Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 01-25/99 буйругу менен |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өтүүгө зарыл болгон документтердин
ТИЗМЕСИ жана аларга коюлуучу талаптар
1. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине талапкерлер үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
‑ кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
‑ эмгек китепчеси (иш стажы болгон учурда), анын ичинде кошумча барактары менен.
2. Муниципалдык кызматтын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине талапкерлер үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
‑ кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо) же кесиптик орто билими бар экендигин тастыктаган документ, анын ичинде тиркемелери менен;
‑ эмгек китепчеси (иш стажы болгон учурда), анын ичинде кошумча барактары менен.
3. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын улук жана башкы административдик кызмат орундарына кадрлар резервине талапкерлер үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
‑ кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
‑ эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
‑ илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
‑ квалификацияны жогорулатуу жөнүндө документ (эгерде бар болсо).
4. Айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарына, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарына (жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын, шаар мэринин, шаар мэринин орун басарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат орундарына) кадрлар резервине талапкерлер үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
‑ кесиптик жогорку билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча – эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери менен;
‑ эмгек китепчеси, анын ичинде кошумча барактары менен;
‑ илимий даражасы же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
‑ туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
‑ мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес билүү жөнүндө сертификат (2027-жылдан тартып – В2 деңгээлинен төмөн эмес).
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өтүүдө талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы электрондук форматтагы арызына ушул буйрукка карата 2-тиркемеде белгиленген талаптарга ылайык 1-4-пункттарда көрсөтүлгөн документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркейт.
6. Эгерде кесиптик жогорку же кесиптик орто билим жөнүндө документ чет мамлекеттин мекемеси тарабынан берилген болсо, талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталына электрондук форматтагы арызына документке апостильди да тиркейт.
7. Эгерде кесиптик жогорку же кесиптик орто билим жөнүндө документ чет мамлекеттин QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринин ТОП 500үнө кирген мекеме тарабынан берилген болсо, анда аталган документти Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан нострификациялоо талап кылынбайт.
Болбосо, талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталына электрондук форматтагы арызга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан берилген бул документтин нострификациялоо тастыктаган документти да тиркейт.
8. Чет өлкөлүк илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге чет мамлекет тарабынан берилген илимий даража ыйгарылган же илимий наам ыйгарылган мамлекеттик үлгүдөгү документ талапкер тарабынан арызга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан документти нострификациялоону тастыктаган документ менен бирге “e-Kyzmat” мамлекеттик порталына электрондук форматта арызга тиркелет.
9. Документ чет тилинде түзүлгөн учурда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине которулган күбөлөндүрүлгөн котормосунун сканерленген көчүрмөсү тиркелет.
10. “e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматта арызга тиркелген документтердин бардык сканерленген көчүрмөлөрү талапкердин жеке жоопкерчилиги астында берилген деп эсептелет.
Ачык конкурстун кулактандыруусунда көрсөтүлгөн мөөнөттө документтердин сканерленген көчүрмөлөрү толук көлөмдө берилбеген учурда, талапкер конкурстук тандоонун кийинки этабына киргизилбеши мүмкүн.
11.“e-Kyzmat” мамлекеттик порталы аркылуу арыз берүүдө документтердин сканерленген көчүрмөлөрү түрүндө берилген документтердин түп нускалары талапкер тарабынан аңгемелешүү этабында салыштыруу үчүн көрсөтүлөт.
12. Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
Эгерде “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы электрондук форматтагы арызга тиркелген документтердин сканерленген көчүрмөлөрү алардын түп нускаларына дал келбесе же документтер жасалма болуп чыкса, талапкер конкурска катышуудан четтетилиши, кадрлар резервинен чыгарылышы жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
13. Тестирлөө этабында талапкер Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID-карта) же ким экендигин тастыктаган башка документтин түп нускасын көрсөтөт.