Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 318 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы жана Россия Федерациясындагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетентүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук макамы жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Россия Федерациясынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып,
улуттар аралык кылмыштуулукка, баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндө (мындан ары – ишмердүүлүктүн белгиленген чөйрөсү) эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берүү менен,
Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү максатында миграция тармагында өнөктөштүк кызматташуу аркылуу мамилелерди тереңдетүүгө умтулуп,
Тараптардын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө болгон өз ара каалоосунан улам,
эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына таянып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда миграция компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө Макулдашуунун 1-беренесине ылайык ачылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү болуп кайра уюштурулууда.
Кыргыз тарап Россия Федерациясынын аймагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүн ачат.
2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө Макулдашуунун 1-беренесине ылайык ачылган Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү ушул Макулдашуу менен жөнгө салынат.
Тараптар ушул беренеде көрсөтүлгөн ички иштер жана миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдарын кайра уюштуруу, алардын аталыштары же компетенциясы өзгөргөндүгү жөнүндө бири-бирин дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабардар кылат.
2-берене
Ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн өкүлчүлүктөр (мындан ары – Өкүлчүлүктөр) өз ишмердиктерин барган мамлекеттеги өз мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин жалпы жетекчилиги алдында жүзөгө ашырышат.
Өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана алардын орун басарлары, барган мамлекеттин жарандары же туруктуу жашоочулары болгон адамдарды кошпогондо, Өкүлчүлүктөрдүн башка кызматкерлери, анын ичинде административдик-техникалык персонал, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү барган мамлекеттин тышкы иштер министрлигинде барган мамлекеттеги өз мамлекетинин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн тиешелүү категориядагы персоналынын мүчөлөрү катары аккредитацияланат жана эл аралык укук боюнча мындай категориядагы персоналга таанылган артыкчылыктарды жана иммунитеттерди колдонушат.
Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык жана турак жайлары, мүлкү, ошондой эле архивдери, документтери жана корреспонденциялары дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана дипломатиялык персоналдын жеке резиденцияларынын имараттарына, мүлктөрүнө, архивдерине, документтерине жана корреспонденцияларына эл аралык укук боюнча таанылган артыкчылыктарды жана иммунитеттерди пайдаланат.
Өкүлчүлүктөр барган мамлекеттин аймагында өз ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мүлктүк укуктарды алып, милдеттенмелерди аткара алышат.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
өз компетенциясынын чегинде белгиленген ишмердик чөйрөсүндө өз мамлекеттеринин ички иштер органдарынын кызматташтыгын камсыз кылат;
белгиленген ишмердик чөйрөсүндө барган мамлекеттин компетенттүү органдары, барган мамлекеттеги эл аралык уюмдар жана коомдук бирикмелер менен Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өз ара аракеттенишет;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы, анын ичинде Тараптардын мамлекеттердин ички иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдары жөнүндө маалымат алмашууга катышат;
өз компетенциясынын чегинде ички иштер чөйрөсүндөгү кыргыз-россия эл аралык келишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга жана макулдашууга катышат;
өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
зарыл болгон учурда барган мамлекетте өз компетенциясына кирген маселелер боюнча өз мамлекетинин жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырат.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жана Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү төмөнкү негизги функцияларды аткарат:
өз компетенциясынын чегинде миграция чөйрөсүндө өз мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын кызматташтыгын камсыз кылат;
миграция чөйрөсүндө барган мамлекеттин компетенттүү органдары, барган мамлекеттеги эл аралык уюмдар жана мекендештердин коомдук бирикмелери менен Тараптардын мамлекеттеринин катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өз ара аракеттенишет;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин ортосундагы, анын ичинде миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдары жөнүндө маалымат алмашууга катышат;
барган мамлекеттин миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, ошондой эле барган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык барган мамлекеттеги өз мамлекетинин жарандарынын миграциясы жөнүндө маалыматтарды изилдөөнү жана талдоону ишке ашырат;
өз компетенциясынын чегинде миграция чөйрөсүндөгү кыргыз-россия эл аралык келишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга жана макулдашууга катышат;
өз компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат;
зарыл болгон учурда барган мамлекетте өз компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекетинин жарандарынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырат.
5-берене
Өкүлчүлүктөрдүн штаттык саны Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
6-берене
Тараптардын макулдугу менен Өкүлчүлүктөрдүн бөлүмдөрү алар барган мамлекеттердин башка шаарларында ачылышы мүмкүн.
7-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
8-берене
Тараптардын макулдугу менен ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протоколдор менен таризделет жана, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
9-берене
Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Тараптар тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Ушул Макулдашуу Тараптардын бири экинчи Тарапка аны токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөткөн күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүн жоготот.
10-берене
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып 2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө Макулдашуунун 2–7-беренелери күчүн жоготот.
2017-жылдын 20-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө Макулдашуунун 1-беренесиндеги “миграция чөйрөсүндө” деген сөздөр алып салынсын.
Бишкек шаарында 2025-жылдын 26-ноябрында эки нускада, кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн | Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |