РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 3» долбоорлорун Каржылоо жөнүндө макулдашуусун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемеси

Редакцияот 29.04.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 29-апрели № 309-т

 

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик жана расмий тилдерде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев