөнүндө корутунду | 1. Бажы декларациясынын көчүрмөсүн (каражаттын көлөмүн ырастаган) жана товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле ветеринардык мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторунун уруксатын кошо алганда, документтердин тизмегин берүү процесстерин оптималдаштыруу үчүн санариптик чечимдерди киргизүү. 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 106 «Кыргыз Республикасынын аймагында ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүүнү жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү: – 2-тиркемеде 12-пункттун 8-пунктчасын алып салуу; – бул чөйрөдөгү жол-жоболорду оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү. 3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна бул чөйрөдөгү жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү |
185 | Л | Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүгө (даярдоого) жана сатууга лицензия | 1. Ветеринардык каражаттарды дүңүнөн жана чекене сатуу үчүн ветеринария жаатындагы лицензиялык талаптарга атайын орто билими жөнүндө талапты киргизүү. 2. Маалымат алмашууну жөнөкөйлөтүү жана процесстерди тездетүү үчүн лицензиялоо маалыматтык системасын башка мамлекеттик органдар менен интеграциялоо. 3. Лицензиялоо процессин бюрократиядан арылтуу жана оптималдаштыруу максатында лицензиялык талаптарды кыскартуу. 4. Арыз ээлерине бюрократиялык жүктү азайтуу максатында документтерди, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык корутундунун бар экендиги жөнүндө маалыматтарды жана өрт коопсуздугу боюнча экспертизанын көчүрмөлөрүн берүү процесстерин оптималдаштыруу боюнча санариптик чечимдерди киргизүү |
186 | УМ | Тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк | 1. Иштеп жаткан маалыматтык системаларды модернизациялоо жана жеткире иштеп чыгуу, анын ичинде функционалды жакшыртуу жана аларды башка мамлекеттик платформалар менен интеграциялоону камсыз кылуу. 2. Арыздарды берүү жана көзөмөлдөө, документтерди тиркөө жана билдирүүлөрдү алуу үчүн электрондук порталды түзүү. 3. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн онлайн, анын ичинде QR-коддорду колдонуу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. 4. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессинде кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү кыскартуу. 5. Документтерди берүү убактысын кыскартуунун, ачык-айкындуулукту жогорулатуунун жана арыз ээлеринин жеке кайрылуусунун зарылдыгын жокко чыгаруунун эсебинен процесстердин натыйжалуулугун жогорулатуу |
187 | УМ | Ветеринардык дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгү | 1. Порталдын тизмесиндеги уруксат берүүчү документтин аталышын колдонуудагы ченемдик базага ылайык «Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк» дегенден «Ветеринардык дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгү» деген туура аталышка оңдоо; 2. Арыздарды кароо мөөнөттөрүн кыскартуу жана кагаз жүзүндөгү документ жүгүртүүнү азайтуу үчүн «Ветеринардык дары каражаттарын каттоодон жана сертификаттоодон өткөрүүгө арыздарды каттоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу» АМСны колдонуу менен каттоо күбөлүгүн берүү процесстерин санариптештирүүнү жана автоматташтырууну киргизүү. 3. Арыз ээлеринин мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүү жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу үчүн документтерди бирдиктүү терезе аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүгүн уюштуруу |
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | |||
188 | УМ | Аккредитациялык карта (аккредитациялык күбөлүк)
| 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жаңы сайтында (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бирдиктүү порталы) Кыргызстандагы чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо үчүн онлайн-өтүнмөнү толтуруу жана берүү функциясын ишке киргизүү. 2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтында аккредитацияланган чет өлкөлүк ЖМК өкүлдөрүн тез верификациялоо үчүн QR-код системасын ишке киргизүү |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
| |||
189 | УМ | Асыл тукум субъекттин статусун ыйгаруу жана андан ажыратуу | Асыл тукум статусун алууга өтүнмөлөрдү берүүнү санариптештирүү үчүн маалыматтык системасын иштеп чыгуу
|
Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органы (Ветеринардык палата) | |||
190 | УМ | Кыргыз Республикасынын Ветеринардык статуардык органынын бирдиктүү реестринде каттоо жөнүндө күбөлүк | Укук бузуулар жөнүндө кодекске Ветеринардык палатанын бирдиктүү реестринде катталбастан ветеринардык практиканы жүргүзгөндүгү үчүн ветеринардык врачтарды жана параветеринардык адистерди жоопкерчиликке тартуу жөнүндө беренени киргизүү |
Бизнес коомчулуктун жана Дүйнөлүк банктын сунуштары | |||
191 | УМ | Мамлекеттик тилдеги жарнаманын текстин мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу | Мамлекеттик тил маселелери боюнча ыйгарым укуктуу орган менен мамлекеттик тилдеги жарнаманын текстин милдеттүү макулдашуу жөнүндө талапты жоюу мүмкүнчүлүгүн кароо |
192 | УМ | Жарнамалык конструкцияларды техникалык кароо | Жыл сайын техникалык кароодон өткөрүү зарылдыгын жоюу |
193 | УМ | Маалыматтык жарнамалык конструкциялардын объекттеринин реестрине киргизүү | Реестрге киргизүү талабын жоюу, анткени бул ашыкча жөнгө салуу жана коррупциялык факторлорду камтыган бюрократиялаштырылган жол-жобо болуп саналат |
194 | УМ | Кыймылдуу мүлктүн жана кыймылсыз мүлктүн күрөөсүн каттоо | Күрөө берүүчү жана/же күрөө кармоочу тарабынан реестрге тиешелүү жазууну өз алдынча киргизүү аркылуу күрөөнү каттоо (мисалы, «Түндүк» системасы аркылуу). Жазууну өз алдынча киргизүү азыркы учурда күрөөнү каттаган мамлекеттик кызматчылардын жүктөмүн азайтууга жана күрөөнү каттоо жол-жобосун бюрократиядан арылтууга мүмкүндүк берет |
195 | УМ | Бассейндердин, санаторийлердин жана мейманканалардын бардык кызматкерлери медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү, ар бир кызматкерге медициналык китепче берилүүгө тийиш | Контролдоо системасынын бир кыйла кеңири реформаларына ылайык кайра кароо. Мындан тышкары персоналдын профилдерине карата дифференциация киргизүү жана бул милдетти коопсуздукту камсыз кылуу боюнча объекттин операторунун туруктуу жоопкерчилиги катары бекитүү сунушталат. Жумушка кабыл алууда алдын ала медициналык кароодон өтүү жөнүндө талапты сактоо сунушталат |
196 | УМ | Санаториялык-курорттук мекемелердин эксплуатациялоого даярдыгын паспорттоштуруу | Макулдашуу процессин тартипке келтирүү жана консолидациялоо үчүн санаторийлер, курорттор ж.б. үчүн милдеттүү макулдашуулардын жана талаптардын тизмегин кайра кароо, ошондой эле тобокелдиктерди адекваттуу контролдоо үчүн зарыл болуп саналбаган жана керексиз жүктөмдү жараткан талаптарды жокко чыгаруу (мисалы, берүүчүлөр менен түзүлгөн контракттарды, менюну алдын ала текшерүү ж.б.) |
197 | УМ | Куткаруучунун квалификациясын ырастоо (кайра даярдоо, квалификацияны жыл сайын ырастоо) | Тобокелдиктерди баалоонун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында зарыл болгон квалификацияга талаптарды сактоону текшерүү жөнүндө маселени кароо |
198 | УМ | Шаарларда жана башка калктуу конуштарда тышкы жарнаманы жайгаштыруу | Ири форматтагы жарнаманы атайын бөлүнгөн жана корголуучу зоналарга гана жайгаштыруу мүмкүндүгү менен жарнаманы жайгаштыруунун жалпы эрежелерин белгилөө жөнүндө маселени кароо |
199 | УМ | Экологиялык туризм максатында мамлекеттик биосфералык коруктардын жана жаратылыш корукчаларынын зонасына, ошондой эле мамлекеттик жаратылыш парктарынын корголгон зоналарына кирүү мүмкүнчүлүгү | Бирдиктүү жалпы эрежелерди белгилөө жана иш-чараларды өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө бийлик органдарына кабарлоо тартибин киргизүү жөнүндө маселени кароо |
Кыскартуулардын тизмеси
Л | – | лицензия |
|
У | – | уруксат |
|
УМ | – | уруксат берүүчү мүнөздөгү документ | |