Загрузка документа…
25-тиркеме
|
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын жетекчи, педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акысын белгилөөдө колдонулат.
2. Бул Жободо көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын белгилөө тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билим берүү уюмдарын кошпогондо, бардык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына жайылтылат.
3. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери жыл сайын 1-сентябрга карата ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча педагогикалык кызматкерлердин тарификациялык тизмелерин түзөт.
Тарификациялык тизмеде берилген билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин билими жөнүндө, педагогикалык иш стажы жөнүндө, окумуштуулук даражасы жөнүндө, ардактуу наамдарынын болушу жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.
4. Окуу жылы ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин педагогикалык иш стажы жөнүндө, билими жөнүндө же аларга окумуштуулук даража, «Элдик» жана «Эмгек сиңирген» ардактуу наамдары ыйгарылгандыгы жөнүндө маалыматтар өзгөргөндө учурларда аларга тиешелүү кошумча төлөмдөр белгиленет, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган учурда – эмгек акынын өлчөмү жогорулайт.
Бул учурларда эмгек акынын өлчөмдөрүн өзгөртүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) педагогикалык иш стажы көбөйгөндө – тиешелүү стажга жеткен күндөн тартып, эгерде документтер билим берүү уюмунда болсо, же педагогикалык иш стажы үчүн кошумча төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууга укук берүүчү стаж жөнүндө документ берилген күндөн тартып;
2) билим алган учурда же билими жөнүндө документтер калыбына келтирилгенде – тиешелүү документ берилген күндөн тартып;
3) «Элдик» жана «Эмгек сиңирген» ардактуу наамдары жана «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылганда – ыйгарылган күндөн тартып;
4) окумуштуулук даража ыйгарылганда – Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан окумуштуулук даражаны ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып.
Кызматкердин эмгек акысынын өлчөмүн өзгөртүү укугу ал кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн мезгилде, ошондой эле убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде пайда болсо, эмгек акы төлөө эмгек акынын өлчөмүнүн өзгөрүшүнө жараша өргүү же убактылуу эмгекке жарамсыздык аяктаган күндөн тартып жүргүзүлөт.
2-глава. Билимин жана педагогикалык иш стажын аныктоо тартиби
5. Педагогикалык кызматкерлердин билими окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө документтердин (дипломдордун, аттестаттардын) негизинде аныкталат.
Билим берүү уюмдарынын билими жөнүндө документтерин жоготуп алган кызматкерлери аларды мыйзамдарда каралган тартипте калыбына келтире алат.
6. Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык стажы билим берүү уюмуна жумушка кабыл алынган күндөн тартып бошотулган күнгө чейин календардык күндөр, айлар жана жылдар менен суммардык түрдө эсептелет.
Педагогикалык иш стажына кызматкердин мыйзамсыз бошотулгандыгына жана натыйжасында кызмат ордуна калыбына келтирилгендигине байланыштуу аргасыз ишке келбеген убактысы кошо эсептелет.
Бир иштен бошогон (окуусун аяктагандан) учур менен башка ишке киргенге чейинки мезгилдин ортосундагы эмгек ишиндеги тыныгуулардын убактысы кандай себептер менен болбосун (мыйзамсыз бошотуу учурларын кошпогондо), иш стажына киргизилбейт.
7. Педагогикалык иш стажын аныктоо үчүн негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат.
Эмгек китепчесиндеги жазуулар менен ырасталбаган адистиги боюнча иш стажы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү» токтому менен бекитилген Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленет.
8. Билим берүү уюмдарында үстөктөрдү төлөө үчүн педагогикалык иш стажы жыл сайын уюмдун жетекчисинин, кесиптик бирлик уюмунун, кадрлар бөлүмүнүн жана педагогикалык жамааттын өкүлдөрүнүн курамындагы педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат.
Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
9. Педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү төлөө үчүн негиз болуп педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссиянын чечиминен көчүрмө саналат. Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк бул үстөктү дайындоого же өлчөмүн өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып төлөнөт.
Үстөктүн өлчөмүнө таасирин тийгизген педагогикалык иш стажы календардык ай ичинде өзгөрсө, үстөктүн жаңы өлчөмү өзгөрүү болгон учурдан тартып белгиленет.
Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге сакталуучу орточо эмгек акыны эсептөөнүн бардык учурларында, анын ичинде өргүү же убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде да эске алынат.
Эгерде кызматкердин педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укугу кезектеги же кошумча өргүүдө болгон мезгилинде, ошондой эле анын убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде пайда болсо, үстөктү дайындоо дайындоого же өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып жүргүзүлөт.
Эгерде кызматкердин педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укугу орточо эмгек акы сакталган кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде пайда болсо, үстөк бул укук пайда болгон учурдан тартып белгиленет, орточо эмгек акыны тиешелүү кайра эсептөө жүргүзүлөт.
Кызматкер бошотулганда педагогикалык иш стажы үчүн үстөк иштеген убактысына пропорционалдуу эсептелет.
Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын билим берүү уюмдарында педагогикалык ишке тартылган кызматкерлерине (айкалыштырып иштегендерге) педагогикалык иш стажы үчүн үстөк саатына эмгек акы төлөөгө белгиленген пайыздар менен төлөнөт.
Педагогикалык иш стажы үчүн үстөктүн өлчөмүн өз убагында кайра кароо үчүн жоопкерчилик билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт.
10. Педагогикалык иш стажына төмөнкүлөр киргизилет:
1) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык билим берүү уюмдарындагы педагогикалык, жетекчилик жана методикалык иш;
2) педагогикалык кызматкерлердин төмөнкү иш мезгилдери, өзүнчө да, чогуу да алынган бул мезгилдерге чейин түздөн-түз мурда жана кийин негизги орду боюнча түздөн-түз педагогикалык иш жүргүзгөн шартта:
а) билим берүүнү башкаруу органдарында жана билим берүү кызматкерлеринин, жогорку мектептин жана илимий мекемелердин кесиптик бирлик комитеттеринде; жашы жете электердин иштери боюнча комиссияларда же жашы жете электерди социалдык-укуктук коргоо бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында (мындан ары – ИИБ), милициянын балдар бөлмөлөрүндө жетекчи, инспектордук, инструктордук кызмат орундарында жана адистердин кызмат орундарында иштеген убактысы;
б) ИИБ жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында (милициянын балдар бөлмөлөрүндө) иштеген (кызмат өтөгөн) убактысы, эгерде бул мезгилге чейин түздөн-түз педагогикалык окуу жайында окуса, кийин түздөн-түз педагогикалык иш жүргүзсө;
в) өндүрүштөн ажыратуу менен педагогикалык окуу жайларында окуган убактысы;
3) билим берүү мекемелеринин айрым категориядагы педагогикалык кызматкерлердин иштеген мезгилдери, анын ичинде:
а) баштапкы аскердик даярдоо мугалимдери (окутуучулары), Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик окуу жайларынын окутуучулары – армияда (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскерлеринде жана органдарында) офицердик, сержанттык, старшиналык курамдын, ошондой эле прапорщиктердин жана мичмандардын кызмат орундарында кызмат өтөгөн убактысы;
б) дене тарбия мугалимдери жана окутуучулары – спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу болуп иштеген убактысы;
в) спорттук профилдеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттардын хореография жана ритмика мугалимдери, искусство мектептеринин, музыкалык жана көркөм сүрөт мектептеринин окутуучулары – балет, эстрадалык-спорттук жанрдагы же оркестр артисти, балетмейстер, хормейстер, концертмейстер, хореограф, режиссёр, дирижёр, сүрөтчү, маданий-агартуу мекемелеринде хореографиялык, акробатикалык, музыкалык, көркөм сүрөт ийримдеринин жетекчиси болуп иштеген мезгил;
г) билим берүү уюмдарынын атайын сабактарынын окутуучулары, өндүрүштүк окутуу устаттары жана технология мугалимдери (эмгек, чийүү жана дизайн) – ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда окуткан предметинин профилине шайкеш келген адистик боюнча иштеген убактысы;
д) ийримдердин, секциялардын жетекчилери – ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда ийримдин профилине шайкеш келген адистик боюнча иштеген убактысы;
е) мугалим-дефектологдор, логопеддер, сурдопедагогдор, тарбиячылар, мугалимдер – алардын клиникаларда, бейтапканаларда, ооруканаларда, ошондой эле чоңдор үчүн мекемелерде балдар бөлүмдөрүндө, палаталарында педагогикалык иш жүргүзгөн убактысы;
ж) кыргыз тили, орус тили мугалимдери – мамлекеттик жана расмий тилдерди окутууда квалификацияны жогорулатуу курстарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген убактысы;
з) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары жана директорлору – мектепке чейинки билим берүү уюмдарында медайым болуп иштеген убактысы.
Ошол эле учурда педагогикалык стажга педагогикалык иш аткарылган айлар гана киргизилет.
Билим берүү уюмдарында сабак берген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине, эгерде алардын окутуу ишинин көлөмү жылына 240 сааттан кем эмести түзгөy учурда, педагогикалык стаж эсептелет.
Ошол эле учурда алардын педагогикалык иш стажына педагогикалык иш жүргүзгөн айлары киргизилет.
Директорлорго (ректорлорго) жана директордун орун басарларына (проректорлорго), директордун (проректордун) финансы-чарбалык иштер боюнча орун басарын кошпогондо, педагогикалык иш стажы үчүн үстөк негизги кызмат орду үчүн төлөнөт.
Маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучуларына билим берүүнүн спецификасын эске алуу менен үстөк орточо ставка үчүн төлөнөт (17 саат үчүн, эгерде окутуучунун 1-класстан 11-класска чейин окуу жүктөмү болсо).
Педагогикалык иш стажы үчүн үстөк эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш.
Педагогикалык ишти айкалыштыруу боюнча жүргүзгөн педагогикалык кызматкерлерге педагогикалык иш стажы үчүн үстөк айкалыштырылган кызмат орду боюнча да төлөнөт.
Ошол эле учурда негизги жана айкалыштырылган кызмат орду боюнча педагогикалык жүктөмдүн стажы үчүн үстөк эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш.
11. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине тарифтик ставкасына (маянасына) жана ставкасына педагогикалык иш стажы үчүн 3 жылдан 8 жылга чейин 10 пайыз, 8 жылдан 13 жылга чейин 20 пайыз, 13 жана андан жогору – маянанын (ставканын) 30 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
3-глава. Билим берүү уюмдарынын жетекчи кызматкерлеринин кызматтык маяналарын аныктоо тартиби
12. Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасынын (маянасынын) өлчөмүн аныктоодо бюджеттин каражаттарынын эсебинен окуп жаткан окуучулардын (тарбиялануучулардын, балдардын, студенттердин) контингенти эске алынат.
13. Билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасын (маянасын) аныктоодо билим алуучулардын (тарбиялануучулардын, балдардын, студенттердин) контингенти жыл сайын төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
а) жалпы билим берүү мектептери, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттары, кесиптик башталгыч билим берүүнүн, кесиптик орто билим берүүнүн жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары боюнча – окуу жылынын башталышына карата билим алуучулардын (тарбиялануучулардын, студенттердин) тизмелик курамы боюнча.
Жалпы билим берүү мектептеринин алдындагы кечки класстардын окуучуларынын контингенти директордун жана бул класстарга жетекчилик кылуу жүктөлгөн анын окуу иштери боюнча орун басарынын маянасын аныктоодо 0,5 коэффициент менен эсепке алынат. Аталган мектептердин алдындагы сырттан окуу бөлүмүнүн контингенти директор үчүн гана – 0,4 коэффициент менен эсепке алынат.
Күндүзгү жана сырттан же болбосо сырттан гана окутуу формасы менен кечки (нөөмөттүк) жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилеринин тарифтик ставкасын (маянасын) аныктоодо окуучулардын, анын ичинде сырттан окуган окуучулардын контингенти физикалык адамдардын саны менен (башкача айтканда коэффициенттер колдонулбастан) эсепке алынат.
Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жетекчилеринин тарифтик ставкасын (маянасын) аныктоодо интернатта жашаган (анын ичинде башка мектепте билим алуучулардын) жана жашабаган тарбиялануучулардын контингенти 1,0 коэффициент менен, келип окугандардын контингенти 0,5 коэффициент менен эсепке алынат;
б) мектепке чейинки билим берүү уюмдары, балдар үйлөрү жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары боюнча – тарбиялануучулардын (балдардын, билим алуучулардын) 1-январга карата тизмелик курамы боюнча.
14. Мектептердин, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын, кесиптик башталгыч билим берүүнүн, кесиптик орто билим берүүнүн жана кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасы (маянасы) окуучулардын (тарбиялануучулардын, студенттердин) санынын өзгөрүшүнө байланыштуу окуу жылынын ичинде өзгөртүлүүгө тийиш эмес. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, балдар үйлөрүнүн жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин тарифтик ставкасы (маянасы) тарбиялануучулардын (балдардын, билим алуучулардын) санынын өзгөрүшүнө байланыштуу календардык жылдын ичинде өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
Кечки (нөөмөттүк) орто жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилеринин тарифтик ставкасы (маянасы) иш жүзүндөгү контингентке жараша жылына эки жолу – окуу жылынын биринчи жана экинчи жарым жылдыгынын башында белгиленет.
15. Директордун окуу иштери боюнча орун басарынын бирден ашык кызмат орду каралган мектептерде орун басарлардын биринин тарифтик ставкасынын (маянасынын) өлчөмү мектептеги билим алуучулардын жалпы санына жараша, ал эми башкалардыкы — алар тейлеген класстардагы билим алуучулардын санына жараша аныкталат.
16. Балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучулардын тарифтик ставкасы (маянасы) 1ден 11-класска чейинки окуучулардын контингентин эске алуу менен белгиленет.
Мында иштеген жаштардын класстарынын жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн окуучуларынын контингенти эсепке алынбайт.
4-глава. Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана кошумча төлөм
17. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку артыкчылык даражасына, «Элдик», «Эмгек сиңирген» ардактуу наамдарына ээ педагогикалык кызматкерлерге жана илимдин доктору же кандидаты илимий даражасы бар билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк белгиленет.
18. Билим берүү системасынын кызматкерлерине (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) 15 000 сом өлчөмүндө, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө эмгек акысына президенттик компенсация белгиленет.
Эгерде кызматкердин жүктөмү бир ставкадан аз болсо, анда билим берүү системасынын кызматкеринин эмгек акысына президенттик компенсация иш жүзүндөгү жүктөмүнө пропорционалдуу белгиленет.
Эгерде кызматкердин жүктөмү ставкадан көп болсо, анда билим берүү системасынын кызматкеринин эмгек акысына президенттик компенсация билим берүү системасынын кызматкеринин ставкасына белгиленет.
Президенттик компенсация билим берүү системасынын кызматкерлеринин өргүү акысын эсептөөдө эске алынбайт.
Президенттик компенсация бардык кошумча төлөмдөрдү жана үстөктөрдү (анын ичинде бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги үчүн) эске алуу менен эмгек акыга белгиленет.
Ставкага (маянага) президенттик компенсация билим берүү системасынын кызматкерлерине эмгегине дем берүү, кармоо, аларды туруктуу өнүктүрүү жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн белгиленет.
19. Педагогикалык жана башка кызматкерлерге эки же андан көп негиз боюнча ардактуу наамдары үчүн үстөктөрдү белгилөө жана эмгек акынын өлчөмүн жогорулатуу каралган учурларда, үстөк кызматкердин тандоосу боюнча негиздердин бири боюнча төлөнөт.
20. Айыл жана шаар жериндеги окутуу кыргыз тилинде эмес жүргүзүлгөн жалпы билим берүү мектептериндеги (кесиптик лицейлердеги) кыргыз тили жана адабияты мугалиминин (окутуучусунун) жана айыл жериндеги окутуу орус тилинде эмес жүргүзүлгөн жалпы билим берүү мектептериндеги (кесиптик лицейлердеги) орус тили жана адабияты мугалимдеринин (окутуучуларынын) ставкасына карата эселөө коэффициенти тиешелүү билим деңгээли менен окуу (окутуучулук) иши үчүн жалпы билим берүү мектептеринин (кесиптик лицейлердин) мугалимдеринин (окутуучуларына) ставкасына белгиленген эселөө коэффициентинен 15 пайызга жогорулатылат.
21. Айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жумалык (жылдык) жүктөмдүн жана ставканын көлөмүнө карабастан 1 800 сом өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
22. Бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги үчүн, ошондой эле өзгөчө эмгек акы төлөө шарттары үчүн жана «Улуттук» статусу үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендик үчүн педагогикалык кызматкерлерге ар айлык үстөктөр кызматтык маянасына жана ставкасына эсептелет.
23. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасындагы билим берүү кызматкерлери үчүн ишинин татаалдыгы, сапаты жана натыйжалары үчүн базалык маянадан же сааттык жүктөмдүн ченеминен 25 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
Үстөк окуу өргүүсүндө, амбулаториялык дарыланууда жана ооруканада дарыланууда жүргөн кызматкерлерге төлөнбөйт.
24. Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категориялар ыйгарылган жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине жумалык жүктөмдүн көлөмүнө карабастан, тиешелүү түрдө айына 5 000, 3 000 жана 2 000 сом өлчөмүндө үстөк белгиленет.
Квалификациялык категория үчүн үстөк жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине 1–4-класстарда 16 саат, 5–11-класстарда 18 саат жумалык жүктөм үчүн белгиленет.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине квалификациялык категория үчүн үстөк квалификациялык категория ыйгарылган айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып төлөнөт.
25. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын төмөнкүлөрдүн жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдаган мугалимдерине:
– эл аралык олимпиадалардын (эл аралык комитеттер тарабынан уюштурулган) төмөнкү орундар үчүн бир жолку төлөм жүргүзүлөт:
1-орун – 500 000 сом;
2-орун – 300 000 сом;
3-орун – 200 000 сом;
– республикалык олимпиаданын төмөнкү орундар үчүн окуу жылынын ичинде ар айлык төлөм жүргүзүлөт:
1-орун – 10 000 сом;
2-орун – 7 000 сом;
3-орун – 5 000 сом.
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын учурдагы окуу жылында республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдаган мугалимдерине төлөмдөр кийинки окуу жылында, 1-сентябрдан тартып 29-майга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
Мугалимде олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдагандыгы үчүн эки же андан көп төлөм бар болгон учурда, төлөм мугалимдин тандоосу боюнча алардын бирөө боюнча жүргүзүлөт.
251. Маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын төмөнкүлөрдүн жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин даярдаган окутуучуларына:
– эл аралык олимпиаданын (айрым өлкөлөр тарабынан уюштурулган) тиешелүү жылга бюджеттин чегинде төмөнкү орундар үчүн бир жолку төлөм жүргүзүлөт:
1-орун – 200 000 сом;
2-орун – 150 000 сом;
3-орун – 100 000 сом.
5-глава. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысын аныктоонун тартиби
26. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысы педагогикалык иш, дептерлерди текшерүү боюнча иш жана класс жетекчилик үчүн акыдан түзүлөт.
27. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин педагогикалык иш үчүн эмгек акысы жумалык педагогикалык жүктөмдүн көлөмүнө жараша аныкталат.
Жалпы билим берүү мектеби боюнча жумалык жүктөмдүн жалпы көлөмү жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарына ылайык айрым предметтерди окутууда класстарды чакан топторго бөлүүнү эске алуу менен жыл сайын бекитилүүчү окуу планынын негизинде аныкталат.
Жаңы окуу жылына окуу жүктөмүн бөлүштүрүү укугу мектептин кесиптик бирлик уюму менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмунун директоруна таандык болот.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгек акысынын ставкасы педагогикалык жүктөмдүн ченемине жараша белгиленет:
1–4-класстарда – жумасына 16 саат иштөө;
5–11-класстарда – жумасына 18 саат иштөө.
Жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин максималдуу окуу жүктөмү төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
1–4-класстарда – жумасына 24 сааттан;
5–11-класстарда – жумасына 27 сааттан.
Реабилитациялык топтору бар кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын директорлорунун, башкы бухгалтерлеринин, директордун социалдык жактан корголбогон контингент менен ишти тескеген орун басарынын тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенти контингенттин саны 20 адамга чейин болгон учурда тиешелүү кызматкерлердин тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициентинен 10 пайызга жогору; контингенттин саны 20 адамдан ашкан учурда – 25 пайызга жогору белгиленет.
Жаза аткаруу мекемелеринин алдындагы кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин тарифтик ставкасына (маянасына) жана окутуучуларынын ставкасына карата эселөө коэффициенти кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин жана окутуучуларынын тарифтик ставкасына (маянасына) жана ставкасына карата эселөө коэффициентинен 25 пайызга жогору белгиленет.
27. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине (бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарды кошпогондо) класс жетекчилиги үчүн айына 2100 сом өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет. Мында кошумча төлөм бир класска жетекчилик кылгандыгы үчүн гана жол берилет.
28. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине 1–4-класстарда 16 саат окутуучулук иш үчүн, 5–11-класстарда 18 саат үчүн – айына 2700 сом өлчөмүндө дептерлерди текшерүү үчүн кошумча төлөм белгиленет.
Дептерлерди текшерүү үчүн кошумча төлөм: 1–4-класстарда кыргыз тили жана окуу, орус тили жана окуу, өзбек тили жана окуу, тажик тили жана окуу, чет тили, математика; 5–11-класстарда кыргыз тили, орус тили, өзбек тили, тажик тили, чет тили жана математика мугалимдерине белгиленет.
Эгерде жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин бир жумалык жүктөмү 16 (18) сааттан көп же аз болсо, анда дептерлерди текшерүү үчүн кошумча төлөм тиешелүүлүгүнө жараша көбөйтүлөт же азайтылат.
1-мисал:
3-класстын мугалими Г.К. Абдылдаевага жумасына 17 саат көлөмүндө окуу жүктөмү белгиленген.
Г.К. Абдылдаеванын дептерлерди текшерүү үчүн кошумча төлөмү:
2700 сом * 17 саат : 16 саат = 2869 сом.
2-мисал:
7–9-класстардын математика мугалими Э.Г. Орозбаевага жумасына 23 саат көлөмүндө окуу жүктөмү белгиленген.
Э.Г. Орозбаеванын дептерлерди текшерүү үчүн кошумча төлөмү:
2700 сом * 23 саат : 18 саат = 3450 сом.
Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин айлык эмгек акысын аныктоонун мисалдары:
1-мисал:
Балыкчы шаарынын Л. Толстой атындагы жалпы билим берүү мектебинин 5–11-класстарынын математика мугалими А.Т. Нишарапов бакалавр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими жана 15 жыл педагогикалык иш стажы бар, жумасына 27 саат көлөмүндөгү жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи болуп саналат.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүлөрдү түзөт:
математика мугалими А.Т. Нишараповдун ставкасына карата эселөө коэффициенти – 3,45, демек анын ставкасынын өлчөмү (18 саат үчүн):
3,45 * 7040 сом = 24 288 сом.
(24 288 сом * 27 саат : 18 саат) + 2100 сом (класс жетекчилик үчүн кошумча төлөм) + 2700 сом * 27 саат : 18 саат (дептерлерди текшерүү үчүн кошумча төлөм) + (24 288 сом * 18 саат : 18 саат * 30 % (педстаж үчүн кошумча төлөм) + 15 000 сом (президенттик компенсация) = 36 432 сом + 2100 сом + 4050 сом + 7286,4 сом + 15 000 сом = 64 868,4 сом.
2-мисал:
Лейлек районунун С. Садыков атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими С.С. Токтоматова орто кесиптик орто билими жана 12 жыл педагогикалык иш стажы бар, жумасына 20 саат көлөмүндөгү жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи болуп саналат.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүлөрдү түзөт:
башталгыч класстардын мугалими С.С. Токтоматованын ставкасына карата эселөө коэффициенти – 3,1, демек анын ставкасынын өлчөмү (16 саат үчүн):
3,10 * 7040 сом = 21 824 сом.
(21 824 сом * 20 саат : 16 саат) + 2100 сом (класстык жетекчилик үчүн кошумча төлөм) + 2700 сом * 20 саат : 16 саат (дептерлерди текшерүү үчүн кошумча төлөм) + (21 824 сом * 16 саат : 16 саат * 20 % (педстаж үчүн кошумча төлөм) + 1800 сом (айыл жери үчүн кошумча төлөм) + 15 000 сом (президенттик компенсация) + 3000 сом (1–4-класстын мугалими үчүн кошумча төлөм) = 27 280 сом + 2100 сом + 3375 сом + 4 364,8 сом + 1800 сом + 15 000 сом + 3000 сом = 56 919,8 сом.
3-мисал:
Алай районунун А. Маматов атындагы орто мектебинин 5–11-класстарынын тарых мугалими А.Ш. Исабеков магистр квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими жана 25 жыл педагогикалык иш стажы бар, жумасына 23 саат көлөмүндөгү жүктөм менен иштейт жана класс жетекчи болуп саналат.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
тарых мугалими А.Ш. Исабековдун ставкасына карата эселөө коэффициенти – 3,85, демек анын ставкасынын өлчөмү (18 саат үчүн):
3,85 * 7040 сом = 27 104 сом.
(27 104 сом * 23 саат : 18 саат) + 2100 сом (класс жетекчилик үчүн кошумча төлөм) + (27 104 сом * 18 саат : 18 саат * 30 % (педстаж үчүн кошумча төлөм) + 1800 сом (айыл жери үчүн кошумча төлөм) + 15 000 сом (президенттик компенсация) = 34 632,88 сом + 2100 сом + 8131,2 сом + 1800 сом + 15 000 сом = 61 664,08 сом.
4-мисал:
Кочкор районунун И. Арабаев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Т.Т. Суракматов адис квалификациясын ыйгаруу менен жогорку билими жана 35 жыл педагогикалык иш стажы бар, жумасына 16 саат көлөмүндөгү жүктөм менен иштейт, класс жетекчи болуп саналат, бийик тоолуу жана алыскы шарттарда 31 жыл иш стажы бар, райондук коэффициенти – 1,2.
Бул мугалимдин айлык эмгек акысы төмөнкүнү түзөт:
информатика мугалими Т.Т. Суракматовдун ставкасына карата эселөө коэффициенти – 3,85, демек анын ставкасынын өлчөмү (18 саат үчүн):
3,85 * 7040 сом = 27 104 сом.
(27 104 сом * 16 саат : 18 саат) + 2100 сом (класс жетекчилик үчүн кошумча төлөм) + (27 104 сом * 16 саат : 18 саат * 30 % (педстаж үчүн кошумча төлөм) + 25 696 сом * 16 саат : 18 саат * 30 % (бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги үчүн үстөк) + 1800 сом (айыл жери үчүн кошумча төлөм) * 1,2 (райондук коэффициент) + (15 000 сом * 16 саат : 18 саат) (президенттик компенсация) = (24 092,44 сом + 2100 сом + 7227,73 сом + 7227,73 сом + 1800 сом) * 1,2 + 13 333,33 сом = 42 447,9 сом * 1,2 + 13 333,33 сом = 50 937,48 сом + 13 333,33 сом = 64 270,81 сом.
Гимназиялык класстардагы мугалимдердин, тарбиячылардын, мектеп-гимназиялардын (интернат-гимназиялардын) жетекчилеринин жана мектеп-лицейлердин (интернат-лицейлердин), кесиптик лицейлердин мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын, өндүрүштүк окутуу устаттарынын, жетекчилеринин ставкасына жана тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенттери тиешелүү билим деңгээли бар билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин, тарбиячыларынын, окутуучуларынын, өндүрүштүк окутуу устаттарынын, жетекчилеринин, мектеп-лицейлердин (интернат-лицейлердин), кесиптик лицейлердин жетекчилеринин ставкасына жана тарифтик ставкасына (маянасына) карата эселөө коэффициенттеринен тиешелүүлүгүнө жараша 15 жана 20 пайызга жогорулатылат.
Жалпы билим берүү уюмдарынын ийрим жана класстан тышкаркы дене тарбия иштери боюнча жетекчилеринин тарифтик ставкасынын (маянасынын) өлчөмү жумасына 20 саат иш үчүн белгиленет.
Сабактарды алмашып берүү үчүн төлөм 4 айдан ашык эмес мөөнөткө (мугалимдин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүсүндө, бала багуу боюнча өргүүсүндө 9 айга чейин) жүргүзүлөт, көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин алмашып берилген сааттар тарификациялык тизмеде кайра квалификацияланат. Мугалимдер жок болгондо, мугалимдер оорусу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыз болгондо, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда мугалимдерге 1–4-класстарда жумасына 16 саат, 5–11-класстарда жумасына 18 саат алмашып сабак берүүгө уруксат берилет, мында жалпы билим берүү уюмунун алмаштыруучу мугалиминин сабак жүктөмү алмаштырууну эске алуу менен 1–4-класстарда жумасына 32 сааттан, 5–11-класстарда жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш.
Жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине өргүү берүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 126-беренесинин бешинчи бөлүгүнө ылайык ушул уюмда үзгүлтүксүз иштеген 11 ай өткөнгө чейин акы төлөнүүчү негизги өргүүнүн узактыгынын бир айлык ченеми 12 айга бөлүнөт.
Мисалы: 2020-жылдын 1-ноябрында жумушка кабыл алынган башталгыч класстын мугалими 2021-жылдын 1-июнунда өргүүгө чыгат. Анын 7 ай иштеген мезгили үчүн негизги акы төлөнүүчү өргүүсүнүн узактыгы (2020-жылдын 1-ноябрынан 2021-жылдын 1-июнуна чейин) төмөнкү эсеп боюнча 33 күндү түзөт:
мугалимдин 56 календардык күнгө барабар өргүүсүнүн узактыгынан, ага ар бир ай үчүн 56 күн : 12 ай = 4,67 күн туура келет,
4,67 күн * 7 ай = 32,69 күн = 33 күн (тегеректөөнү эске алуу менен).
6-глава. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячыларынын, маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучуларынын жана башка кызматкерлеринин, мектептен тышкаркы, баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын эмгек акыларын аныктоо тартиби
29. Эмгек акынын ставкасы төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
– мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына жумасына 36 саат иштегендиги үчүн;
– бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына жумасына 30 саат иштегендиги үчүн;
– мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ийрим окутуучуларына жумасына 20 саат иштегендиги үчүн;
– орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жылына 720 окуу сааты үчүн.
Эгерде педагогикалык кызматкердин жумалык (жылдык) жүктөмү ушул пункттун жогорудагы абзацтарында белгиленгенден көп же аз болсо, анда эмгек акы тиешелүү түрдө көбөйтүлөт же азайтылат.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларынын максималдуу жүктөмү жумасына 54 сааттан, балдар үйлөрүнүн жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячыларынын – жумасына 45 сааттан, маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучуларынын – жумасына 34 сааттан, орто атайын музыкалык мектеп-интернаттын окутуучуларынын – жумасына 36 сааттан, мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ийрим жетекчилеринин – жумасына 30 сааттан, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын – жылына 1080 сааттан ашпоого тийиш.
1-мисал:
Талас районунун «Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы М.Т. Сатыбалдиева жогорку билимге жана магистр квалификациясына ээ, жумасына 54 саат көлөмүндөгү жүктөмү жана 18 жылдык педагогикалык иш стажы бар.
Бул тарбиячынын айлык эмгек акысы төмөнкүдөй түзүлөт:
тарбиячы М.Т. Сатыбалдиеванын ставкасына карата эселөө коэффициенти – 5,20, демек анын ставкасынын өлчөмү (36 саат үчүн):
5,20 * 7040 сом = 36 608 сом.
(36 608 сом * 54 саат : 36 саат) + 36 608 сом * 30 % (педстаж үчүн кошумча төлөм) + 1800 сом (айыл жери үчүн кошумча төлөм) + 15 000 сом (президенттик компенсация) = 54 912 сом + 10 982 сом + 1800 сом + 15 000 сом = 82 694 сом.
2-мисал:
«Балажан» республикалык окуу-методикалык борборунун ийрим окутуучусу Д. Асекова жогорку билимге жана адис квалификациясына ээ, жумасына 22 саат көлөмүндөгү жүктөмү жана 7 жыл педагогикалык иш стажы бар.
Бул окутуучунун айлык эмгек акысы төмөнкүдөй түзүлөт:
окутуучу Д. Асекованын ставкасына карата эселөө коэффициенти – 4,50, демек анын ставкасынын өлчөмү (20 саат үчүн):
4,50 * 7040 сом = 31 680 сом.
(31 680 сом * 22 саат : 20 саат) + (31 680 сом * 10 % (педстаж үчүн кошумча төлөм) + 15 000 сом (президенттик компенсация) = 34 848 сом + 3168 сом + 15 000 сом = 53 016 сом.
3-мисал:
Ош айыл чарба колледжинин окутуучусу А.А. Ташиев жогорку билимге жана бакалавр квалификациясына ээ, жылына 648 саат көлөмүндөгү жүктөмү жана 22 жыл педагогикалык иш стажы бар.
Бул окутуучунун айлык эмгек акысы төмөнкүдөй түзүлөт:
А.А. Ташиевдин ставкасына карата эселөө коэффициенти – 3,0, демек анын ставкасынын өлчөмү (жылына 720 саат үчүн):
3,0 * 7040 сом = 21 120 сом.
(21 120 сом * 648 саат : 720 саат) + (21 120 сом * 648 саат : 720 саат * 30 % (педстаж үчүн кошумча төлөм) + (15 000 сом * 648 саат : 720 саат) (президенттик компенсация) = 19 008 сом + 5702 сом + 13 500 сом = 38 210 сом.
4-мисал:
Сузак районунун С.К. Абдразаков атындагы жалпы типтеги мектеп-интернатынын тарбиячысы А.А. Калыкова жогорку билимге жана адис квалификациясына ээ, жумасына 36 саат көлөмүндөгү жүктөмү жана 2 жыл педагогикалык иш стажы бар.
Бул тарбиячынын айлык эмгек акысы төмөнкүдөй түзөт:
А.А. Калыкованын ставкасына карата эселөө коэффициенти – 3,70, демек анын ставкасынын өлчөмү (жумасына 30 саат үчүн):
3,70 * 7040 сом = 26 048 сом.
(26 048 сом * 36 саат : 30 саат) + 1 800 сом (айыл жеринде иштегендиги үчүн кошумча төлөм) + 15 000 сом (президенттик компенсация) = 31 258 сом + 1 800 сом + 15 000 сом = 48 058 сом.
Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин сааттык эмгек акысынын өлчөмү жумасына 16 саат окутуучулук иш үчүн белгиленген ставканы жана тарифтик ставканы (маянаны) 67,2ге; жумасына 18 саат педагогикалык иш үчүн 75,6га; жумасына 24 саат педагогикалык иш үчүн 100,8ге; жумасына 30 саат педагогикалык иш үчүн 126,0га; жумасына 36 саат педагогикалык иш үчүн 151,2ге бөлүү жолу менен аныкталат.
1-мисал:
жогорку билими жана адистин квалификациясы бар, мектепте алмаштыруу тартибинде тарых сабагын өтүп жаткан кызматкердин сааттык эмгек акысынын өлчөмү төмөнкүлөрдү түзөт:
3,85 (эселөө коэффициенти) * 7040 сом (минималдык базалык ставка) : 75,6 = 27 104 сом : 75,6 = 358,5 сом = 359 сом (тегеректөөнү эске алуу менен).
2-мисал:
орто кесиптик билими бар жана мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиячыны алмаштырып иштеп жаткан кызматкердин сааттык эмгек акысынын өлчөмү:
4,35 (эселөө коэффициенти) * 7040 сом (минималдык базалык ставка) : 151,2 = 30 624 сом : 151,2 = 202,5 сом = 203 сом (тегеректөөнү эске алуу менен).
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында педагогикалык кызматкерлерге саат боюнча акы төлөө ооруп калган же башка себептер боюнча жок болгон педагогикалык кызматкерди алмаштыруу тартибинде берилген сааттар үчүн төлөгөн учурда, ошондой эле педагогикалык ишке тартылган ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлерине төлөгөн учурда гана жол берилет.
Каникул убагында жана майрам күндөрү жалпы билим берүү уюмдарынын мугалиминин эмгек акысы сакталат.
30. Тарифтик ставка (маяна) төмөнкүлөр үчүн белгиленет:
– баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын өндүрүштүк окутуу устаттарына жумасына 40 саат иштегени үчүн;
– жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын улук окутуучуларына (илимий даражасы жок) жана окутуучуларына (ассистенттерине) окуу жылында 850 сааттык иши үчүн; улук окутуучуларга (илимий даражасы бар) жана доценттерге – 800 сааттык иши үчүн; профессорлоруна – 750 сааттык иши үчүн.
Педагогикалык кызматкерлердин арасында сабактык (окутуучулук) жүктөм окуу планындагы сааттардын санына, педагогикалык кадрлар менен камсыз болушуна жана ушул окуу жайындагы башка шарттарга жараша бөлүштүрүлөт.
Лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча ишке тартылган эксперттин эмгек акысын төлөөнүн өлчөмү жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын) 5–11-класстарынын математика мугалимдеринин жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын эмгек акысынын деңгээлинде белгиленет.
1-мисал:
Москва районунун Беловодское айылындагы № 28 кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуу устаты, жогорку билимдүү, бакалавр квалификациясы жана 14 жылдык педагогикалык иш стажы бар А.С. Муратовдун жумасына 48 сааттык жүктөмү бар.
Бул өндүрүштүк окутуу устатынын айлык эмгек акысы төмөнкүдөй түзүлөт:
А.С. Муратовдун эселөө коэффициенти – 3,60, демек жумасына 40 саат үчүн анын тарифтик ставкасы (маянасы) төмөнкүдөй түзүлөт:
3,60 * 7040 сом = 25 344 сом.
(25 344 сом * 48 саат : 40 саат) + 25 344 сом * 30% (педстаж үчүн кошумча төлөм) + 1 800 сом (айыл жеринде иштегендиги үчүн кошумча төлөм) + 15 000 сом (президенттик компенсация) = 30 413 сом + 7603 сом + 1 800 сом + 15 000 сом = 54 816 сом.
2-мисал:
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Нарын шаарындагы филиалынын профессору, философия илимдеринин доктору илимий даражасы бар, философия кафедрасынын башчысы Н.Н. Эшматованын педагогикалык иш стажы 25 жыл жана бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштеген стажы 11 жыл, жылдык жүктөмү 750 саат (1 ставка).
Н.Н. Эшматованын эселөө коэффициенти – 3,30, демек анын тарифтик ставкасы (маянасы) (жылына 750 саат үчүн) төмөнкүнү түзөт:
3,30 * 7040 сом = 23 232 сом.
Н.Н. Эшматованын айлык эмгек акысы төмөнкүдөй түзүлөт:
(23 232 сом (кызматтык маяна) + (23 232 сом * 30 % (педстаж үчүн кошумча төлөм) + 23 232 сом * 10 % (бийик тоолуу жана алыскы шарттарда иштегендиги үчүн үстөк акы) + 2 700 сом (илимдин доктору илимий даражасы үчүн) + 900 сом (кафедра башчылыгы үчүн) * 1,5 (райондук коэффициент) + 15 000 сом (президенттик компенсация) = (23 232 сом + 6 970 сом + 2 323 сом + 2 700 сом + 900 сом) * 1,5 + 15 000 сом = 36 125 сом * 1,5 + 15 000 сом = 69 187,5 сом.
7-глава. Билим берүү уюмдарынын техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналынын эмгек акысын аныктоо тартиби
31. Билим берүү уюмдарынын техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналынын тарифтик ставкасы (маянасы) жумасына 40 сааттык иши үчүн белгиленет.
1-мисал:
Т. Сатылганов атындагы Каракол шаарындагы мектеп-интернатынын медициналык айымы В.И. Зотова жумасына 32 саат иштейт жана медициналык иш стажы 20 жылды түзөт.
В.И. Зотованын эселөө коэффициенти – 2,75, демек анын тарифтик ставкасы (маянасы) төмөнкүдөй түзүлөт:
2,75 * 7040 сом = 19 360 сом.
В.И. Зотованын айлык эмгек акысы төмөнкүдөй түзүлөт:
(19 360 сом * 32 саат : 40 саат + (5 000 сом * 32 саат : 40 саат (президенттик компенсация) + (19 360 сом * 32 саат : 40 саат * 30 % (медстаж үчүн кошумча төлөм) = 15 488 сом + 4 000 сом + 4 646,4 сом = 24 134,4 сом.
2-мисал.
Кара-Суу районундагы Ленин атындагы орто мектептин имараттарын, курулмаларын жана жабдууларын учурдагы оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчусу Т.Т. Абдылдаев жумасына 48 саат иштейт.
Т.Т. Абдылдаевдин эселөө коэффициенти – 1,8, демек анын тарифтик ставкасы (маянасы) төмөнкүдөй түзүлөт:
1,8 * 7040 сом = 12 672 сом.
Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды учурдагы оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу Т.Т. Абдылдаевдин айлык эмгек акысы төмөнкүдөй түзүлөт:
12 672 сом * 48 саат : 40 саат + 5 000 сом (президенттик компенсация) = 15 206 сом + 5 000 сом = 20 206 сом.
|
| Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого 1-тиркеме
|
Жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлеринин 20__–20__-окуу жылы үчүн тарифтик тизмеси
Жалпы билим берүүчү уюмдун аталышы __________________________________________________________
Жайгашкан жери ________________________________________________________________________________
№ | Ф.А.А. | Окутулуучу сабак | Билими | Педагогикалык иш стажы, жыл | Эселөө коэффициенти | Айлык ставка | Жогорулатууну эске алуу менен айлык ставкасы | Жума ичинде өтүлгөн сабактардын сааты | Педагогикалык иш үчүн эмгек акы (сом) | Жалпы педагогикалык айлык эмгек акы, (сом) | Кошумча акы үчүн (сом) | Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы иш стажы үчүн кызматтык маянага жана ставкага кошумча акы (сом) | Бардык айлык эмгек акы, сом | Райондук коэффициент, % | Президенттик компенсация (сом) | Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы иш үчүн коэффициентти эске алуу менен айына жалпы эмгек акы (сом) | |||||||||||||
1–4-класстар | 5–9-класстар | 10–11-класстар | Бардыгы: | 1–4-класстар | 5–9-класстар | 10–11-класстар | Бардыгы: | Класс жетекчилик | Дептерлерди текшерүү | Педагогикалык иш стажы | Класстан тышкаркы дене тарбия ишине жетекчилик кылуу, ийримге жетекчилик кылуу
| Наам, статус | Китепкана иши
| Айыл жеринде иштөө | Бардыгы кошумча акы (сом) | ||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Билим берүү уюмунун жетекчиси: _______________________________________
Билим берүү уюмунун жетекчисинин орун басары :__________________________
|
| Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлеринин 20__–20__-окуу жылы үчүн
тарифтик тизмеси
Жалпы билим берүүчү уюмдун аталышы __________________________________________________________
Жайгашкан жери ________________________________________________________________________________
Ф.А.А. | Окутулуучу сабак | Билими | Педагогикалык иш стажы, жыл | Эселөө коэффициенти | Ставканын, кызматтык маянанын өлчөмү | Педагогикалык сааттын саны жумада, окуу жылында | Педагогикалык иш үчүн эмгек акы (сом) | Айыл жеринде иштегендиги үчүн кошумча акы (сом) | Бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы иш стажы үчүн кошумча акы (сом) | Башкалар (наам, статус үчүн), сом | Педагогикалык стаж үчүн кошумча акы, сом | Бардыгы: бир айдагы эмгек акы (сом) | Райондук коэффициент (сом) | Президенттик компенсация (сом) | Жалпы: бир айдагы эмгек акы (сом) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Билим берүү уюмунун жетекчиси: _______________________________________
Билим берүү уюмунун жетекчисинин орун басары :__________________________
|
|
| Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Иш убактысы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин педагогикалык иш стажына кошуп эсептелүүчү билим берүү жана башка уюмдардын, мекемелердин жана кызмат орундардын
тизмеги
Билим берүү уюмдары | Кызмат орундары |
Жалпы билим берүүчү мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар; мектептер аралык окуу-өндүрүш комбинаттары | Мугалим, педагог, дефектолог-мугалим, логопед-мугалим, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, окуу устаканаларынын мастери, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштердин уюштуруучусу, окуу (окуу-тарбия) бөлүктүн, практиканын башчысы, улук тарбиячы, сурдопедагог, сурдокотормочу, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор, социалдык педагог |
Музыкалык жана көркөм мектептер, искусство мектептери жана мектеп-интернаттар | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, улук тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүктүн, практиканын башчысы, концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор |
Логопедиялык пункттар | Логопедиялык пункттун башчысы, логопед-мугалим |
Балдар үйлөрү, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрү, тарбиялык-эмгек колониялары, балдарды кабыл алуу пункттары, жашы жете электер үчүн кабыл алуу-бөлүштүрүү жайлары, мектеп-колониялар (аталышына карабастан), психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациялар | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы (ата, эне), улук тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, дарылоо дене тарбиясы боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор, окуу устаканаларынын мастери, режим боюнча улук нөөмөтчү, режим боюнча нөөмөтчү, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык бөлүк боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүктүн, практиканын башчысы, логопед-мугалим, сурдопедагог, социалдык педагог, олигофренопедагог, логопед, психиатр, невропатолог, офтальмолог
|
Бардык типтеги жана аталыштагы балдар билим берүү уюмдары | Директор, тарбиячы, окутуучу, музыкалык жетекчи, музыкалык кызматкер, логопед-мугалим, сурдопедагог, психолог, сурдокотормочу |
Мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары | Ийримдин же секциянын жетекчиси, аккомпаниатор, концертмейстер, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык иштер боюнча орун басардан тышкары), методист, маданий уюштуруучу, бөлүм башчысы |
Кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюмдары | Окутуучу, педагог, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, методист, өндүрүштүк окутуунун мастери, окуу устаканаларынын мастери, сурдопедагог, сурдокотормочу, улук мастер, баштапкы аскердик даярдык жана дене тарбия боюнча жетекчи, спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык иштер боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы |
Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары | Окутуучу, тарбиячы, концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор, бөлүм башчысы, дене тарбия жетекчиси, психолог, методист, директор жана анын орун басары (административдик-чарбалык иштер боюнча орун басардан тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн, практиканын башчысы, өндүрүштүк окутуунун мастери |
Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары | Профессордук-окутуучулук курам (ассистент, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор), концертмейстер, аккомпаниатор, иллюстратор, ректор, проректор (финансылык-чарбалык иштер жана маркетинг боюнча проректордон тышкары), окуу (окуу-тарбия) бөлүмүнүн башчысы, практика жетекчиси, методист |
Кадрларды өркүндөтүү, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу институттары, Кыргыз билим берүү академиясы, окуу-методикалык кабинеттер | Профессордук-окутуучулук курам, директор (президент) жана анын орун басары (вице-президент) (административдик-чарбалык иштер боюнча орун басардан (вице-президенттен) тышкары). Методист, окуу-методикалык кабинеттин башчысы, илимий кызматкер, окуу бөлүмүнүн, кабинеттин, лабораториянын педагогикалык иш жүргүзгөн башчысы |
Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелери: ымыркайлар үйлөрү, балдар санаторийлери | Мугалим, педагог, класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу, ийримдин же секциянын жетекчиси, психолог, музыкалык жетекчи, улук тарбиячы, тарбиячы, дене тарбия боюнча инструктор, дарылоочу дене тарбия боюнча инструктор, класстан тышкаркы дене тарбия боюнча инструктор |