РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 302-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 28.04.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 28-апрели № 302-т

 

 

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Тоголез Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев