ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 16-апрели № 143 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция16.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 16-апрели № 143

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Муктаж болгон үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо системасын өркүндөтүү, социалдык маанилүү товарларга баалардын өсүү шартында аз камсыз болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) даректүү колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

- экинчи абзац "2022-жылдын 1-январынан тартып" деген сөздөрдөн кийин "2027-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"- 2027-жылдын 1-январына чейин айына 700 кВтска чейин керектөөдө калк үчүн белгиленген тариф менен 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндөгү тарифтин ортосундагы айырманын өлчөмүндө электр энергиясын керектөөнүн төмөнкү көлөмдөрүнүн чегинде компенсация берүүнү караган электр энергиясы үчүн жеңилдиктердин ордуна 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү механизмин киргизсин:

жайкы мезгилде (1-апрелден 1-октябрга чейин) - айына 400 кВтс көлөмүндө;

кышкы мезгилде (1-октябрдан 1-апрелге чейин) - айына 700 кВтс көлөмүндө.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 29 (3789) саны менен жарыяланды. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров