Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН
БУЙРУГУ
2026-жылдын 7-апрели № 01-25/99
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өтүүгө зарыл болгон документтердин тизмеси жана аларга коюлуучу талаптар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан электрондук форматта берилүүчү документтерди кабыл алуунун жана сактоонун бирдиктүү стандарттарын камсыз кылуу максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Агенттик) жөнүндө Жобого ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өтүүгө зарыл болгон документтердин тизмеси жана аларга коюлуучу талаптар 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматтагы арызга тиркелүүчү документтердин сканерленген көчүрмөлөрүнө карата талаптар 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Агенттиктин мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине ачык конкурстарды өткөрүүгө жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери:
‑ ачык конкурстарга катышып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан документтерди тапшырууда көрсөтүлгөн талаптардын сакталышын камсыз кылсын;
‑ “e-Kyzmat” мамлекеттик порталында берилген документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн талапкерлер тарабынан аңгемелешүү этабында көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары менен салыштырып текшерүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:
‑ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын башкы жана улук административдик орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстук комиссиялар, түзүмдүк бөлүмдөр жана конкурстук тандоону уюштурууга жооптуу кызмат адамдары тарабынан көрсөтүлгөн Талаптардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
‑ мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын расмий веб-сайттарында жарыялоо аркылуу көрсөтүлгөн Талаптарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылсын.
5. Агенттиктин санариптик өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “e-Kyzmat” мамлекеттик порталына документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн жүктөө мүмкүнчүлүгүн техникалык жактан камсыз кылсын.
6. Агенттиктин финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны ведомствонун расмий веб-сайтында жарыялоону камсыз кылсын.
7. Агенттиктин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Агенттиктин директорунун орун басары Б.З. Садировага жүктөлсүн.
Директор |
| Э.Н. Джантаев |
|
| 2-тиркеме |
|
| БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 01-25/99 буйругу менен |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өтүүдө Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматтагы арызга тиркелүүчү документтердин
сканерленген көчүрмөлөрүнө карата
ТАЛАПТАР
Бул Талаптар Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өтүүдө “e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматта арыз берүүдө документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн даярдоонун жана берүүнүн бирдиктүү эрежелерин аныктайт.
Талаптар берилген документтердин толуктугун, окумдуулугун жана салыштырмалуулугун камсыздоого багытталган.
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурска катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары ‑ талапкер) документтердин сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрүн “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу берет.
2. Талапкер тарабынан “e-Kyzmat” мамлекеттик порталында электрондук форматта арызга тиркелүүчү документтер каралып жаткан кызмат орундарынын тобуна квалификациялык талаптарга шайкеш келүү үчүн документтердин түп нускасынан сканерден өткөрүлүшү керек.
Сканерлөөдө негизги документ да, ага кошумча барактар жана тиркемелер да (анын ичинде дипломдорго тиркемелер, жазууларды, белгилерди, мөөрлөрдү, кол тамгаларды жана башка реквизиттерди камтыган кошумча барактар) камтылууга тийиш.
3. Документтердин сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү толук, кесилген бөлүктөрү жок болууга жана кол тамгаларды, мөөрлөрдү жана башка реквизиттерди кошо алганда, бүткүл документти чагылдырууга тийиш.
4. Документтердин сканерленген көчүрмөлөрү “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук түрдө жүктөлөт.
2. Файлдар үчүн техникалык талаптар
5. Файлдардын жол берилген форматтары: PDF.
6. Эгерде бир нече барак болсо (мисалы, диплом тиркемелери менен, эмгек китепчеси ага кошумча барактары менен), сканерден өткөрүлгөн документ бир PDF файлында берилиши керек.
7. Сүрөт так, оңой окулуучу жана түстүү болушу керек (зарыл болгон учурда, эгерде ал түп нускага дал келсе, боз түстө).
8. Бир файлдын максималдуу көлөмү 10 МБ болушу керек.
Көлөм ашып болгон учурда, окуу мүмкүнчүлүгүн жоготпостон сканерленген сүрөттүн чечилишин (dpi) алгылыктуу деңгээлге чейин азайтуу же документти бөлүктөргө бөлүү сунушталат (мисалы, “Эмгек_китепчеси_1–10.pdf”, “Эмгек_китепчеси_11–20.pdf” ж.б.).
3. Сканерленген документтердин мазмунуна коюлуучу талаптар
9. Файлдар документтин түрүн көрсөтүү менен аталышы керек. Мисалдар:
‑ Diplom.pdf
‑ Emgek_kitepchesi.pdf
‑ Emgek_kitepchesi_1-10.pdf
‑ Tuulgan_tuuraluu_kuboluk.pdf
‑ Til_sertifikaty_B1.pdf
10. Документтер тексттин бөлүктөрүн жашырбастан же караңгылатпастан толук көлөмдө берилиши керек.
11. Сканерленген документти оңдоого же бурмалоого жол берилбейт, талаачаларды бир аз кесүүгө жол берилет (эгерде бул маалыматтын окулушуна жана бүтүндүгүнө таасир этпесе).
4. Маалыматтарды сактоо жана коргоо
12. Бардык берилген сканерленген документтердин көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтардын коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык иштетилет.
13. Талапкер “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта арыз бергенде жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдугун ырастайт.