Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-апрели № 318
2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Россия Федерациясындагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук макамы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Россия Федерациясындагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук макамы жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 9-февралындагы № 61 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Туруктуу өкүлчүлүгү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу россиялык тарапка билдирсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындага № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |