Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 312
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 «Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын визаларын, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө жана резидент-карталардын ээлери үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын каттоосун узартуу тартиби ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Убактылуу жобо менен аныкталат деп белгиленсин.
21. 2026-жылдын 1-ноябрына чейин тигүү тармагынын субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуусу жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусу үчүн бирдиктүү уруксатты жана Кыргыз Республикасынын резидент-картасынын ставкалары жана наркын эсептөө тартиби төмөнкүдөй тарипте белгиленсин:
Документ | Консулдук кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Кароо мөөнө-тү | Став-касы (АКШ долла-ры) | Ставкасы (сом менен) | Эс-кер-түү |
Бирдиктүү уруксат | Бирдиктүү уруксатты тариздөө үчүн төлөм | 7 жумуш күнгө чейин | 75 | Төлөө күнүнө карата КР УБнын курсу боюнча | Ка-дим-ки тариф |
Бирдиктүү уруксат | Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат/иштөөгө уруксат (мамлекеттик алым) | – | – | 20000 |
|
Бирдиктүү уруксат | Кепилдик төгүм | – | – | 5000 |
|
Бирдиктүү уруксат (жеке ишкерлер үчүн) | Жеке ишкерлер үчүн Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө төлөм | – | – | 50000 |
|
Резидент-карта | Резидент-картаны тариздөөгө төлөм | 10 жумуш күнгө чейин | 225 | Төлөө күнүнө карата КР УБнын курсу боюнча | Ка-дим-ки тариф |
Резидент-карта | Иштөөгө электрондук уруксат | – | – | 5000 |
|
».
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Убактылуу жобо колдонулган мезгилде чет өлкөлүк жарандардын иштөөсүнө уруксат берүүчү документтерди тариздөө жана берүү боюнча функцияларды аткарсын.
4. Убактылуу жобону колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленсин.
5. 2026-жылдын 31-декабрына чейин төмөнкүлөрдү колдонуу токтотулсун:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 «Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомунун 1-пункту;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-апрелиндеги № 175 «Кыргыз Республикасында эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомунун 1-пункту.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:
– таблицанын 2-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
8) чыгуу визасын тариздөө: |
|
|
- 3 айга чейин жүрүү мөөнөтү ашкан учурда; | 17500 | 200 |
- 3 айдан 1 жылга чейин жүрүү мөөнөтү ашкан учурда; | 96250 | 1100 |
- 1 жылдан 2 жылга чейин жүрүү мөөнөтү ашкан учурда; | 192500 | 2200 |
- болуу мөөнөтүнөн ашкан ар бир кийинки жылдар үчүн мөөнөтү кечиктирилген ар бир жыл үчүн кошумча | + | 1100 |
".
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 «Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелери жөнүндө» токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 367 «Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө» токтомунун 1, 2, 4, 6, 7-пункттары.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин уюштурсун жана жүргүзсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |