МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 59 «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция29.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 29-апрели № 59

 

 

"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене

"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-беренеде:

а) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Насыялык тарыхка насыялык маалымат субъектинин милдеттенмени аткаруу күнүнөн тартып төмөнкү мөөнөттөн ашык убакыт өткөн акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар киргизилбейт:

1) негативдүү насыялык маалымат үчүн эки жылдан;

2) суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалымат үчүн бир жылдан;

3) позитивдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан.";

б) 5-бөлүктөгү "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда:

а) экинчи абзацтагы "жети" деген сез "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) үчүнчү абзацтагы "беш" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;

в) төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- суммасы отуз миң сомго барабар же андан аз насыялык бүтүм боюнча негативдүү насыялык маалыматты бир жыл бою;".

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 2-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган