Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 248 токтомуна) |
Адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 635 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо адистештирилген жана атайын транспорт каражаттарына (ТК) түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана колдонуу тартибин регламенттейт.
Ушул Жобо түстүү графикалык схемалар, айырмалоочу белгилер, жазуулар, ошондой эле атайын жарык жана үн сигналдары орнотулган ТКны пайдаланууга жооптуу министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын айдоочуларына жана кызмат адамдарына карата колдонулат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
жазуулар - белгиленген тартипте адистештирилген жана атайын ТКнын сырткы бетине жазылган же түшүрүлгөн, аларды визуалдык идентификациялоо, функциялык багытын, тиешелүү кызматка (уюмга) таандык экендигин көрсөтүү жана (же) жол кыймылынын катышуучуларына маалымдоо үчүн арналган сөздөрдүн, тамгалардын, цифралардын же алардын айкалышынан турган тексттик белги;
айырмалоочу белги - ТКнын ведомстволук таандыктыгы жана (же) функционалдык багыты жөнүндө маалыматтын графикалык сүрөтү (гербдер, эмблемалар, логотиптер ж.б.);
адистештирилген ТК - жүктөрдүн белгилүү бир түрүн (мунай продуктулары, тамак-аш суюктуктары, суюлтулган көмүр суутектүү газ, тамак-аш азыктары ж.б.) ташуу үчүн арналган ТК;
атайын ТК - атайын функцияларды аткаруу үчүн арналган, атайын жабдууну талап кылган (автокрандар, өрт өчүрүүчү автомобилдер, жумушчу платформалары бар көтөргүчтөр менен жабдылган автомобилдер, автоэвакуаторлор ж.б.) ТК;
атайын жарык сигнал (жаркылдоочу маяк) - белгиленген тартипте адистештирилген жана атайын ТКга орнотулуучу атайын жарык техникалык түзүлүшү, ал көзгө жакшы көрүнүүчү жарык сигналдарын берүү үчүн арналган, жол кыймылынын катышуучуларына коркунуч жөнүндө эскертүү жана (же) кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарууда ТКнын артыкчылыктуу өтүү укугун камсыз кылуу үчүн колдонулат;
атайын үн сигналы - белгиленген тартипте атайын ТКга орнотулуучу техникалык каражат, ал жакшы угулуучу үн сигналдарын берүү үчүн арналган жана жол кыймылынын катышуучуларына эскертүү жана кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарууда мындай ТКнын артыкчылыктуу өтүүсүн камсыз кылуу үчүн атайын жарык сигналдары менен биргеликте колдонулат;
түстүү графикалык схема - ТКнын сырткы бетине түшүрүлгөн негизги түстүн, декоративдик сызыктардын, айырмалоочу белгилердин жана маалыматтык жазуулардын компоновкасынын, конфигурациясынын жана композициялык өз ара байланышынын графикалык сүрөтү.
3. ТКга түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, ошондой эле атайын жарык жана үн сигналдарын орнотуу жана жабдуу жөнүндө чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат. Чечим транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жиберилет.
4. Көк жана (же) кызыл түстөгү атайын жарык сигналы күйгүзүлгөн ТКнын айдоочулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин (мындан ары - Эрежелер) 3-главасына ылайык Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарынан четтөөгө укуктуу.
5. Эрежелерге ылайык сары же кызгылт сары түстөгү атайын жарык сигналдары орнотулган ТКда башка ТКга салыштырмалуу артыкчылык укугу жок.
6. Ички иштер органдарын (ИИО), мамлекеттик коргоо органын (МКО) жана аскердик автомобиль инспекциясын (ААИ) кошпогондо, балансында атайын жарык жана үн сигналдары менен ТК болгон министрликтер, ведомстволор жана уюмдар жол кыймылынын коопсуздугу боюнча инженерди же ТКны эксплуатациялоо боюнча жооптуу адамды штатка же келишим боюнча алууга жана айдоочуларга кириш жана квартал сайын инструктаждарды өткөрүүгө, ошондой эле ТКны Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) талаптарына ылайык техникалык оң абалда кармоого милдеттүү.
Бул пункттун аткарылышын контролдоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
2-глава. Атайын жарык жана үн сигналдарын колдонуу тартиби
7. Атайын жарык сигналы кызматтык жана функционалдык милдеттерди аткарууда зарылдыкка жараша колдонулууга тийиш.
Атайын үн сигналы жол кыймылынын катышуучулары тарабынан коопсуздук чараларын көрүүнү камсыз кылуу максатында алардын көңүлүн буруу үчүн атайын жарык сигналы күйгүзүлгөндө гана конкреттүү кырдаалга жараша колдонулат.
ТКнын айдоочулары транспорттун кыймылынын интенсивдүүлүгүн, жол шарттарын эске алуу менен кыймылдын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылган шартта ТКны башкаруу боюнча зарыл болгон иш-аракеттерди аткарууга мүмкүндүк берген тийиштүү ылдамдыкты тандоого тийиш.
8. Кесилиштерден өтүүдө, ТКдан озуп кетүүдө, анын ичинде каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен озуп кетүүдө жана башка учурларда атайын үн сигналдарын иштетүү Эрежелердин 3-главасына ылайык конкреттүү жол абалына жараша айдоочулар тарабынан алдын ала жүргүзүлөт.
3-глава. Атайын жарык жана үн сигналдарын колдонуу өзгөчөлүктөрү
9. ИИОнун кызматкерлери автомобилдердин атайын колонналарын (автобустарды) коштоодо (эскорттоодо), ошондой эле өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
10. МКОнун айдоочулары мамлекет башчыларынын, башка жогорку кызмат адамдарынын жана делегациялардын автомобилдеринин колонналарын коштоодо, ошондой эле өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
11. ААИнин айдоочулары машыгууга бара жатканда, аскерлерди кайра жайгаштырууда жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине байланышкан башка учурларда автомобилдердин, техникалардын жана курал-жарактардын атайын колонналарын коштоодо атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
12. Өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын айдоочулары өрт, авария, жаратылыш кырсыктары жана башка окуялар болгон жерлерге барууда, ошондой эле гарнизондук машыгууларды өткөрүүдө атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
13. Акча каражаттарын инкассациялоочу, баалуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин айдоочулары ташуу учурунда атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
14. Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын айдоочулары өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда транспорттук контролдоо пункттарында атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
15. Медициналык тез жардамдын жана медициналык кызматтардын ТКсынын айдоочулары өмүрүнө коркунуч жаралган абалдагы оорулууларга барууда же мындай оорулууларды дарылоо мекемелерине жеткирүүдө атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
Айдоочуга атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга уруксатты автомобилде чогуу бара жаткан улук медициналык кызматкер берет.
16. Коммуналдык-техникалык, курулуш, жер казуучу, жол кызматтарынын жана көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча кызматтардын, ошондой эле кооптуу жана ири габариттүү жүктөр менен ТК жол жүрүүдө жана жалпы пайдалануудагы жолдордо курулуш-оңдоо, жол иштерин жүргүзүүдө атайын жарык сигналдарын колдонууга милдеттүү.
Бул милдет атайын ТКнын айдоочуларына, айыл чарба жана өз алдынча жүрүүчү дөңгөлөктүү машиналардын машинисттерине да колдонулат.
17. Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ТКсынын айдоочулары техногендик мүнөздөгү аварияларды, браконьерликти, жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууну токтотууда атайын жарык сигналдарын колдонууга укуктуу.
171. Сот приставдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аларга жүктөлгөн, токтоосуз чара көрүүнү жана кызматтык милдеттерин аткаруучу жерге оперативдүү келүүнү талап кылган милдеттерди аткарууга байланышкан кызматтык зарылчылык болгон учурда транспорт каражаттарына атайын жарык жана үн сигналдарын колдонууга укуктуу.
Өзгөчө учурларга айыпталуучу, жабырлануучу, күбө соттун чакыруусу боюнча жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда аларды мажбурлап алып келүү жөнүндө токтомдорду жана аныктамаларды аткаруу, соттордун ишинин белгиленген тартибин камсыз кылуу үчүн кошумча күчтөрдү жөнөтүү, резонанстуу жана коомдук маанилүү иштерди кароодо коопсуздук чараларын күчөтүү, сот имараттарында коомдук тартипти бузуулардын алдын алуу кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 635 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Түстүү графикалык схемалар, айырмалоочу белгилер, жазуулар, атайын жарык жана үн сигналдары боюнча жалпы талаптар
18. Министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын ТКсында төмөнкү жарык сигналдары колдонулат:
1) кызыл-көк, зарыл болгон учурда ак түстү пайдалануу, ошондой эле үн сигналын орнотуу менен:
- ИИО;
- МКО;
- ААИ;
2) көк, үн сигналын орнотуу менен:
- өзгөчө кырдаалдар кызматтары;
- медициналык тез жардам;
- акча каражаттарын инкассациялоо жана баалуу жүктөрдү ташуу;
- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти;
- транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
- сот приставдары кызматы;
3) сары же кызгылт сары, үн сигналын орнотпостон:
- коммуналдык-техникалык, курулуш, жер казуучу, жол кызматтары жана көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча кызмат;
- атайын, айыл чарба ТКсы жана өз алдынча жүрүүчү дөңгөлөктүү машиналар;
- кооптуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташуу үчүн ТК;
4) жашыл, үн сигналын орнотпостон:
- айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 635 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Атайын жарык сигналы ТКнын чатырына же анын алдына орнотулууга тийиш, ошол эле учурда жарыктын чыгуу булагынын борбору аркылуу өткөн горизонталдык тегиздиктеги атайын жарык сигналынын көрүнүү бурчу 360 градуска барабар болууга тийиш. ИИОнун, МКОнун жана ААИнин ТКсын кошпогондо, атайын жарык сигналдарын ТКнын башка жерине орнотууга уруксат берилбейт. Атайын жарык сигналдарын бекитүү ыкмалары ТКнын кыймылынын жана тормоздоонун бардык режимдеринде аларды орнотуунун ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
20. ИИОнун, МКОнун жана ААИнин ТКсы үчүн ТКга жарыктын чыгуу булагынын борбору аркылуу өткөн горизонталдык тегиздикте 360 градус бурчта атайын жарык сигналы көрүнгүдөй орнотулууга тийиш, ошондой эле көрүнүү бурчун 180 градуска чейин азайтууга уруксат берилет, бирок ТКнын алдынкы бөлүгү тараптан атайын жарык сигналы жабылбагандай болууга тийиш.
ТКга, ошондой эле ТКнын алдынкы бөлүгүндөгү капоттун астындагы жерге бирден ашык атайын жарык сигналын орнотууга уруксат берилет.
21. Жалпы пайдалануудагы жолдордо 20 км/с жана андан жогорку ылдамдыкта жүргөн жана туурасы 2,55 м ашык өз алдынча жүрүүчү дөңгөлөктүү машиналар, ошондой эле автожолдун жүрүү бөлүгүндө иштерди аткаруу үчүн арналган машиналар сары же кызгылт сары түстөгү атайын жарык сигналдары менен жабдылууга тийиш. Атайын жарык сигналдарынын саны жана жайгашуусу жарыктын чыгуу булагынын борбору аркылуу өткөн горизонталдык тегиздикте 360 градуста көрүнүүнү камсыз кылууга тийиш.
22. ТКнын сырткы бетиндеги түстүү графикалык схемалар төмөнкү элементтерден турат:
- ТКнын сырткы бетинин негизги түсү;
- декоративдик тилкелер;
- маалыматтык жазуулар;
- айырмалоочу белгилер.
ТКнын оң жана сол жак тарабына түрү, түсү, өлчөмү жана жайгашуусу боюнча бирдей түстүү графикалык схемалар түшүрүлөт.
Түстүү графикалык схемаларда колдонулуучу элементтердин түстөрү жана өлчөмдөрү, ошондой эле маалыматтык жазуулардын мазмуну стандартташтыруу боюнча улуттук органдын буйругу менен бекитилген стандартта белгиленет.
Гербдердин жана эмблемалардын сүрөттөрү жана түстөрү аларды колдонуу тартиби, сыпаттамасы жана сүрөтү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
23. Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин (ББ ТР 018/2011) № 6 тиркемесине ылайык ТКга түстүү графикалык схемаларды, айырмалоочу белгилерди, жазууларды, атайын жарык жана үн сигналдарын орнотууга уруксат берилет.
5-глава. Түстүү графикалык схемалары, айырмалоочу белгилери, жазуулары, атайын жарык жана үн сигналдары бар ТКны колдонуу тартибин бузгандыгы үчүн министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын айдоочуларынын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
24. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же ТКнын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуу орнотулган ТКны башкаруусу, ошондой эле сырткы бетине ыкчам кызматтардын ТКсынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн же жарык сигналдар орнотулган ТКны башкаруу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.