Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 17-5 буйругу менен бекитилди) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
Кыргызстандын энергетика тутумундагы
бөлүштүрүүчү орнотмолорунун, электр станцияларынын, көмөк
чордондорунун жабдууларынын жана 0,4-500кВ электр өткөрүүчү аба
чубалгыларынын диспетчердик (ыкчам) аталыштарын түзүү боюнча
типтүү нускама
БИШКЕК 2026
Мазмуну
Диспетчердик аталыштарды түзүүдө колдонууга сунушталган кыскартуулар |
-3 |
Бөлүм 1. Жалпы бөлүгү. | -8 |
Бөлүм 2. 0,4-6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы диспетчердик аталыштар плакаттар, жазуулар белгилер | -9 |
Бөлүм 3. 0,4-6-10 кВ тармактардын түркүктөрүндөгү диспетчердик (ыкчам) жазуулар, плакаттар, белгилер. | -10 |
Бөлүм 4.Диспетчердик (ыкчам) аталыштар менен жазууларды түшүрүү жана түркүктөрдү номерлөө. | -13 |
Бөлүм 5. БП жана ЭП плакаттары жана жазуулары. | -40 |
Бөлүм 6. Колдонуу. | -40 |
Бөлүм 7. Электр станцияларынын бөлүштүруүүчү орнотмолорунун, көмөкчордондорунун жана 35-500 кВ электр өткөрүүчү аба чубалгысынын диспетчердик аталыштарын түзүү принциби |
-45 |
§1. Терминдер жана аныктамалар | -46 |
Бөлүм-8. Электр жабдууларын диспетчердик аталыштардын мисалдары. |
-50 |
Схемалар | -53 |
|
|
Электр орнотмолорунун жана электраппараттарынын диспетчердик
аталыштарынын кыскартылган белгилери.
Ө | Өчүргүч |
ЖӨ | Жүктөөчү өчүргүч |
ӨА | Өткөргүчтүн ажыраткычы |
ТОЧА | Тышка орнотулуучу чубалгылык ажыраткычы |
ИОА | Ички орнотмонун ажыраткычы |
ЭПӨ | Экиаранын пункту өчүргүчү менен(АЧ-6-10кВ бөлүкө бөлүүчү) |
ӨКП | Ажыраткыч менен камдык пункт (эки тарамды |
байланыштыруучу, 6-10кВ ортосунда кадимки кесилиш орнотулган) | |
АК | Ажыраткычтарды камдыктоо (эки тарамды байлоо, ага 6-10 кВ тарамдардын ортосунда кадимки кесилиш орнотулган) |
тарамдардын ортосунда кадимки кесилиш орнотулган) | |
БП | Бөлүштүрүү пункту |
БО | Бөлүштүрүүчү орнотмо |
ТП | Трансформатордук пункт (6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөк |
чордон) | |
АЧ | Аба чубалгысы |
КЧ | Кабелдик чубалгы |
ТК | Трансформатордук көмөкчордон 35 кВ жана андан жогору |
У | Уюк |
ТР-Р | Электр орнотмодо бир трансформатордуу күч трансформатору |
Т-1,1-2 | Эки же андан көп учурда ж.б. |
ЖЧ | Жердеткич чапкы |
ӨКТ | Өздүк керектөөнүн трансформатору |
|
|
Диспетчердик аталыштарды түзүүдө колдонууга сунушталган кыскартуулар | |
|
|
Электр энергетика объекттеринин жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн түрүн белгилеген кыскартуулар:
| |
АЧ - | аба электр чубалгысы; |
ШЭС - | шамал электр станциясы; |
РЭТ - | райондук электр тармактары; |
ГТО - | газотурбиналык орнотмо; |
СЭС - | суу электр станциясы; |
ДЭС - | дизелдик электр станциясы; |
ЖБТ - | жабык бөлүштүргүч түзүлмө; |
КАЧ - | кабелдик аба электр чубалгысы; |
КЧ - | кабелдик электр чубалгысы; |
ЖБТ - | жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлмө; |
ТЖБТ - | тышкы жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлмө; |
ЭЖБТ - | элегаздык каптама менен жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлмө; |
АБТ - | ачык бөлүштүргүч түзүлмө; |
КП - | которуучу пункт; |
КЧ - | көмөк чордон; |
ЭТИ - | электр тармактар ишканасы; |
БП - | бөлүштүрүүчү пункт; |
КЭС - | күн электр станциясы; |
ТЧ - | трансформатордук көмөкчордон; |
ЖЭС - | жылуулук электр станциясы; |
ЖЭБ - | жылуулук электр борбору; |
|
|
Жабдуунун түрүн билдирген кыскартуулар | |
|
|
АӨ - | автоматтык өчүргүч; |
АТӨ - | автоматтык талаа өчүргүч; |
АТ - | автотрансформатор; |
СКБ - | статикалык конденсатор батареясы; |
Ө - | өчүргүч; |
ЖӨ - | жүктөөчү өчүргүч; |
БОБЧ- | була-оптикалык байланыш чубалгысы; |
ТАК - | туруктуу агындын коймосу; |
ЖЖТ - | жогорку жыштыктагы тосмо; |
Г - | генератор; |
СГ - | суу генератору; |
ЖӨР - | жалын өчүрүүчү реактор; |
ЖЧ - | ажыраткычтын жердеткич чапкысы; |
ЖА - | жердетүүчү ажыраткыч; |
Ч - | чабышкы; |
БК - | байланыш конденсатору; |
ЧЧ - | чубалгылык чогултма; |
Б - | бөлгүч; |
АЧЧ - | ашыкча чыңалууну чектөөчү; |
АӨТ - | айланма өтүүчү өтмөктөр тутуму; |
С - | сактооч; |
А - | ажыраткыч; |
СД - | сарпжапкычтуу дүрмөтсүздондүргүч; |
ЖАЖС - | жүктөлүш астында жөнгөсалуунун түзүлмөсү; |
АР - | агынды чектөөчү реактор; |
КӨКТ - | камдыктагы өздүк керектөө трансформаторы; |
ӨЭ - | өтмөктүк экиара; |
СР - | сагактоочу реактор; |
СК - | синхронный трансформатор; |
СТК - | статикалык тиристордук компенсатор; |
ӨТ - | өтмөктүк тутуму; |
Т - | трансформатор; |
ТГ - | турбогенератор; |
ЧТ - | чыңалуу трансформатору |
ӨКТ - | өздүк керектөө трансформатору; |
АТ - | агын трансформатору; |
БСР - | башкаруучу сагактоо реактору; |
КЧ - | кошулуу чыпкасы. |
1-бөлүм. Жалпы бөлүм
1. Бул типтүү нускама "Кыргызстан УЭТ" ААКнын электр тармактар ишканаларына жана иштетип пайдалануу уюмдарына жана электр станциялардын башка менчик ээлери жана башка мыйзамдуу ээлери үчүн жайылтылат.
2. Типтүү нускама бардык ыкчам жана техникалык иш кагаздар (анын ичинде иштаккагаздар) боюнча колдонуу үчүн 0,4-500кВ электр тармактары ишканаларында аталыштардын жана жазуулардын бирдиктүү, толук жана иштөөгө ыңгайлуу тутумун киргизүү үчүн иштелип чыккан, ошондой эле ыкчам которуштурууларды, текшерүүлөрдү жана оңдоолорду жүргүзүүдө ишкерсандын катасыз багыты үчүн арналган.
3. Ушул Типтүү нускаманын талаптары электр энергетикасынын курулуп жаткан объектилеринин жабдууларына диспетчердик аталыштарды ыйгарууда, аларды кайра келбеттөөдө, заманбаптоодо электр энергетикасынын иштеп жаткан объектилеринин иштетип пайдаланууга жаңыдан киргизилген жабдууларына, ошондой эле электр энергетика объектилеринин менчик ээлеринин же башка мыйзамдуу ээлеринин демилгеси боюнча аны кайра атоодо иштеп жаткан жабдууларга колдонулууга тийиш.
"Кыргызстан УЭТ" ААКнын тармактарына кошулган башка мекемелердин 0,4-500 кВ электр орнотмолоруна ушул Типтүү нускамага ылайык ат коюу сунушталат.
4. Бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы тармактын элементтеринин диспетчердик (ыкчам) аталыштары 0,4-500 кВ ишкананын техникалык жетекчисинин көрсөтүүсү менен жабдуулардын анын ыкчам баш ийүүсү боюнча бөлүштүрүү тизмесине ылайык ыйгарылат.
5. Электр тармактар ишканаларындагы бардык жаңы киргизилип жаткан объектилер үчүн алдын ала диспетчердик (ыкчам) аталыштар ыйгарылууга жана монтаждык уюмуна 4-пунктка ылайык тиешелүү аталыштар, жазуулар жана плакаттар түшүрүлгөн тексттер жана жерлер берилүүгө тийиш. Ири өлчөмдөгү жабдууларда (генераторлор, трансформаторлор, ажыраткычтар) диспетчердик аталышты түздөн-түз жабдуунун тулкусуна жазууга жол берилет. Диспетчердик аталыштын өлчөмү баштапкы жабдуунун өлчөмдөрүнө пропорционалдуу болушу керек.
Бөлүштүрүүчү түзүлүштүн бир фазалуу аткарылышы бар жабдуулардын диспетчердик аталышында фазалардын кошумча тамгалык белгилениши да көрсөтүлөт.
. Диспетчердик (ыкчам) аталыштарды өзгөртүү бир 0,4-6-10 кВ тарамдын бардык элементтеринде (объектилеринде) бир убакта аткарылышы керек жана инженердик-техникалык, ыкчам жана ыкчам-оңдоо тейлөөчү ишкерсанга милдеттүү түрдө насаатама берүү жана бардык иш кагаздарга жана схемаларга дароо өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жаңы объектерди ишке киргизүүнүн кабыл алынган тартибине окшош буйрук (көрсөтмө)менен таризделет. Бардык объектерде диспетчердик (ыкчам) аталыштар өзгөргөндө эски жазуулар жоюлууга жана жаңы жазуулар жазылууга тийиш.
7. Иш кагаздардагы диспетчердик (ыкчам) аталыштар жана тармактын элеметтериндеги жазуулар тармактын схемасынын же конфигурациясынын баардык өзгөрүүлөрүндө дароо жаңы схемага ылайык келтирилиши керек. Бул учурда эски жазуулар жоюлушу керек.
Директивалык иш кагаздарды иштеп чыгуу журналында насаттама өткөрүлгөн күндү көрсөтүү жана таанышкандыгы боюнча кол коюу менен жүргүзулгөн өзгөртүүлөр жөнүндө электр орнотмолорун тейлеген инженердик-техникалык, ыкчам жана ыкчам-оңдоо ишкерсандарына насаттама өткөрүлүшү керек.
Жыл сайын АЧ-0,4-500 кВ ыкчам схемаларын учурда иштетип пайдалануусуна туура келгенин текшерип туруу керек жана текшерилгендиги жөнүндө схеманын жогорку оң бурчунда жайгашкан тизмегине жазылат. (1-саниреткинин формасы тиркелет).
АЧ-10-0,4 кВ схемалары РЭТтын башкы инженери тарабынан текшерилет, РЭТтин ЫДТ(ыкчам диспетчердик топ) улук диспетчери менен макулдашылат жана техникалык жетекчи же ишкананын техникалык жетекчисинин орун басары тарабынан бекитилет.
|
| 1саниретки | ||||||
Текшерилди | Макулдашылды | Бекитилди | ||||||
күнү | Ф.И.О | колу | күнү | Ф.И.О | колу | күнү | Ф.И.О | колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 саниретки
|
|
|
| 2 саниретки | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Түзмөнүн абалы |
|
|
|
|
күну | Өзгөр. кыска масмуну | негиз | түркөктүн № | кызматы | колу |
Ыкчам схема АЧК – 0,4 кВ А 203 с. Константиновка | |||||
Түзмөнүн төмөнкү оң бурчуна 2 саниретки койулат, түзмөнүн өзгөртүүлөрүн киргизүү үчүн (2 саниретки)
АЧ 0,4 кВ жана АЧ 10-0,4 кВ ыкчам схемалары үчүн шарттуу белгилерине ылайык , 10-0,4 кВ ыкчам схемаларга электр чубалгыларынын параметрлери, саны, маркасы, зымдардын кесилиши жана АЧ бөлүктөрүнүн узундугу түшүрүлүшү керек. (Сүрөт.19,20).
АЧ 6-10 кВ түзмөлөрүнө номер коюп жана түзмөлөрдүн тизмесин түзүп, альбом жасаш керек; АЧ-0,4 кВ түзмөлөрү ТПнын номерленинин өсүү тартибинде иреттелиши керек.
Устатта, ЫДТ, ЫЧИТ, ЫОИ, тайпаларында, иштаккагаздарды жана ыкчам иштерди берүү үчүн арналган ыкчам түзмөлөрдүн альбомунун алдыңкы бетинде "ыкчам пайдалануу үчүн"деген жазуу болушу керек.
8.Диспетчердик (ыкчам) аталыштар, жазуулар, плакаттар, түркүктөрдүн номерлениши электр тармактарынын кадимкидей иштөө тартибине байланыштуу болот.
Ишкананын диспетчердик кызматы менен макулдашылган жана РЭТтын жетекчиси тарабынан бекитилген 6-10 кВ электр тармактарындагы кадимкидей кесилиштердин тизмеси болууга тийиш.
Кесилиштерди которуу менен байланышкан электр тармагынын иштөө тартиби убактылуу өзгөргөндө, электр тармактардын ыкчам жана ыкчам-оңдоо кызматын көрсөткөн ишкерсанга бул тууралуу нускама журналына жазуу менен насаттама өткөрүлүшү керек.
Жаңы туруктуу кадимкидей кесилиштерди киргизүүдөн келип чыккан электр тармагынын иштөө тартиби өзгөргөндө диспетчердик аталыштар, плакаттар, жазуулар, АЧ-6-10 кВ түркүктөрдүн номерлениши тармактын жаңыдан түзүлгөн кадимкидей иштөө тартибине ылайык өзгөртүлүшү жана тартипке келтирилиши керек.
2-Бөлүм. 0,4-6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы диспетчердик аталыштагы плакаттар, жазуулар белгилер
9. Электр орнотмолорунун жана электраппараттарынын диспетчердик аталыштарын кыска жана так жазуу максатында төмөнкүдөй кыскартылган белгилер киргизилет ( 5 баракта).
10. Бардык башка электр орнотмолору жана аппараттары үчүн диспетчердик аталыш болуп алардын толук аталышы, маркасы же түрү саналат.
11. ТП, БП дагы диспетчердик аталыштар, плакаттар, жазуулар, белгилер.
1) Электр тармактарынын бир ишканасынын ичинде, диспетчердик аталыш катары ар бир трансформатордук пунктка (ТП) үч орундуу номер ыйгарылат, анын алдына райондук электр тармактарынын аталышынын (РЭТ) биринчи тамгасы коюлат, ТПнын бир орундуу сандарынын кайталанышына алып келбейт.
2) 001 баштап райондук электр тармактарынын чегинде ТП номерлөө жүргүзүлөт.
3) Тейлөө учурунда ишкерсандын ката келтирбеши үчүн чечип алынган ТПнын диспетчердик аталыштары (номерлери), чечип алынган убактысынан тартып бир жылдан кем эмес убакыт өткөндөн кийин башка ТПларды номерлөө үчүн колдонулушу мүмкүн.
4) БП1,БП2,БП3 деген, бөлүштүрүүчү пунктарга (БП) диспетчердик аталыштар ыйгарылат.Калктуу конуштардын аталыштарына же жайгашкан жерине ылайык БП га диспетчердик аталыштарды ыйгарууга, ишкананын техникалык жетекчисинин чечими боюнча уруксаат берилет.
Мисал: Түштүк БП, Ала-Арча БП
5) Трансформатордук пункттарда 0,4кВ щиттердин эшиктеринин арткы бетинде бардык кошулмалардын диспетчердик аталыштарын көрсөтүү менен трансформатордук көмөк чордондордун электр туташууларынын схемасы аткарылышы керек.
Транзиттик ТПнын түрөрү К-1У, К-31, К-32, К-531 ж. б., БО 0,4 кВ өзүнчө бөлмөсү бар жерде, анда орнотулган 0,4 кВ щиттер менен ТПнын электр схемасы илиниши керек.
6) Электр өчүргүчтөрдө жана автоматтардын 0,4 кВ щиттеринде кошулуулардын диспетчердик аталышы, сактагычтарда эритилүүчү кошулманын агыны, ал эми автоматтарда-анын чектелген чондуктун агыны жазылууга тийиш.
Кошоорлордо жана автоматтарда алардын иштеп турган жана өчүрүлгөн абалын көрсөтүүчү жазуулар болушу керек.
7) Ажыраткычтардын, жүктөөчү өчүргүчтөрдүн, ажыраткычтардын иштеткичтеринде алар башкарган электраппараттын аталыштары жазылган жазуулар болушу керек, анда бул электр орнотмолорунун аталыштарын көрсөтүү менен, мында бул аппараттар кайсы тарапка багытталганын көрсөтүлөт.
8) Ажыраткычтардын, жүк өчүргүчтөрдүн, ажыраткычтардын, жерге туташтыруучу чапкынын иштеткичтеринде алардын кошулган абалын көрсөткөн жазуулар болушу керек.
9) Жерге туташтыруучу чапкынын иштеткичтеринде алар кайсы аппаратка, электр орнотмого же кошулуучу тарапка кошулаары жазылышы керек.(ТК А001 тарапка, т. 5 тарапка,Южная ПС тарапка ж. б.)
10) К-1У, К-31, К-32, К-531 түрүндөгү ТПнын жана башка, мында ажыраткычта (Ө же ЖӨ) 6-10 кВ. тармагында туруктуу кадимкидей кесилиши орнотулган болсо,аппараттын иштеткичинин уячасында "Көңүл бургула! Шакектелген чубалгы". ТПтун темир транзиттик түрү ЖТКда, ЖТКШ та бул учурда " Көңүл бургула! Шакектелген чубалгы" , ажыраткычтын сырткы уячасынын эшигинин алдыңкы жана арткы бетине жазылат, эгерде ал жерде туруктуу кадимкидей кесилиш орнотулган болсо.
11) 6-10 кВ бөлүштүрүүчү пункттун имаратында электр туташтыруулардын схемасы илиниши керек.
12) Электр тармактарынын бүлүнүүлүк иш тартибинде же электр чубалгысында бөлөк кошмо менен шакекчеленгенде , 6-10кВ бөлүштүрүүчү пункта чубалгынын чубалгылык уячаларына “Көңүл бургула! Шакекечеленген чубалгы” деген плакат илинет.
Эгерде өчүргүчтүн жана ажыраткычтын башкаруу жагындагы уячаларда эшиктер бар болсо, көрсөтүлгөн плакат эшиктин алдынкы жана арткы тарабына түшүрүлөт.
13) Диспетчердик аталыштардын, плакаттардын, жазуулардын, ТП жана БПдагы белгилердин үлгүлөрү, алардын жайгашкан жери тиркелген сүрөттөрдө берилет 2.3,4,5,6,7,8,9.
14) "... тарапка" деген сөздөр бар жазууларда алардан кийин ушул электр орнотмолорунун же аппараттардын аталышы, ушул кошмолордун кайда караганы көрсөтүлөт.
15) Ар бир ТП 6-10/0,4 кВ тосмонун көрүнүктүү жерине же эшиктердин, шкафтардын сырткы бетине ТП аталышын, номерин, ошондой эле ТП ээсинин дарегин жана телефондору жазылат.
12 ӨКП, ӨПВ, АК жана ТОЧАдагы диспетчердик аталыштар, жазуулар, плакаттар,белгилер.
1) Ар бир ӨКП,ӨПВ,АК, жана ТОЧА диспетчердик аталышка ээ болууга тийиш. Көрсөтүлгөн электр орнотмолорунун диспетчердик аталышы болуп аларга ыйгарылган номер эсептелет.
Туюк ТПга (ЖТК) түшүүчү түркүктөргө орнотулган тышкы орнотулуучу чубалгылык ажыраткычтарды (ТОЧА) иштеткичтеринде жазуулар жазылбайт,ТОЧА ыкчам схемада көрсөтүлбөйт. Иштаккагаздагы мындай ажыраткычтар: ТОЧА-К027, ТОЧА-А123 деп белгиленсин, бул төмөнкүнү билдирет: К027 трансформатордук пунктунун чубалгы ажыраткычы, А123 комплекттүү трансформатордук көмөкчордонунун чубалгы ажыраткычы.
2) ӨКП,ӨПВ башкаруу панелинин эшиктеринин ички бетинде баштапкы коммутациянын бардык аппаратурасын көрсөтүү менен кошо жердеткич чапкыны (ЖЧ) кошуп электр схемасы чийилиши керек.
3) Электр чубалгыларынын айрым бөлүктөрүн оңдоого алып чыгууда же электр тармагынын бүлүнүүлүк иш тартибинде эки тарам шакекче болуп турушу мүмкүн болгон ӨКП, РПР жана КА, ошондой эле ӨБП жана ТОЧАда "Көңүл бургула! Шакектелген чубалгы" плакаты илинет. 10,11,12,13,14,16,17,18 сүрөттөрүнө ылайык
4) 11-пунктунун 7),8),9) 2бөлүмдүн талабы ӨКП,ӨБП, КА жана ТОЧАга жайылтылат (туюк ТПтун ТОЧА тышкары,12-пункт. 1)).
5) ӨКП.ӨБП,КА жана ТОЧАгы диспетчердик аталыштардын,жазуулардын жана белгилердин үлгүлөрү алардын жайгашкан жерин көрсөтүү менен 10,11,12,13,14,17,16 жана 18-сүрөттөрдө берилет.
3 Бөлүм. 0,4-6-10кВ тармагындагы түркүктөрдөгү диспетчердик (ыкчам) аталыштар, жазуулар, плакаттар, белгилер
13. АЧ 6-10 кВ диспетчердик (ыкчам) аталыштары магистралдык чубалгынын биринчи жана акыркы түркүктөрүндө, бирдей чыңалуудагы чубалгылар кесилишкен жерлердеги биринчи жана акыркы түркүктөрдө, темир жана унаа жолдору менен кесилишкен жерлердеги түркүктөрдө, түркүктөн түшүп трансформатордук көмөкчордондорго кошулган, ошондой эле трассанын параллель өтүүчү чубалгылары бар бөлүктөрүнүн түркүктөрүндө, ал эми алардын ортосундагы аралык 200 метрден аз болсо көрсөтүлөт.
14. Бардык каптауламдарды кошкондо, тарамдын ар бир акыркы түркүгүндө жана ТПдан биринчи түркүктө АЧ 0,4 кВ диспетчердик (ыкчам) аталыштары көрсөтүлөт.
15. АЧ 6-10 жана 0,4 кВ түркүктөрүн номерлөө 220-110-35/6-10 кВ берүүчү көмөкчордондон жана 6-10/0,4 кВ ТПдан баштап, 1 номеринен биринчи капталуламга чейинки тартипте жүргүзүлөт, андан кийин биринчи капталуламдын тиректерине номер коюлат, андан кийин негизги тарамдын номерленишин улантат , андан кийин экинчи капталуламдын бардык тиректерин номерленишин улантат, андан кийин кайра негизги тарамды номер коюшун улантат ж. б.
Ыкчам схемада милдеттүү түрдө аралык түркүккө кезектеги номер коюлат, андан кийин капталуламдын түркүкүнө коюлат.
16. Схеманын төмөнкү оң бурчунда өзгөртүү тизмегин койот.Тизмек №2.
17. Ар бир АЧ 0,4-6,10 кВ түркүктүн өз номери болушу керек. Бир чубалгыдагы (тарамдагы) түркүктөрдүн номерлери кайталанбашы керек.
18. АЧ 6-10кв түркүктөрүнө түркүктүн номери гана жазылат, ал эми АЧ 0,4кВ түркүктөрүнө, андан тышкары, бөлчөктүн бөлгүчүндө жана алар орнотулган жылы жазылат.
19. 6-10кв тарамдардын ортосундагы кадимкидей кесилишин камсыз кылуу үчүн кызматчылар ажыраткычтарда камдыктоочу пункт(КП) же камдыктоочу ажыраткыч(КА) орнотулган түркүкө эки номер ыйгарылат, анткени бул түркүк эки тарамга тең таандык.
20. Имараттын кире беришине орнотулган түркүктөр, 0,4 кВ тарам түркүктөрүнүн жалпы номерленишине кирбейт.
21. Эки коңшу транзиттик ТПны бириктирүүчү АЧ 6-10 кВ акыркы түркүктөрүндө,түркүктөрдүн номерлеринен тышкары, АЧ кайсы ТПга кетип жатканын көрсөткөн жазуулар болушу керек.
22. Жолдорго жакын жайгашкан түркүктөрдө бардык жазуулар жол тараптан аткарылат.
23.Бир түркүктү чыгарып кеткенде, бул түркүктүн номери алынат жана калыбына келтирилбейт.
24. Кошулган АЧ бөлүктөрүнүн түркүктөрүн номерлөө тарамдын кайсы бөлүгүнө туташтырылганына карабастан, бул тарамдын түркүктөрүнүн акыркы номерин эске алуу менен жүргүзүлөт.
25. Эгерде түркүкө бир эле чыңалуудагы эки чынжыр жайгашкан болсо, анда мындай түркүкө эки номер берилет(ар бир чынжыр боюнча өзүнчө).
Эгерде түркүктө ар кандай чыңалуудагы эки чынжыр жайгашкан болсо (АЧ 6-10кв жана 0,4 кВ зымдардын биргелешкен асма), анда мындай түркүкө жогорку чыңалуудагы чынжыр боюнча номер ыйгарылат.
26. Чубалгынын аралыгынын ичине кошумча түркүк орнотулганда, ага "а"индексин кошуу менен жанында турган түркүкө номер берилет. Ыкчам схемаларда бардык кошумча орнотулган түркүктөр берилген номери жана индекс менен көрсөтүлүшү керек.
27. Ар кандай 0,4 кВ тарамдардын зымдары илинген кайчылаш түркүкө, түркүктүн тиешелүү тарабында бирден эки номер берилет.
Мисалы, тирек | 90 __; 77 | 22 __. 77 |
28.Сагакты орнотпос үчүн, эки 0,4 кВ тарамдын зымдарын аягында бекитүүдө бир түркуктү колдонууга тыюу салынат.
29. Калк жашаган аймакта АЧ 6-10кв темир-куйма таш түркуктөрүнө электр агынга урунуу коркунучу жөнүндө эскертүү үчүн туруктуу белги жазылат, жыгач түркүкө туруктуу белги коюлат. Бул белги жерден 2,5-3 м бийиктикте болушу керек, ар бир түркүкөтор аралыгы 100 мден ашык жана түркүк аралыгы 100 мден аз болушу керек. Белгилердин өлчөмдөрү 22 жана 23-сүрөттөрдө келтирилген.
30. Тескемердик аталыштардын үлгүлөрү, тиректердеги белгилер, шарттуу белгилер жана ыкчам түзмөлөрдүн үлгүлөрү АЧ 0,4-6-10 кВ үчүн, 16,17,18 жана 19 сүрөттө берилген.
4-Бөлүм. Түркүктөрдү номерлөө жана диспетчердик (ыкчам) аталыштар менен жазууларды түшүрүү.
31. Түркүктө диспетчердик(ыкчам) аталыштары жана жазуулар атмосфералык шарттарга туруктуу, контрасттуу (мүмкүн болсо ачык)түстөгү боектор менен жазылууга тийиш.
32. Коммутациялык аппараттардын ыкчам аталыштары алардын иштеткичтерине жазылат.
33. 0,4 кВ тарамдын баардык акыркы түркүкүнө, ТПнын биринчисине жана алардын коммутациялык аппараттарында ТПнын 0,4 щитине, 0,4 тарамына ыкчам аталыштарын жазышат. (14-пункт.).
34. Жазуулар так, так жана конкреттүү, ТПга, БПга, түркүктөргө, камдыктоочу жана экиаралык пункттарга жана ажыраткычтарга жакын келгенде жакшы көрүнүп турушу керек.
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
18 сүрөт. АЧ 6-10кВ ыкчам схемасы үчүн шарттуу белгилер. |
19 сүрөт. |
20 сүрөт. |
21 сүрөт. |
22 Сүрөт |
5 бөлүм. БП жана ЭП плакаттары жана жазуулары.
35. 0,4-6-10кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарында ыкчам өчүрүп күйгүзүүдө, оңдөө жана текшерүүлөрдү жүргүзүүдө, ишкерсандын жаңылбай иштеши үчүн, электр тармактарында экиаралык пункттардагы жана камдык жана чубалгынын ажыраткычтарынын иштеткичтериндеги плакаттар жана жазуулар ылайыкталган.
36.0,4-6-10кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы чубалгынын ажыраткычтарды камсыздоочу, камдык жана экиаралык пункттар төмөнкү түрлөрү аткарылат:
1) Өчүргүч менен камсыздалган (ӨКП) пункт, (эки тарамды байланыштыруучу, пунктка 6-10 кВ тарамдардын ортосунда туруктуу кадимкидей кесилиши орнотулган).
2) Өчүргүч менен камсыздалган (ӨКП) пункт, (эки тарамды байланыштыруучу, пунктка 0,4кВ тарамдардын ортосунда туруктуу кадимкидей кесилиши орнотулган).
3) Экиаранын пункту өчүргүчү менен (ЭПӨ) (АЧ 6-10 кВ бөлүктөргө бөлүүчү).
4) Экиаралык пункт(ЭА), (АЧ 0,4 кВ бөлүктөргө бөлүүчү).
5) Камдык ажыраткыч(КА), (эки тарамды байланыштыруучу,анда 6-10 КВ тарамдардын ортосунда туруктуу кадимкидей кесилиши орнотулган).
6) Чубалгылык ажыраткыч(ЧА), (АЧ 6-10 кВ бөлүктөргө бөлүүчү же ТП 6-10/0,4 кВ кошуу үчүн орнотулат).
6 бөлүм. Белгилерди колдонуу.
37. Камсыздоочу жана экиаралык пункттарда ажыраткычтары менен трафарет ыкмасы менен төмөнкү плакаттар, белгилер жана жазуулар түшүрүлөт:
1) Уячанын ичинде ажыраткычтар жайгашкан ӨКП:
- өчүргүчтүн диспетчердик аталышы менен жазылган плакат;
- плакат "Көңүл бургула!Шакектелген чубалгы."
- белги "Сак болгула! Электр чыңалуусу";
- өчүргүчтүн камерасынын эшиктеринин сыртындагы жазуу;
- жерге туташтыруучу чапкычтын иштетүүчүсүндөгү жазуу;
- ажыраткычтардын иштеткичтеринде жана ажыраткычтардын бөлүгүнүн эшиктеринин сырткы бетинде шакекчеленген тарамдарды көрсөтүү менен болгон жазуу;
- камдыктуу тарамдардын диспетчердик ( ыкчам ) аталыштары (ӨКПга кошулган тарамдардын акыркы түркүктөрүндө). (Сүрөт.7)
2) ӨКП жанаша түркүктөргө жайгашкан ажыраткычтар:
- өчүргүчтүн диспетчердик аталышы жазылган плакат;
- плакат "Көңүл бургула!Шакекчеленген чубалгы";
- өчүргүчтүн камерасынын сырткы эшигиндеги жазуу;
- камсыздыкталуучу тарамдардын диспетчердик (ыкчам) аталыштары
(тарамдардын акыркы түркүктөрүнө туташтырылган ӨКП);
- чубалгылык ажыраткычтардын диспетчердик аталыштары бар плакаттар (ажыраткычтардын иштеткичтеринде акыркы түркүктөрдүн таянычтарында). (Сүрөт.8)
3) Ажыраткычтарды уячасынын ичинде жайгаштырылган ЭПӨ менен:
- өчүргүчтүн диспетчердик аталышы жазылган плакат;
- "Сак болгула ! Электр чыңалуусу" белгиси;
- өчүргүчтүн камерасынын эшиктеринин сыртындагы жазуу;
- жерге туташтыруучу чапкынын иштетүүчүсүндөгү жазуу;
- ажыраткычтардын иштеткичтериндеги жана бөлүктүн эшигинин сырткы жагындагы жазуулар тарамдардын багыттарын көрсөтүү менен;
- "Көңүл бургула!Шакекчеленген чубалгы " (12-пунктта пп3 көрсөтүлгөн ЭПӨ үчүн.).(Сүрөт.13).
4). Жанаша турган түркүктөргө жайгашкан ажыраткычтары бар ЭПӨ
- өчүргүчтүн диспетчердик аталышы жазылган плакат;
- "Сак болгула ! Электр чыңалуусу" белгиси;
- өчүргүчтүн камерасынын эшиктеринин сыртындагы жазуу;
- плакат "Көңүл бургула!Шакекчеленген чубалгы " (12-пунктта пп3 көрсөтүлгөн ЭПӨ үчүн.(Сүрөт.14).
- чубалгылык ажыраткычтардын диспетчердик аталыштары бар плакаттар (ажыраткычтардын иштеткичтеринде акыркы түркүктөрдүн тирөөчтөрүндө) (Сүрөт.15).
38. Түркүктөрдүн тирөөчтөрүндө орнотулган экиаралык пункттар (ЭП),ажыраткычтардагы камдык пункттар (АКП), камдык (КА)же чубалгылык (ЧА) ажыраткычтарга төмөнкүдөй плакаттар, белгилер жана жазуулар бекитилет:
1) Экиаралык пункт(ЭП) 0,4 кВ аба чубалгысында(АЧ):
- экиаралык пункттун диспетчердик аталыштары жазылган плакат;
- түркүктүн орнотулган жылы жана катар саны.
2) АКП ажыраткычтарды ар кандай түркүктөргө жайгаштырууда:
- ажыраткычтардын диспетчердик аталыштары жазылган плакаттар (иштеткичтерде);
- плакаттар "Көңүл бургула!Шакекчеленген чубалгы";
- "Сак болгула!Электр чыңалуусу" белгилер;
- түркүктөрдүн катар сандары;
- камдык тарамдардын диспетчердик (ыкчам ) аталышы (Сүрөт 9)
3) ӨКП ажыраткычтар бир түркүккө орнотулганда;
- ажыраткычтардын диспеьчердик аталыштары жазылган плакаттар(иштеткичтерде);
- плакаттар "Көңүл бургула!Шакекчеленген чубалгы";
- белгилер "Сак болгула!Электр чыңалуусу";
- түркүктөрдүн катар саны;
- камдык тарамдардын тескемердик (ыкчам ) аталышы (түркүктөгү АКП менен алардын багытын көрсөтүү жана түркүктөгү АКП менен акыркы түркүктүн эки жагындагы багыттары көрсөтүлбөйт).(Сүрөт.10).
4) КА ажыраткычты бир тирөөчтүү же татаал (анкер,тренога) түркүкө жайгаштырууда:
- плакат "Көңүл бургула!Шакекчеленген чубалгы";
- белги "Сак болгула!Электр чыңалуусу";
- түркүктөрдүн катар саны;
- камдыктуу тарамдардын диспетчердик (ыкчам ) аталышы ( түркүктөгү КАтын багыттарын көрсөтүү менен жана түркүктөгү АКП менен акыркы түркүктөрдөгү эки жагындагы багыттары көрсөтүлбөйт).(Сүрөт.11. жана 12.).
5) АЧ 6-10 кВ бөлүктөргө бөлүүчү ЧА:
- ажыраткычтын диспетчердик аталышы жазылган плакат (иштеткичте).
- плакат "Көңүл бургула!Шакекчеленген чубалгы "(көрсөтүлгөн ЧА үчүн п. 12.п п 3).;
- белги "Сак болгула! Электр чыңалуусу";
- түркүктүн катар саны (сүрөт.15).
6) Туюк ТП (КТП) кошулган ЧА:
- белги "Сак болгула!Электр чыңалуусу";
- түркүктүн катар саны;
- 6-10кВ тарамдын диспетчердик (ыкчам) аталышы.
Плакаттардын,белгилердин жана жазуулардын үлгүлөрү сүрөт менен берилет.1 жана 3.
Ажыраткычтардын иштеткичтери кулпуланып турушу керек.
|
|
|
|
белгилери, жазуулары жана плакаттарынын үлгүлөрү. |
Бөлүм 7. Электр станциясынын, көмөкчордондордун жана 35-500 кВ электр берүү чубалгысынын бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнүн жабдууларынын диспетчердик аталыштарын түзүү
39. 500-35 кВ электр станциясынын жана көмөкчордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнүн электр схемаларынын бардык элементтери диспетчердик аталыштарга ээ болушу керек, алар элементтин максатын жана анын электрдик схемадагы ордун так мүнөздөйт.
40. Ар бир коммутациялык аппарат жана жабдуулар үчүн диспетчердик аталыштарын жазып, 500-35 кВ электр станцияларынын жана көмөкчордондордун бардык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрү үчүн кадимкидей иш тартиби үчүн ыкчам схемалар даярдалышы керек.
41. Тиешелүү ишкананын техникалык жетекчиси диспетчердик аталыштары бар энергообъекттердин кадимкидей иш тартиби үчүн ыкчам схемаларды бекитет. Көрсөтүлгөн схемалар диспетчердик кызматтын начальниги менен макулдашылышы керек, анткени схемадагы көрсөтүлгөн жабдуулар анын ыкчам баш ийүүсүндө турат.
42. Диспетчердик аталыштары түшүрүлгөн кадимкидей иш тартиби үчүн ыкчам схемалар ыкчам ишкерсандын кезметчилиги бар бардык жумуш орундарында, ошондой эле ушул электр орнотмодо өчүрүп күйгүзүү жүргүзгөн ЫЧИТ ишкерсанында болууга тийиш.
43. Бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөгү диспетчердик аталыштардын жазуулары ыкчам схемаларда аткарылган аталыштарга так дал келиши керек.
44. "Кыргызстан УЭТ" ААКсынын БТКнын диспетчеринин же "Энергия" КТБ диспетчеринин карамагында турган жаңы киргизилген жабдуулардын диспетчердик аталыштары түшүрүлгөн кадимкидей иш тартиби үчүн ыкчам схемалар объектинин комплексин ишке киргизүүдо иш кагаздары менен бирге "Кыргызстан УЭТ" ААКсынын тармагына жаңы киргизилген энергетикалык объекттерди кошуу боюнча нускамада” белгиленген мөөнөттө "Кыргызстандын УЭТ" ААКсында макулдашууга берилиши керек.
45. Жабдуулардын жана коммутациялык аппараттардын диспетчердик аталыштары темирден жасалган плакаттарда аткарылат. Плакаттын өлчөмү 280х210 мм. Керек болсо, көрсөтүлгөн өлчөмдөн четтөөгө жол берилет.
Плакаттар коммутациялык аппараттардын иштеткичтерине бекитилет. Плакаттын жалпы бети ачык болуп, жазуу кара түстө жазылат.
Ири өлчөмдөгү жабдууларда (генераторлор, трансформаторлор, ажыраткычтар) диспетчердик аталышты түздөн-түз жабдуунун тулкусуна жазууга жол берилет. Диспетчердик аталыштын өлчөмү баштапкы жабдуунун өлчөмдөрүнө бирдей болушу керек.
Бир фазалуу аткарылышы бар жабдуулардын диспетчердик аталышында бөлүштүрүүчү түзүлүштө фазанын кошумча тамгалык белгиси да көрсөтүлөт.
§1. Терминдер жана аныктамалар
Диспетчердик аталыштар:
46. Электр энергетика объектисинин (Электр станциясы, көмөк чордондор, которуштуруу пункттары, электр берүү чубалгылары), электр энергетика объектисинин негизги жана көмөкчү жабдууларынын, релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүнүн, диспетчердик жана технологиялык башкаруу каражаттарынын, диспетчердик башкаруунун автоматташтырылган тутумунун жабдууларынын аталышы, ал электр энергетикасынын бир объектисинин чегинде жабдууну же түзүлүштү жана диспетчердик борбордун операциялык зонасынын чегинде электр энергетика объектин бир мааниде аныктайт.
47. Электр берүү чубалгысынын диспетчердик аталыштарын, электр энергетика объектисинин негизги жана көмөкчү жабдууларын, релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн, диспетчердик жана технологиялык башкаруу каражаттарын, диспетчердик башкаруунун автоматташтырылган тутумунун жабдуулары сөзсүз колдонулат, ыкчам иш кагаздарды иштеп чыгууда, ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, өчүрүп күйгүзүүдө учурунда ж. б.
Кошулуу:
48. Электрстанциянын,көмөкчордондун ж.б. чегинде жайгашкан щиттер,генераторлор,бөлүштүрүүчүнүн өтмөгүнө кошулган, чыңалуу жана аталыштар, бир багыттагы электр чынжыры (жабдуу жана өтмөктөр).
Эскертүү- бир күчтүк трансформаторунун, бир эки ылдамдыктагы кыймылдаткычтын ар кандай чыңалуудагы электр чынжырлары бир кошулуу катары каралат. Көп бурчтуктардын, жарым-жартылай ж.б. схемасында чубалгыга кошулушуна, бул чубалгы же трансформатор бөлүштүрүүчү түзүлүшкө туташтырылган бардык коммутациялык аппараттар жана өтмөктөр кирет.
Коммутациялык аппараттын же жабдуунун диспетчердик аталышы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
"Электр станциялардын жана көмөкчордондордун электр бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүндө өчүрүп күйгүзүүлөрдү жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын" жана "Электр орнотмолорун иштетип пайдалануудагы коопсуздук ыкмаларынын эрежелери" негизинде кабыл алынган терминдер жана аталыштарды кыскартуу, ыкчам иштетип пайдаланууда жазуу үчүн кабыл алынат.
49. Жабдуулардын же өчүрүп күйгүзүүчү аппараттардын чыңалуусунун классы.
50. Бөлүштүрүүчү түзүлмөдө аппараттын жайгашкан жерин так мүнөздөгөн белги.
51. Көп бурчтуктун схемасы боюнча аткарылган бөлүштүрүүчү түзүлмөлөр үчүн өчүрүп күйгүзүүчү аппараттарга сандуу аталышты ыйгарууга жол берилет.
52. Эки туташтырууга үч өчүргүч же үч туташтырууга төрт өчүргүч менен схема боюнча аткарылган бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдө (бир жарым схема жана 4/3 схемасы) өчүрүп күйгүзүүчү аппараттардын аталыштарында эки орундуу санариптик белги колдонулат. Аталыштагы биринчи сан өчүргүчтөрдүн чынжырынын катар номерин, ал эми экинчи сан өчүргүчтүн катар жайгашкан жерин көрсөтөт. Мындай схемалардагы катарларды эсептөө боюнча биринчи өтмөк тутумунан келет.
53. Бир фазалуу иштеткичтери бар ажыраткычтар үчүн диспетчердик аталыштарда, фазага кошумча тамгалык белгиси көрсөтүлөт.
54. Өтмөктөрдүн ажыраткычтарынын диспетчердик аталыштарында алар туташтырылган өтмөктүн тутумунун номерин көрсөтүү зарыл.
55. Эреже катары, өтмөкө туташтырылган ажыраткыч, өтмөктүк деп аталат. Өтмөктүк ажыраткыч үчүн кыскартылган белгини (ӨА), ал кошулган секциянын аталышын жана кошулуунун аталышын көрсөтүү зарыл. Бул ар кандай өтмөк бөлүктөрү менен байланышкан бир кошумга өтмөк ажыраткычтарын бирдиктүү атоо үчүн керек. Бул учурда өтмөк ажыраткычтын чынжырында турган өтмөктөн түйүнгө чейин, чынжырдын экиден ашык элементтерин бириктирген же кош реакторго чейинки бардык элементтер диспетчердик аталышта өтмөктөрдүн бөлүктөрүнүн алар бекитилген атын камтууга тийиш. Бул ажыраткычтарга жана өчүргүчтөргө, реакторлорго тиешелүү.
56. Кошулуунун аталышы өчүрүп күйгүзүүчү аппараттардын, чыңалуу трансформаторлорунун, агын трансформаторлорунун, ашыкча чыңалууну чектегичтердин, дүрмөтсүздөгүчтөрдүн, кошулуу чыпкаларынын, жогорку жыштыктагы тосмолордун жана байланыш конденсаторлорун тескемердик аталыштарын түзүүдө көрсөтүлүшү керек.
57. Эгерде бир типтеги жабдуунун бир нече бирдиги бир туташтырууга кошулган болсо (чыңалуу трансформаторлору, дүрмөтсүздөгүчтөр ж.б.), анда бул жабдуунун тескемердик аталышында кошумча катар саны көрсөтүлөт.
58. Аба же кабелдик электр берүү чубалгыларынын диспетчердик аталышы милдеттүү түрдө байланыштырылуучу объекттердин аталышын (көмөкчордондондордун же электр станциясынын аталышын) камтууга тийиш.
59. Буга "Энергия"КДБнын диспетчеринин ыкчам башкаруусунда турган электр берүү чубалгылары кирбейт. Мындай электр берүү чубалгыларына диспетчердик аталышты "Энергия"КДБ ыйгарат.
60. Эгерде эки объект бир нече электр берүү чубалгыларын бириктирсе, анда бул электр берүү чубалгыларынын диспетчердик аталыштарында алардын катар саны кошумча көрсөтүлөт.
61. Мисалы: АЧ - 220 Фрунзе-Кара-Балта-1,
62. АЧ-220 Фрунзе-Кара-Балта-2.
63. Эгерде бул чубалгылар эки чынжырлуу чубалгы болуп саналса, анда диспетчердик аталыштарда кошумча бул чынжырдын оң жагы же сол жагы көрсөтүлөт, түркүктөрдүн катар санынын өсүү багыты боюнча көрсөтүлөт.
64. Мисалы: АЧ - 220 Лочин-Төрөбаев-1 (сол),
65. АЧ-220 Лочин-Төрөбаев-2 (оң).
66. Электр станциянын жана көмөкчордондордун бөлүштүрүүчү түзүлүштөрүнүн уячаларындагы электр берүү чубалгылары өзүнүн объектисинин диспетчердик аталышын көрсөтпөтөн, бул чубалгы бара турган объекттин аталышын гана камтууга тийиш,
67. Мисалы: Атбашы ГЭСи менен пс УГУТ ортосунда 110 кВ чубалгысы
68. Ат Башы ГЭСинин ОРУ-110 кВ диспетчердик аталышы бар-ВЛ-110 Угут,
69. АБТ-110 кВ пс Угут диспетчердик аталышы - АЧ-110 Атбашы ГЭСи.
70. Жерге туташтыруучу чапкылардын диспетчердик аталышы алар орнотулган өчүрүп күйгүзүүчү аппараттын аталышын жана алар менен жерге туташтыруучу жердеткичинин аталышын камтууга тийиш.
71. Ашыкча чыңалуудан коргоо боюнча жабдуунун диспетчердик аталышы өзүнө жабдуунун түрүн жана ал орнотулган жерди камтууга тийиш.
72. Мисалы: ашыкча чыңалууну чектеши 1ӨТ-110 АЧЧ 1-ӨТ 110,
73. Сарпжапкычтуу дүрмөтсүздөндүргүч станциялык Т-1-СДС 110 Т-1, ж.б
74. Көмөкчордонго ыйгарылган диспетчердик аталыш чечмелөөдөгү түшүнүксүздүктү жок кылуучу лакониктик жазууга жана так фонетикалык тыбышыка ээ болушу керек.
75. Көмөкчордондун диспетчердик аталышы үчүн Кыргыз Республикасынын субъекттеринин, алар жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктердин, жакын жайгашкан географиялык жана өнөр жай объекттеринин, калктуу конуштардын аталыштарын, тарыхый инсандардын, белгилүү окумуштуулардын, жазуучулардын жана башкалардын аты жөнүн пайдалануу сунушталат.
76. Көмөкчордондун диспетчердик аталышын белгилөөдө төмөнкү шарттар сакталууга тийиш.
1) Диспетчердик КЧ аталышынын түзүмү төмөнкүдөй болууга тийиш :
АпБпВпГ
мында А - "көмөкчордон" (КЧ) деген сөздүн аббревиатурасы; зарыл болгон учурда бөлүштүрүүчү пункттун (БП), которуштуруучу пункттун (КП)аббревиатураларын көрсөтүүгө жол берилет;
Б-көмөкчордондун чыңалуусунун жогорку классы (35, 110 ж. б.);
В-чыңалууну өлчөө бирдиги (кВ);
Г-көмөкчордондун аталышы;
п-боштук.
Мисалы:
КЧ 500кВ Главная.
2.БП 220кВ Восточный.
Өчүрүп күйгүзүүчү аппараттардын жана жабдуулардын диспетчердик аталыштарынын мисалдары бул Нускаманын тиркемесиндеги электрдик схемада толук берилген.
8-бөлүм. Электр жабдууларын диспетчердик аталыштарынын мисалдары.
77. Электр берүү аба чубалгысынын биринчи чынжырчасы АЧ-Узловая- ЖЭБ Ош-110кВ ПС Узловаянын ортосундагы жана ЖЭС Ош экичынжырлуу (оң жагы) аткарылган
78. ЖЭБ Бишкек ш. жана ПС Энергострой ортосундагы кабелдик чубалгы
79. Генератор №1 Г-1
80. Турбогенератор №2 ТГ-2
81. Гидрогенератор №3 ГГ-3
82. Синхронный компенсатор №1 СК-1
83. Күчтүк трансформатор №2 КТ-2
84. Автотрансформатор №3 АТ-3
85. АЧ-500кв ШУ пс Фрунзе толуктагыч реактору Р-500
АЧ-500 Шу
Пс Фрунзе
86. Өздүк керектөөнүн трансформаторы№1 ӨКТ-1
87. Чыңалуу трансформатору 1ӨТ 110кВ ЧТ-1-ӨТ110
88. Агын трансформатору(чыгарылган) 110кВ
автотранформатор №1 АТ-110 АТ-1
89. Биринчи тутум же өтмөктүк экиара 110кВ 1-ӨЭ-110
90. Айланып өтүүчү өтмөк 110кВ АӨТ-110
91. Жардамчы өтмөк Л-509 ЖӨ-110
92. Аба менен өткөзүү 220кВ №1 АӨ-1-220
93. Экара өчүргүч 110кВ ЭӨ – 110
94. Айланма өчүргүч 110кВ АӨ – 110
95. Өткөрмөнү кошуучу өчүргүч 110кВ ӨКӨ-110
96. Айкалыштырылган айланма жана өткөрмөнү
кошуучу өчүргүч 110кВ АӨКӨ-110
97. Айкалыштырылган айланма жана экиара
өчүргүч110кВ АЭӨ-110
98. Электр энергияны берүүчү аба чубалгысынын Ө АЧ -110
өчүргүчү ЖЭБ Ош-1 пс Узловая ЖЭБ Ош-1
99. Өчүргуч 110кв №1 трансформатордун Ө-110 Т-1
100. Өчүргүч 15кВ №1 генератордун Ө-15 Г-1
101. Чукул чабышкы 110 Т-1 ЧЧ-110 Т-1
102. Бөлгүч 110кВ Т-1 Б-110 Т-1
103. Өтмөк ажыраткыч 110кВ Т-1 ӨА -110 Т-1
104. Экинчи өткөрмө тутумдун өтмөк ажыраткычы ӨА-2
220кВ АЧ-220кВ Шу фаза “А” АЧ-220 Шу
Фаза А
105. Трансформатордук ажыраткыч 220кВ ТА-220АТ-1 автотрансформатордун №1
106. Айланма өчүргүч 110кВ АЧ-110 ЖЭБ Ош-1 АӨ-АЧ-110
ЖЭБ Ош-1
107. Чубалгылык ажыраткычы110кВ АЧ-110ЖЭБ Ош-1 ЧА-АЧ-110 ЖЭБ Ош-1
108. Экара ажыраткыч ЭӨ -110 жана 1-ӨТ-110 ЭА -1-110
109. Оңдоочу сагактын ажыраткычы 110кВ АС-1-110
1-ӨТ-110
110. Жердеткич чапкы ЧА-АЧ-110 ЖЭБ Ош-1 ЖЧ-ЧА ЖЭБ
КЧ Узловаядан чубалгыны карай Ош-1 карай
111. Жердеткич чапкы ӨА-1 АЧ-110 ЖЭБ Ош-1 ЖЧ-ӨТ-1
КЧ Узловая өчүргүчтү карай АЧ-110 ЖЭБ Ош-1 карай
112. Ажыраткыч, автотрансформатрдун ортому№1 ЖБЧ-АТ-1
жана жердеткичтин контрунун ортосундагы
(жердетичүүчү бир фазалык чапкыч)
113. Жогорку жыштыктагы байланыштын конденсатору БК АЧ-110 110 АЧ-ЖЭБ ОШ-1 КЧ Узловаяга кошулган ЖЭБ Ош-1
114. Трансформатордук ажыраткыч 110кВ
№2 трансформатордуку ТА-110 Т-2