КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 17-апрели № 17-5
Кыргызстандын энергетика тутумундагы бөлүштүрүүчү
орнотмолорунун, электр станцияларынын, көмөк чордондорунун
жабдууларынын жана 0,4-500кВ электр өткөрүүчү аба чубалгыларынын
диспетчердик (ыкчам) аталыштарын түзүү боюнча типтүү нускамасын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргызстандын энергетика тутумундагы бөлүштүрүүчү орнотмолорунун, электр станцияларынын, көмөк чордондорунун жабдууларынын жана 0,4-500кВ электр өткөрүүчү аба чубалгыларынын диспетчердик (ыкчам) аталыштарын түзүү боюнча типтүү нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту каттоо жөнүндө өзүнчө журналда каттоосун жүргүзсүн жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасына киргизсин.
3. Электр энергетика башкармалыгы:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын;
- ушул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.
2026-жылдын 22-апрелинде https://minenergo.gov.kg/media/nla_documents/%D0%94%D0%98%D0%A1%D0%9F%D0%95%D0%A2%D0%A7._%D0%9D%D0%90%D0%98%D0%9C_compressed_RSGlfOG.pdf расмий сайтында жарыяланды
Министрдин м.у.а., Министрдин биринчи орун басары |
Ө.Ж. Жеңишбеков |