Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-январы № 5
2026-жылга карата Курама айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берилип, бирок ушул жылы мөөнөтү бүткөн жерлерди аукционго коюу жана 1 га жерге болгон ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
(Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 27 токтомунун редакциясына ылайык )
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби” жөнүндө типтүү жобосуна ылайык, айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевдин айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берүү төлөмдөрүнүн чени үрөн чарба, асыл тукум мал чарбаларына, кооперативдерге түрүнө жараша баштапкы бааны көтөрүү жана бекитип берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 1-кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берүү төлөмдөрүнүн чени үрөн чарба, асыл тукум мал чарбаларына, кооперативдерге ижарага берүү төлөмү төмөнкүдөй бекитилсин.
Контур №18,19,42-15 га сугат айдоо жери-ижара акысы 8000 сом 1 га үчүн;
Контур №131-6 га кайрак айдоо жери-ижара акысы 4000 сом 1 га үчүн;
Контур №434-15 га сугат айдоо жери-ижара акысы 8000 сом 1 га үчүн;
Контур №568-5 га сугат айдоо жери-ижара акысы 8000 сом 1 га үчүн.
2. Аукциондо соодалашуунун кадамы (баанын өсүү кадамы) 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Аукционго катышуу үчүн күрөө (залог) суммасы 1 га 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жер тилкелери бекитилген ижара акысы менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
5. Аукционду өткөрүү Курама айыл өкмөтүнө жана аукцион комиссиясына жүктөлсүн.
6. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү болуп табылган катышуучу жер участогун ижарага алуудан баш тарткан учурда, төлөнгөн күрөө (залог) суммасы аукцион өткөрүүнүн шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кайтарылбайт.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
9. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
10. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| А.К. Джумагулов |