Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-апрели № 286
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, аларга материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасын (маянасын) жана эмгек акысынын ставкаларын эсептөө үчүн негиз болуп эсептелет;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасы (маянасы) жана эмгек акысынын ставкасы минималдуу базалык ставканын (7040 сом) өлчөмүн кызматтык маяналарга жана ставкаларга эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
2. Төмөнкүлөрдүн ставкасына (маянасына) президенттик компенсациялык төлөмдөр белгиленсин:
– билим берүү системасынын кызматкерлерине (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдан тышкары) 15 000 (он беш миң) сом өлчөмүндө;
– техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө.
Президенттик компенсациялык төлөмдөр өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана 1 ставкага төлөнөт.
Эгерде кызматкердин жүктөмү 1 ставкадан аз болсо, анда билим берүү уюмунун кызматкеринин эмгек акысына президенттик компенсациялык төлөм анын иш жүзүндөгү жүктөмүнө жараша пропорционалдуу белгиленет.
3. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысына квалификациялык категориясы үчүн ар айлык үстөктүн өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
1) жогорку категория үчүн – 5 000 сом;
2) биринчи категория үчүн – 3 000 сом;
3) экинчи категория үчүн – 2 000 сом.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билим берүү уюмдарынан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга жана мекемелерге карата колдонулат деп белгиленсин.
5. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылануучу кызматкерлердин кызматтык маяналарына шаардык кеңештин чечимдери менен бекитилүүчү үстөктөрдү жана төлөмдөрдү белгилеши мүмкүн деп белгиленсин.
6. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) билим берүү системасынын уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкаларына (маяналарына) жана ставкаларына эселөө коэффициенттери 1–18-тиркемелерге ылайык;
2) билим берүү системасында иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенттери 19-тиркемеге ылайык;
3) билим берүү системасында иштеген кенже тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенттери 20-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Санат» ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 21-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери 22-тиркемеге ылайык;
6) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият методикалык борборунун кызматкерлеринин тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө коэффициенттери 23-тиркемеге ылайык;
7) Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенти 24-тиркемеге ылайык;
8) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо 25-тиркемеге ылайык.
7. Атайын каражаттардын эсебинен каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары көзөмөлчүлүк кеңешинин макулдугу менен билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
Атайын каражаттардын эсебинен каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жана ставкаларына эселөө коэффициенттери жана сааттык эмгек акынын өлчөмдөрү тиешелүү кызмат орду боюнча бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттеринен, ставкаларынан жана сааттык эмгек акынын өлчөмдөрүнөн төмөн болбоого тийиш.
Бул пункт кесиптик жогорку жана орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окуу үчүн төлөмдү жогорулатууга мораторий киргизилген мезгилде колдонулбайт.
8. Кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары өздөрүнүн каражаттарын пайдалануу багыттарын жана тартибин, анын ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө жана материалдык дем берүүгө багытталуучу үлүшүн көзөмөлчүлүк кеңештеринин макулдугу менен өз алдынча аныктайт.
9. Педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамдары, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги, квалификациялык категориясы үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөктөр, ошондой эле өзгөчө эмгек шарттары Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
10. Тиешелүү предметтер боюнча мугалимдер жана окутуучулар жок болгон учурда толук ставка менен иштеген жетекчилерге төмөнкүдөй окутуучулук иш жүргүзүүгө уруксат берилсин:
1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында – жумасына 18 сааттан ашык эмес;
2) жалпы билим берүү уюмдарында, кесиптик баштапкы билим берүү уюмдарында, балдар үйлөрүндө – 5–11-класстарда жумасына 9 сааттан ашык эмес, 1–4-класстарда жумасына 8 сааттан ашык эмес;
3) мектептен тышкаркы уюмдарда – жумасына 10 сааттан ашык эмес;
4) кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында – окуу жылында 360 сааттан ашык эмес;
5) кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында – тиешелүү кызмат орду боюнча кызматтык маянанын 0,5 ставкасынан ашык эмес;
6) маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринде – жумасына 18 сааттан ашык эмес.
Жалпы билим берүү уюмдарында 0,75, 0,5 жана 0,25 ставка менен иштеген директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучуга тиешелүүлүгүнө жараша жумасына 14, 18 жана 23 сааттан ашык эмес окутуучулук иш жүргүзүүгө уруксат берилет.
11. Жалпы билим берүү уюмдарынын социалдык педагогдоруна жана лаборанттарына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
1) мугалимдер жана окутуучулар болбогон учурда тиешелүү предметтер боюнча жумасына 9 сааттан ашык эмес окутуучулук ишти жүргүзүүгө;
2) 0,75, 0,5 жана 0,25 ставка менен иштегендерге 5–11-класстарда тиешелүүлүгүнө жараша жумасына 14, 18 жана 23 сааттан ашык эмес окутуучулук ишти жүргүзүүгө.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 «Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Окуу сабактарын өткөрүүгө катышкан пластикалык позаларды демонстрациялоочу адамдарга кийимсиз же татаал позада тургандыгы үчүн саатына 720 сом, жарым кийимчен – 540 сом, ал эми кийимчен – саатына 360 сом өлчөмүндө акы төлөнөт.»;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 26-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 «Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда «улуттук» статусу же «академиялык» ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Улуттук» статусу же «академиялык» ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси:
– төмөнкүдөй мазмундагы 38-пункт менен толукталсын:
«38. «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы.».
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
– II бөлүмдө «Санитарка-бала багуучу» деген сөздөр «Тарбиячынын жардамчысы (ясли)» деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 185 «Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
102-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.
16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 «Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29, 33, 34 жана 341-тиркемелер күчүн жоготту деп таанылсын.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 155 «№ 99 Кесиптик лицейи» мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 6-пунктта «2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 4-пунктунун ченемдеринен тышкары,» деген сөздөр алып салынсын.
18. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 48 «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемесин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Республикалык илимий-практикалык «Окуу китеби» борбору» мекемесин кайра уюштуруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
19. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин жана уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
20. Кыргыз Республикасынын жарандарына, кайрылмандарга, башка мамлекеттерде жашаган этностук кыргыздарга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандыкка ээ болгон мекендеш статусун алган чет өлкөлүк жарандарга билим берүүчү санариптик программаларды уюштуруу жана сунуштоо үчүн:
1) «Тунгуч» онлайн-мектебинин директору үчүн кызматтык маянасына/ставкасына 200 пайыз өлчөмүндө үстөк колдонулат;
2) «Тунгуч» онлайн-мектебинин кызматкерлери үчүн кызматтык маянасына/ставкасына 100 пайыз өлчөмүндө үстөк колдонулат.
Мында бул үстөктүн жалпы көлөмү кызматтык маянадан/эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш.
21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2026-жылга республикалык бюджетте билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга кошумча ассигнованиелерди карасын;
2) «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
22. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 648 «Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категориясы үчүн кошумча төлөмдөр жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 «Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомунун 1–6, 10–12, 121, 13, 15, 16-пункттары жана 1–21-тиркемелери;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 «Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысын төлөө шарттарын жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 416 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 «Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 224 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 «Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 154 «Акылман» президенттик лицейи жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтомунун 2, 3, 4-пункттары;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 702 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 317 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-июлундагы № 452 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 «Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жана штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомунун 4-пункту.
23. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
24. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
25. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
Жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептер жана
бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар), кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жалпы билим берүү дисциплиналарынын мугалимдеринин жана маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучуларынын ставкасына эселөө
коэффициенти
№ | Кызмат орундун аталышы | Мугалимдердин, окутуучулардын ставкасына карата эселөө коэффициенти, билимине жараша: | |||
Жалпы орто билим | Кесиптик орто билим | Жогорку билим | |||
Бакалавр квалифи-кациясын ыйгаруу менен | Адис/ магистр квалифи-кациясын ыйгаруу менен | ||||
| Жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын мугалимдери |
2,15 |
3,10 |
3,45 |
3,85 |
Эскертүү:
1. Балдар үйлөрүндө, атайын мектеп-интернаттарда, жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттарда иштеген мугалимдерге, кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын адистештирилген (реабилитациялык) топторунун окутуучуларына тиешелүү билим деңгээли менен тарифтик ставкасына (маянасына) 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
2. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин (окуу куралдарын) апробациялоо жүргүзүлгөн класстарда сабак берген мугалимдерге тиешелүү билим деңгээли менен тарифтик ставкасына (маянасына) 100 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
3. Кол жазмаларды жана даяр окуу китептерин бекитүүгө жана тираждоого чейин экспертизадан өткөрүү үчүн тартылган эксперттердин саатына жараша эмгек акысы 351 сом өлчөмүндө белгиленет.
4. Жалпы типтеги мектеп-интернаттардын мугалимдерине тиешелүү билим деңгээли менен тарифтик ставкасына (маянасына) 10 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин мугалимдеринин тарифтик ставкасына (маянасына) төмөнкүдөй үстөктөр белгиленет:
1) жалпы орто билими бар болсо – 12 500 сом;
2) кесиптик орто билими бар болсо – 14 500 сом;
3) бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими болсо – 16 500 сом;
4) адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими болсо – 18 500 сом (бир ставка үчүн).
Мында:
– бир ставкадан ашык жүктөмдө үстөк бир ставка үчүн белгиленген өлчөмдө төлөнөт;
– бир ставкадан аз жүктөмдө үстөк иш жүзүндөгү жүктөмгө пропорциялуу төлөнөт.
6. 1–4-класстардын тарифтик ставкасына (маянасына) төмөнкүдөй үстөктөр белгиленет:
1) жалпы орто билими бар болсо – 2000 сом;
2) кесиптик орто билими бар болсо – 3000 сом;
3) бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими болсо – 4000 сом;
4) адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими болсо – 5000 сом (бир ставка үчүн).
Мында:
– бир ставкадан ашык жүктөмдө үстөк бир ставка үчүн белгиленген өлчөмдө төлөнөт;
– бир ставкадан аз жүктөмдө үстөк иш жүзүндөгү жүктөмгө пропорциялуу төлөнөт.
|
2-тиркеме |
|
|
|
|
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык
типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана
балдар үйлөрүнүн, балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү
жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлорунун тарбиячыларынын ставкасына эселөө
коэффициенти
№ | Кызмат орундун аталышы | Тарбиячылардын ставкасына карата эселөө коэффициенти, билимине жараша: | |||
Жал-пы орто билим | Кесип-тик орто билим | Жогорку билим | |||
бакалавр квали-фикация-сын ыйгаруу менен | адис/ магистр квали-фикация-сын ыйгаруу менен | ||||
1 | Мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы |
3,10 |
4,35 |
4,75 |
5,20 |
2 | Жалпы типтеги мектеп-интернаттын тарбиячысы |
2,35 |
3,35 |
3,50 |
3,70 |
3 | Балдар үйлөрүнүн, атайын мектеп-интернаттардын, жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттардын, балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлорунун тарбиячысы |
2,90 |
4,2 |
4,5 |
4,75 |
Эскертүү: Жалпы типтеги мектеп-интернаттардын улук тарбиячысына, балдар үйлөрүнүн, атайын мектеп-интернаттардын, жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттардын улук тарбиячысына тиешелүү билим деңгээли менен жалпы типтеги мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн, атайын мектеп-интернаттардын, жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаттардын тарбиячысынын тарифтик ставкасына (маянасына) ылайык 10 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
3-тиркеме
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ийримдердин окутуучуларынын ставкасына эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундун аталышы | Окутуучулардын ставкасына карата эселөө коэффициенти, билимине жараша: | |||
Жал-пы орто билим | Кесип-тик орто билим | жогорку билим | |||
бакалавр квалифика-циясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалификация-сын ыйгаруу менен | ||||
| Ийримдин окутуучу-су | 2,6 | 3,7 | 4,1 | 4,5 |
Эскертүү:
«Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын ийримдердин окутуучуларынын тарифтик ставкасына (маянасына) карата төмөнкүдөй үстөктөр белгиленет:
1) орто жалпы билими болсо – 15 500 сом;
2) орто кесиптик билими болсо – 16 500 сом;
3) бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билимге ээ болсо – 17 500 сом;
4) адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими болсо – 18 500 сом (бир ставкага).
Мында:
– жүктөм бир ставкадан көп болсо бир ставка үчүн белгиленген өлчөмдө үстөк төлөнөт;
– жүктөм бир ставкадан аз болсо иш жүзүндөгү жүктөмгө пропорционалдуу.
|
| 4-тиркеме
|
Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын ставкасына эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундун аталышы | Окутуучулардын ставкасына карата эселөө коэффициенти, билимине жараша: | ||
Кесиптик орто билим | жогорку билим | |||
бакалавр квалифика-циясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалифика-циясын ыйгаруу менен | |||
| Окутуучу | 2,70
| 3,00 | 3,20 |
Эскертүү:
1. Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын, С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, Академик Т. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясына караштуу Көркөм сүрөт колледжинин кызматкерлерине тарифтик ставкасынан (маянасынан) 80 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
2. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына караштуу Бообек Ибраев атындагы театралдык окуу жайынын, Каракол ш. Ы. Туманов атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, Жалал-Абад маданият техникумунун, Насыр Давлатов атындагы Республикалык маданият жана искусство колледжинин кызматкерлерине тарифтик ставкасынан (маянасынан) 50 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы медициналык колледждердин окутуучуларына орто медициналык персоналдын квалификациялуу адистерин даярдоого кошкон салымы үчүн тарифтик ставкасына (маянасына) карата 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
5-тиркеме
Кесиптик баштапкы билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундун аталы-шы | Устаттардын тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенти, билимине жараша: | |||
Кесиптик баштап-кы билим | Кесип-тик орто билим | жогорку билим | |||
бакалавр квалифика-циясын ыйгаруу менен | адис/магистр квалификация-сын ыйгаруу менен | ||||
| Өндүрүш-түк окутуу устаты | 3,25 | 3,4 | 3,6 | 4,15 |
Эскертүү:
1. Кесиптик баштапкы билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устатынын тарифтик ставкасы (маянасы) жумасына 40 сааттык иш үчүн белгиленет.
2. Өндүрүштүк окутуу мезгилинде окуу топторунун толукталышы 12–15 адам санында белгиленет.
3. Адистештирилген реабилитациялык топтордо (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар, кароосуз калган балдар) жана түзөтүү мекемелериндеги балдар менен иштөөдө өндүрүштүк окутуу устаттарынын тарифтик ставкасы (маянасы) 6 адамдан кем эмес толукталган окуу топторундагы иш үчүн белгиленет.
4. Адистештирилген реабилитациялык топтордо иштеген өндүрүштүк окутуу устаттарына билим деңгээлине ылайык тарифтик ставкасына (маянасына) карата 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуу устаттарынын тарифтик сатвкасына (маянасына) орто жалпы билимге ээ болсо 15 000 сом, кесиптик орто билимге ээ болсо 16 000 сом, бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими болсо 17 000 сом, адис/магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими болсо 18 000 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт, мында эгерде устаттын ставкасы 1ден көп болсо, анда үстөк устаттын ставкасына карата жана эгерде 1 ставкадан аз болсо иштеген жүктөмүнө пропорционалдуу белгиленет.
6-тиркеме
Кесиптик жогорку, кесиптик кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундун аталышы | Профессордук-окутуучулук курамдын тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенти: | ||
Окумуштуулук даражасы жок | Окумуштуулук даражасы бар | |||
илимдин кандидаты | илимдин доктору | |||
1 | Профессор | 2,90 | 3,10 | 3,30 |
2 | Доцент | 2,70 | 2,90 | 3,10 |
3 | Улук окутуучу | 2,45 | 2,70 | 2,90 |
4 | Окутуучу, ассистент | 2,25 | 2,45 | 2,70 |
5 | Ассистент-стажер | 2,10 | * | * |
Эскертүү:
1. Факультеттин деканынын, декандын орун басарынын жана кафедра башчысынын милдеттерин аткаргандыгы үчүн тиешелүү түрдө айына 1440, 1080 жана 900 сом өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
2. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамына, концертмейстерлерине жана иллюстраторлоруна тарифтик ставкасынан (маянасынан) 80 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтуна жана анын Түштүк филиалына – тарифтик ставкасынан (маянасынан) 90 пайыз өлчөмүндө, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына, Академик Т. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясына, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К. Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтуна – тарифтик ставкасынан (маянасынан) 100 пайыз өлчөмүндө үстөк акы белгиленет.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, клиникалык ишти жүргүзгөн кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын медициналык факультеттеринин профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенти тиешелүү окумуштуулук даражасы жана окумуштуулук наамы бар профессордук-окутуучулук курамынын тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициентинен 25 пайызга жогору белгиленет.
3. И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын Түштүк филиалынын, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын медициналык факультеттеринин ассистент-стажерлорунун, орто медициналык билимге ээ болгон окутуучуларынын тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенти 1,407 өлчөмүндө белгиленет.
7-тиркеме
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары балдардын саны боюнча | Тарифтик ставкага (маянага) эселөө карата коэффициенти, айына |
Директор | ||
1 | 100гө чейин | 3,35 |
2 | 100дөн 200гө чейин | 3,65 |
3 | 200дөн 300гө чейин | 4,00 |
4 | 300дөн жогору | 4,35 |
8-тиркеме
Жалпы билим берүү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептердин жана мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн), балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлорунун, маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин жетекчилеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө
коэффициенти
№ | Жалпы билим берүү уюмдары, балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлору окуучулардын (тарбиялануучу-лардын) саны боюнча | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти: | ||
Директорлор | Директор-дун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары | Директордун башка орун басарлары, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу-лар | ||
1 | 100гө чейин | 4,10 | 3,40 | 2,30 |
2 | 100дөн 600гө чейин | 4,15 | 3,80 | 2,60 |
3 | 600дөн 1200ге чейин | 4,30 | 3,90 | 2,90 |
4 | 1200дөн 1800гө чейин | 4,75 | 4,30 | 3,25 |
5 | 1800дөн жогору | 5,20 | 4,75 | 3,55 |
Эскертүү:
1. Тарифтик ставканы (маянаны) аныктоодо бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алган окуучулардын (тарбиялануучулардын) контингенти эске алынат.
2. Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарда, балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо боюнча адистештирилген борборлордо келип-кетүүчү окуучулардын контингенти 0,5 коэффициент менен эсепке алынат.
3. Балдар үйлөрүнүн, атайын мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын директорлоруна, директорлордун орун басарларына, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучуларга тарифтик ставкасына (маянасына) карата 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
4. Маданият жана искусство балдар мектептеринде жетекчилердин тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициентин аныктоодо билим алган балдардын контингенти 10 коэффициент менен эсепке алынат.
9-тиркеме
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары окуучулардын саны боюнча | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, айына: | ||
Директор-лор | Директорлор-дун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары | Директорлор-дун башка орун басарлары | ||
1 | 210дон 420га чейин | 2,65 | 2,40 | 2,30 |
2 | 420дан 900гө чейин | 2,95 | 2,65 | 2,50 |
3 | 900дөн 1380ге чейин | 3,20 | 2,90 | 2,75 |
4 | 1380ден жогору | 3,45 | 3,15 | 2,95 |
Эскертүү:
1. Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициентин аныктоодо бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алган балдардын контингенти эсепке алынат.
2. «Улуттук «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын директоруна, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарына, директордун башка орун басарларына тарифтик ставкасына (маянасына) карата 12 500 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
| 10-тиркеме |
|
|
|
|
Кесиптик баштапкы билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Кесиптик баштапкы билим берүүнүн билим берүү уюмдары билим алуучулардын саны боюнча | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, айына: | |
Директорлор | Директорлордун орун басары | ||
1 | 250гө чейин | 2,95 | 2,65 |
2 | 250дөн 450гө чейин | 3,20 | 2,95 |
3 | 450дөн жогору | 3,45 | 3,20 |
Эскертүү:
1. Жетекчилердин тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициентин аныктоодо бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алган балдардын контингенти эске алынат.
2. Жалпы орто жана кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программаларын ишке ашырган кесиптик баштапкы билим берүү уюмдарынын директорлоруна жана директорлорунун орун басарларына тарифтик ставкасына (маянасына) карата 10 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин директоруна, директорлорунун орун басарларына тарифтик ставкасына (маянасына) карата 15 000 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
11-тиркеме
Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Кесиптик орто билим берүү уюмдары студенттер-дин саны боюнча | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, айына: | ||
Дирек-торлор | Директорлордун окуу иштери боюнча орун басарлары | Директорлор-дун башка орун басарлары | ||
1 | 280ге чейин | 2,45 | 2,20 | 2,10 |
2 | 280ден 640ка чейин | 2,90 | 2,60 | 2,45 |
3 | 640тан 1000ге чейин | 3,35 | 3,00 | 2,85 |
4 | 1000ден ашык | 3,80 | 3,40 | 3,20 |
Эскертүү:
1. Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициентин аныктоодо бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алган студенттердин контингенти эске алынат.
2. Маданият жана искусство кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында жетекчилердин тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициентин аныктоодо студенттердин контингенти 5 коэффициент менен эсепке алынат.
3. Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын, М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын, С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, Академик Т. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясына караштуу Көркөм сүрөт колледжинин жетекчилерине тарифтик ставкасынан (маянасынан) 80 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
4. Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына караштуу Театралдык окуу жайынын, Каракол ш. Ы. Туманов атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, Жалал-Абад маданият техникумунун, Насыр Давлетов атындагы Республикалык маданият жана искусство колледжинин жетекчилерине – тарифтик ставкасынан (маянасынан) 50 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы медициналык колледждердин жетекчилерине орто медициналык персоналдын квалификациялуу адистерин даярдоого кошкон салымы үчүн тарифтик ставкасына (маянасына) карата 25 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
|
| 12-тиркеме |
Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө
коэффициенти
№ | Студенттердин саны боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары | Айына тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти: | ||
ректорлор | окуу иштери боюнча проректорлор | башка проректорлор | ||
1 | 280ге чейин | 2,25 | 2,00 | 1,90 |
2 | 280ден 640ка чейин | 2,60 | 2,30 | 2,20 |
3 | 640тан 1000ге чейин | 2,90 | 2,65 | 2,50 |
4 | 1000ден жогору | 3,25 | 2,95 | 2,75 |
Эскертүү:
1. Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициентин аныктоодо бюджеттин каражаттарынын эсебинен билим алган студенттердин жана аспиранттардын контингенти эске алынат.
2. Маданият жана искусство жаатында кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында жетекчилердин кызматтык маяналарына карата эселөө коэффициентин аныктоодо студенттердин жана аспиранттардын контингенти 5 коэффициенти менен эске алынат.
3. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жетекчилерине тарифтик ставкасынын (маянасынын) 80 пайызы, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын, Академик Т. Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясынын жетекчилерине тарифтик ставкасынын (маянасынын) 100 пайызы өлчөмүндө үстөк белгиленет.
13-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун жана анын түштүк филиалынын, облустук билим берүү институттарынын, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлорунун, мугалимдерди өркүндөтүү облустук институттарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасына (маянасына)
эселөө коэффициенти
№ | Уюмдардын аталышы | Айына тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти | ||
Президент, ректор, директор | Вице-президент, окуу жана дарылоо иштери боюнча проректор, илим жана мамлекеттик тил боюнча проректор, директордун окуу иштери боюнча орун басары | Президенттин, проректордун, директордун финансы-чарбалык иштер боюнча орун басарлары | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту | 5,65 | 5,10 | 4,80 |
2 | С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту | 5,65 | 5,10 | 4,80 |
3 | С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалы | 4,70 | 4,45 | - |
4 | Облустук билим берүү институттары, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлору, мугалимдерди өркүндөтүү облустук институттары | 4,4 | 4,20 | 3,50 |
14-тиркеме
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин
айрым категорияларынын тарифтик ставкасына
(маянасына) эселөө
коэффициенти
№ | Билим берүү уюмдарынын, кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, бир айга |
1-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары | ||
1 | Дефектолог, логопед, сурдопедагог | 4,00 |
2 | Психолог, психиатр, сурдолог, музыка кызматкери, методист | 3,00 |
3 | Бухгалтер | 2,85 |
4 | Лаборант | 2,8 |
5 | Тарбиячынын жардамчысы, тарбиячынын жардамчысы (ясли) | 2,65 |
2-глава. Жалпы билим берүү уюмдары (бардык типтеги жана аталыштагы мектептер жана мектеп-интернаттар, балдар үйлөрү), балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлору, маданият жана искусство балдар мектептери | ||
6 | Мектептин башкы бухгалтери, окуучулардын төмөнкүдөй контингенти менен: |
|
| 100гө чейин | 2,80 |
| 100дөн 880ге чейин | 3,20 |
| 880ден 1 360ка чейин | 3,35 |
| 1 360тан жогору | 3,45 |
7 | Мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн, балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборунун бухгалтери | 2,90 |
8 | Мектептин, мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн, балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборунун бухгалтер-кассири | 2,75 |
9 | Тарбиялануучулардын төмөнкүдөй контингенти менен мектеп-интернаттын жана балдар үйүнүн, балдарды реабилитациялоо, өнүктүрүү жана үй-бүлөнү колдоо адистештирилген борборлорунун башкы бухгалтери: |
|
| 100гө чейин | 3,20 |
| 100дөн 200гө чейин | 3,35 |
| 200дөн жогору | 3,45 |
10 | Дефектолог, логопед, сурдопедагог, мугалим-логопед, мугалим-дефектолог | 4,00 |
11 | Социалдык педагог, психолог, врач, клиникалык психолог, педагог-психолог | 3,55 |
12 | Музыка боюнча жетекчи, китепканачы, библиограф, психиатр, сурдолог, врач-стоматолог, дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор, лаборатория башчысы, китепкана башчысы, инженер, инженер-программист, адис, комплекстүү реабилитация боюнча адис, реабилитация боюнча адис, интернат башчысы, методист | 3,00 |
13 | Ийримдин, класстан тышкаркы дене тарбия ишинин жетекчиси | 3,10 |
14 | Лаборант | 2,8 |
15 | Тарбиячынын жардамчысы | 2,65 |
3-глава. Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары | ||
16 | Башкы бухгалтер, окуучулардын төмөнкүдөй контингенти менен: |
|
| 280ге чейин | 2,80 |
| 280ден 640ка чейин | 3,10 |
| 640тан 1 000ге чейин | 3,25 |
| 1 000ден жогору | 3,45 |
17 | Бөлүм башчысы, окуу бөлүмүнүн башчысы | 3,45 |
18 | Методист, педагог-уюштуруучу, сүрөтчү, жасалгалоочу сүрөтчү, уюштуруучу, психолог, үн режиссеру | 3,20 |
19 | Бухгалтер | 3,10 |
20 | Ансамблдин көркөм жетекчиси, хормейстер, балетмейстер, дирижер, концертмейстер, китепканачы, врач | 3,20 |
4-глава. Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары | ||
21 | Бөлүм башчысы, китепкана башчысы, дене тарбия жетекчиси, өндүрүштүк практика жетекчиси, аскердик жетекчи, лаборатория башчысы | 2,90 |
22 | Врач | 2,95 |
23 | Башкы бухгалтер, студенттердин төмөнкүдөй контингенти менен: |
|
| 280ге чейин | 2,55 |
| 280ден 640ка чейин | 2,70 |
| 640тан 1 000ге чейин | 2,80 |
| 1 000ден жогору | 2,90 |
24 | Улук лаборант, инженер, программист, адис, инспектор | 2,70 |
25 | Бухгалтер, экономист, юрист | 2,55 |
26 | Бухгалтер-кассир, тарбиячы | 2,45 |
27 | Лаборант | 2,40 |
28 | Окуу устаты, китепканачы | 2,30 |
5-глава. Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары | ||
29 | Башкы бухгалтер, студенттердин төмөнкүдөй контингенти менен: |
|
| 280ге чейин | 2,25 |
| 280ден 640ка чейин | 2,30 |
| 640тан 1000ге чейин | 2,40 |
| 1 000ден жогору | 2,45 |
30 | Врач | 2,25 |
31 | Окуу, пландоо-финансылык, редакциялык-басма, маалымат бөлүмдөрүнүн башчысы, башкы инженер, башкы бухгалтердин орун басары, студенттердин төмөнкүдөй контингенти менен: |
|
| 280ге чейин | 2,00 |
| 280ден 640ка чейин | 2,10 |
| 640тан 1 000ге чейин | 2,20 |
| 1 000ден жогору | 2,25 |
32 | Окумуштуу катчы, докторантура жана аспирантура башчысы, лаборатория жана башка бөлүмдөрдүн башчысы, сектор башчысы, китепкананын директору, музейдин директору, өндүрүштүк практика жетекчиси, башкы адис, башкы илимий кызматкер, борбордун директору | 2,15 |
33 | Жетектөөчү адис, жетектөөчү илимий кызматкер, жетектөөчү концертмейстер, юрист, улук экономист, бухгалтер, инженер-программист, улук лаборант, башкы китепканачы, башкы библиограф, эксперт | 2,10 |
34 | Улук адис, методист, бухгалтер-кассир, улук инспектор, концертмейстер, экономист, реставратор, улук илимий кызматкер, улук китепканачы | 1,95 |
35 | Ректордун жардамчысы, китепканачы, окуу устаты, адис, лаборант, сүрөтчү, тарбиячы, жогорку билими бар иллюстратор, жогорку билими бар инженер, кадрлар боюнча инспектор | 1,85 |
36 | Кесиптик орто билими бар иллюстратор | 1,65 |
6-глава. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясы, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана анын түштүк филиалы | ||
37 | Борбордун директору | 4,25 |
38 | Окумуштуу катчы, башкы инженер, лаборатория башчысы, башкы бухгалтер | 4,1 |
39 | Бөлүмдүн, китепкананын, канцеляриянын башчысы, башкы бухгалтердин орун басары, башкы адис, башкы илимий кызматкер | 3,90 |
40 | Бухгалтер, экономист, юрист, жетектөөчү адис, жетектөөчү китепканачы, методист, редактор, инженер-программист, жетектөөчү илимий кызматкер, улук лаборант | 3,80 |
41 | Улук инспектор, инженер, бухгалтер, улук илимий кызматкер | 3,15 |
42 | Илимий кызматкер, лаборант, инспектор, адис, китепканачы | 2,85 |
7-глава. Облустук билим берүү институттары, облустук окуу-методикалык билим берүү борборлору, мугалимдерди өркүндөтүү облустук институттары | ||
43 | Башкы бухгалтер | 3,2 |
44 | Бөлүм башчысы, кабинет башчысы, башкы адис | 2,95 |
45 | Методист | 4,2 |
46 | Жетектөөчү адис, бухгалтер, китепкана башчысы | 2,90 |
47 | Адис, китепканачы | 2,7 |
8-глава. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация | ||
48 | Башчы | 2,95 |
49 | Психолог, олигофренопедагог, сурдопедагог, логопед, психиатр, невропатолог, офтальмолог | 2,65 |
50 | Лаборант | 2,40 |
Эскертүү:
1. Ушул тиркеменин 16–20-пункттарында көрсөтүлгөн «Улуттук «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) 12 500 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт, ошол эле учурда эгерде кызматкерлер ставкадан көпкө ээ болсо, анда үстөк кызматкердин ставкасына, ставкадан аз болсо – анда болгон жүктөмгө пропорциялуу белгиленет.
2. 226 окуучуга чейинки контингенти менен жалпы билим берүү уюмдарында китепкана иши үчүн айына 5 400 сом өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
3. Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине кабинет башчылыгы, класс жетекчилик, циклдик комиссияны жетектөө жана 720 саат жылдык жүктөм үчүн дептер текшерүү үчүн айына 200 сом өлчөмүндө кошумча төлөм жүргүзүлөт.
Эгерде окутуучунун окуу жылындагы окуу жүктөмү ушул пункттун биринчи абзацында аныкталгандан көп же аз болсо, анда дептер текшерүү үчүн кошумча төлөм тиешелүүлүгүнө жараша көбөйтүлөт же азайтылат.
Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын аскердик жетекчилеринин тарифтик ставкасына (маянасына) жылына 480 саат педагогикалык иш үчүн төлөм киргизилген. Педагогикалык ишке баштапкы аскердик даярдык боюнча окуу (анын ичинде факультативдик) сабактарын өткөрүү жана окуучулар менен тактикалык сабактарды өткөрүү кирет.
Мындан тышкары кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын аскердик жетекчилеринин милдетине баштапкы аскердик даярдык боюнча класстан тышкаркы сабактар, студенттер менен уюштуруучулук жана аскердик-патриоттук иштер, ошондой эле аскердик иштин негиздери боюнча ийримдерди жетектөө боюнча милдеттерди аткаруу жана аскердик кабинетти башкаруу кирет (кошумча төлөмсүз).
Эгерде кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарында жогоруда көрсөтүлгөн нормада жүктөм камсыз кылынбаса, анда аскердик жетекчиге толук кызматтык маяна төлөнөт.
Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын аскердик жетекчилери тарабынан жылына 480 сааттан ашык аткарылган окуу (педагогикалык) иш окутуучулар үчүн белгиленген ставкалар боюнча жана тартипте кошумча төлөнөт. Мында кошумча төлөнүүгө тийиш болгон окуу (педагогикалык) иши жылына 480 сааттан ашпоого тийиш.
4. Ушул тиркеменин 21–36-пункттарында көрсөтүлгөн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине тарифтик ставкасынын (маянасынын) 50 пайызы өлчөмүндө үстөк белгиленет.
5. Билим берүү уюмдарынын китепкана кызматкерлерине тарифтик ставкасына (маянасына) китепкана ишиндеги 3 жылдан 8 жылга чейинки иш стажы үчүн маянасынын (ставкасынын) 10 пайыз, 8 жылдан 13 жылга чейинки – 20 пайыз, 13 жана андан ашык жыл үчүн – 30 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
6. Ушул тиркемеде көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарынын башкы бухгалтерлерине, башкы бухгалтерлеринин орун басарларына, бухгалтерлерине, бухгалтер-кассирлерине, пландоо-финансылык бөлүмдөрүнүн башчыларына, улук экономисттерине, экономисттерине 3 жылдан 8 жылга чейинки иш стажы үчүн – маянасынын (ставкасынын) 10 пайыз, 8 жылдан 13 жылга чейинки – 20 пайыз, 13 жана андан ашык жыл үчүн – 30 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
7. Билим берүү уюмдарынын медицина кызматкерлерине тарифтик ставкасына (маянасына) 3 жылдан 8 жылга чейинки медициналык иш стажы үчүн – маянасынын (ставкасынын) 10 пайыз өлчөмүндө, 8 жылдан 13 жылга чейинки – 20 пайыз, 13 жана андан ашык жыл үчүн – 30 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
15-тиркеме
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, бир айга |
1 | Бөлүм башчы | 3,10 |
2 | Окуучулардын контингентине жараша билим берүү уюмундагы башкы бухгалтер: |
|
250 адамга чейин | 3,20 | |
250дөн 450 адамга чейин | 3,35 | |
450 адамдан жогору | 3,45 | |
3 | Бухгалтер | 3,10 |
4 | Бухгалтер-кассир | 2,70 |
5 | Психолог | 3,20 |
6 | Сурдокотормочу, сурдопедагог, врач-педиатр | 2,90 |
7 | Улук устат | 4,00 |
8 | Дене тарбия жетекчиси | 3,20 |
9 | ЖАД (жаштарды аскерге чакырылганга чейинки даярдоо) жетекчиси, спорт боюнча региондук инструктор | 3,20 |
10 | Методист | 2,90 |
11 | Системалык администратор (маалыматтык системалык башкаруу адиси) | 3,10 |
12 | Жатаканадагы тарбиячы | 2,90 |
13 | Китепкана башчысы, көркөм жетекчи – чыгармачылык жана маданият боюнча региондук координатор | 3,20 |
14 | Кадрлар боюнча инспектор | 1,85 |
Эскертүү.
1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн кесиптик лицейлеринин башкы бухгалтерлерине тарифтик ставкасына (маянасына) 20 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
Кеминде 150 орунга эсептелген стационардык ашканасы бар кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында башкы бухгалтерлерге тарифтик ставкасына (маянасына) 30 пайыз өлчөмүндө үстөк белгиленет.
Кеминде 150 орунга эсептелген стационардык ашканасы бар кесиптик башталгыч билим берүүнүн кесиптик лицейлеринин башкы бухгалтерлерине тарифтик ставкасына (маянасына) 30 пайыз өлчөмүндө бир үстөк белгиленет.
2. Дене тарбия жана жаштарды аскерге чакырылганга чейинки даярдоо боюнча жетекчилердин тарифтик ставкасына (маянасына) спорт залы же спорт аянтчасы болсо жыл ичинде 240 окуу сааты үчүн, алар болбогон учурда – жыл ичинде 360 окуу сааты үчүн акы төлөө кирет.
Сабактан тышкаркы дене тарбия-спорттук иштерге (спорттук ийримдерге сабак өтүү, массалык иш-чараларды өткөрүү) иш жүзүндө жумшалган убакыт боюнча төлөнөт.
3. Ушул тиркеменин 1–14-пункттарында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) 15000 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт, ошол эле учурда эгерде кызматкерлер бир ставкадан жогору иштеген учурда үстөк кызматкердин ставкасына белгиленет, ал эми бир ставкадан аз иштеген учурда – учурдагы жүктөмүнө жараша пропорционалдуу белгиленет.
16-тиркеме
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө
коэффициенти
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, бир айга |
1 | Башкы бухгалтер | 4,10 |
2 | Башкы бухгалтердин орун басары | 3,85 |
3 | Топтун жетекчиси, улук экономист | 3,40 |
4 | Бухгалтер, экономист | 3,15 |
5 | Бухгалтер-кассир | 2,85 |
Эскертүү:
1. Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган бухгалтерияларынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн иш стажы үчтөн сегиз жылга чейин болгондо тарифтик ставкасынын (маянасынын) 10 пайызы, сегизден он үч жылга чейин – 20 пайызы, он үч жылдан жогору – 30 пайызы өлчөмүндө ай сайын кошумча акы белгиленет.
2. Иштеген жылдары үчүн үстөк башка үстөктөрдү жана кошумча акыларды эсепке албастан эсептелет.
3. Борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлерине эмгек өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул төлөнөт.
17-тиркеме
Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Уюмдун аталышы | Тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенти, бир айга | |
Башчы | Методист | ||
| Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттер | 4,3 | 4,2 |
Эскертүү. Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин методисти кызмат ордуна жогорку билими бар жана 5 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар адам дайындалат.
| 18-тиркеме |
Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин алдындагы Котормо, өзбек тилинде окуткан мектептер үчүн окуу китептерин, программаларды жана окуу-методикалык адабияттарды түзүү боюнча борбордун кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенти, бир айга |
1 | Борбордун директору | 3,20 |
2 | Башкы редактор | 2,95 |
3 | Бухгалтер | 2,55 |
4 | Башкы адис, бөлүм башчы | 2,50 |
5 | Жетектөөчү адис, инженер-программист, программист | 2,45 |
6 | Кадрлар боюнча инспектор, сүрөтчү, корректор | 2,40 |
7 | Техник-оператор | 2,40 |
19-тиркеме
Билим берүү системасында иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө
коэффициенти
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенти, бир айга |
1 | Улук архивариус | 1,95 |
2 | Катчы (катчы-машинистка, катчы-референт), (кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында диспетчер, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү) | 1,90 |
3 | Жабдуу боюнча агент, окуу бөлүмүнүн катчысы, паспортист, архивариус, иш кагаздарын жүргүзүүчү (кесиптик орто, башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарында, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда жана анын түштүк филиалында) | 2,10 |
4 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 2,65 |
5 | Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу | 2,95 |
6 | Режим боюнча нөөмөтчү, жатакана боюнча нөөмөтчү | 2,10 |
7 | Дизайнер | 2,65 |
8 | Зал боюнча нөөмөтчү, портье | 1,90 |
9 | Диспетчер | 2,65 |
10 | Архивдин башчысы, канцеляриянын башчысы, жатакананын башчысы | 2,65 |
11 | Чарбанын башчысы, кампанын башчысы, кийимкананын башчысы | 2,65 |
12 | Кир жуучу жайдын башчысы | 2,65 |
13 | Эмгек боюнча инструктор | 2,10 |
14 | Кассир | 2,10 |
15 | 1, 2, 3-категориядагы киномеханик | 2,65 |
16 | Комендант | 2,65 |
17 | Корректор | 2,65 |
18 | Костюмер | 2,10 |
19 | Механик, спорт кемелеринин механиги, курал-жарак оңдоо боюнча механик | 2,65 |
20 | Буу казан жайынын оператору, машинист | 2,65 |
21 | Көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын оператору, электрондук-эсептөөчү машиналардын (ЭЭМ) оператору, персоналдык эсептөө машиналарынын (ПЭМ) оператору | 2,10 |
22 | Котормочу | 2,95 |
23 | Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер | 2,10 |
24 | Редактор | 2,80 |
25 | Музыкалык аспаптарды оңдоочу-күүлөөчү | 2,80 |
26 | Өтүкчү (бут кийим оңдогуч) | 1,90 |
27 | Медайым | 2,75 |
28 | Башкы ашпозчу | 3,0 |
29 | Ашпозчу | 2,8 |
30 | Музейди кароочу | 2,10 |
31 | Техник | 2,80 |
32 | Электрогаз ширетүүчү, ширетүүчү | 2,10 |
Эскертүү:
1. Техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары кесиптик билимди, шыкты жана көндүмдөрдү талап кылган аткарылуучу жумуштун татаалдык деңгээлине жараша мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен белгиленген.
2. Автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумуш күн үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысына жараша тарифтик ставкасынан (маянасынан) 25 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
3. Кесиптик чебердиги үчүн дифференцияланган үстөктөр тийиштүү тарифтик ставкадан (маянадан): 2-разряддагы жумушчулар үчүн 5 пайыз өлчөмүндө, 3-разрядга – 10 пайыз, 4-разрядга – 15 пайыз, 5-разрядга – 20 пайыз, 6-разрядга – 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
4. «Улуттук «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын техникалык тейлөөчү персоналына 8500 сом өлчөмүндө, бирок бир ставкадан ашпаган үстөк төлөнөт.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин техникалык тейлөөчү персоналына 10500 сом өлчөмүндө, бирок бир ставкадан ашпаган үстөк төлөнөт.
6. Ушул тиркеменин 1, 2, 4, 17-пункттарында көрсөтүлгөн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) 5000 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт, ошол эле учурда эгерде кызматкерлер бир ставкадан жогору иштеген учурда үстөк кызматкердин ставкасына белгиленет, ал эми бир ставкадан аз иштеген учурда – учурдагы жүктөмүнө жараша пропорционалдуу белгиленет.
7. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ашпозчуларына ченемделбеген жумуш күн үчүн тарифтик ставкасынан (маянасынан) 25 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
8. Билим берүү уюмдарынын медайымдарынын тарифтик ставкасына (маянасына) медициналык иш стажына жараша 3 жылга он пайыз, 8 жылга – жыйырма пайыз, 13 жана андан жогору жылга – отуз пайыз кошумча акы белгиленет.
Медициналык иш стажы үчүн үстөк эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш.
20-тиркеме
Билим берүү системасында иштеген кенже тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө
коэффициенти
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, айына |
1 | Ассенизатор | 2,10 |
2 | Гардеробчу, лифтер, кароолчу (вахтер, күзөтчү), өткөрүү пунктунун контролеру | 1,80 |
3 | Короо тазалоочу (аймакты тазалоочу), багбан, пол жуучу, жарык көчүрүүчү, айнек тазалоочу | 1,80 |
4 | От жагуучу (кочегар) | 1,80 |
5 | Кубовщик, ташыгыч, мончочу | 1,80 |
6 | Кампачы, кастелянша, курьер | 1,80 |
7 | Ашкана кызматкери | 1,80 |
8 | Көмөкчү жумушчу | 1,80 |
9 | Сахна кызматкери | 2,10 |
10 | Экспедитор | 2,10 |
11 | Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды учурдагы оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, сырдоочу, шыбакчы | 1,80 |
12 | Кир үтүктөөчү, кир топтоочу, кир жуучу, кир жуучу машинист (атайын кийимдер) | 1,90 |
13 | Кенже медициналык персонал | 2,10 |
14 | Кызматтык, коомдук жана маданий-тиричилик жайларын тазалоочу | 1,80 |
Эскертүү:
1. Кенже тейлөөчү персоналдын тарифтик ставкасы (маянасы) аткарылган иштин татаалдыгына жараша белгиленет.
2. Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга, кир жуучу машинисттерге (атайын кийимдер), кир жуучуларга, санитарларга синтетикалык жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн тарифтик ставкасынан (маянасынан) 25 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк белгиленет.
3. ««Улуттук «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын кенже тейлөөчү персоналына тарифтик ставкасына (маянасына) 8000 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт, мында кызматкерлер бир ставкадан жогору иштеген учурда үстөк кызматкердин ставкасына белгиленет, ал эми бир ставкадан аз иштеген учурда – болгон жүктөмгө пропорционалдуу белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин кенже тейлөөчү персоналынын тарифтик ставкасына (маянасына) 10000 сом өлчөмүндө үстөк төлөнөт, мында эгерде кызматкерлер бир ставкадан жогору иштеген учурда үстөк кызматкердин ставкасына карата, ал эми бир ставкадан аз иштеген учурда – болгон жүктөмүнө пропорционалдуу белгиленет.
21-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Санат» ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарына эселөө
коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Башкы бухгалтер | 3,85 |
3 | Бухгалтер | 2,80 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин «Санат» ден соолукту чыңдоо борбору» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине үч жылдан сегиз жылга чейин иш стажысында – тарифтик ставкасынан (маянасынан) 10 пайыз, сегиз жылдан он үч жылга чейин – 20 пайыз, он үч жылдан жогору – 30 пайыз өлчөмүндө иштеген жылдары үчүн ай сайын кошумча төлөм белгиленет.
2. Иштеген жылдары үчүн үстөк башка үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсепке албастан эсептелет.
22-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарына эселөө
коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Бөлүм башчы | 4,10 |
2 | Бөлүм башчынын орун басары | 3,85 |
3 | Башкы адис | 3,40 |
4 | Жетектөөчү адис | 3,15 |
5 | Адис | 2,85 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлерине үч жылдан сегиз жылга чейин иш стажысында – тарифтик ставкасынан (маянасынан) 10 пайыз, сегиз жылдан он үч жылга чейин – 20 пайыз, он үч жылдан жогору – 30 пайыз өлчөмүндө ай сайын иштеген жылдары үчүн кошумча төлөм белгиленет.
2. Иштеген жылдары үчүн үстөк башка үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү эсепке албастан эсептелет.
23-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордун,
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият методикалык борборунун кызматкерлеринин тарифтик ставкаларына (маяналарына) эселөө
коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, айына |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Директордун орун басары | 4,25 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,85 |
4 | Башкы адис | 3,40 |
5 | Жетектөөчү адис | 3,15 |
6 | Адис | 2,85 |
7 | Методист | 3,30 |
8 | Китепкана башчысы | 2,60 |
9 | Чарба башчысы | 2,30 |
10 | Кассир | 2,60 |
24-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенти
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) карата эселөө коэффициенти, айына |
1 | Директор | 4,50 |
2 | Башкы бухгалтер | 3,85 |
3 | Башкы адис | 3,40 |
4 | Методист | 3,30 |
26-тиркеме
«2-тиркеме
Бюджеттик каржылоодо турган мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлерге саатына эмгек акы төлөө
ставкалары
№ |
Билим алуучулардын контингенти | Саатына эмгек акы төлөө ставкасы, сом менен | ||
Профессор, илимдин доктору | Доцент, илимдин кандидаты | Илимий даражасы жок адамдар | ||
1 | Жалпы билим берүүнүн кесиптик баштапкы жана орто билим берүү уюмдарында окуган билим алуучулар; башка ушул сыяктуу категориядагы билим алуучулар; жумушчулар; кесиптик орто билим талап кылынган кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер; курстардын угуучулары | 350 | 250 | 200 |
2 | Студенттер | 400 | 350 | 250 |
3 | Аспиранттар, жетекчи кызматкерлердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу жайларынын угуучулары | 500 | 400 | 350 |
4 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар | 700 | 700 | 600 |
5 | Окутууга мамлекеттик заказдын алкагында билим алган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар | 700 | 700 | 600 |
6 | Кыргыз Республикасынын судьялары жана сот системасынын кызматкерлери | 700 | 700 | 600 |
».