ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 397-VIII «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна У.Э.Маматкановду дайындоого макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция22.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕӉЕШИ ТОКТОМУ

 

Кабыл алынган датасы

2026-жылдын 22-апрели

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Төрагасынын орун басары кызмат ордуна У.Э. Маматкановду

дайындоого макулдук берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-апрелиндеги ПЖ № 142 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна Маматканов Улан Эркиновичти дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев